9 ноя 2022

Колумдагы телефонумду улам карап коем, жооп жок.

Кээде неге жаздым? деп озумду жемелеп жаттым. Бирок мен баарын ичиме катып журо албайт болчумун.Уйдо отурсам смс келди. "Мээрим балким жолугаарбыз. Бугун кечки саат беште уйундун жанынан кутом."
Жакшы жооп укпашымды сезип турсам да кечки саат беште анын жанында жер тиктеп отурдум. Адатынча сылык учурашып
-Мээрим мынтип тамашалаганды кимден уйрондун? деп жылмая чындап сурадын.Мен унсуз калыбымда жер тиктеп тура бердим.
-Демек тамаша эмес дечи?
Ошол жер караган калыбымда башымды ийкедим.
-Мдаа... Меку.. Меку... тушуном. Билесинби сен ушунчалык жакшы кызсын. Сага жеткен мырза бактылуу болот. Бирок...
Бирок сен бактылуу кылчу мырза мен эмес окшойм. Меку мени тушун, ишенсен менин абалым да сеникиндей. Бирок сен менден алда канча эрктуу экенсин. Кызыгы биз жонундо кино тартса да эч ким ишенбесе керек. Мен да азыр бироо учун озумчо от болуп куйуп жатам. Хе, анын ким экенин билсен балким тан каласын же созсуз кулосун.
Созунун ушул жерине келгкенде адатымча шашып кеттим
-Билем ал ким экенин. Эля.
Мени тиктей жылмайып койдун да
-Аа Эля билеби?
Коздорунон чок жанып бараткандай менден жооп кутуп турду. Бул учурда менин абалымды эч ким тушунбосо керек. Чындап Эляга атаандашып эмес аны жек коруп кеттим.
-Эля билет сени суйоорунду. Сенин ар бир кыймылындан эле сезилип турат го. Бирок ал учун биринчи суйуусун арнаган сен эмессин. Ал сени керек болсо шылдындап журот.
Анын жигити чет олкодо. Экоо бири бирин катуу суйот. Сен жон эле учунчу планда каласын. Козунду ачсан,байдын кызы уйундо жургон карапайым студенттин эмнесине кызыкмак эле? Же ошол шаардык кыз сага кыйратып жар болуп, айылдагы ата-энене камкор келин болуп берет дейсинби?
Мындан ары жч нерсе айта албай калдым. Дагы бир эки соз айтсам ыйлап жиберчудой болуп, терс бурулуп кеттим.
Кайрат ото ишенчээк жан экенин ошондо билдим.
Жаш баладай жан дуйносу тап таза.Кыялымдагы мырза.Менин айтканыма ишенип сенден кадимкидей оолактай тушту.Бирок акыркы кундору сен да Кайратка мамилендин озгоруп бара жатканын байкаганымда, Кайратты сага тарттырып жиберуудон корктум. Байкатпай сага Кайратты суйоорумду сенден биринчи сага айтканым ошол болчу.Сен эч качан "Мен да суйом" деп менден талашып айта албайт элен. Эми Кайратты кандай жол менен болсо да сага болгон сезимин билдирбегенге аракет кылыш керек болду.
Коп отпой группалашымдын туулган кунуно Кайратты кошо барып келуусун отундум. Алл кыйылып жатып макул болду. Бул кечеде менин озгочо планым бар болчу. Деген Мээрим башын жерге салып, копко ундобой отурду.
Кайрат кечеге келгени менен конулсуз отурду. Анын эмнени ойлоп жатканын билгеним менен байкамаксан болуп отура бердим. Кече конулдуу уланууда. Ашыкча суйлобогон, оз ордун билген Кайратты кыздар коз кырын салып, кээ бири тийишип кетип жатты. Ансайын чыдамым кетип,"Кайрат меники!" деп ичимден кайталайм.
