Комментарии
- 19 апр 2015 10:11☆☆☆☆☆☆☆☆☆☆ ☆☆☆☆☆☆☆☆☆☆Урматтуу бир тууганым, хадистерде айтылып келгендей "эркекти сыйлабаган, укпаган, айтканын кылбаган, баш ийбеген аялдар Бейишти корбойт демекчи- Сиз кайсы тарапка баратканызды жана жол салып жатканызды тушуп жатасызбы. "жакшы аял жаман эрди орго суйройт, жаман аял жакшы эрди корго суйройт. Ошондуктан Сизге Аллахым хидаят, ыйман берсин. Аранарга айрылгыс суйуу берсин.
- 19 апр 2015 10:35Azis Jkuioon senin beiwin je tozogun
- 19 апр 2015 20:41Эльмира СейталиеваШайтанга алдырба синдим!Куйоондон кечирим сура да,бугундон баштап Аллахка жаккан мамиле жаса.Сен кор кылып аткан куйоого,бироо зар экенин тушун!Анткени шариатты тушунгон аялзаттары,куйоосунун ыраазычылыгын укпай туруп уктабайт.Куйоом жакпайт дейсин,аны да Аллах жараткан!Аллах жараткан пендени,жакпайт дебе.Жаккыдай мамиле кылып,конул болдун беле?Жасантып,тусонтуп,курсагын тойгузуп,жылуу созго ородун беле?Жаркып чыксын,сулуу болуп!Ай кумонум бар.А дегенде жакшылап ойлон,анан тыянак чыгар,кимдин кесиринен ортонордо муздактык экенин.Мени жаман корбо,ойлон!
- 20 апр 2015 09:19_ Sutan Akyn_Ыйык Куранда "Ээринин ыраазычылыгын албаган аял Бейиштин жытын да жыттабайт" деп айтылган
Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
"Насаат медиа" Илимий агартуу медиа порталы
ТУРМУШ МАСЕЛЕСИ
Менин жолдошум өзүмө жакпайт. Бирок он беш жылдан бери жашап келем.
Айтканын көп учурда аткарбайм. Ал күнөө эмеспи?
Жооп:
- Кантип күнөө болбосун. Күнөө болот. “Аюу да болсо эрим бар” – дегендей,
жаманбы (?), жакшыбы (?) ал сенин көзүңдү ачып көргөнүң... Аны жакшы
көрбөсөң жакшы көргөнгө аракет кыл. Жаман адам болбойт, жаман кулк-
мүнөз болот. Адамдын жаман сапаттары болот. Ар бир адамдын башкалар
баамдай бербеген жакшы сапаттары да болот, аны айрыкча сиз жакшы
баамдайсыз. “Аргымакты жаман деп, бууданды кайдан табасың” - дейт, эрим
жаман десеңиз, бирөө жакшы эрин "мэ!" деп бере калбайт. “Баккан ээси
жарашса, күйпүл күчүк сак болот” дейт. Брюс Ли стойкага тургандай сиз дагы
аны жаман көрөм деген стойкага туруп алыпсыз. Стойканы өзгөртүңүз! Эмне
үчүн ушундай деп ойлонуңуз. Кээде жыйырма жыл бою ойлонбой жүрө
беребиз, жыйырма мүнөт жакшылап пикирленсек, жыйырма уктасак да
түшүбүзгө кирбейт. Аттиң ай деп өмүрдү армандуу өткөзүп жиберебиз...
Чубак ажы Жалилов