🌀ҮЗҮЛГӨН ҮМҮТТӨР

15 - БӨЛҮМ
Россия : Түн! Бир кыйла убакка жетип, караңгылык кулачын кенен жайып калган. Мосскванын чоң так ортосунда жайгашкан чоң, кымбат,жалаң гана бай,чиновниктер,көпөстөр келип көңүл ачуучу, жайлардын биринде, тээ төркү тарапта, шарактап, бир үстөл болуп топтолуп отурган бей тааныш жандар...
Кийген кийимине караганда, чыкыйган байлар, же бир зоболосу бийик эле каралар дүйнөсүнүн башчысы сыяктуудай көрүнүшөт. Эки, жашы элүүгө таяп калган кишилер, жандарына куурчактай жап-жаш, сулуу кыздарды жандап алышкан. Кыздар экөөнө кызмат көрсөтө, күлсө күлүп, же кайгырса кошо кайгырып, чоочулай, айтор бул сулуулардын маанайы тиги экөөнүн маанайына байланычтуудай.
Экөөнүн тең жандарында өгүздөй болгон, бой келбеттүү, чымыр денелүү, бирөөнү чайнабай жутчуудай жигиттер катарынан тизилип, бирин -бири жеп жиберчүүдөй, шефтери уруксаат берсе, белдериндеги куралдарын алып чыга, мээлерин чачырата атып, андан соң тирүү калганы кете берчүүдөй колдору кычып, жекире тиктешет.
Бирок шефтери анчалык деле, ачууланбай, кайра алдында турган ачуу шараптан жутуп койуп, аңгеме жомок куруп күлүп отурушат.
Ичкериден кирген, көз айнек тагынган жигиттердин бирөөсү шефинин кулагына бир нерселер шыбырай калып, кайра түптүз ордунда туруп калды.
Шефи дагы күткөн бир чоң жаңылыкты уккан сыяктуу, өңү кубула түшүп, кайра жанындагы шеригине билдиртпөө максатында жай баракат күлүмүш болуп, баш ийкеп койо отура, маегин улантып баштады.
Жай музыка экөөнүн маегин коштой, көпкө чейин отуруша, андан соң, экөө тең ошол жерден коштошуп, жүгүрүп бара, жигиттери,эшигин ача койгон кымбат унаага отуруша, зуулдап экөө эки жолго түшүп кетип баратты.
— Кыздын анык дареги ошол жер бекен?
Шефи эми жанындагы отурган башкы жан сакчысынан кайталай сурап алды.
— Ооба шеф дал ошол жерде.
— Деги дал өзүн таптыңарбы, дал ошонун кыэыбы?
— Азырча аныгына жете элекпиз шеф. Бирок менин алтснчы туюмум ушул кыз деп жатат. Биз фотороботтон бала кездеги сүрөтүнө салыштырып, азыркы кезин тарттырганда дал ошол кыздын өзү чыккан. Мен ушул кыз деп ойлогонум да ошондон. Кыз тууралуу тактап билели деп, көп маалыматка деле ээ боло албадык. Кыргызстандын Борборундагы жашайт. Жашы азыр он сегизге толуп калган. Азыр ата -энеси жок! Эч'кими жок. Жалгыз өзү жашайт.
Сиз кандай ойлойсуз шеф? Бул кыз биз ойлогон селки болук мүмкүнбү?
Шеф бир кыйла ойлуу кетип баратты да, кайра буйрук бере тигиге бурк этти.
— Мейли жигиттерди жибер. Тактап билишсин. Ашыкча бирөө жарымдар билбеши керек. Эгер жанында каршылык көрсөтүүчү жандар болсо, көзүн тазалагыла. Бирок кыэ тирүүлөй келиши керек алдыма.
Эгер кыз дал ошол биз ойлогон кыз болсо, тигинин сазайын берүүчү кез келди окшойт.
Коркунучтуу күлүп алган шефи кайра ойлуу Москванын чоң көчөсүн аралай кетип баратты.
**********
Таң атпай ордунан турган, Лунара, сыртка чыгып Белести таппай калды. Унаасы да жок, өзү да жок.
— Бул кайда кетти таң атпай?
