Эне тил - балдар дүйнөсүндө

1. Билим берүүчүлүк:Эне тилдин баалуулугу жөнүндө түшүнүк берүү.
2. Өнүктүрүүчүлүк максаты:Окуучуларды туура сүйлөөгө, өз оюн эркин айта билүүгө көнүктүрүү, аң-сезимин өстүрүү.
3. Тарбиялык мааниси:Эне тилди сүйүүгө, аны жан-дили менен үйрөнүүгө тарбиялоо.
Сабактын формасы:аңгемелешүү сабагы.
Сабактын жүрүшү:
1. Уюштуруу.
Окуучуларды тынчтандырып, көңүлүн сабакка буруу.
Мугалим:Балдар, бүгүн биз эне тилибиз жөнүндө сөз кылмакчыбыз. Тили жок эл болбойт. Эл тили менен эл болот. 1989-жылы 23-сентябрда кыргыз тили Мамлекеттик тил болуп кабыл алынган жана ушул күн Тил майрамы катары майрамдалып келет.
Анда эмесе, биздин тилибиз жөнүндө кандай ырларды билесиңер?
Автандил:
Эне тилим, сен, элимдин белеги,
Алга сүрөөр аска-зоосу, желеги.
Тилим жашайт Ала-Тоосу турганда,
Кыргыз тилим - кыргыз элдин жөлөгү.
Адил:
Салам сага, Токтогулдун добушу,
Салам сага, Ниязалы комузу.
Симфония, операсы, ария,
Сени менен тилдин чогуу конушу.
Айдар:
Ушул тилде улуу Манас сүйлөгөн,
Ушул тилде Бүбүсара бийлеген.
Кыргыз тили кылымдарды сапарлап,
Кыргыз калкы башын төмөн ийбеген.
Ыр:"Кыргыз жери"
Элдар:
Эне тил, сен - тоолук калктын бешиги,
Эне тил, сен - дүйнө таануу эшиги.
Ак калпакчан элим үчүн жашай бер,
Улутумдун сенсиң турма, көзүрү.
Самара:
Кара Молдо кайрып черткен "Ибарат",
Кадыр кылып кыргыз сүйөт, уга алат.
Ошол күүнүн кайрыгында эне тил,
Ыйык тилдин сырын катып куралат.
(Манасчылар "Манас" эпосунан үзүндү айтып беришет).
Айпери:
Эне тилди кадырлайлы, сүйөлү,
Мыкты үйрөнүп, аны жакшы билели.
Өлкөбүздүн жүзүн турган таанытып,
Кыргыз тили - кыргызымдын тиреги.
Алан:
Менин тилим - кыргыз тили,
Мен кыргыздын баласы.
Тили менен дүңгүрөткөн дүйнөнү,
Чыңгызыбыз - элибиздин баласы.
Ч.Айтматовдун "Ак кеме" повестиндеги Момун чалдын жомогунан үзүндү:
Айдай:Жаша тилим миң кылымды карытып,
Он миң кылым, жүз миң доорду арыткын.
Жер шарында кыргыз деген эл турсун,
Нурун ичип улуу Күндүн, жарыктын.
Бермет:
Менин тилим кыргыз тили,
Мен кыргыздын баласы.
Толгоп тарткан кыл арканды,
Тоо булбулу Токтогулдун санаты.
Макал-лакаптар:
Мария:"Тил менен дил, бири-бирисиз жашай албайт".
"Эне тилин билбеген - эси жогун аныктайт".
"Туулган жердин топурагы алтын".
Жаңылмачтар:
Дарья:Багыш бадалды аралады,
Багыштын артынан,
Бала бадалды аралап баралабы?
Асмандагы ак булут
Асманда туруп
Карарып, карарып барып,
Мөндүрүн төктү уруп.
Жамгырын төктү куюп.
Хор:"Ырдайлы кыргыз ырларын"
Сабакты жыйынтыктоо:
Кылымдарды карыткан кыргыз тили - улуу тил. Кыргыз тилин кимдер гана мактабаган, даңктабаган. Дүйнөдө 5671 тил бар, ошонун 1400 тили жоголуу коркунучунда турат. Айта кетчү нерсе - кыргыз тили ушул тизмеге киргизилген. Тил жоголсо, жалаң эле тил жоголбойт, элдин сөз мурасы, руху, эчен
кылымдардан бери келе жаткан оозеки чыгармачылыгы да жоголот. Эмесе, биз ошол тилибизди сактап калууга өз салымыбызды кошушубуз керек.
Демек, балдар, биз бүгүн мамлекеттик тилибиз жөнүндө сөз кылдык. Кыргыз эли байыртадан жоголбой, өзүнүн каада-салтын, тилин, маданиятын жоготпой, өркүндөп-өсүп келе жатканына күбө болдук. Ушуну менен мамлекеттик тилдин 20 жылдык мааракесине арналган класстан тышкаркы ачык сабагыбыз соңуна келип жетти. Келип көңүл бурганыңыздарга чоң ырахмат.
Үйгө тапшырма:Кыргыз тилинде ырларды, макал-лакаптарды, жомокторду окуп келүү.
Баалоо:Бүгүн сабакта ырларды көркөм, жатка айткандарга, жакшы ырдап, өз өнөрүн көрсөткөндөргө жакшы бааларды коебуз.

Комментарии