«СҮРӨӨЛӨРДҮН СЫРЛАРЫ»

1. «Фатиха» сүрөсү: Ким бул сүрөнү дайыма окуп жүрсө, Аллах Таала аны бул дүйнөдөгү жана акыреттеги бардык аруу тилектерине жеткирип, ар кандай балээлерден сактайт. Бул сүрөнү кагазга жазып, аны сууга эзип, суу менен кошо ооруп жаткан адамга ичирсе, ал Аллахтын уруксаты менен шыпаа табат.
2. «Бакара» сүрөсү: Аллах Таала бул сүрөнү дайыма окуп жүргөн адамды ар кандай сыйкырлардан өзү сактайт.
3. «Аль Имран» сүрөсү: Бул сүрөнү үч жолу окуган адам элге болгон карыздарынан кутулуп, күтүлбөгөн жактардан көп мал-мүлккө ээ болот.
4. «Ниса» сүрөсү: Бул сүрөнү окуган жубайлар ар дайым ынтымакта жашашат.
5. «Маида» сүрөсү: Бул сүрөнү кырк (40) жолу окуган адамдын ырыскысы көбөйөт.
6. «Анаам» сүрөсү: Бул сүрөнү кырк бир (41) жолу окуган адамдын бүтпөй жаткан иштери ийгиликтүү бүтөт.
7. «Аараф» сүрөсү: Бул сүрөнү дайыма окуп жүргөн адам акыреттеги азаптан алыс болот.
8. «Анфал» сүрөсү: Бул сүрөнү жети жолу окуган адам зындан-түрмөдөн оолак болот.
9. «Тообо» сүрөсү: Бул сүрөнү он жети жолу окуган адам эмнеге муктаж болсо, ошого жетет.
10. «Юнус» сүрөсү: Кимде-ким бул сүрөнү жыйырма бир жолу окуса, Аллах Таала аны душмандарынын жамандыгынан алыс кылат.
11. «Худ» сүрөсү: Ким бул сүрөнү үч жолу окуса, муктаждыгы камсыздалып, деңизге же сууга чөгүп кетүү сыяктуу кырсыктардан алыс болот.
12. «Юсуф» сүрөсү: Бул сүрөнү окуган адам сагынып күткөнүнө жетет. Бардык жандуу - жансыздардын көзүнө жылуу көрүнөт.
13. «Раад» сүрөсү: Аллах Таала бул сүрөнү окуган адамдын балдарын жин - перилердин (Пери - бул жиндердин бир түрү) жамандыгынан сактайт.
14. «Ибрахим» сүрөсү: Ким бул сүрөнү жети жолу окуса, Аллах Таала аны душманына үстөм кылат. Ошондой эле Ата-энесин андан ыраазы кылат.
15. «Хижр» сүрөсү: Бул сүрөнү үч жолу окуган адамдын кирешесине Аллах Таала берекесин ыроолойт.
16. «Нахл» сүрөсү: Бул сүрөнү жүз жолу окуган адам душманын жеңет.
17. «Исра» сүрөсү: Бул сүрөнү жети жолу окуган адам кара ниет адамдардын кызганычынан, ушакчылардын жамандыктарынан алыс болот.
18. «Кахф» сүрөсү: Ким бул сүрөнү жума күндүн түнү бир жолу окуса, келээрки жумага чейин боло турган кыйынчылыктары жөнгө салынат.
19. «Мариям» сүрөсү: Кимде-ким бул сүрөнү кырк бир жолу окуса, Аллах Таала ага бардар турмуш ыроолойт.
20. «Тоха» сүрөсү: Кимде-ким бул сүрөнү жыйырма бир жолу кызына окуса, кызынын бактысы ачылат.
21. «Анбия» сүрөсү: Бул сүрөнү жетимиш жолу окуган адам күтүүсүздөн боло турган коркунучтардан оолак болот.
22. «Хаж» сүрөсү: Кимде-ким бул сүрөнү дайыма окуп жүрсө, кыямат коркунучунан алыс болот.
23. «Муминуун» сүрөсү: Ким дайыма Муминуун сүрөсүн окуп жүрсө, Аллах Таала ага чын-жүрөктөн тообо кылганды насип кылат.
24. «Нур» сүрөсү: Ким бул сүрөнү дайыма окуп жүрсө, Аллах Таала анын жүрөгүндөгү ыйманын дайыма бекем кылат.
25. «Фуркан» сүрөсү: Бул сүрөнү жети жолу окуган адамды Аллах Таала
кас-душмандын жамандыгынан өзү сактайт.
26. «Шуара» сүрөсү: Кимде-ким бул сүрөнү жети жолу окуса, Аллах Таала ага (Тагыраак айтканда Аллахка болгон) аруу сүйүү сезимин ыроолойт.
27. «Намл» сүрөсү: Аллах Таала бул сүрөнү дайыма окуп жүргөн адамды бардык жамандыктардан өзү сактайт.
28. «Касас» сүрөсү: Ким бул сүрөнү жети жолу окуса, Аллах Таала аны чоң кырсыктардан сактап, душмандардын жамандыгынан алыс кылат.
29. «Анкабут» сүрөсү: Кимде-ким бул сүрөнү кагазга жазып, ошол кагазды сууга эзип суу менен кошо ичсе, Аллах Тааланын уруксаты менен ал адам унутчаактык оорусунан арылып шыпаа табат.
30. «Рум» сүрөсү: Бул сүрөнү бир жолу окуган адам бардык душмандарын жеңип чыгат.

Комментарии