23 окт 2019
Аялы жумушка кеткенде өспүрүм кызын зордуктаган өгөй ата кармалды.
Кара-Көл шаарынын тургуну өгөй кызын зордуктоого шектүү делип кармалды. Бул маалыматты Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан тастыкташты.
Маалыматка караганда, 17-октябрда О.Н. аттуу шаар тургуну милицияга арыз менен кайрылып, анын 2002-жылы туулган кызын экинчи күйөөсү — 1970-жылы туулган Б.О. зордуктаганын билдирген.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине зордуктоо катары каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Ыкчам иштердин жүрүшүндө зордуктоого шектүү делип жергиликтүү тургун кармалып, соттун чечими менен 2 айга камакка алынды.
Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.
Ал эми жергиликтүү жашоочулардын айтымында, окуя 17-октябрь күнү болгон. О.Н. жумушка кеткенде күйөөсү өгөй кызын зордуктаган. Аялы аны билип калып, милиция кызматкерлерине кайрылган.
Шектүү машыктыруучу болуп эмгектенет. Жабырлануучу кыз 9-классты аяктагандан кийин колледжде окуп жаткан.

Комментарии
Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
Огойдун иши эле огой болот экен да.
Кастрировать публично!!!