Комментарии
- 17 окт 2019 07:09Жаркынай Сайпидин кызы
- 17 окт 2019 07:32Ннннннннн НннннннннКласс!
- 17 окт 2019 07:53Edikbay KirgistanЖакты
- 17 окт 2019 08:36Настайашый Расиййский ПаринТурмушта мындай адамдар 1000 ден бири
- 17 окт 2019 14:58Мунара Мусабекова
- 17 окт 2019 15:39Максат СалиевСабрдын тубу сары алтын
- 17 окт 2019 17:36Edikbay KirgistanОшол агарган тан бат эле келсе экееен
- 17 окт 2019 19:46ММ ММСупер!
- 17 окт 2019 22:49Chlka HZ️
- 18 окт 2019 00:08Замужем 🌹🐣🐣🐣🌹 ответила Edikbay KirgistanСенда шашып атасын мумкун сага агарган тан кечигип аткан болсо бир жакшылык бардыр
- 20 окт 2019 21:37Жазгул Жазгул
Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
Тыянак чыгарууга шашпа.
=======================
Илгери бир доордо абдан кедей карыя жашаган экен,бирок анын өтө келишимдүү ак түстөгү аты болгон. Падышалардын баары атка суктанып, карыяга бир топ чоң акчаларга сатууну сунушташат. Ар дайым бай-манаптар алтындарын белге байлап, ат сатууну суранганда, карыя мынтип жооп берчүү:
-Бул ат мен үчүн жөн гана ат эмес. Ал мен үчүн бир дос сымал,ал эми адам баласы досун да сатчуу беле?!
Карыянын жашоосу абдан оор болсо да,бирок атын сатпады.
Күндөрдүн биринде атканага кирсе, жакшы көргөн аты жок. Айылдын баары келип аны жемелей баштады:
-Карыганда алжып калган экенсиң да! Биз күндөрдүн биринде баары бир атыңды бирөө-жарым урдашыны билген элек. Анда көрө сатып жиберсең болмок. Каап, кандай гана бактысыздык десең…
-Антпегиле жана азырынча шашпагыла. Жөн гана ат ордунда жок деп эле койгула. Аттын жоктугу- факт, ал эми силердин сөзүңөрдүн баары-божомол жана тыянак чыгаруу. Бул жамандыкпы же жакшылыкпы бир Кудайга маалым, аны мен да,силер да билбейсиңер. Балким мунун артында башка эле нерсе тургандыр?!
Адамдардын баары карыяны шылдыңдаган абалда үйлөрүнө кайтышты. Элдин баары карыяны айнып калган деп ойлочу. Бирок арадан эки апта өтпөй, түндөсү аты кайрылып келет. Аны эч ким уурдабай эле, өзү эле качып чыккан болот. Жалгыз кайтып келбестен, бир үйүр жылкыны да ээрчите келет. Айылдаштардын баары чогулуп:
-Карыя туура баамдаган экен. Бул бактысыздык эмес эле, чоң бакыттын дал өзү го!
-Силер дагы эле тыянак чыгарууга шашып жатасыңар. Жөн гана ат кайра келди дегиле. Бул нерсе жакшылыкпы же жамандыкпы, ким билет? Бул жөн гана жашоодогу бир фрагмент. Силер бир сөздү окуп алып эле,китеп жөнүндө сүйлөй бересинерби?
Бул жолкусунда адамдар бетине айтпаса да, ичинен карыя мурункудай эле дөөрүп жатат го деп таркашты. Кантип эле келишкен 12 жылкы-жамандык болсун.
Карыянын жалгыз бир уулу бар эле,келген аттардын баарын минип алып, күн сайын аларды суутуп турчу. Күндөрдүн биринде аттан кулап,эки бутун сындырып алат. Адамдар чогула калып,мурункудай эле:
-Сен ошондо да туура айткан экенсиң. Бул нак бактысыздык экен. Жалгыз балаңдын эки буту сынып,таянычың жок калдың. Эми мурункудан да жаман абалга түштүң.
-Силер тыянак чыгаруу илдети менен ооруйт экенсиңер. Болгону бутун сындырып алды деп эле койгула. Бул Жараткан берген нейматпы же жазабы, ким билет? Жашоо бизге өз сырларынын азын гана билгизет эмеспи,андан ашыгын билүүгө чамабыз да жетпейт.
Бир жумадан соң карыя жашаган өлкөдө согуш башталып,баардык эр-жигиттер согушка аттанат. Айылдын баары согушка кетип,бир гана карыянын буту чолок баласы калып калат. Ата-энелери балдарын жөнөтүп жатып абдан кейишет. Анткени, бул чоң салгылашуудан көбү кайтмак эмес. Карыянын алдына топтолуп:
-Өткөнкү сөзүңдүн акыйкатын бүгүн сездик.Чындыгында балаңдын буту сынганда да-бир жакшылык бар экен. Балаң чолок болсо да, бирок жаныңда калды. А биздин балдарыбыз кайткыс жоого жөнөп кетишти.
Анда карыя эл-журтка мынтип кайрылды:
-Силер дагы деле тыянак чыгарууга шашып жатасыңар. Эч ким эч нерсени билбейт! Жөн гана биздин балдарыбыз сенин балаңдан айырмаланып согушка жарактуу экен дебейсиңерби! Чындыгында, бир гана Кудай бул иштин артында жакшылык же жамандык бар экенин даана билет.
Силер тыянак чыгарып жатканча,өсүп- өнүкпөйсүңөр! Тыянак чыгаруу-мээнин катып калганын туюндурат. Акыл эс ар дайым тыянак чыгарууга шашат,анткени анын өнүгүүсү чоң мээнетти талап кылат. Акыйкатта, эч бир саякат аягына чыкпайт. Бир эшик жабылса, экинчиси ачылат. Силер бир бийиктикке жеткенде, андан бийик экинчиси пайда болот. Жашоо- узакка созулган саякат!