🌀ҮЗҮЛБӨГӨН ҮМҮТТӨР

14 - БӨЛҮМ
** ******
Негедир өэ үйүнө маанайы суз, шалпыйып келип, тээ ары жакта, чоң залдын ичинде турган кооз жумшак креслого барып, бутун учкаштыра отура кеткен Рамистин кабагы бүгүн ачылчуудай эмес. Көзү менен чоң үйүнүн ичинин баарын сыдыра карап алды.
— Ушунун баары меники эмес!
Өзүнө-өзү сүйлөнүп жиберди.
— Жумуш атамдын жумушу, бул үйдүн ичиндеги бүт нерсе атамдыкы, же болбосо өзүмө-өзүм ээ эмесмин... Өзүм да атамдын куурчагымын. Кааласа мени дагы.... Мени дагы кудум жанагы жаш милиционер кызматчыны аткандай мээмди чачырата атат болду! Эч ким, атама эч кандай артык сөз айтууга алдары келбейт! Кетип да кала албайм. Эмнеге? Эмне үчүн? Мен атамдын колунда бир туткун сыяктуу эле экенмин. Айтканын бир кыңк этпей аткарып жүргөнүм үчүн балким, балким ошол үчүн ушунча өмүр тирүү жүргөндөймүн....
Өз ойлору менен алыша, ичиндегисин чыгара албай калп жылмайып алды. Ары жакта турган ачуу, ары кымбат ичимдикти ачып бокалына куя салып кулкудтада көтөрүп жиберди.
Өэүнө -өэү ардана түштү. Атасына ушунчалык кадыры жок экенин түшүнүп жатты. Эгер эртең Динара айыды таап, кызды кошо экөөнүн тең көзүн тазалай албаса анда эмне болот? Дал жаш милиционер сыяктуу өмүрдөн кош айтышабы? Билбей турду.
— Баарың сыртка чыккыла! Тигилерден кабар болсо жеткиргиле батыраак. Бирок азырча мени үйдө жалгыз калтыргыла!
Ары жакта эңгезээрдей болуп, өгүздөй чоңдуктагы төрт беш катарда турган жигиттерин баарын сыртка чыгарып жиберди. Шефинин бир сөзү менен тигилер башын ийкей, дароо сыртка карай чыгып кетишти.
Жалгыз Алина үй ичин жыйып жүргөн. Бул сөздү угаар замат, Алина да, акырын өз бөлмөсү тарабына чыгып баратканда, Рамистин сөзү кайра тык токтотту.
— Сен кал!
Кыз акырын артын карай бурулду. Диванда чалкалай, бокалын сыдыра тиктеп, ойлуу отурган Рамисти карай басты.
— Кел, келе гой бул жерде бир аз отур жанымда.
Кыз үн катпай акырын барып, Рамистин көргөзгөн жанынан орун алып отура кетти. Бир аз корккону бар. Рамис аны көзү алаңдай, улам -улам жерди карап, өзүн карай албай жаткан кызды сынай тиктеди.
— Атың ким эле?
Рамис кыздан көзүн албай, тиктеп алды.
— Алина атым.
Кыз жер караган тейде жооп бере койду.
— Алина-Алина. Татынакай атың бар экен. Өзүң да келишкен жансын. Алина айтчы ата -энең кайда эле?
Алина Рамистин берген суроосуна кубана түшүп, көэдөрү жалжылдай түштү. Оюнда йүнө койо берет чыгаар деген ойго кете, Рамисти жал-жал тиктеп алды.
—Ата -энем алыста жашашат. Бирок шаар ичинде эле.
Негедир кыз кыска эле айтып койуп, андан ары уланткысы келбеди. Болгону оюнда бир жамандык ээлей түштү. Ата энеме зыяны тийбесин деген гана.
— Хмм... Жакшы.. Жакшы.
Жашың канчага келип калды?
Кыз корко түштү. Өзүнүн жашын айтуу, же башкасы өзүнүн башына мүшкүл болоорун сезип жатты.
— Мага болгону чындыгын айт. Жалганды жек көрөм билесин го.
