Дене тарбия көнүгүүлөрү көп илдеттен айыктырат....

Адам баласында кездешкен ар кандай оорулардын алдын алуу жана дарылоо максатында пайдаланылган медициналык калыбына келтирүү (реабилитация) ыкмалардын бири
айыктыруучу дене тарбия көнүгүүлөрү болуп эсептелет. Аны туура пайдалануу тез айыгууга, эмгекке жөндөмдүүлүктү калыбына келтирүүгө түрткү берет. Адамдын күнүмдүк турмушунда булчуңдардын дайыма талбай иштеп турушу анын өмүр сүрүшүнүн мыйзам ченемдүү көрүнүшү. Кыймыл-аракетти ден- соолукту чыңдоо жана оорудан дарылоо максатында колдонуу адамзаттын тарыхында кеңири орун алган. Байыркы Греция врачтары Гиппократ, Асклепиад, Байыркы Рим врачы Гален жана башка физкультура көнүгүүлөрүн дарылоодогу негизги компонент деп эсептешкен. Бул максатта дем алуу көнүгүүлөрү, массаж жана башка дене тарбиялык көнүгүүлөр колдонулуп келген. Өзгөчө дем алуу органдарынын, кан айлануу процессинин бузулушунда, омуртка тутумунун кыйшаюусунда, кол, бут сынганда же чыгып кеткенде пайдаланылган.Дене тарбия көнүгүүлөрү көп илдеттен айыктырат
Азыркы мезгилде айыктыруучу дене тарбия көнүгүүлөрү ооруканаларда, санаторийлерде, профилакторийлерде, поликлиникаларда комплекстүү дарылоонун бир ыкмасы катары пайдаланылат. Дарылоо максатында көнүгүүлөрдү дозалап аткаруу (машыгуу) айыктыруучу дене- тарбия көнүгүүсүнүн мүнөздүү өзгөчөлүгү болуп саналат.Пассивдүү көнүгүүлөрдү оорулуу өз алдынча же методисттин, инструктордун жардамы менен аткарат. Активдүү көнүгүүлөрдү оорулуу өзү жасайт. Атайын машыгуулар үчүн көнүгүүлөрдүн бул же тигил тобу тандалып алынат, мисалы, курсак булчуңдарын чыңдоо үчүн тик туруп, отуруп жана жатып жасоочу көнүгүүлөр аткарылат. Мында атайын тандалып алынган жана методикалык жактан иштелип чыккан көнүгүүлөрдүн комплекси колдонулат. Врач көнүгүүлөрдү сунуш кылууда оорунун мүнөзүн, өзгөчөлүгүн, органдардын жана системалардын өзгөрүү даражасын, оорунун стадиясын, ошондой эле аны менен бир мезгилде жүргүзүлүүчү дарылоону эске алат.Дене тарбия көнүгүүлөрү көп илдеттен айыктырат
Дене тарбия көнүгүүлөрү нерв системасынын бузулган функцияларын калыбына келтирип, сергитүүчү таасир берет; дарылоонун башка каражаттарынын таасирин күчөтөт, оорудан айыгуу тездейт. Айыктыруучу дене- тарбия көнүгүүсү менен машыгуунун тарбиялык мааниси да бар; оорулуу системалуу түрдө дене көнүгүүлөрүн жасоого көнүп, бул анын күнүмдүк адатына айланып, турмуштук керектөөсүнө өтөт. Ал дарылоонун башка каражаттары сыяктуу эле врачтын көрсөтмөсү жана көзөмөлү менен жүргүзүлөт. Кээде оорулуу адамдардын физкультура менен өзүн өзү дарылоого аракеттенүүсү (мисалы, чуркоо) туура эмес. Дарылоо гимнастикасы атайын методика менен ар кандай ооруга карата жеке, 2-3 оорулууга жана оорулуулардын тобуна берилет. Оорулууга үй шартында өзүнчө машыгууларды берүүдө өзүн контролдоо боюнча атайын сунуштар берилет.Дене тарбия көнүгүүлөрү көп илдеттен айыктырат
Ага кошумча механотерапия, эмгек менен дарылоо, массаж, организмди чыңдоо жүргүзүлөт. Узак убакыт төшөккө жатып, алсызданып калган оорулууга айыктыруучу дене- тарбия көнүгүүсүн колдонуу максатка ылайык. Мында, травмаларда жабыркаган кол-буттун функциясын калыбына келтирүүдө, жарааттардын айыгышын тездетүүдө, сөөк-булчуң аппаратынын жана муундардын ооруларын дарылоодо кеңири колдонулат. Хирургиялык практикада айыктыруучу дене тарбия көнүгүүсү операциядан кийинки кабылдоолордун алдын алууга жана операциялык жарааттын айыгышын тездетүүгө жардам берет. Ички ооруларды дарылоодо олуттуу мааниге ээ, айрыкча жүрөк-кан тамыр системасынын (жүрөктүн ишемия оорусу, миокарддын инфаркты), дем алуу органдарынын ооруларында (катуу кармаган жана өнөкөт пневмония, өпкө эмфиземасы, бронх астмасы жана башка) колдонулат. Ошондой эле зат алмашуу бузулуудан болгон ооруларда (семирүү, подагра, кант диабети жана башка) да пайдаланылат.Дене тарбия көнүгүүлөрү көп илдеттен айыктырат
Дене тарбия көнүгүү менен айыктыруу- аялдардын кош бойлуу мезгилинде, төрөгөндөн кийин жана өнөкөт гинекологиялык ооруларды дарылоодо негизги элемент. Ичеги-карын ооруларын дарылоодо бул ыкманы колдонуу боюнча көп тажрыйбалар топтолгон. Азыркы илимий- техникалык прогресстин убагында, күч эмгеги автомат, машиналар менен алмашып, кыймыл активдүүлүгү азайып, нерв системасына күч келип жаткан мезгилде бул өзгөчө мааниге ээ. Кыймылдын аздыгы эртең мененки гимнастика, физкультура, спорттун ар кандай түрлөрү менен машыгууну талап кылат. Оорулуунун күн тартибине түрдүү кыймылдарды (сейилдөө, атайын гимнастика жана башка) киргизүү кыймылдын жетишсиздигинен болуучу оор кесепеттерден сактайт жана организмдин жалпы абалын жакшыртат.
#25

Комментарии

  • Комментарий удалён.
  • Комментарий удалён.
  • 25 апр 2019 22:37
  • 26 апр 2019 00:19
  • 2 мая 2019 20:52
    Урматуу эжелер синдилер сиздерди онлайн жумушка чакырам Фаберлик компаниясына уйдо олтурасызбы? Жумуш издеп журосузбу?кошумча жумушта иштегиниз келеби?Уйдо балдар мн иштейбей  отурасызбы?Анда сиз уйдо олтуруп.телефон до интернет мн иштеп олтуруп 20-30мин зарплата алып Саякатка чыксаныз болот.Дагы да кенири маалымат 0702948077 алгыныз келеби?ВАТСАП 0703451302 кайрылсаныз болот.