Комментарии
- 7 дек 2019 13:30Бейшенбек ТагаевМаймыл эмес сенин башын иштебейт Адам менен салыштырган
- 10 дек 2019 09:18Ганиева ЖумагульКим айтсада озу маймыл
- 15 дек 2019 21:56Кызыктуу ДҮЙНӨ 🌍 ответил Бейшенбеку ТагаевуАягына чейин окуп койсоң боло, чирик)
- 15 дек 2019 21:56Кызыктуу ДҮЙНӨ 🌍 ответил Ганиевой ЖумагульСен маймылдын урпагысың
- 3 июн 2020 12:56Дамира Уржанова Конушева
- 14 июл 2020 21:23Гульмайрам Турдалиева ответила Ганиевой Жумагуль
- 10 сен 2020 09:05Дамира Уржанова Конушева ответила Дамире Уржановой КонушевойАллахтын каарына калган адамдар, булар маймылга айландырган.
- 6 мая 2021 06:52Жетпес арманым бутпос жалганым
тушунгон жокмун
- 18 ноя 2021 18:07Искен УркумбаевУшу планетада жаралганыңа шүгүр кылып жашай бер Алла деп. Кудайым буйруса эки % иштеп кетсе көрөбүз.
Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
Кызыктуу ДҮЙНӨ 🌍
МАЙМЫЛДЫН АЙЫРМАСЫ.
Ас-сальяму алейкум, достор)
Мени кээде түнү уктатпаган бир нерсе айтайынбы...?! Эгерде бүгүн силер дагы түнү уктабай калсаңар анда мен күнөөлүү эмесмин))
Адам маймылдан гинетиканын негизинде 1 эле пайыз айырмаланып турат, а 99% окшош экен. Муну менен мен биздин ата-бабаларыбыз маймыл болгон - деп айтуудан алысмын, бирок, азыркы атеист'терди көрүп, маймылдардын урпактары ушуларбы?!-деп ойлоп калам))) бирок, айткым келген сөзүм башка: Ошол 1% айырмабыз менен биз алардан кыйла эле акылдуубуз. 1% деген жашообузда андай деле бир чоң нерсе эмес. Эгерде оң тарапка 100 адам, а сол тарапка 99 адам турса, анда эки тарап тең бирдей эле көрүнөт. Эгерде бир адамга 100 сом берип, а кинчи адамга 99 сом берип койсо, 1 сом кем алганы үчүн капаланбаса керек. Мындайча айтканда "1" деген андай деле маанилүү эмес. Бирок, жаратылышта 1 деген нерсе өтө эле чоң рольдо ойнойт экен. Мисалы: маймылдар бак-дарактарга чыкканды билишсе, а биз асманда уча алабыз. Маймылдар 2-3 жаштагы наристедей болуп, колдорун кыймыдатып бир нерсени түшүндүрүп бере алышса, а биз спутник аркылуу жердин кайсыл бетинде болсок дагы каалаган жерге кабар жеткире алабыз. Дагы айта берсе тортура айырмалар бар. Ушунун баарына 1 % себеп. Тагыраак айтканда биз алардан 1 % алдыда болгонубуз үчүн биз алардан ушунчалык акылдуубуз жана ак менен карадай айырмабыз бар. Адам затынын тарыхындагы баардык жеткен ийгиликтеринин жана маймылдын дарака тырмышып чыкканынын ортосундагы аралык - 1 эле пайыз.
Эми элестетип көрүңүздөр, достор...
Бир галактиканын бир жылдызында биздин планетага окшогон жандыктар жашаганга ыңгайлуу планета бар дейли. (достор! Башка планеталарда жандыктарды эч ким таба элек, просто акыл салып элестетип көрөлүк), ошо, ал планетада адам затына акылы менен окшогон жандыктардын бир түрү бар деп көрөлү, бирок 1 % эле айырмасы менен. Биз маймылдан 1% алдыга болгондой сыяктуу, аларда бизден 1% алдыда болушса, анда кандай гана ийгиликтерге жетишти экен деген суроо мени ойлондурат)
Маймылдын эң акылдуусу таш менен жангакты чаап ичинен данекти жей алат, а биз космоско хаблл телескобун орноттук, а тигилерчи?
Кимде кандай ой пикир бар, комментарийге жазыңыздар
#акылСалыпКөрөбүз рубрикасы))
Таслим Асанов
@encyclopediaKG