ПИЦЦАЛАР УЙ ШАРТЫНДА

Классикалык пицца
Кандай азыктар керек?
Ун: 1 кг
Жылуу суу: 600 мл
Дрожж: 25 г
Зайтун майы: 3-4 чоң кашык
Помидор: 900 г
Моцарелла сыры: 350-400 г
Туз
Райкан чөп
Кантип жасалат?
Алгач пиццанын камырын жасайсыз. Ал үчүн эленген унга тузду, дрожжду, зайтун майын кошуп, жылуу суудан аз-аздан куюп камыр жууруйсуз. Камыр жумшак, чоюлчаак болууга тийиш.
Даяр болгон камырдын үстүн жаап 2-3 саат тыныктырып коёсуз.
Камыр ачыганда бир жууруп туруп дагы 1 саат тыныктырасыз.
Эми камырды бөлүктөргө бөлүп алып орточо калыңдыкта жаясыз да, зайтун майы менен майланган калыпка саласыз. Камырдын бетине өтө майда болуп тууралган помидорду тегиз кылып саласыз (чекелеринен 2 см боштук калтырып коёсуз).
Помидорго туздан себелеп, зайтун майынан бир аз куясыз жана райкан чөптүн бир нече жалбырагын коёсуз.
Даярдалган пиццаны катуу кызыган (240-260 °С) духовкага салып 15-20 мүнөт бышырасыз.
Бышарына 5 мүнөт калганда пиццаны духовкадан алып чыгып, майда тууралган сырды тегиз кылып себелейсиз да, кайрадан духовкага саласыз.
Сыр жарым суюк абалга жеткенде пицца даяр болот.

ПИЦЦАЛАР УЙ ШАРТЫНДА - 850898226273
Жабык пицца

Кандай азыктар керек?

Камыр: 1 кг

Помидор: 3 даана

Сарымсак: 6 тишче

Райкан чөптүн майдаланган жалбырагы: 3 чоң кашык

Шекер: жарым чай кашык

Туз: жарым чай кашык

Зайтун майы: 4 чоң кашык

Шампиньон козу карыны: 500 г

Моцарелла сыры: 250 г

Каймакмай: 1 кесим

Кантип жасалат?

Помидорду блендерде майдалап, сузгучтан өткөрүп аласыз.

Сарымсактын жарымын майда чарчы кылып туурап аласыз.

Зайтун майын кызытып, майдаланган сарымсакты салып саргыч түскө келтире кууруйсуз.

Сарымсактын үстүнө эзилген помидорду, майда тууралган райканды, туз, шекер кошуп жай отто 30-40 мүнөт кайнатасыз.

Идиштин капкагын жабуу сунушталбайт.

Соус даяр болгончо козу карынды майда туурайсыз.

Калган сарымсакты да майдалап туурайсыз.

Кызып турган зайтун майына алгач козу карынды, бир аздан соң сарымсакты салып кошуп кууруйсуз.

Андан кийин каймакмайды салып аралаштырып, анын артынан эле помидор соусун куясыз.

Бул аралашма жай отто 10 мүнөт кайноого тийиш.

Эми камырды төрт бөлүккө бөлүп алып ар бирин тегерете жаясыз да, жайылган камырдын бир капталына аралашмадан саласыз. Чекелеринен 2 см боштук калсын.

Үстүнө тууралган моцарелланы саласыз.

Эми муну камырдын экинчи капталы менен жаап, чекелерин жакшылап жармаштырып бекитесиз.

Пергамент кагазы салынган калыпка пиццаны салып, бетин зайтун майы менен майлайсыз.

200 градус температурада кызып турган духовкага салып 15 мүнөт бышырасыз.
ПИЦЦАЛАР УЙ ШАРТЫНДА - 850898231137
Майда пиццалар

Кандай азыктар керек?

Камыр: 1 кг

Сыр: 300 г

Корей сабизи: 150 г

Майонез: 3 чоң кашык

Томат: 1 чоң кашык

Маринаддалган козу карын: 150 г

Болгар калемпири: 3 даана

Пияз: жарым баш

Зайтун: 150 г

Кантип жасалат?

Камырды чоң тегерек кылып жаясыз.

Атайын калыптын же чоң чынынын жардамы менен диаметри 7-10 см тегерекчелерди кесип аласыз.

Ал тегерекчелерди духовканын майланган калыбына тизип саласыз.

Майонезди томат менен жакшылап аралаштырып, бул аралашманы камырлардын бетине сүртөсүз.

Эми ар бир камырдын бетине корей сабизинен аз-аздан коюп чыгасыз.

