Элетте чоңоюп өстүм.

Ата-энем айылдагы кадыр-барктуу адамдар. Үч бир туугандын улуусумун. Апам дайыма "өзүбүз теңдүү адамдарга куда бололу, сүйлөшкөн жигитиңдин тек жайын кара, сураштыр" деп кулагыма кумдай куйчу. Атам да бир сүйлөгөн, оор басырыктуу адам. Алардын сөзүн эки кылбай, бейжай баскан жокмун, мектепти кызыл аттестат менен бүтүрүп, шаарга келип окууга тапшырдым. Группалаштарымдын деле шаан-шөкөтүнө көп катыша берчү эмесмин. Артыман чуркаган, колумду сураган балдар көп болду. Бирок апамдын айтканынан коркуп эле алар менен абайлап мамиле курчумун. Айтор, ата-энеме сөз тийгизип албайын деп жүрдүм. 2-курста бир бала менен кыз-жигит болуп сүйлөшүп калдык. Орду менен сүйлөгөн жакшы бала болчу. Бирок атасы жок өскөн бала экен. Анысын укканда апам так секирип эле сүйлөштүрбөй койду. Ал арада айылдан, башка жактан куда түшүп келе башташты. 3-курста окуп жатканда апам: "Тектүү жерден сага куда түшүп келишиптир, барсаң кор болбойсуң. Бала эки-үч жерден окуган билимдүү экен. Ойлон", - деди. Анан баягы тектүү жердин баласы менен тааныштым. Чынын айтсам, жаккан жок. Менден төрт жаш улуу неме экен. Апама айтсам "кебетесин чылап ичет белең" деп туруп алды. Ошентип көңүлүм жок эле күйөөгө тийдим. Чогуу жашап бир жаздыкка баш койсок, балким, жакшы көрүп кетермин деп ойлодум. Ата-энем укмуш каада, шаан-шөкөт менен узатты. "Улуу кызыбыз" деп элден өзгөчө сеп берди. Кайын журтум да колунда бар адамдар. Үлпөт тоюбуз кычыраган ресторанда, болуп көрбөгөндөй шаң менен өттү.
Азыр кайын журтум менен чогуу турам. Кайнене, кайнатам экөө тең жаны тынбаган кыйын кишилер. Бирок баласы чечкини жогураак, жалкоо экен. Мамлекеттик кызматта атасынын күчү менен иштейт. Ата-энемди уят кылбайын деп жашап келе жатканыма үч жылга чукулдап калды. Бир кызыбыз бар. Бирок күйөөмдү көңүлүм жылып, сүйө албай койдум. Үй-бүлөдөй болуп эзилишип деле кетпейбиз, сүйлөшөөр сөзүбүз деле жок, иши кылып турмушубуз бир башкача. Жалгыз калсак кызыбыз менен эле алаксыйбыз. Апама айтайын дейм, айта албайм. Дос кыздарга же аяштарга деле ачыла албайт экенсиң. Бирок өмүр бою өзүмдү бактысыз сезип өткүм келбейт. Кетип да кала албайм го... Кандай кылсам?

Комментарии

  • 14 окт 2019 19:40
    Эми айла канча ,ата энене байлык бийлик эле керек экенда,кызынын конулу барбы жокпу уруп да ойнобойт,айла жок тийдинби жаша кысып,жашай албаганынды башында билсен тийбейт элен,мурунку жигитиндин атасы жок болсо эмне экен,ата, апасы жоктор эмне адам эмеспи,ушундай ата энелерге Аллах ыйман,ынсап берсин!
  • 14 окт 2019 19:52
    Ата берген тарбияны апада бере алат кемсинтип тийсе ошондой болотта
  • 14 окт 2019 20:01
    Ошону айтсан
  • 14 окт 2019 20:02
    Чыында
  • 14 окт 2019 20:58
    Фотография
  • 14 окт 2019 21:18
    Бакыт колунда турганда кичинекей корунот, жоготкон сон билесин анын баркын деп окуган элем. Ажырашсан анан билесин азыр бактылуу экенинди. Ошого котту кысып эле жаша.
  • 15 окт 2019 05:57
    Тандаган тазга жолугат да байлык бийликке карабай оз тагдырынды жашоонду озун тандасан болмок бирок озу деле колунда барга карап тандаган сон жашашын керек апам деп кечке эле апана шылтай бербей ал деле сага жакшы жашоо каалады да
  • 15 окт 2019 08:13
    Кыскасы срочна ажыраш кеч боло электе Бир кызы бар экен омур бою сыгылыб жашайсын бул жашоого эмне максатта келгенинди унутуб жашоого желанян жок омурун отот
  • 15 окт 2019 09:39
    Атасы жок оссо эмне болуптур, ал тагдыр да жигитиндин айыбы эмес го
  • 15 окт 2019 10:11
    Ушул комментарий жакты.Окшош эле почти.Озун караган эркек аз курсактары тизесине тушуп.Эн туура
  • 16 окт 2019 17:52
    Тизеси чыккан тиркосун кийип де
  • 17 окт 2019 04:54
    туура айтасын менин да баламдын атасы кайтыш болгон
  • 17 окт 2019 12:53