3-БОЛУМ. --Атайылап качпасан? Мени коргон жерден бурулуп кеткендеринди, кандай тушунсо болот? Копчулук элдердин арасына кирип кеткенинди унута элекмин. Билесин эл козундо жолуга албасымды. Мумкун азыр да бурулуп кетмексин. Ошого жакын келгенинче чыкпай турдум. --Сиз тушунсонуз. Менин оюма койсо сизди кое бергим келбейт. Сизди кантип мен башкага алмаштырам. Журогум ооруп. Жан дуйном жанчылып журот. Бирок сизге айта албайм. --Эмнеге? Журу качып кетебиз? Уйлонгондо,мумкун балалуу болгондо келербиз. Коркпо баары жакшы болот. --Акемди уят кылчуу мен эмесмин. Эмнени айтканынызды, ойлонуп суйлосонуз. Эгер акем ошону кааласа, акем учун мен баарына даярмын. --Ээй сулуу? Ойлонсон сен тандоого укугун бар. Барып айт да атана. Мен ал адамды тааныбайм. Куйоого да чыккым келбейт де. --Алардын мамилеси жакшы экен. Жакшы катышын бузгум келбейт. --Кыйкырып,кыйкырып алды да. Мен сенсиз жашай албайм. Сезесинби ошону. Сени бироого ыраа корбойм. Бироого карап туруп бергичекти, олуп калганым жакшы. Ошол куну сен куйоого тиерде асынып алам. Ал нерсеге сен гана куноолуу болосун. --Мени антип коркутпанызчы. Сизге да бироо тургандыр бактынызга. --Жоок, жоок. Мага сенден болок эч кимдин кереги жок. Эмне учун озундун жашоонду, бироонун колуна бересин. Келчи жалдырап суранам,качып кетеличи? эмнеге мага ишенбейсин? --Мен сизге ишенем. Кааласаныз жанымды да берууго даярмын. Бирок акемдин батасы берилбесе, сизге турмушка чыга албайм. Кызганычтан орттонуп, жакшы коргон адамын бироого карматып жиберерин эстегенде, куйбогон жери кул болуп жатты. Эмне кылаарын билбей ары-бери басып журду. --Макул. Мен олом. Сени козум коруп туруп бироого жар болушуна жол бербейм. Мен мындан ары сага жолобойм да жолукпайм ,бактылуу бол. --Жоок, антпениз. Сиз абдан жакшы адамсыз. Сиз татыктуу жашанызчы суранам? --Татыктуубу? Кантип? Кайдагы татыктуу жашоону айтасын? Озун ишенип жатасынбы ? Менин ушундай кыла алаарыма? Кандай айтышым керек мен сага? Мага баары бир. Бир гана сени бактылуу кылам деп озумо соз берген элем. Ырас мага тийгин келбесе. Тойунда сага олумумду белек кылам. Суйунуп сурдугуп алышынды суранам. Белек жаман болсо да белек да. Туурабы? Жинденген жаш жигит эмне деп жатканын да озу баамдабады. Болгону оюндагысын гана айтып алды. --Мен кетейин. Бобокторумду уктатышым керек. --Ата энем да жок болсо же сенчелик бир тууган да жок менде. Интернаттын баласынын колунан эмне келет деп тенсинбей жатасын го ээ? Мумкун сен дагы башка кыздар сыяктуу эле байлыгын башкасын карап жургондурсун? Мени татыктуу эмес мага деп чечкенсин го. Болбосо канчалык денгээлде мени жакшы корорунду мен билчим. Азыр жадагалса билмек турсун, ошол сезимин мага бар экенин коро албайтам. --Жакшы калыныз. Олгон менен эч нерсени ондой албайсыз. Сизге жакшылыктан болок эч нерсе каалабайм. Сиз татыктуу жашасаныз мен бактылуу. Кандай гана бактылуусуз катышым, мамилем бар эле деп сизге эч ким антип айтып,жан дуйнонузду кыйнабайт. Сизге кызыгам ушунчалык ишенээр тоонуз жок болсо да озунузго бекем ишенген кучтуу жигитсиз. --Ошол кучтун,ошондой татыктуу жашоонун мага кереги барбы. Баардык жерде озун аракет кылбасан сага эч ким жардам бере албайт. Атан менен ачык суйлош. Озу суйуп,суйлошуп уйлонгон деп уккам. Тушунот болуш керек. Эгер макул десен менин агам чабан ошолорго келгенде озум суйлошом. Бул апандын гана созу болуш керек деп билем. Ойлончу ал оз атан го сага тушунушу керек. Эмнеге жаш жанынды мынчалык садакага чабасын? Же бул жашоо сен учун маанилуу эмеспи?