Өзүнө -өзү суроо бере сүйлөнүп алды.
Жүзү башын жууп келип, Белестин түндө койуп кеткен сүрөтүн карап алды.
— Ваааув какая прелесть?...
Кызыга сүрөттү бир карай, өзүнүн жанатан бүтпөй жаткан көйнөгүн бир карап алып оюна бир нерсе келип кеткендей жылмайып жибере, кийим тиккен машинасына отура кетти.
— Сен мени таң калтыруудан чарчаган жоксунбу?
Өзүнө -өзү сүйлөнө, Белестин сүрөтүп карап алып, бүтпөй жаткан көйнөгүн арыдан-бери кыркып, быча салды.
— Ахаа... Дал ушундай! Эми бир сыйра тигип чыксак болгону.
Өзү менен өзү сүйлөшө кыңылдап ырдап дагы алды. Кийим тиккен машинасы шуулдата көйнөктү да тигип бүттү.
Канча отурганы белгисиз, убакыт зымырап учуп, дароо эле көйнөктү да түшкө оой бүтүрө салды.
Эми кийип көрүүнү чечти.
Кыңылдап ырдап да алган. Көйнөктү кийип келе, өзүн күзгүдөн карап жибере, көргөн көздөрүнө ишенбей кубанганынан так секире, бакырып -бакырып алды.
— Аай- иий эмне деген сулуулук мынаа???Кандай кооз... Ушуну мен тигип бүттүмбү? Колумдан келди менин. Колумдан келдиии...
Өзү менен өзү сүйлөшүп, кубанып да отура берди.
— Уф Белес кайда кетип калдың? Мактанайын деген учурда жоксун?
Мурдун чүйрүй сүйлөп алган Лунара кайра көйнөктү чечип үтүктөп, илгичке илип, кийим идгичке сала, кайра ойлуу отура кетти.
— Бул менин биринчи ишим. Эң сонун чыкты. Бирок мен муну кайда киймек элем? Балким сатып жиберейинби? Жоок... Анткени бул Белестин ою, анын ишиердүүлүгү менен анын сүрөтү менен аягына бүтүрдүм. Өэүнө эмне болду экен жоголуп кетти.
Лунара адатынча сыртка чыгып, Белести карап алды, бирок Белестен дайын жок.
***********
Үйгө шашыла кирген Тинатин өзүн чыдамсыздык менен күтүп отурган Сезимди көрө койду.
— Кайда жүрөсүн Тинатин? Эрте менен таппай калдым го. Көчөгө чыгууга мүмкүн эмес.
— Менде баары жакшы. Сага тамак алып келдим. Мэ ыссыгында отуруп жеп ал.
Анан жумушуңа барып, документтериңди, бүтүн эки кызга тең тиешелүү кагаздарды көтөрүп келдим. Менде турсун булар!. Эгер алардын колуна түшсө,заматта жок кылышаары анык. Сот отурумунда булар далил болот.
— Артыңдан эч ким байкаган жокпу? Эми эмне кылабыз?
Сезим айласы түгөнгөндөй шалпыйып, жанындагы диванга отура кетти.
— Күрөшөбүз Сезим. Баары үчүн күрөшөбүз. Отура берсек отура беребиз. Ошол үчүн күрөшөбүз. Коркпо! Мен батир да карап келдим. Болушунча бүгүн үйдөн чыгып кетүүбүз керек.
Тинатиндин ушунча иш бүтүрүп келгенине таң кала караган Сезим үн каткан жок. Тек гана макул деген сыяктуу башын ийкей салды.
Түнү менен Тинатин менен Сезим уктаган жок. Өздөрүнө керектүү нерселерди жыйып, Тинатиндин унаасына отуруша түн ката, тапкан жаңы батирге көздөй жол тартышты.
Канча узак жол жүрүштү ким билет? Шаардын так ортосундагы кооз кабат, кабат үйдөн алган батирине барып, жайгаша салышты.
— Аай -иий аябай кооз экен го. Бул жер бизге коопсуздук жаратпайт бекен?
Сезим таңдана, суктанганын,бир аз тынсызданганын да жашыра алган жок.
