Մեկնաբանություններ
- 8 մյս 2017 07:42Бегимай Бегматова(Замужем)Ышталган тоок эти-бул кандай эт? Айтып койуңуздарчы?
- 8 մյս 2017 08:23Наку КараеваЧийки пияз кошулабы?
- 8 մյս 2017 14:49Бегимай Бегматова(Замужем) պատասխանել է Наку КараеваОа
- 8 մյս 2017 14:51Наку КараеваМм
Մեկնաբանություն թողնելու համար հարկավոր է մուտք գործեք կամ գրանցվեք
КЫРГЫЗЧА ТАМАК-АШ РЕЦЕПТТЕРИ
ТОБУРЧАК САЛАТЫ
Керектелүүчү азыктар:
Ышталган тоок эти – 300 грамм
Пияз – 2 даана
Картошка – 3 даана
Жумуртка – 4 даана
Консерваланган жүгөрү – 100 грамм
Майонез – 200 грамм
Кооздоо үчүн бадам данектери, ашкөк
Даярдоо ыкмасы:
1.Алгач картошканы жана жумуртканы сууга кайнатып бышырып алабыз. Картошканы сүргүчтөн өткөрүп, жумуртканы, пиязды жана тоок этин майда кылып өз-өзүнчө туурайбыз.
2. Эми ар бир азык тобурчактын формасында кабат-кабат болуп тарелкага жайгаштырылат. Ар бир кабаттын ортосун майонез менен майлап турууну унутпаңыз!
1-кабат – картошка,
2-кабат – тоок эти,
3-кабат – пияз,
4-кабат – жүгөрү,
5-кабат – жумуртка.
Эми салаттын үстүн бадам данекчелери жана ашкөк менен кооздоп дасторконго коё берүүгө болот.
Эскертүү!
Эгер таба алсаңыз, карагайдын же арчанын жаш бутагы өзгөчө окшоштук тартуулайт.