Анын үстүнө маринаддалган козу карын менен зайтундан бирден коёсуз.

Болгар калемпиринен да бир кесимден коёсуз.

Акыркы этап – майда тууралган пияз менен кыргычтан өткөрүлгөн

сыр.

Майда пиццаларды 200 градуста кызытылган духовкада 10 мүнөт бышырасыз.
ПИЦЦАЛАР УЙ ШАРТЫНДА - 850898236769

Комментарии

  • 19 янв 2017 17:41
    ПИЦЦАЛАР УЙ ШАРТЫНДА

    Классикалык пицца

    Кандай азыктар керек?

    Ун: 1 кг

    Жылуу суу: 600 мл

    Дрожж: 25 г

    Зайтун майы: 3-4 чоң кашык

    Помидор: 900 г

    Моцарелла сыры: 350-400 г

    Туз

    Райкан чөп

    Кантип жасалат?

    Алгач пиццанын камырын жасайсыз. Ал үчүн эленген унга тузду, дрожжду, зайтун майын кошуп, жылуу суудан аз-аздан куюп камыр жууруйсуз. Камыр жумшак, чоюлчаак болууга тийиш.

    Даяр болгон камырдын үстүн жаап 2-3 саат тыныктырып коёсуз.

    Камыр ачыганда бир жууруп туруп дагы 1 саат тыныктырасыз.

    Эми камырды бөлүктөргө бөлүп алып орточо калыңдыкта жаясыз да, зайтун майы менен майланган калыпка саласыз. Камырдын бетине өтө майда болуп тууралган помидорду тегиз кылып саласыз (чекелеринен 2 см боштук калтырып коёсуз).

    Помидорго туздан себелеп, зайтун майынан бир аз куясыз жана райкан чөптүн бир нече жалбырагын коёсуз.

    Даярдалган пиццаны катуу кызыган (240-260 °С) духовкага салып 15-20 мүнөт бышырасыз.

    Бышарына 5 мүнөт калганда пиццаны духовкадан алып чыгып, майда тууралган сырды тегиз кылып себелейсиз да, кайрадан духовкага саласыз.

    Сыр жарым суюк абалга жеткенде пицца даяр болот.
  • 19 янв 2017 17:46
    Жабык пицца

    Кандай азыктар керек?

    Камыр: 1 кг

    Помидор: 3 даана

    Сарымсак: 6 тишче

    Райкан чөптүн майдаланган жалбырагы: 3 чоң кашык

    Шекер: жарым чай кашык

    Туз: жарым чай кашык

    Зайтун майы: 4 чоң кашык

    Шампиньон козу карыны: 500 г

    Моцарелла сыры: 250 г

    Каймакмай: 1 кесим

    Кантип жасалат?

    Помидорду блендерде майдалап, сузгучтан өткөрүп аласыз.

    Сарымсактын жарымын майда чарчы кылып туурап аласыз.

    Зайтун майын кызытып, майдаланган сарымсакты салып саргыч түскө келтире кууруйсуз.

    Сарымсактын үстүнө эзилген помидорду, майда тууралган райканды, туз, шекер кошуп жай отто 30-40 мүнөт кайнатасыз.

    Идиштин капкагын жабуу сунушталбайт.

    Соус даяр болгончо козу карынды майда туурайсыз.

    Калган сарымсакты да майдалап туурайсыз.

    Кызып турган зайтун майына алгач козу карынды, бир аздан соң сарымсакты салып кошуп кууруйсуз.

    Андан кийин каймакмайды салып аралаштырып, анын артынан эле помидор соусун куясыз.

    Бул аралашма жай отто 10 мүнөт кайноого тийиш.

    Эми камырды төрт бөлүккө бөлүп алып ар бирин тегерете жаясыз да, жайылган камырдын бир капталына аралашмадан саласыз. Чекелеринен 2 см боштук калсын.

    Үстүнө тууралган моцарелланы саласыз.

    Эми муну камырдын экинчи капталы менен жаап, чекелерин жакшылап жармаштырып бекитесиз.

    Пергамент кагазы салынган калыпка пиццаны салып, бетин зайтун майы менен майлайсыз.

    200 градус температурада кызып турган духовкага салып 15 мүнөт бышырасыз.
  • 19 янв 2017 18:01
    .
  • 16 фев 2017 19:43
    Зайтун май орусчасы эмне тушуналбай жатам
  • 18 фев 2017 13:27
    зайтун майы орусчасы оливкой масло
  • 18 фев 2017 20:56
    Чоон рахмат