ЖУМУРТКА МЕНЕН ФАРШТАЛГАН ПОМИДОР

Кандай азыктар керек?
Помидор: 2 даана
Жумуртка: 2 даана
Кайнатылган колбаса: 50 г
Укроп, көк пияз
Туз, мурч
Каймакмай
Кантип жасалат?
Таза жуулган помидорлордун башын кесип алып, этин кашык менен этиеттик менен аласыз.
Ичине аздан туз себелеп, каймакмай менен майлайсыз да, калыпка саласыз. Калыпты да майлаганды унутпаңыз.
Колбасаны майда бөлүктөргө бөлөсүз. Алардан аз-аздан помидордун ичине салып, анын үстүнө жумуртканы чагасыз. Жумуртканын сарысын бузбаганга аракет кылыңыз.
Туз жана мурч себелеген соң, 180 градустагы духовкага 20 мүнөт бышырасыз.
Бышкан тамактын бетине майда тууралган көк чөптөрдөн себелеп коёсуз.

ЖУМУРТКА МЕНЕН ФАРШТАЛГАН ПОМИДОР - 856486071649
Жакса класс

Комментарии

Комментариев нет.