1945-жылы АКШ жана анын союздаштары (Великобритания, Китай, СССР) биргеликте Япониядан шартсыз багынууну талап коюшкан.

Япониянын аскер башчысы "мокусатцу" деп жооп берет. Мокусатцу: жакшылап ойлонуп көрөлүк деген мааниде жооп узаткан. Бирок, ошол эле учурда мокусатцу деген сөздүн "баш тартуу (макул эмесмин)" деген экинчи мааниси бар. Ошентип союздаштар баштартты деп түшүнүп, президент Гарри Трумэн буйругу менен, 6 август айы 1945 жылы Американын учагы Б-29
Япониянын Хиросима шаарына жана 3 күндөн кийин (9 август) Нагасаки шаарына атом бомбасы ыргытылган. Жыйынтыгында түшүнбөстүктүн кесепетинен 200 миңден ашык Япон жарандары каза болгон.
Ошол эле жылы 14 август айында Япониянын эли император Хирохитого кол тийбестик жалгыз шартты эске алуу менен союздаштар тарабынан коюлган талаптарды кабыл алышкан.
🔶Га́рри Эс Тру́мэн АКШынын 33-президенти, (1945—1953)
🔶Харихато - Япониянын 124 императору (1926 — 1989)
#бизбилбегентарых
@kyzyktuuduino

Комментарии

  • 29 фев 2020 19:51
    Атам эмес Атом