Комментарии
- 3 сен 2018 06:20Жыты бар соонун арыктын бойунда осот жаны чыкан мезгилде фиолетывый болот оскондон кийин жашыл болот
- 3 сен 2018 09:49Сонун кенеш рахмат жалбызды кунумдук тамака колдонуп келем ар дайм пайдасы жакшы экен.
- Комментарий удалён.
- 6 сен 2018 02:52Саламатсызбы? Ат кулактын суротун жиберинизчи. Ас кандуулука кантип пайдаланыш керек?
Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
АйЫмДаРгА МиҢ КеҢеШ KG
ЖАЛБЫЗ ЖҮРӨК ООРУСУН АЙЫКТЫРСА, АТ КУЛАК КАНДЫ КӨБӨЙТӨТ
Жалбыз Медицинада
Жалбыздын (мята) курамында пайдалуу заттар көп болгондуктан бронхит, стенокардия, невралгия, отит жана башка ооруларда колдонулуучу каражаттарга кошулат. Жалбырагы менен тамырынан эфир майы жана ментол алынып, алар медицинада, парфюмерияда, кондитердик азыктарды жасоодо колдонулат.
Элдик медицинада
ЖҮРӨК ЖАНА БӨЙРӨК ООРУЛАРЫ ҮЧҮН ДАРЫ
Жалбызды терип кургатып, майдалап, андан 2 аш кашык алып, үстүнө 0,5 килограмм бал кошуп аралаштыруу кажет. Күнүгө 1 чай кашыктан 3 маал жесе, жүрөк жана бөйрөк ооруларына даба болот. Дарылануу курсу 2 ай.
Тиш ооруганда жана бронхитте кайнатып ичсе, тиш ооруну жана жөтөлдү басаӊдатат.
Ашканада
ЖАЛБЫЗДАН КЫЯМ
Керектелүүчү азыктар:
Жалбыз – 250 грамм
Кумшекер – 1 килограмм
Лимон – 2 даана
Суу – 0,6 литр
Даярдоо ыкмасы:
Жалбыздын жалбырагын жууп, туурайбыз. Лимонду сырты менен майдалап кесебиз. Эми буларды сыр идишке салып, сууну куюп 10 мүнөт жай отто кайнатабыз. Анан 7-8 саат тыныктырып, сүзүп, суусуна кумшекер кошуп 10 мүнөттөй кайнатсак кыям даяр.
Эскертүү: Жалбызды варикоз, төмөнкү кан басым, зарна, бел кубаттын алсыздыгы менен жапа чеккендерге колдонууга болбойт!
АТ КУЛАК
Медицинада
Ат кулактын (конский щавель) курамында хризофан жана аскорбин кычкылдары, K витамини, темир болгондуктан ашказан жана ичеги, өт, геморрой, жүрөк ооруларын дарылоочу каражаттардын курамына кошулат. Кан токтотуучу, табитти ачуучу жана гемоглобинди көбөйтүүчү касиетке ээ.
Элдик медицинада
ӨПКӨ ЖАНА БРОНХИТ ООРУЛАРЫ ҮЧҮН ДАРЫ
Кургатылган ат кулакты майдалап, андан 2 аш кашык алып, үстүнө 300 грамм сары май салуу кажет. Күнүнө 1 чай кашыктан 3 жолудан ичилет. Дарылануу курсу 1 ай.
#2