1⃣7⃣ *Аль - Ваххааб*

☘ *"Кулдарына кайтарымсыз белектерди берген".*
☘ Фабрикаларда, заводдордо миңдеген жумушчулар иштейт. Аларга завод, фабрика кожоюндары ар айда айлык төлөйт. Бирок иштебегендерге бир тыйын да төлөбөйт. Адамдардын түшүнүгү ушундай. Акы иштеген адамга гана төлөнөт. Эч кимге жөндөн-жөн акча берилбейт. Акча берген адам сөзсүз анын кайрымын күтөт.
☘ Аллах болсо кайтарымсыз берет. Эч кандай пайда күтпөстөн, кайра-кайра берет.
☘ Анткени, Аллахтын аттарынын бирөөсү- *Ваххааб*.
Аль-Ваххааб *"Кайтарымын күтпөстөн белектерди берген, бергенде да мол берген"* деген маанини түшүндүрөт.
☘ Сен көздөрүңдү акчага сатып алган эмессиң. Аллах аларды сага бекер эле берген. Анткени, Аллах - ВАХХААБ.
☘ Сен буту-колдоруңду да акчага сатып алган жоксуң. Ансыз деле алар акчага келе турган нерселер эмес. Аларды бир гана Аллах бере алат.
☘ Көк асманда булуттар учуп жүрөт жана Аллах Ваххааб сыпаты менен бизге ошол булуттар аркылуу жамгыр берет.
☘ Аарыларды бал жасаткан Аллах- Ваххааб.
☘ Уйлардан сүт чыгарган Аллах-Ваххааб.
☘ Бактардын бутактарына гүл ачырган, гүлдөрдөн мөмө-жемиш чыгарган Аллах-Ваххааб.
☘ Булардын бирөөсүн да биз сатып ала алмак эмеспиз. Жер жүзүндөгү баардык адамдар, болгон акчасын чогултуп да, бир даана алма жасай алмак эмес.
☘ Бирок Аллах ал алманы бизге Ваххааб сыпаты менен миллиондоп берет.
☘ Аллах- Ваххааб. Ал бизге акысыз белектерди берет. Ар дайым жана ченемсиз берет.
☘ Эс-акыл берет, жүрөк берет, эне берет, ата берет, ыйман берет, кубаныч берет, бакыт берет, тууган берет, дос берет, үй-бүлө берет...
☘ Булардын баарын биз өзүбүз ала албайт элек. Ваххааб Аллахка көптөгөн шүгүрлөр болсун!!!
*Аллахтын 9⃣9⃣ ысым сыпаттары* 📚 китебинен
Башкалар менен бөлүшүп коюну унутпаңыздар. 🎀
*Катталыңыздар* 💐
_Инстаграмда :_ https://www.instagram.com/mir_musulmanok_kg/ _Одноклассникте:_ http://ok.ru/group/52101123014803 *🏡 Мир Мусульманок*

Комментарии

Комментариев нет.