ХИНКАЛИ КАНДАЙ ТАМАК?

Кандай азыктар керек?
Ун: 500 г
Суу: 250 мл
Жумуртка: 1 даана
Кой эти: 500 г
Пияз: 4-5 даана
Сарымсак: 3 тишче
Туз, мурч
Өсүмдүк майы: 1,5 чоң кашык
Кантип жасалат?
Манты сыяктуу эле камырын жууруйсуз.
Этти эт майдалагычтан өткөрүп, пияз менен сарымсакты майда чарчы кылып туурап, ага татымына жараша туз, мурч жана башка өзүңүз каалаган татымалдарды кошуп фарш даярдайсыз. Фарш ширелүү болушу үчүн бир аз ысык суудан кошуп аралаштырып коёсуз.
Тыныккан камырды жайып, стакандын жардамы менен андан майда тегерекчелерди кесип аласыз.
Тегерекчелердин ортосуна фарштан салып, аны мантыдай кылып эмес, мүшөкчө кылып түйөсүз. Кармап жегенге ыңгайлуу кылып «куйругун» узунураак кылып чыгарып коёсуз. Хинкалинин өзгөчөлүгү ушунда.
Чоң мискейдеги кайнап жаткан туздуу сууга мүшөкчөлөрдү саласыз.
Бири-бирине жармашып калбаш үчүн сууга өсүмдүк майын кошуп, өзүңүз тез-тез аралаштырып турасыз.
10 мүнөттөн кийин суунун бетине калкып чыгат, андан кийин да 10-15 мүнөт кайнатып, анан сузуп аласыз.

ХИНКАЛИ КАНДАЙ ТАМАК? - 856248485217
Жакса класс

Комментарии