ФАРШТАН ШАШЛЫК ЖАСАП, ЖАКЫНДАРЫНЫЗДЫ СУЙУНТУНУЗ!

Кандай азыктар керек?
Уйдун сулп эти: 1 кг
Пияз: 3-4 баш
Койдун куйрук майы: 100-150 г
Картошка крахмалы: 1 чоң кашык
Кургатылган петрушка: 1 чай кашык
Туз, мурч
Кантип жасалат?
Этти, куйрук майды, пиязды бөлүктөргө бөлүп, баарын кошуп эт майдалагычтан өткөрөсүз.
Алынган фаршка крахмалды, петрушканы, тузду, мурчту кошосуз.
Колуңуз менен жакшылап аралаштырасыз да, 20-30 мүнөт тыныктырып коёсуз.
Андан соң бирдей көлөмдөгү майда бөлүктөргө бөлүп, ар бир бөлүктөн жумуру формадагы колбаса жасайсыз. Фарш колуңузга жармашпас үчүн жаныңызга сууланган майлыкты коюп алып, колуңузду улам ага аарчып туруңуз.
Пайда болгон колбасалардын ортосуна жыгач таякчаларды саясыз.
Шишкебектерди 5 мүнөт муздаткычтын тоңдургучуна салып, андан кийин фольга салынган калыпка тизесиз.
Анан кызып турган духовкага саласыз.
Шишкебек 20-30 мүнөттө даяр болот. Бул аралыкта аны 2 жолу оодарасыз.
Шишкебек даяр болгонго чейин пиязды маринаддап турсаңыз болот. Ал үчүн пиязды жука жарым шакекче кылып туурайсыз. Ширеси чыгуу үчүн бир аз эзип туруп уксус кошуп 15 мүнөт коюп коёсуз.
Шишкебек бышканда үстүнө маринаддалган пиязды коюп бере бересиз.

ФАРШТАН ШАШЛЫК ЖАСАП, ЖАКЫНДАРЫНЫЗДЫ СУЙУНТУНУЗ! - 853714340705
Фарштан шашлык жасап кордунуз беле?
Ооба
6638%
Жок
7643%
Биринчи угушум
3319%

Комментарии