— Бат -бат батир алмаштырабыз. Азырча тапканыбыз ушул болду. Кийинки ай башка жайдан караштырабыз. Же болбосо Борборго кетебиз. Болобу? Ал жактан тигилердин үстүнөн иш козготом.
Ага дейре бул жерде болуубуз кажет.
Сезим эч нерсе деген жок. Тек гана мындай учурда курбусу гана билет эмеспи. Ошол себептен улам оюна койду.
*************
Динара ары -бери ойлуу басып жүргөн кызды узакка карап отурду. Ичинен эмнелерди ойлоп жатканын биле алюай турду.
Ушунча түйшүктү тартып, артынан канчалаган баш кесерлер ээрчип жүргөнү албетте коркунучтуу да.
— Кантебиз эми? Динара айым, мен коркуп жатам.
Динара өзүнүн жанына чакыра, жай көрсөттү.
Кыз барып отура калды.
— Билбейм ачыгы. Сага эч кандай үмүт бере албайм. Кантебиз? Эмне болот? Сени куткарып кала аламбы? Өзүм да кээде коркуп кетем. Бирок бар күчүмдүн барынча күрөшөбүз. Эгер мага бир нерсе боло турган болсо, же кандайдыр коркунуч сезсең, артыңды карабай, мени ойлобой качкын мейлиби. Алар мени менен эле тынчыбайт. Эң негизги көйгөй алар үчүн сенсин. Сенин бир гана сөзүң,аларды түрмөгө тыгууга жетет. Мына ошол үчүн, алар сенин көзүңдү тазалоонун аракетинде. Мага бир нерсе болсо да сен качкын артыңды караба. Мүмкүн болушунча эл көп жерде болууга аракеттен. Элдин арасында алар кол сала албайт. Коркпо эч качан! Өз өмүрүң үчүн күрөшүүң керек.
Динара ушулардын баарын кыздын колдорун бекем кармап алып айтып берип жатты.
Чын эле башка аргалары жок эле. Көчөнүн баары, экөөнүн аты, экөөнүн сүрөтү жайнап кеткен.
Кыздын көзүнө жаш тегерене түштү. Эмнегедир ыйлагысы келип кетти.
— Менин эч кимим деле жок бара турчу. Жашаган жерим деле...
Кыз жер карап ала күңк этти.
Динара өзү да мууну бошой түштү. Кайра өзүн колго алып, кызга кайрылды.
— Сен үйдө отура тургун ээ? Мен азыр сырттан телефондон, бирөгө байланышып келем. Макулбу?
Оюна бир нерсе кылт эте калып, шашыла баш кийимин баса кийип сыртка карай чыгып кетти.
Чоң көчөгө чыгуу үчүн бир аз басуу керек эле. Шашыла артына улам, улам кылчактап карап алган Динаранын үмтү тээ тигинде отурган жигитее жетүү.
— Келиңиз кызмат. Симкарта берейинби?
Шашыла жете келген Динараны карай суроо узаткан жигит сүйлөп алды.
— Ооба сим карта, андан соң, тиги эски телефонуңду да.
Шашыла акчасын карматкан Динара бир симкарта колуна ала салып, ары көздөй шашыла басты да, телефонго сим карта салып дароо өзү билген бир номерге коңгуроо кыла койду.
— Угуп жатам ким экен бул?
Аркы жактан чыккан шеригинин үнүн уга койгон Динара дароо шашылыш сүйлөп алды.
— Менмин!
Динаранын үнүнөн улам жазбай тааныган шериги, чочуп кетти.
— Динар эмне болду? Кайда жүрөсүн? Эмне кылып? Кабарды уктум, бул чынбы?
— Жалган экенин өзүң жакшы билесин. Мени болгону алар душман көрсөтүп, жаман көрсөтүү мактасында. Мейли мага жардам керек.
Тиги бир аз үн катпай, кайра сөз баштады.
— Мейли, менден эмне жардам?
— Кызды жогорку соттко дейре жеткирүү керек! Борборго! Бир гана ушул кыз тирүү калган. Мунун үнүн да өчүрүшмөкчү. Сотто ушул гана кыздын бир сөзү баарын түрмөгө тыгат. Кызга коргоочу керек. Болбосо алар заматта....