Неге мындай? Мындай сезимге ким кунолуу? Неге башка эмес сени суйдум? Деп жаттым ичимден. Козумдон жаш айланып кетти. Мандайымда отурган аны карап жылмайып коем. Ал да калп эле ооз учунан кулумсуройт. Бул жакта озун ашыкча сезип жатты. Эки жакты карай, ордунан туруп балконго чыкты. Ушуну эле кутуп тургандай столдун устундогу бокалын алып ичине алдын ала даярдалган тоголок дарыны билгизбей салып артынан чыктым.
Терезеден жылдыздарды карап туруптур. Эшикте куз аяктап калгандыктан салкын жел уруп жатты.
- Уйго кетелиби? дедим
Асманды караган калыбында
-Жок, башкалар менен чогуу кетебиз.
Албетте, кете албайт болчу. Сый коруп жаткан жеринен эч себепсиз чыгып кете албайт эле.
Созду эмнеден баштаарымды билбей бир топко турдум жанында. Ал да ун каткан жок. Салкын жел менен мурдумду ордоп кетип жаткан анын жыты мени ого бетер суйууго мас кылып барат.
Мындай учурда оозума соз келбей калат экен. Журогум бир калыбында сокпой, бул ырайымсыз суйуу мени жинди кылып бараткандай.
Кайраттын абалын карап анын ар бир коз ирмеминен сага болгон суйуусун сезип турдум.
Мындай убакта аны эч нерсе кызыктырбайт. Бир гана Эля туралуу маек аны алаксытмак. Колумдагы бокалды сундум. Алып рахмат айтып бир ууртап койду. Бул бокалды толук ичиши учун аны созго тартышым керек болду. Жон эле соз эмес, жан дуйносун антарып кетчу "Больная точкасын" табыш керек.
-Эля жакшы кыз. Акылдуу,соз жок сулуу,билимдуу. Ал сага жакшы жар болмок. Эгер анын башка жигити болбогондо. Хмм... мдаа.. суйуу кандай арсыз сезим э? Сенин сезиминди ал сезип да койбойт. Отурган турган жеринде жигитин айтат. Кээде айта берип мени да тажатат. Бирок тушуном суйуу. Ал экоонун бирге жургонуно коп эле болсо керек. Ишенсен аны мынчалык суйгондор сен эле эмес. Мен сени жактырганымдан эмес,чын журоктон,адамдык сапат менен айтып коюшум керек. Жон эле мисал; омур бою шаарда чонойгон кыз сенин айылына барбайт. Сен ата эненди таштап кете албайсын. Апана мандайында чайын куюп бере турган, жонокой карапайым кыз керек. Анын устуно жалгыз бала болсон. Уйуно карындаштарын келгенде дасторкон жайып, ысык нанын кое турган жар керек. А Эля шаардык кыз. Ал учун карьера, дуйнону таануу маанилуу. Ал сени менен бир болгон кундо да ортонордо чон айырма бар. Качандыр бир кезде озун да сезесин. Тен тени менен тезек кабы менен..
Ал бул учурда бокалдын жартысына жетип калды. Ун катпай мени угуп турду. Мага ушул учур керек болчу.
-Балким ага болгон сезиминди айтып короорсун? Бирок мен аны беш колумдай билем. Ага болгонун айтсан баары бир эч нерсе озгорбойт. Жон гана озундун намысына шек келет. Экинчи корушпогон адам болсонор бир жон. Ата эненер дос болгон сон аны менен дагы далай бет келишесин. Ошондо башындын жер карап калышын каалабайм. Сени мени менен бол деп кыйнабайм... болгону...
Бокалды ичип бутуптур. Бурулуп чыгып кеттим. Бир убакта столдун четине отуруп тост суйлоп жатыптыр. Дарынын таасири астында ар бир тостту калтырбай ичип жатты. Озунчо каткырып, маанайы которуло бийлеп да баштады.
УЛАНДЫСЫ БАР....

Колумдагы телефонумду улам карап коем, жооп жок. - 939303151175

Комментарии

Комментариев нет.