Чилде кантип чыгат?

Туугандар, 14 -февралды " Ыйлаак кемпир" күнү экенин билесиңерби?
.
Кыргызда «Токсондун түшкөнү, чилденин чыкканы жаман»- деген сөз бар. Жылдыз санап мезгилдин тамырын кармап бери дегенде жарым жылдык аба ырайын астына ала билген кыргызардын бул айтакандарында калет жок. Кочкордо өткөн доордо Эсенбай эсепчи деген жашап өтүптүр. Кышта жаз менен жайдын, жазда күздүн, жайда кыштын кандай болоорун астына ала айтып койчу экен. Эсенбай эсепчи чилденин чыгышын төрткө бөлчү экен.
I. 19 январдан баштап » Кырк жигит» -деген чилде кетет. Бул 12 күнгө созулат. Кырк жигит кетип жатканда кычыраган суук болуп, жигиттик мүнөзүн көрсөтөт экен.
II. 2- февралдан баштап «Кырк кыз» кете баштайт экен. бул да 12 күнгө созулат. Кырк кыз кетип жатканда кыз кыялындай бирде күн жаркырап тийсе, бирде жамгыр жаап, бирде карлап бат-бат өзгөрмөлүү болот экен.
III. 14- февралдан баштап «Ыйлаак кемпирдин» кетүүчү күндөрүнө кезек келет. Ыйлаак кемпир биринчи жумасында кар аралаш жамгыр жаадырып жумшак кирет дейт. Анан короо жайга, босого аттап үйгө баш багат имиш. Экинчи жумасында жиндеп, ошондо 20 сынан 26 — февралга чейин кар борошолотуп, шамаалдатып улуттуп, чаң тополоң чыгарып, » Куйругу менен козу калды кокуй…Өркөчү менен тайлак калды кокуй… Эмчеги менен кыз калды кокуй…Алчумду толук алалбадым кокуй…»- деп ыйлап кетет имиш.
IV. Анан 27- февралдан баштап 11- мартка чейин «Токсондогу чал» кетип токсон чыгат. Токсон чыгып атканда бирде кар аралаш жамгыр жааса бирде күн жаркырап тийет. Муну «Токсондогу чал ары бери онтоп оодарылып атат»- дешчү экен. Ошентип кыргыз эсебинде толук жаз 11- марттан кийин келет. Ушул төртөөнүн ар биринин чыгышына карап жаздын, жайдын кандай болоорун аныкташчу тура.
Маселен «Ыйлаак кемпир» Кар борошолотуп боздоп, моокуму канып бугу чыкпай калса «Силерди элеби эсебиңерди табам. Ары бери 40 күндө болбосо 90 күндө сөзсүз кайрылам»- деп кетет имиш. Ошентип жазда, апрель айында же май ичинде кар жаап үшүк жүргөнүн «Ыйлаак кемпирдин өчү калбады беле. Оңбогон мастан акыры келип бугун чыгарып кетти»- дешет.
Жазуучу Ч.Абыкеевдин чөнтөк дептеринен

Комментарии

Комментариев нет.