Сенин озундун жашоон, кантип ушунчалык конул кош карайсын ? Мен омурду, жашоону ,жарык кунду ушунчалык жакшы кором бирок сени менен гана элестете алам озумду. Сен жок, мен олгонго да даярмын. --Жоок антип мени кыйнабаныз. Омур бою сиз менен болгум келуучу бирок эмне кыла алам. Мен бул жерде алсызмын. --Сулуу кыздардын бактысы жок болот -дегенде ишенген эмесмин. Менин суйуктуум сулуу, аны мен бактылуу кыла алам деп ойлодум элем. Туура айтылган соз экен. Сулуусун бирок, бактысыз болорунду ойлогонумда санаам санга,оюм онго болунот. Сени аяйм кандай жашоодо ыйлап журорунду. Ошондой жашоодо,жаман акыбалда калганында мен сени коргой албасыма алдын ала кечир мени. Кечир. --Толук бир сааттай турдук сабактан чыкканым качан. Уйдо бобокторум ачка калышат. Макул мен барайын. --Бобокторумо деп журуп эч качан озунду ойлобойсун. Согушта тошун тоскон Чолпонбайдан да ашасын го,- деп айла жок кер какшыктап жылмайды. --Бул мени акыркы коргонун болсун. Сага эми жакын да жолобойм. Кош бол. --Жок, мен турмушка чыкканчакты жолугуп турунуз суранам. Мен такыр тугонуп калбайын. Билем сизге оор бирок ошентсе дагы коргон жерден эски достордой учураша журолу жок дегенде. --Ошондон мага женил болот деп ойлойсунбу? Деги кандай адамсын эч нерсени ойлонбогон? Болду сен мага жат кишисин. Унут баарын унут . Мени менен кете албаган сон, сен турмушка чыкканча жолугуп журо албайм сага. Кош. Шарт бурулуп басып кетти. Шалдырап буттары шилтенбей калса дагы басып эле, журо берди. Айылынын эн алыс деген коншу айылына да жетип калганын эми сезди.Озуно келип биринчи жолу ушундай абалга тушконун тушунду. Тоголок жетим экенине ызааланып коншу айылдын жайлоосунда,ай талаада, жападан жалгыз унулдап ыйлап жатты. Эмнеге силер жоксунар? Эмне учун мени жалгыз калтырып кеттинер? Мени кимге ишенип калтырдынар эле? Эмне учун бироолордо атасы да ,апасы да жадагалса чон эне ,чон аталары,бир туугандары да бар? Мынчалык турмуш таш боор,жалгыз ушул сулуу кызды суйдум деп суйундум элем. Бирок аны да буйрук кылбаптыр. Эгер силер тируу болгондо озулору макул болуп кызын мага беришмек. Бирок... андай эмес. Мен чарчадым алып кеткиле мени. Жашоону бир убакта суйгон болсом азыр жек коруп турам. Кондуруп Андижанга атамдын досунукуна алып кетем дегеним да онунан чыкпады. Демек,бул жашоого огой экенимди корсотушту. Болду мен да жакында силерге аттанам куткуло деп жан дуйносун жанчып жатты. Ата-энеси Фрунзеден келе жатышып ала шалбырт жаз айы болгондуктан кар кочку тушуп басып калган. Ата-энеси жакшы жерде иштеген кишилер эле. Айылдын бардар жашаган, колу- коншу сыйлаган, жакшы адамгерчиликтуу кишилер болуучу. Тилекке каршы омурлору кыска экен. Баласын жалгыз ,таш боор дуйного аргасыз калтырып кетишкен. Атасынын досу келип сегиз жашар баланы интернатка откоруп коюп кеткен эле. Ошондон бери интернатта чонойуп. Эки жыл болду ал жактан канат кагып чыкканына. Аз убакыттын ичинде уй салып аз да болсо уй жайлуу болуп калган. Атасынын досу Андижандан эки -уч айда бир келип жардам кылып журуучу. Ушуга да шугур айтып ичинен суйунуп калуучу. Чонойгон сайын элден башкача озгочо сулуу ,келишимдуу жигит болуп калган. Анча мынча кыздарга караганда океандын тубуно тушкондой конур жашыл коздору кара каш ,кирпиги да узун жана коюу эле.