"Уч мээрим" 4-БОЛУМ

Алар кайда карап, кайда барышса, ошоякты карай ээрчий аракеттенишкен эрксиз, кудуретсиз, макулукка айланышкан экен го…
Мунун баарын көрүп, байкап отурган чоң Кудай өзүнүн кетирген кемчилдигин дароо түшүнөт да, Кыдыр Илясты жанына чакырып алып:
- Кудай башым менен катуу чекилик кетирдим, -деп өкүнгөн экен.
- Ээ, кудурети күчтүү жаратканым, аныңызды кандайча түшүнсөк болот?
Кудай сүйлөйт:
- Мына бул экөөнү жакшылап байкачы, Илясым. Калган сөздү анан айтам.
Кыдыр Иляс аларга бир аз көз салып туруп жооп берет:
- Көрүп турам, Азретим.
- Андай болсо билип ал: бул экөө менин кудуретимден жаралгандардын ичиндеги эң аруусу, баалуусу жана сүйкүмдүүсү. Буга чейин
мен мынчалык татына, суктанарга арзырлык эч нерсе жарата элек болчумун.
Кыдыр Иляс кадимкидей таң калат.
- Кызык, бул макулуктарда суктанарлык кандай касиет бар?
- Жакшылап байка, Илясым.
- Карап эле турам, Азретим. Бирок бул экөөнөн көзгө урунтуктуу, көңүлгө толоорлук жүрөктү элжиреткен эч нерсе таба албадым.
Чоң Кудай кебелбейт:
- Койчу, жакшылап тикте. Менин көзүм менен карап көр. Аларды канчалык тиктесе да купулуна эч нерсе толбогон Иляс мурдагы оюнан баш тартпай дагы эле өзүнчө ой жоруйт:
- Сиз жараткандын баары сонун. Аларга суктангандан мен эч тажабайм. Мени жазага тартпа, мени кечире көр, жаратканым. Эгер туура көрсөңүз, оюмду айтып калайын…
- Айтып кал. Тартынба, Илиясым.
- Аруу деп, кооз деп мына буларды айт. - Иляс
куланды, жейренди, эликти көрсөткөн экен ошондо. Тулку деп ушулардыкын айт. Буттарын, кулактарын, баштарын карачы. Тиктей берип көз кумарың канбайт. Тим эле чыдабай кетип кучактап өпкүң келет…
- Чын элеби? - Кудай кыдыр Илясты таң кала тиктейт. Кыдыр Иляс эми Арстанды, Жолборсту, Илбирсти, Ажыдаарды көргөзүп ого бетер ээрийт:
- Сулуу деп мына ушуларды айт. Биринен бири өтөт. Караган сайын көз тайгылат. Жүрөгүң жибип, көңүлүң көкөлөйт. Чынын айтсам, мына бул макулуктарың мага жаккан жок, Азретим.
- Эмнеси жакпайт алардын? - Кудай да таң калганын жашырбаптыр.
- Буттары айры,ырайы суук. Денелеринде ылайым түгү жок. Сүйрөлүп, сүйрүйүп деги эле кейиптеринен жаманын айтпа. Колдору кыска, кулактары мулук. Тиштери да кыска экен. Деги буларыңыз кантип күн көрүп, кантип жан сактайт. Ысыкка чыдабай, суукта тоңуп өлөт. Ушу жагын
ойлогон жоксузбу, Азретим?
Кудай ошондо атайын эле текеберчилик кылган дейт:
- Мына бул кооз дүйнөнүн ээлери - мындан ары ушулар. Буларда акыл бар, аң-сезими күчтүү. Билип кой, булар кызыл жабар түктүн не түрлөрүнө чейин өздөрү табышат. Кызыл жабарды алар каалагандай кылып кооздоп, аземдей алышат. Булардын сулуулугу, күчү жана куралы да акылында. Аларга жей турган тамакты, кызыл жабар кейипти акыл-эс берет. Канчалык ойлонуп, эмгектенип, жан кыйнаган сайын алардын күчүнө күч кошулат. Тиштин курчун, тырмактын узунун, курал-жарактын эң бекемин да алар ар акыл менен табышат. Тирүүсүнгөндөрдүн арасында мындан ары булардан өткөн алдуу-күчтүү, айлакер эч жан чыкпайт.
- Буларыңыздын аты-жөнү барбы, Азретим?
- Бар эмей, буларды адамдар дейт. Мындан ары булардын өздөрүнө окшоп көптөгөн айры буттар
тарайт. Ошондо көрүп ал…
Кызыга түшкөн Кыдыр Иляс:
- Азретим, макулуктарыңыздын ошо жагы кызык экен,-деп Адам ата менен Хава мамага жан тарткан тура.
Булар акыры жүрүп отуруп отту табышат. Ошондо сен кооз деген мына бул дүйнөдө жаңы учур башталат.
Кыдыр Илястын өзү да анда "от" деген эмне экенин билчү эмес, балдарым. Ошондуктан ал сураптыр:
- От деген эмне, Азретим?
Ал аңгыча күн катуу күркүрөйт. Чагылган чарт-чурт этип, анын оту чытырман токойго келип түшсө керек. Токойдон өрт чыгат. Алоолонгон кызыл жалын Адам ата менен мама Хава отурган жерди көздөй улам жалындай берет да, ал бет алдындагынын баарын мойсоп олтуруп, тигил экөөнү тең оп тартып кетээрде Кыдыр Иляс кыйкырып жиберген экен.
- Теңирим, баары жексен болот. Токтот капырыңды!
- Шашпагын, азыр көрөсүң баарын, деп Чоң Кудай кайрадан өрттү тиктеген бойдон кыймылдабайт.
Ал аңгыча Кыдыр Илястын өзү кызык окуянын күбөсү болот. Алоолоно каптап келаткан кызыл жалын тигил экөөнүн жанына жетип-жетпей токтойт да, же өчүп калбай, же дуулдап күйгөн бойдон чоор ойногон экөөнү каптап кетпей, алар кайда басса ошоякка октос бере ээрчий, тиги экөөнүн эркинен чыкпай тура бериптир.
- Мына көрдүңбү? - дейт Чоң Кудай. - Жада калса менин эң күчтүү куралым, чагылгандын оту да экөөнө баш ийди.
- Ага эмне үчүн капа болосуз, Азретим! Кайра жакшы болбодубу!
- Баятан бери өкүнүп отурганым бекеринен дейсиңби? Жок, мен кокусунан булардын колуна өтө коркунучтуу жарак берипмин. Аны мен азыр гана түшүндүм…
Чоң Кудайдын айтканын түшүнбөгөн Иляс дагы сурайт:
- Сиз айткан коркунучтуу жарак кайсыл?

Комментарии