Аркы жактан шыбыр эткен үндүн угулганынан улам Динара тып сөзүн токтото салды.
— Динар, кай жердесин азыр?
Тиги шашкалактай сүйлөп, кыздын кайсыл даректе экенин сурап жатты.
— Сен??? Сен дагы менин артымдан бычак урдуңбу?
Динара ушул сөздү айта, дароо телефонду өчүрө салып, симкартасын ыргыта салды да, үйдү көздөй чуркап жөнөдү.
Тиги телефону өчөөр замат, жанындагы жигитке кайрыла, кыздан чалынган коңгуроо аркылуу, кайсыл жерде турганын билүүгө аракет кылган.
— Аныктадыңбы каймыл жерде экен?
— Ооба аныктадым. Бул айылдын тегерегинде.
— Тезиреек жигиттерге айт, жөнөшсүн. Рамиске да кабар бер. Динара баарын сезип калды. Ал акмак эмес!
Шашыла чыгып кеткен жигит дароо сырттагы жигиттерге кабар берип, зуулдаган унаалар, биринен сала, бири жөнөп баратышты.
Рамистин жигиттери жакыныраак болгону үчүн алар да жолго чыгыша, кыздын коңгуроо чалган жерин аныкташып, дал ошол жерге көздөй кетип баратышты.
Шашкалактай чуркай келген Динара үйгө киреери замат, кызды дароо колунан сүйрөдү.
— Батыраак бол! Кетүүбүз керек! Бизди байкап калышты.
Кызды колунан жетелей, экөө качып баратышты. Ээн тарап болгону үчүн токой ичин аралоо, оңой жолу эле. Экөө шаша -буша токой ичин аралай качып жөнөштү.
Өлгөндүн үстүнө көмгөн боло, куралында да огу аз экен.
Тигилер келгенче кыйла эле жерге жетип калышкан. Бир аз чарчаганда отуруп эс алышып, кайра адаттарынча шашылып жөнөшөт. Кайда бараарлары белгисиз. Шаарга чыкса өтө эле кооптуу.
******
Шашпай басып келген жигиттердин бирөөсү үйдүн ичине кире карап алды.
— Демек ушул жерде болгон алар. Ооба! Азыр каймыл тарапка көздөй кетүүлөрү мүмкүн? Көчө тарап менен жүрүүлөрү кыйын. Албетте...
Кеттик жигиттер.
Дароо дал ушул Динара кеткен жол менен артынан сая түшүшө кууп келе жатышты.
Көп деле узакка барбаган чыгаар???
Токой ичин аралай, жарк-журк эткен жарыктар улам жакындагандан жакындап келе берди.
Динара менен, кыз чарчап чаалыгып бүткөнү менен, күчүнүн жетишинче кадам шилтей кете берди.
— Бир аз дем алып ал! Ушул жерде бол! Тынч гана отур. Азыр мындай кылабыз? Мен сени ушул жерге таштайм да, өзүм тигилерди башка жол менен алып кетем. Макулбу?! Сен үн чыгарбай отур ушул жерде. Кыймылдаба! Качан алар менин артымдан кууп кетип, алысташкан убакта гана, кайра артыңа жөнө.Болушунча жашашка аракет кыл! Оңой менен, жеңилбе! Эч кимге,эч качан ишенбе! Жолубуз ушул жерден айрылат экен. Мен тирүү болсом сени издеп табам албетте.
Динаранын көзүнөн мөлтүрөй жаштар тамчылай кетти. Кызды кучактай жүзүнөн сүйүп алды да, өздөрү карай жакындап келе жаткан тигилерди көрө багытын такыр башка жакты карай бура Динара качып жөнөдү.
Аны көргөн тигилер да Динаранын артынан калбай кууп жөнөштү.
Жашырына тура калган Динара, артынан жете келген бир, экөөсүн шамдагайлык менен, эсин оодара кулатты. Бирөөсүнүн куралынан ок атыла түшүп, токой ичин жаңырта салды.
Жаңырган октун үнү, артын карай абайлап кетип жаткан кызды да, бери жакта артынан издеп келе жаткандардын да эсин эки кыла селт эттирди.
Кыздын көзүнөн мөлтүрөй жашы таамп кетти.