Кырдач мурду. Деле койчу бир коргон адам суктанып карап тура берчуудой эле. Гульнаранын да бул жигитти жакшы корушу жон жерден эмес эле. Бул айылга жаны кочуп келишкенде бир чейрек интернатта окуган. Мектептин алыстыгына байланыштуу. Ошол бир чейрек ичинде экоо жакшы досторго айланышкан. Интернаттын кыздарынын копторунун ата энеси жок жетим кыздар. А Гульнарага эки кундо бир келип атасы кабар алып турат. Ошого кыздар коп жактырбай дайыма жээрип, эч болбосо туртуп отушчу. Эч кимиси менен да достошо алган эмес. Бир гана озунон эки класска жогору окуган Жолобай(Жоки) айланчыктап достошуп журуучу. Атым Гульнара десе деле болбостон ээй сулуу деп чакырып туруп алуучу. Ошого да " ээй сулуу" болуп калган кошумча аты. Ага да конуп калган. Жетинчи классында интернатка келген болсо, дос тааныш катары уч-торт жыл бирге суйлошуп ,достошуп акыры кыз- жигит болуп журо башташканына эки жылдын жузу болуп калды эле. Уй жай куруп,мал кураганынын да арты ошол эле. Канча деген таттуу кыялдары, бычыраган айнектей куубулуп тушкондой болду. Ушул уйго Гульнараны апкелем, чогуу жашап чогуу олобуз деген тилегин ит каап, эми минтип кайрадан жападан жалгыз калган турат. Мен мындай жашоодон тажадым.Таарынычы тагдырга мол болуп , эмне кылаарын билбей боштондуктун тубуно тушкон сыяктуу ,жалдырап ай талаада козунун жашын кол кылып бок тушуп, чарчадым ...чарчадым... чарчадым...-деп шыбыраап алсыз жата берди. Автор: Бахнура Б.Б. Уландысы кийинки чыгарылышта. Кийинки чыгарылышы эртен саат 19:30да
АйЫмДаРгА МиҢ КеҢеШ KG
"ОКШОШ ТАГДЫР"
3-БОЛУМ.
--Атайылап качпасан? Мени коргон жерден бурулуп кеткендеринди, кандай тушунсо болот? Копчулук элдердин арасына кирип кеткенинди унута элекмин. Билесин эл козундо жолуга албасымды. Мумкун азыр да бурулуп кетмексин. Ошого жакын келгенинче чыкпай турдум.
--Сиз тушунсонуз. Менин оюма койсо сизди кое бергим келбейт. Сизди кантип мен башкага алмаштырам. Журогум ооруп. Жан дуйном жанчылып журот. Бирок сизге айта албайм.
--Эмнеге? Журу качып кетебиз? Уйлонгондо,мумкун балалуу болгондо келербиз. Коркпо баары жакшы болот.
--Акемди уят кылчуу мен эмесмин. Эмнени айтканынызды, ойлонуп суйлосонуз. Эгер акем ошону кааласа, акем учун мен баарына даярмын.
--Ээй сулуу? Ойлонсон сен тандоого укугун бар. Барып айт да атана. Мен ал адамды тааныбайм. Куйоого да чыккым келбейт де.
--Алардын мамилеси жакшы экен. Жакшы катышын бузгум келбейт.
--Кыйкырып,кыйкырып алды да. Мен сенсиз жашай албайм. Сезесинби ошону. Сени бироого ыраа корбойм. Бироого карап туруп бергичекти, олуп калганым жакшы. Ошол куну сен куйоого тиерде асынып алам. Ал нерсеге сен гана куноолуу болосун.
--Мени антип коркутпанызчы. Сизге да бироо тургандыр бактынызга.
--Жоок, жоок. Мага сенден болок эч кимдин кереги жок. Эмне учун озундун жашоонду, бироонун колуна бересин. Келчи жалдырап суранам,качып кетеличи? эмнеге мага ишенбейсин?
--Мен сизге ишенем. Кааласаныз жанымды да берууго даярмын. Бирок акемдин батасы берилбесе, сизге турмушка чыга албайм. Кызганычтан орттонуп, жакшы коргон адамын бироого карматып жиберерин эстегенде, куйбогон жери кул болуп жатты. Эмне кылаарын билбей ары-бери басып журду.