Рамистин сөзү кызды андан бетер чоочутуп турду. Бирок айтпаска арга жок! Үнүн араң кыбырата сүйлөп алды.
— Эки күндөн кийин 17 ге толом.
Алина башка үн катпай жерге көзүн телмире тиктей, башын көтөрбөй үнсүз отура кетти.
— Демек жакын арада туулган күнүм десеңчи? Кандай сонун. Сен башкаларга окшобогон, башкача жансын. Мен далайын көрдүм, алар жашы он беште болсо деле, эркектин көңүлүн алуу үчүн тырышышат. Анткени өз өмүрлөрү үчүн коркушат. Сенин намысты бийик койууңдун өзү укмуш. Ушунчалык туткунда, колумда жүрсөң дагы, сенден андай жаман кылыктарды көигөнүм жок.
— Билесинби?... Сага жалган болоор.. Бирок мен сени көрсөм, ата -энеңе дайыма ыраазы болуп кетем. Аябай тартиптүү чоңойтушкан.
Рамис кызды караган тейде сүйлөй берди. — Мага ушул абалың жагат. Эркектин колу чачыңа тийсе да, денең жыйрыла түшүп, коркуп турганың.
Кызга карай жүзүндөгү чачына колун сунуп баратып, кайра тартып алды Рамис.
— Сен акылдуу кызсын. Сага эч ким колунун учун тийгизе албайт эми. Эгер ошондой боло турган болсо, өзүм жаэалайм баарын.
Рамистин эмне мынча ак-көңүл болуп жатканына кыз түшүнө албай, аң -таң болуп турду. Рахмат дегендейби, же дагы башка сөздөрүн айтууну кааладыбы, кыз жигитке сүйлөөгө оозун камдап барып, кайра үн катпай кала берди.
— Бирок сени азырча койуп жибере албайм. Анткени билесин... Сени койуп жиберүү эки эсе түйшүккө түшүрөт мени. Убагы келгенде бул жерден албетте кетесин.
Рамистин ушул сөзү эле Алинага кыйла үмүт берип тургандай эле.
Ичинен кубана түшкөн Алина жигиттин сөзүнө ыраазы боло түштү.
— Эми барып, жумуштарыңды жасай бер. Таза жансын, тазалыгың абдан жагат. Дал ошондой абалда ишиңди уланта бер. Эч ким кырыңдап, тийишүү деген болгон жокпу?
Рамис кайра суроо салды.
Кыз да жок дегендей үнсүз, башын чайкап алды.
— Макул!
Жигит ары көздөй кетип бараткан кызды узата карап алып аяп кетти.
***********
Сыналгыдагы жаңылыкты көзүн албай тиктеп отурган, Динара эмне кылышын билбей, ордунан тура, ары-бери, бөлмө ичинде басып жүрдү.
— Шайтан алгырдыкы десе!
Өзүнүн башы үчүн кыйла эле будуң-чаң болуп жатканын билип турду. Чооң эле ажыдаардын куйругун басканы сезилип жатты. Кандай болсо да, эмне болсо да, кызды куткаруусу керек. Ушул кыздын өмүрү, ушул гана өз башын кошо куткара тургандай сезилет.
Ананчы... Кантип таштап кете алат. Байкуш кыз каттуу чарчагандыктан, эч нерсе сезбей уктап жатат. Жап -жаш башына ошончо түйшүк илинип, жаштайынан азап тартып отурган кыз... Бул жашоодо өмүрүнүн жартысын да жашай элек үлбөрүгөн жан эмеспи?... Ушунча сыноону кантип көтөрүп жүрөт. Илбийген назик жаны, ары күчтүү, ары аракетчил экендигенен кабар берип турат.
Эч кимге коңгуроо да чала албайт. Анткени баары текшерүүдө издөөдө экенин билет. Жакын кесиптештерине чейин, телефондору тыңшоодо экенин да билет. Алардын да башына балее болууну каалабайт. Түн ката ойлонуп жатты. Бул жерден да качан байкап калаары белгисиз. Эртерээк чыгып кетүүлөрү зарыл, бирок ага да жолу жоктой. Бүтүн, шаардын ичинин баарын кыдыра, экөөнү издеп жүргөндөр азыр эле таап алаары анык.