— Кош бол деп алды ичинен.
Оюнда Динара болду, ичеер суусу түгөнүп, каза тапты деп ойлой, өзүн-өзү коргоо максатында кайдадыр кетип баратты.
Өгүздөй эки үчөөнү сулаткан Динара тигинин чыгарган огунан улам жарадар боло отура кеткен.
— Оохоо.... Сиз менен да көрүшчүү күн бар экен ээ?
Жарадар колун баса калган Динаранын ары жагынан чыккан үн өзүн карай жакындап басып келди.
— Сөз жок. Элдер айтканчалык эле экенсиз. Бул үчөөнө менин күчүм жетпейт эле... Сиз буларды куралсыз сулатканга караганда...
Тиги жанына басып келе, үч өгүздөй болгон жигиттери сулап жатканын көрө таң калганын жашыра алган жок. Артынан ээрчий келген эки үчөө, чын эле оңой аял эмес экенин сезип, жердеги кулап жаткан шериктерин көрүшө көздөрү алайа түшүп, бирин-бири тиктеп алышты.
— Жакындап келсең көрөсүн!
Динара чарчап, алы келбей, колунан аккан кан, алын курутуп, эсин жоготуп бараткан. Шалдырай үнү араң чыкты.
— Жок -жок -жок... Сизге ушул нерсе керекпи? Бизге да, сизге да кереги жок! Кааласаңыз бизге өтүңүз. Кызматыңызда иштей бересиз. Тиги Прокурорго, же жанагы коңгуроо кылган шеригиңизге окшоп... Аларды деле эч ким билбейт бизге өтүп кеткенин. Динара айым, азыр эч ким жок чынчыл жашаган. Сиз жанагы шеригиңизге ишенип коңгуроо кылган белеңиз? А сиз тиги кыздардын акчасынын тең бөлүгү ошол жигитке түшөөрүн билесизби? Жоок билбейсиз! Көрдүңүзбү?... Туш! Тарабыңыз тең ушундай. Эмнеге бизге өтпөскө?
Динара акырын сүйлөп, өзүнүн башын тегеретип жаткан тигини карап, күлүп алды.
— Мени алардай сатып ала -албайсын. Шефиңе айтып кой, мен өлөм, макул, бирок бир күнү мендейи дагы чыгат.
Тиги башын ийкей макул дегендей үн каткан жок! Ортону бир аз үнсүздүк ээлей калды.
Бир гана колунун жаракаты кыйнап, шалдырай онтогон Динаранын үнү гана угулат.
— Мейли мен сизге бир суроо берем. Кыз кайда?
Тиги жигит эми күтүлбөгөн суроолорун жаадырды.
— Кыз өлгөн. Ал кызды мен башыма балее кылып эмне кылам? Өлгөн.
— Жооп туура эмес!
Тигинин күрөктөй муштуму түйүлө, Динараны өзөртө уруп калды.
Ичинин түйүлө түшкөнүнө, сыздап ооруганына карабай Динара эч нерсе айткысы келген жок!
— Мени канча кыйнашың мүмкүн бирок.... Эмне пайда? Мен билбеген нерсемди кайдан айта алам аа?
Динара адатынча кекээрлеп күлүп алды.
— Дагы, дагы жооп туура эмес.
Билесинби эмне? Менин убактым таң атканча бар! А сенде ичер сууң азайууда.
Динара кызга убакыт бөлүп, булардан алыстатуу үчүн, баарына чыдап отурду.
— Кел анда оюн ойнойбуз! Мен сага суроо берем, сен болсо жооп! Эгер туура эмес жооп болсо, мен сенин, денеңдин бир жерине, муну бир жолу матырам, экинчи жолу жообум туура эмес болсо, экинчи жолу, болобу жигиттер кандай дейсиңер?
Тигилер жанындагы шеригинин колундагы учтуу, миздүү бычакты, көрө койушуп, эмне дээрлерин билбей, көздөрү алая түшүштү.
— Сага эмне кереги бар ушунча азаптын? Тынч эле өлсөң не болот? Айт бизге кыз кайда? Бул тамашалап жаткан жери жок.