--Макул. Мен олом. Сени козум коруп туруп бироого жар болушуна жол бербейм. Мен мындан ары сага жолобойм да жолукпайм ,бактылуу бол.
--Жоок, антпениз. Сиз абдан жакшы адамсыз. Сиз татыктуу жашанызчы суранам?
--Татыктуубу? Кантип? Кайдагы татыктуу жашоону айтасын? Озун ишенип жатасынбы ? Менин ушундай кыла алаарыма? Кандай айтышым керек мен сага? Мага баары бир. Бир гана сени бактылуу кылам деп озумо соз берген элем. Ырас мага тийгин келбесе. Тойунда сага олумумду белек кылам. Суйунуп сурдугуп алышынды суранам. Белек жаман болсо да белек да. Туурабы? Жинденген жаш жигит эмне деп жатканын да озу баамдабады. Болгону оюндагысын гана айтып алды.
--Мен кетейин. Бобокторумду уктатышым керек.
--Ата энем да жок болсо же сенчелик бир тууган да жок менде. Интернаттын баласынын колунан эмне келет деп тенсинбей жатасын го ээ? Мумкун сен дагы башка кыздар сыяктуу эле байлыгын башкасын карап жургондурсун? Мени татыктуу эмес мага деп чечкенсин го. Болбосо канчалык денгээлде мени жакшы корорунду мен билчим. Азыр жадагалса билмек турсун, ошол сезимин мага бар экенин коро албайтам.
--Жакшы калыныз. Олгон менен эч нерсени ондой албайсыз. Сизге жакшылыктан болок эч нерсе каалабайм. Сиз татыктуу жашасаныз мен бактылуу. Кандай гана бактылуусуз катышым, мамилем бар эле деп сизге эч ким антип айтып,жан дуйнонузду кыйнабайт. Сизге кызыгам ушунчалык ишенээр тоонуз жок болсо да озунузго бекем ишенген кучтуу жигитсиз.
--Ошол кучтун,ошондой татыктуу жашоонун мага кереги барбы. Баардык жерде озун аракет кылбасан сага эч ким жардам бере албайт. Атан менен ачык суйлош. Озу суйуп,суйлошуп уйлонгон деп уккам. Тушунот болуш керек. Эгер макул десен менин агам чабан ошолорго келгенде озум суйлошом. Бул апандын гана созу болуш керек деп билем. Ойлончу ал оз атан го сага тушунушу керек. Эмнеге жаш жанынды мынчалык садакага чабасын? Же бул жашоо сен учун маанилуу эмеспи?Сенин озундун жашоон, кантип ушунчалык конул кош карайсын ? Мен омурду, жашоону ,жарык кунду ушунчалык жакшы кором бирок сени менен гана элестете алам озумду. Сен жок, мен олгонго да даярмын.
--Жоок антип мени кыйнабаныз. Омур бою сиз менен болгум келуучу бирок эмне кыла алам. Мен бул жерде алсызмын.
--Сулуу кыздардын бактысы жок болот -дегенде ишенген эмесмин. Менин суйуктуум сулуу, аны мен бактылуу кыла алам деп ойлодум элем. Туура айтылган соз экен. Сулуусун бирок, бактысыз болорунду ойлогонумда санаам санга,оюм онго болунот. Сени аяйм кандай жашоодо ыйлап журорунду. Ошондой жашоодо,жаман акыбалда калганында мен сени коргой албасыма алдын ала кечир мени. Кечир.
--Толук бир сааттай турдук сабактан чыкканым качан. Уйдо бобокторум ачка калышат. Макул мен барайын.
--Бобокторумо деп журуп эч качан озунду ойлобойсун. Согушта тошун тоскон Чолпонбайдан да ашасын го,- деп айла жок кер какшыктап жылмайды.
--Бул мени акыркы коргонун болсун. Сага эми жакын да жолобойм. Кош бол.
--Жок, мен турмушка чыкканчакты жолугуп турунуз суранам. Мен такыр тугонуп калбайын. Билем сизге оор бирок ошентсе дагы коргон жерден эски достордой учураша журолу жок дегенде.
--Ошондон мага женил болот деп ойлойсунбу? Деги кандай адамсын эч нерсени ойлонбогон? Болду сен мага жат кишисин. Унут баарын унут . Мени менен кете албаган сон, сен турмушка чыкканча жолугуп журо албайм сага. Кош. Шарт бурулуп басып кетти. Шалдырап буттары шилтенбей калса дагы басып эле, журо берди.