**********
— Ай-иий ай, карачы эмне деген сулуулук, эмне деген өнөр?
Белестин азыр зле тартып бүткөн сүрөтүн колуна кармага аял таң кала, бир кубанып, бирде Белести мактап жибере, сүрөтүн карап алды.
Демек бул дегени,сүрөт аялга жакканынын белгиси. Аябай укмуштуудай,дал өзүндөй , сүрөткө жан киргизилип , укмуш чеберчилик жаткан. Өзү да кылган ишине маашырлана алып, кубана түштү. Бир нече жаман ойлордон арыла, алаксый да түшкөн.
Жанында чебелектеген Лунара, Белестен кем эмес кубанып, канча сүрөт тартса, ошончо жигитке, жардам беришип, жанында отурду. Түнү менен экөө бир кыйла сом иштеп алганга да үлгүрүшкөн. Баардык келип, өз сүрөттөрүн тарттырып кетип жаткан кардарлар, кубана, таңданып жандарында кызыга карап тургандар 'эртең да келип, дал ушул өнөрлөрүн көрсөтүүгө чакырып калышкандар да көп болду.
Экөө бир канча каражат жыйнап алышкандарына кубаныша, экөөнүн тең жүздөрү жайнай түшүп, бирде ырдап, чоң шаарды көздөй баратышты.
— Ушул чөйрө сага жактыбы? Сени билбейм мен аябай сонун маанайда болдум. Мага абдан жакты.
Лунара жигитке карап сүйлөп алды.
— Эртең дагы келели ээ анда?
Белестин бул сөзүнөн Лунара кубана түштү. Демек жигитке да бул жер, өз көңүлүнөн чыкканынын белгиси эле.
— Албетте келебиз. Ооба келебиз. Үйдө отура бергенден пайда жок. Сени көрдүңбү баары макташты. Сен деген керемет таланттын ээси турбайынбы?
Кыз Белести кайра-кайра мактап алды. Белес да үн каткан жок. Тек гана жылмайып койуп кете берди.
— Жүрү бул жерден тамактанабыз. Бүгүн сени коноктогум келди.
Белес ушул сөздү айта, акырын кызга карады.
— Оо... Чын элеби? Мениби?
Кыз таң кала карап, жылмайып кубанганын жашыра алган жок.
— Ооба! Жүрү!
Унаалрын ыңгайлуу жерге токтотуп, экөө түшүп барып, кооз тамактануучу жайга кирип барышты. Бирок үстүнкү кийимдери эскилиги жетип калганын көрө койгон күржүйгөн жан сакчы жетип келе Лунаранын алдын тосо сүйлөдү.
— Бул жакка мүмкүн эмес, бул жакта жалаң гана кадырлуу сыйлуу коноктор экенин эсиңизге салабыз. Үстү башыңар, кийген кийим, талапка жооп бербейт.
Белес бул сөздөн эч нерсе дей албай тура калды. Бирок Лунара үн катпай калып калган жок.
— Эмне? Үстү башыма эмне болуптур? Биз тамактансак болду эмеспи? Акчасын төлөсөк, болдубу сизге?. Менин үстү башымда чатагың канча?
Кыздын чыккан үнү тигиге эле эмес, кооз имараттын ичинин баарына жаңырды.
— Айым сураныч бул жерден кетиңиз! Болбосо....
Лунара да койоор эмес,адатынча дагы сүйлөндү.
— Эмне болбосо?... Адамсыңар го. Бирок ичиңердин баарын текеберчилик ээлеп алган сыяктуу. Ээк силерди.
Лунара тигини жекире карай артка чыгып кетти.
— Көңүлүңдү түшүрбө. Бир күнү биз байып кетсек сага соонун кийимдерди алып берип анан бирге келебиз.
Белестин бул сөздөрү Лунараны кубантып жиберди.
— Чын элеби?
Лунаранын көздөрү жайнай түштү.
Белес да унчукпай акырын башын ийкеди.
— Мен башка бул жайга келгим келбейт! Текеберчиликти өтө жек көрөм. Ошондуктан мени башка жайга алып барасын анда.
