Комментарии
- 23 мар 2019 18:16Сиз кандай орууга колдондунуз эле жана кантип ?
- 24 мар 2019 00:22Менинда аш казаным ооруйт салатка ошол бойдон эле туурап колдондунбу
- 24 мар 2019 13:27Оа жууп эле памидор бадырынга кошуп туурап кок чоптун ордуна колдоно бер
- Комментарий удалён.
- 27 мар 2019 19:21Пельмен жасап жесе да болот ото сонун болот жумшак болуп бышат ички органдарга да жакшы
Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
АйЫмДаРгА МиҢ КеҢеШ KG
ДАРТКА ДАБАА БАКА ЖАЛБЫРАК
Кадимки биз көрүп жүргөн бака жалбырактын көп кырдуу дарылык касиети бар.Ал суук тийгенге каршы жана жараны эрте айыктыруучу касиетке ээ. Кадимки өпкө оорусунун айыгышына да чоң жардам берет. Бака жалбырактын суудагы демделмеси жана кайнатмасы дем алуу органдары ооруган учурда (өзгөчө бронхитте жана кургак учукта) какырыкты жумшартып чыгарып, дем алууну жеңилдетет. Ичеги-карын катуу сезгенгенде, гастритке колдонсо оң натыйжасын берет. Андан сырткары согончоктун чоруна, кесилип кеткен жараатына бака жалбыракты тартса айыгуусуна көмөктөшөт.Бул дарылык касиети бар чөптү жазы жалбырактуу чоң жалбырактарынан гүлдөй элек кезинде кесип алып салкын, күн тийбеген жерде кургатып алса болот.
Колдонуу ыкмасы:
Кургатылып, майдаланылган бака жалбырактан 1 аш кашык алып, аны 1 стакан кайнак сууга 15 мүнөт демдеп, күнүгө тамак ичээр алдында 3 аш кашыктан ичүү керек.
#21