26 янв 2018

Ырдын чыры.

3-китеп
20-бөлүм
– Мен сага жардам берем. Бул кылганыңды унутам, бирок экинчи кайталаба. Ыр жаздырышыңа, клип тартышыңа, концерттерге катыштырууга жардам берет. Бирок тигил кишиңди ташта. Ал коркунучтуу адам экен, – деди.
Айдай Мураттан уккан сөзүн айтсамбы-айтпасамбы деп ыргылжың болду. Мындан эки күн мурун Мурат менен жолугушкан. Экөө ырахатка батышып, аздан ичимдиктен уурттап отурушуп, алагүү болуп калганга эркек ымандай сырын Айдайга ачкан.
– Диананын кандай кылыктары бар экенин билбейсиң да? Тиги ким эле, Чолпон беле, анын устатычы? – Айдайдан «ооба» деген жооп уккандан кийин сөзүн уланткан, – Ошону мен аркылуу сабаттырган.
Айдай чоочуп аны тиктеген. Чолпондун «мени белгисиз бирөөлөр сабап кетишти» деп чырылдап атканынан кабары бар болчу, ал турмак аны Дианадан көрүп атканын да уккан. «Бирдеме болсо эле Дианага төңкөрө берет турбайбы, кантип эле ошол сабатсын?» – деп өз убагында ишенген эмес. Эми Чолпондун бекер чырылдабаганын билип, оозу аңырдай ачылды.
– Саба десе эле сабай бердиңизби? – деген бул.
– Мага эмне, саба десе сабайм, өлтүр десе өлтүртөм. Иши кылса, же акчасын, же башкасын беришсе болду, – деп май курсагын бүлкүлдөтө ыкшыган. Ошондо, Айдай эркектен абдан жипкирген. Корккон дагы. “Мен ким менен мамиле куруп алгам?” деген суроону өзүнө берген, “кой, аман-эсенимде мындан кутулайын”.
Ал түндү жакшылап өткөргөндөн кийин эртеси үйүнө жеткирип келген Мурат менен машинеден түшөөрдө ичинен түбөлүк коштошту. Бул киши менен мамиле куруу кыйын болгондой эле, бир куруп алган соң алыстоо да ошончолук кыйын болоорун Айдай билбейт эле. Байоо ойунда “мен болду, башка жолукпайм десем, макул болот да” деп ойлогон. Бирок бул сапар эч нерсени айтпады. Анткени, ал дайыма коштошуп, машинеден түшөөрдө акча берчү. Акчасын алып алайын деди. Кийин телефондон эле күйөөм менен жараштым деп койом деп ойлоду.
Анан аны менен өзүнчө “мамилени токтоттум” деп чечим кабыл алгандан кийин, Чолпонго ачык айтып, кечирим сурап келген. Эми ошондогу Мураттан укканын айтаар-айтпасын билбей отурат.
– Сен бирдемени айта албай атасың? Айта бер, сенин айткандарыңды менден башка эч ким укпайт, – деди Чолпон.
– Эч кимге айтпаңыз. Дианага да, – деп барып Айдай кайра токтоп калды. Чолпондун ичи бышты:
– Менин калп айтканымды көрдүң беле? Көрбөгөнсүңбү? Демек, ишене бер, эч кимге айтпайм.
– Баягыда сизди бирөөлөр сабап кетишпеди беле? Ошолор табылганбы?
– Жок, – деп азаптуу күндөрдү эстей калган Чолпон шуу үшкүрүндү, – Эки жаш бала кармалды, бирок аларга ким заказ бергени ачыкталбаган бойдон калды. Ал эки бала өз алдынча эле бизди сабай бермек беле, бирөөдөн тапшырма алышкан да.
– Тиги… Мурат сабатыптыр, – деди Айдай шыбырап, – Диананын айтуусу бойунча…
Чолпондун өңү өзгөргөн жок.
– Мен билгем, – деди ойлуу, – Бул ишке Диананын катыштыгы бардыгын жүрөгүм сезген. Бирок анын атын атасам, жада калса укук коргоочулар да көңүл бурушпай койбодубу. Сыртынан назик, жароокер, алсыз болуп көрүнүп койсо эле, мунун колунан келбейт деп ишеништи окшойт.
Чолпон менен жолугушкандан кийин Айдай сотко арыз жазды. Азим экөөнүн никесин ажыратуу үчүн. А өзү башка батирге чыгып, той, концерттерге байма-бай катышып, чыгармачылыгынын үстүндө катуу иштеп баштады. А Мурат бир ирет телефон чалды эле, даярдап койгон сөзүн айтты. “Күйөөм менен жараштым” деди. Кудай жалгап, Мурат буга анчалык асылган жок. Чынын айтканда, башында нукура, таза аял көрүнүп, кызыгуусу артып атканы менен акыркы убакта чыдамы түгөнө баштаган. Ушундай да ишенчээк болобу, эй тооба деп, жасалмалуу, кыйтыр Диананы сагынып кетчү. Айдайдан тигиндей жооп уккандан кийин Дианага телефон чалды.
– Ай, курбуңду «пенсияга» чыгардым, эми сен мага жолугушуп турасың, «замена» тапкыча, – деп ыржалактады. Диана күйөөсү менен ажырашып, иши артка кетип, нерв болуп жүргөн учуру эле. Тамашаны көтөрө албай, бурк этти:
– «Заменаны» башка жактан издеңиз!
Мураттын өңү бир бозоруп, бир карарды.
– Эй, сен ким менен сүйлөшүп атканыңды билесиңби?!
– Билем. Аялдардын жанын койбой ээрчиген эркектердин жалабы менен сүйлөшүп атам!