Кыз Белести тамашалай сүйлөдү.
— Маакул көңүлүңдү түшүрбө.
Экөө бир канча сөздөр айтып, жөө бир кыйла басышты. Андан соң унаасына отуруша, үйдү көздөй кетип баратышты.
Түнү бир убакта келген Лунара өз бөлмөсүнө кирип уктап, ал эми Белес болсо адатынча унаасында ойлуу отурду. Өз кылган күнөөлөрүн кантип жуушту билбей, кыйнала берчүү болду. Кыз менен таанышканына эки ай араң болуптур. Бирок ошол убак ичинде,колун канга мала элек. Акыркы жолу жаш кызды өлтүрүп алып, эмнегедир катуу кыйналган. Ошондон соң өзүн -өзү алаксытып жүргөнү жүргөн. Мурда Кудайга ишенбеген жан болсо, азыр болсо күндө Кудайлап жардам сурайт. Өз кылган күнөөлөрүн кечирүүсүн тилейт. Оюнда арам ой кылт эте түшкөндө эле калем сабы менен, кагазын кармап алаксууга өттү.
Азыр да дал ушундай жасап,канча күндөн бери бүтпөгөн кооз көйнөктүн өң түзүлүшүн тартып, жатты.
Бир канча убактан соң, көйнөктүн сүрөтүн бүтүрө, кыздын бөлмөсүнө койуп койо өзү унаасына отуруп таттуу уйкуга кетти.
Бирок экөөнүн үйүн жанатан арттан каран отурган кара түстөгү кымбат үлгүдөгү унаа карап отурганын байкашкан да эмес.
Тиги унаадагы бей тааныш жигит, кимдир бирөөгө коңгуроо чаала сүйлөп жиберди.
— Шеф! Биз кызды таптык!... Дал ушул жерде жашайт экен. Жанында кечееги көргө жигит бар экен. Бирок ал кыздын же күйөөсү эмес, жөн гана тааныш сыяктуу.
Аркы жактан күркүрөгөн үн кайра жигитке буйрук бере бурк этти.
— Тиги жигит ким экенин тактагыла!!!
Тиги макул деер замат телефонду койо салды. Белес эч нерсени билбей таттуу уйкуда уктап жатты.
****************
Сезим менен Тинатин түн ката ойлуу, экөө тең уктай алышкан жок!
— Кантип? Кимге барып айтуу керек. Прокурор өзү баарын, билип, өзү ушунун баарын уюштуруп жатса, душман менен тили бирге болсо, кантип анан, кимге ишенүү керек экенин түшүнө албай жатты.
Үйдөн чыгып кетишпесе, аларга зыяны көбүрөөк тийери белгилүү.
Коңгуроо да чала алышпайт. Эч кимге айта да албайт. Анткени курбусун кылмышкерди жашырды деген айып тагылуусу толук мүмкүн. Эптеп түрмөгө түшүрүп алышса, андан ары өздөрү билип, жайлап койуулары анык. Курбусу Сезим үчүн дагы, баарын жашырууга туура келет. Башка айла жок.
Түнү менен Амантурдун кайда экенин ойлонуп чыкты. Бирок Амантур да жерге сууга сиңип кеткендей жок болду. Өзүн азырча эч ким тааныбайт эмеспи? Курбусу үчүн барын салып, жардам берүүгө аракет кылып жатты.
Түнү менен уктай алган жок! Таң ата жуунуп таранып алып, сыртты көздөй чыгып кетти.
Биринчи эле барган жайы, курбусу иштеген оорукана болду.
— Саламатсыңарбы? Мен Тинатин Бекташова ары карай, өзүнүн мыйзамдуу акыйкатчы экенин далилдеген мойнундагы илинген белгини көрсөтө койду.
— Келиңиз кызмат?
Кызматчы кыз Тинатинди жылуу кабылдап, суроолуу тиктеди.