Жанындагы бирөөсү кантсе да араң жан отурган Динараны карай сүйлөп алды. Тигинин колундагы жалаңдаган курч канжар, андан бетер көзгө коркунучтуу көрүнүп турду.
— Сенден караганда менде намыс бар! Силердин күч аялга жаш наристеге жетет!
Динара адатынча кайра сөздү башкага бура, онтогон абалда сүйлөп алды.
— Жооп туура эмес!!!
Тигини жалаңдаган канжары эми, Динаранын бутуна сайылды.
Динаранын ачуу үнү токой ичин жаңыртты.
— Оозун баскыла!
Үнлү угаар замат тиги экөө жетип келе, оозун баса калышты. Бычактын ачуу оорусу жанын тешип бараткан Динара өзүн аздан жоготуп, бутунан аккан коюу канды тиктеп алды.
Тиги зөөкүр эч нерсе болбогон сымал, Динаранын бутуна сайылган канжарды сууруп ала, кыпкызыл канды Динаранын кийимине аарчый койду.
— Кыз кайда? Эмне азап ушунча кыйналып?
Акырын чыккан үнү менен дагы ошол суроосун кайталады.
Динара мунусунда бир азга үн каткан жок! Ары жактан өзүн карай келе жаткан караанды чала -була көзү көрө койгон.
Бир азга унчукпай турду да, кайра онтогон үн менен жооп берди.
— Менин үйүмдө! Борборго барып, менин үйүмдү карай сал! Кыз ошол жерде... Хи-хи-хи.
Динара каткырып ала, ушул сөздү айтып жиберди.
— Экөөбүз тозокто көрүшөбүз!
Ачуусу жаагына чыккан тиги адатынча канжарын кызга матырып алаар учурунда артынан келген,белгисиз караандын ыргыткан бычагы, тиги эки шеригин сулата койду. Шашкалактай артын карап алып, көргөн көзүнө ишене албай турду.
— Сен... Сен өлгөн эмес белең?
— Берген суроосуна өзү жооп таба албай,жанатан кыйын болуп жаткан тиги эми, элеңдей артка карай кетенчиктей берди. Шашпай басып келген жигит бет маңдай келе, көзүнө карады.
— Мен өлгөнмүн ооба! Бирок мен кайтып келдим. Оюңда сени, сенин шефиңди тирүм койот деп ойлодуң беле?
Артында кулач кылычын артына, белинде куралы, бутунун учуна чейин куралданган, кудум эле Авган согушунда жүргөндөй кара спорттук кийимин үстүнө кийген бет алдында Амантур турган.
— Жоок... Жок!
Тиги колунун келишинче, кармашууга өттү. Бирок болгон жок. Шамдагай, ары күчтүү Амантур тигини бат эле эстен тандыра, шайын оодарып койгон.
Качан чарчап калган учурда кана, колундагы канжарын түшүрө тепкен Амантур, каршылашынын колун карс эткире сындырып жиберди.
— Аааа....
Тигини үнү дал Динаранын өзүндөй ачуулуу чыкты.
—Токто! Мен бүгүн сенин жаныңды албайм! Барып кожоюнуңа, Рамиске атасына, прокуроруңа баарына, ушул жердеги болгон окуяны айтасын.Рамиске айт, атасы экөө эми мени издеп убара тартышпасын, мен өзүм барам алдыларына.
Мага, кызымды кордоп,өлтүргөн күзөтчүнүн атын айт!
Тиги жанынын оорусуна чыдабай,Амантур сураган,бүткүл нерсенин баарын айтып бере сайрап жатты.
— Акмак! Сени ким айтат эркек деп! Ушунча аялчалык болбодуң! Кетишиң мүмкүн мео айткандын баарын жеткир!
Тиги өзү жалгыз шашкалактай токой ичин аралап качып жөнөдү.
Динара баарын көрүп тура, ары жактан,өзү карай чуркап келе жаткан кызды карап алып өзүн жоготту. Амантур Динаранын бутун канын токтотууга аракет жасап, ичиндеги майкасын жыртып ала, бутуна таңып салып, так көтөрө кызды ээрчитип токой ичин аралай кайдадыр кетип бара жатты.
Уландысы бар....

Комментарии

Комментариев нет.