Айылынын эн алыс деген коншу айылына да жетип калганын эми сезди.Озуно келип биринчи жолу ушундай абалга тушконун тушунду. Тоголок жетим экенине ызааланып коншу айылдын жайлоосунда,ай талаада, жападан жалгыз унулдап ыйлап жатты. Эмнеге силер жоксунар? Эмне учун мени жалгыз калтырып кеттинер? Мени кимге ишенип калтырдынар эле? Эмне учун бироолордо атасы да ,апасы да жадагалса чон эне ,чон аталары,бир туугандары да бар?
Мынчалык турмуш таш боор,жалгыз ушул сулуу кызды суйдум деп суйундум элем. Бирок аны да буйрук кылбаптыр. Эгер силер тируу болгондо озулору макул болуп кызын мага беришмек. Бирок... андай эмес. Мен чарчадым алып кеткиле мени. Жашоону бир убакта суйгон болсом азыр жек коруп турам. Кондуруп Андижанга атамдын досунукуна алып кетем дегеним да онунан чыкпады.
Демек,бул жашоого огой экенимди корсотушту. Болду мен да жакында силерге аттанам куткуло деп жан дуйносун жанчып жатты. Ата-энеси Фрунзеден келе жатышып ала шалбырт жаз айы болгондуктан кар кочку тушуп басып калган. Ата-энеси жакшы жерде иштеген кишилер эле. Айылдын бардар жашаган, колу- коншу сыйлаган, жакшы адамгерчиликтуу кишилер болуучу. Тилекке каршы омурлору кыска экен. Баласын жалгыз ,таш боор дуйного аргасыз калтырып кетишкен. Атасынын досу келип сегиз жашар баланы интернатка откоруп коюп кеткен эле. Ошондон бери интернатта чонойуп.
Эки жыл болду ал жактан канат кагып чыкканына.
Аз убакыттын ичинде уй салып аз да болсо уй жайлуу болуп калган. Атасынын досу Андижандан эки -уч айда бир келип жардам кылып журуучу. Ушуга да шугур айтып ичинен суйунуп калуучу. Чонойгон сайын элден башкача озгочо сулуу ,келишимдуу жигит болуп калган.
Анча мынча кыздарга караганда океандын тубуно тушкондой конур жашыл коздору кара каш ,кирпиги да узун жана коюу эле.Кырдач мурду. Деле койчу бир коргон адам суктанып карап тура берчуудой эле.
Гульнаранын да бул жигитти жакшы корушу жон жерден эмес эле. Бул айылга жаны кочуп келишкенде бир чейрек интернатта окуган. Мектептин алыстыгына байланыштуу. Ошол бир чейрек ичинде экоо жакшы досторго айланышкан. Интернаттын кыздарынын копторунун ата энеси жок жетим кыздар.
А Гульнарага эки кундо бир келип атасы кабар алып турат. Ошого кыздар коп жактырбай дайыма жээрип, эч болбосо туртуп отушчу. Эч кимиси менен да достошо алган эмес. Бир гана озунон эки класска жогору окуган Жолобай(Жоки) айланчыктап достошуп журуучу.
Атым Гульнара десе деле болбостон ээй сулуу деп чакырып туруп алуучу. Ошого да " ээй сулуу" болуп калган кошумча аты. Ага да конуп калган. Жетинчи классында интернатка келген болсо, дос тааныш катары уч-торт жыл бирге суйлошуп ,достошуп акыры кыз- жигит болуп журо башташканына эки жылдын жузу болуп калды эле.
Уй жай куруп,мал кураганынын да арты ошол эле. Канча деген таттуу кыялдары, бычыраган айнектей куубулуп тушкондой болду. Ушул уйго Гульнараны апкелем, чогуу жашап чогуу олобуз деген тилегин ит каап, эми минтип кайрадан жападан жалгыз калган турат.
Мен мындай жашоодон тажадым.Таарынычы тагдырга мол болуп , эмне кылаарын билбей боштондуктун тубуно тушкон сыяктуу ,жалдырап ай талаада козунун жашын кол кылып бок тушуп, чарчадым ...чарчадым... чарчадым...-деп шыбыраап алсыз жата берди.
Автор: Бахнура Б.Б.
Уландысы кийинки чыгарылышта.
Кийинки чыгарылышы эртен саат 19:30да