— Мен тиги кечееги окуя боюнча билейин деп келгенмин.Медерова Динара айым боюнча. Мен Амантур Жолдошевтин жеке акыйкатчысы болгонум үчүн бул эки кылмыш бири -бирине дал келип турганы үчүн жооп издеп жүрөм. Мен билишим керек! Мүмкүн болсо ошол күнү кимдер иштеген, жана окуяны баяндап бере аласызбы?
Тинатиндин суроосуна кыз макул дей, кимдер иштегенин, жана, кайда, качан, болгонун айтып, кагаздагы тизмени көрсөттү.
— Ушул тизмедеги адамдар болгон. Жолдошевтин кызы каза болгон учурдагы жумуш ордунда болгон кызматчылар булар, а бул болсо кечее Медерованын качып кеткен күнү жумушта болгон кызматчылар тизмеси.
Тинатин баарын карап чыга, Сезимдин биринчи орунда турганын байкады.
— Сезим Асылбековна бүгүн жумушка келеби? Бөлмөсүнө кирип карап чыксак болобу?
Тинатиндин суроосуна кыз бир аз ыңгайсыздана түштү.
— Кечее дагы бир жигит келди Сезим айымды сурап, ал дагы бөлмөсүн көрсөтүүнм каалады. Кызыктай суроолорду берген жигит эле. Бирок биз көрүнгөн адамга эле бөлмөсүн көрсөтө бербейбиз. Сиз акыйкатчы болгонуңуз үчүн анда мейли. Бирок мен башчымдан жооп сурап көрөйүн.
Макул дей баш ийкеген Тинатин кызматчы кыз башчысына байланышканча күттү. Бир аздан соң кыз жылмая Тинатинге бөлмөнүн ачкысын сунду.
— Кирсеңиз болот. Төр тараптагы № 3-бөлмө.
Тинатин рахмат дей, кирип барып Сезимдин бөлмөсүн ачып ичине кирди.
Курбусуна тийешелүү кагаздардын баарын, Амантурдун кызына эмне дары сайылганды тууралуу, кандай өлүм болгону тууралуу, Динара алып кеткен кыздын дары дармектери, кызга коюлган зордуктоо боюнча белгилер баары Сезимде сакталчу,. Бүтүн барын сумкасына сала эч кандай Сезим тууралуу да, маалымат калтырбай алып чыгып, кетип баратып ачкычын кызматкер кызга таштай чыгып кетти.
Тинатин үйгө келген жок. Жөн гана башка батир издөө үчүн, чоң шаарга карай жөнөп кетти.
Кечке дейре ар түркүн батир издеди. Жарнамага берилген батирлерди барып көрүп жатты. Өздөрүнө ылайыктуу батир таап ачкычын алып, кайра үйүнө карай жөнөдү.
Сыртка да чыккан эмес, жол жээгиндеги чоң кооз ресторандан кирип курбусуна тамак көтөрө барууну эстеп кире койду.
Кооз музыка жай ырдап, ичи көңүл сергитээрлик эле.
— Саламатсызбы? Мага...
Курбусу эмне жакшы көрөөрүн жакшы билчү. Даяр болгон тамагын алып, эшиктен чыгып бараткан убакта алдынан чыккан Рамис менен тиктеше түштү.
— Оо ошол сулуу го... Көргөнүмө ишенбей турам. Салам сулуу?
Рамис жылуу учураша калды. Бирок Тинатин жөн гана башын ийкеп, шашыла чыгып кетти.
Колунан түшүп кеткен нерсени байкабай калган Тинатин артын карабай унаасына отура зуу жөнөдү. Жердеги ак кагазды кармай, жазуусун окуган Римис өзүнчө жылмайып алды.
— Балким бул тагдырдын жазмышыдыр. Мен бул сулууга дагы бир ирет жолуктум. Эми болсо мынтип, байланыш номери түштү. —Эхх эмне болсо да, ушул кызды көрсөм, башкача боло түшөм.
Ичинен ушундайча сүйлөнгөн Рамис акырын арткы өзү үчүн даярдалган бөлмөгө кирип отура кетти.
*****
Уландысы бар...
Айзирек Бектенова
КЛАСС БАСЫП ОЙ ПИКИР КАЛТЫРА КЕТИНИЗДЕР...

Комментарии