Чынында, Диана коркууну да унутуп калгандай. Мураттын добушун укканда калтырап турчу тизелери кыймылдап да койбоду. Нерви кылдын учунда тургандыктан “болсоң беш, болбосоң он беш” деген принципти карманган өңдүү. Коркмок тургай, кайра ага Мураттын айкырып, коркутуп атканы балдай жагып атты.
– Өлөөрүңө көрүнүптүрсүң, жашоонун кызыгы кеттиби сага? – деди Мурат.
– Кетти. Баш кесерлериңизди жөнөтө бериңиз, – деди да Диана телефонду өчүрдү. Ошондо гана денесин коркуу каптады. “Мен эмне кылып койдум, – деп калтырап ойлонду, – Менин кандай мүнөзүм болбосун, чыдап көтөрө бергидей эркектин баары эле Кайрат эмес да. Бул оңбогур «Мячик» эми мени эмне кылаар экен?”
●●●
Мурат дароо баягы эки жигитти чакырды. Бул сапар Диананы айтты.
– Чала жан кылгыла. Өлтүрүп албагыла, бирок. Тирүү калып, өкүнүп ыйлагыдай болсун, – деди каардуу.
Жигиттер эки күндүн ичинде тапшырманы аткарышты. Биринчи күнү Диананын артынан аңдып, күнү бойу эмне кылаарын, үйүнө саат канчада кайтып келээрин билишип, эртеси аны үйүнө кайткан жеринен кармашты. Үй алдына машинесин токтотуп, кыңылдап ырдап бараткан келинди бак-дарактардын арасына көз ирмемде сүйрөп кетишти. Бакырайын деди эле оозун бирөөсү колу менен жаба койду. Чоң алакан оозун гана эмес, бетинин жарымын бекиткендиктен, дем жетпей тыбырчылаган Диана колун алсыз шилтегиледи. Бир заматта башына “өлүм” деген ой келди. Үйүндө апасынын келишин күтүп отурган уулун элестетти. “Ушинтип эле өлүп каламбы, мен абдан жашмын да”, – деди ички ойу. Ошол саамда негедир оорукананын керебетинде алсыз жаткан Чолпондун элеси көз алдына келди. “Эжеке, кечириңиз мени”, – деп ойлоп алды.
Бир кезде башына тийген катуу соккудан эсин жоготуп баратты. Акыркы уккан сөзү:
– Сага Мураттан салам! – деген болду. Анан караңгылыкка чөгүп кетти.
Итин сейилдөөгө алып чыккан орус киши бак-даракты аралап келаткан. Алдыда жортуп бараткан ити бир убакта кыңшылай, ордунан жылбай калды. «Рекс, Рекс», – деп кобуранып бараткан кишинин көзүнө дарактын түбүндөгү карарган нерсе урунду. Жакшылап байкаса, түпкүчтөй ийилип жаткан адам экен. Алкаштардын бири жатып алган турбайбы деп жолун улап баратканда гана анын аял киши экенин байкады. Дагы үңүлүп карап, кошунасы Диананы тааныды. Дароо телефонун алып чыгып, тезжардамга чалды. Өзү чуркап, Кайраттын үйүнүн коңгуроосун басты. Диананын кечиккенинен кабатыр алып отурган Кайрат учуп келди. Колу-буту жан жоктой шалактап жаткан Диананы колуна көтөрүп, өңгүрөп ыйлап жол тарапка көтөрүп баратканда алдынан тезжардам унаасынын жарыгы көрүндү…
Диана ички баш-сөөгүнөн сокку алган, мээси чайкалган дагы толтура диагноз менен ооруканада көп күн жатты. Ооруканага баргандан кийин эле эсине келген.
– Кайрат кайда? – деди көзүн ачаары менен.
Дарыгерлер коридордо турган Кайратты чакырышты.
– Алтыным, жаным, жүрөктү түшүрдүң го, – деп Кайрат эңилип, Диананын кубарган жүзүнөн өптү.
– Отурчу, – деди башы таңылган Диана энтигип, – Мени кечирип койчу.
Ошенткенде жаагынан ылдый көз жашы акты.
– Эмнеге кечирим сурайсың? Баары жакшы. Мен сени сүйөм, – деди Кайрат.
– Жөн эле “кечирдим” деп койчу. Билип- билбей кылган бардык жаман жоруктарым үчүн кечир. Сен мен үчүн абдан кымбат адамсың. Сен гана мен үчүн эң мыктысың, – деп Кайраттын колун эринине тийгизди.
– Кечирдим, кечирдим. Сен көп сүйлөбө, күч келет. Тынч гана жат. Баары жакшы. Мен жаныңдамын.
– Уулумчу? Апам уктубу мени?
– Уулубуз да жакшы. Апам карап атат, – ал кайненесин «апа» дечү, – Апама сенин абалыңды айтпадым, дагы жакшы бол, анан айтам. Жүрөгүн оорутпайын дедим.
Диана күйөөсүнүн билгилигине ыраазы боло көзүн жумду. Ал азыр абдан алсыз эле. Бир аз сүйлөгөнүнө чарчап, уйкуга жетеленди.
“Жамандыктын буту узун” демекчи, Диананын кабары Чолпонго тез эле жетти. Биринчи “сооп болуптур” деп табасы канганы менен, кайра боор толгоду.
Барчын бул окуяны кызы бир топ жакшы болуп, сүйлөп калганда гана укту. Ошондо да, жүрөгү лакылдап, ооруканага учуп жетти.
______________________________________________
Толук алам десең 100 бирдик 0777329784 соткага,
ватсаптан аласың
janyzak_ru
сайтына бар,
түрдүү китептерди табасың.. http://ok.ru/group/53825724153927

Ырдын чыры. - 866307781959

Комментарии