Аллах Таала адам баласын алсыз кылып жаратты. Эгерде адам алсыздыгын кубаттаган Ислам динин карманбаса, анда күнөөнү билип да же билбей да кылуусу мүмкүн. Мына ошондуктан Аллах Таала Өз пазилети менен шариатында тообо кылуу жана истигфар айтууну буйрук кылган. Пайгамбарыбыз (саллаллааху алейхи уа саллам) айтат: «Адам баласынын баары ката кетирүүчү, ката кетирүүчүлөрдүн жакшылары – тообо кылуучулар». (Ибн Маажа)Ошондой эле Аллах Таала Өз китебинде айтат: «Ким бир жаман иш (күнөө) кылса же өзүнө зулумдук кылып алса, кийин (артынан) Аллахтан кечирим сураса, анда Аллахтын Кечиримдүү, Мээримдүү экенин табат». (Нисаа сүрөөсү, 110-аят)Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи уа саллам) хадис кудсийде мындай дейт: “Аллах Таала айтты: “Оо Адам баласы, эгер мага жалбарып дуба кылып, сыйлыгыңды Менден гана үмүт кылсаң, кандай күнөөң болсо да кечирем жана ага көңүл да бурбаймын. Оо Адам баласы, эгер күнөөлөрүң асман тиресе да, бирок сен күнөөлөрүңө кечирим сурасаң, баарын кечирем жана ага көңүл да бурбаймын. Оо Адам баласы, эгер сен Мага жер бети толо күнөө-каталарың менен келсең, бирок эч кандай Мага ширк келтирбестен жолуккан болсоң, анда Мен да сага жер бети толо кечирим менен барамын”. (Тирмизи)Пайгамбарыбыз (саллаллааху алейхи уа саллам) айтты: “Аллахка ант болсун! Чындыгында мен Аллахка күнүгө жетимиштен ашык истигфар айтып, тообо кыламын”. (Бухари)Али (радияллаху анху) айтат: “Куткаруучусу жанында болсо да, өзү кыйроого учурап бараткан адамга таң каламын”. “Ал куткаруучусу эмне”? -деп сурашканда: “Истигфар”-деп жооп берген.Кылган күнөөлөрүнө истигфар айткан адамдар жөнүндө Аллах Таала мындай дейт: “(Такыба адамдар) бузукулук же өздөрүнө зулум (күнөө) кылып коюшса, дароо Аллахты эстешип, күнөөлөрүн кечирүүсүн сурашат, күнөөлөрдү Аллахтан башка ким кечирмек эле, жана жасаган (күнөө) иштерин билип туруп кайталашпайт”. (Аалу Имран сүрөөсү, 135-аят )Шаддад ибн Аус (радияллаху анху) айтат: Пайгамбарыбыз (саллаллааху алейхи ва саллам) айтты: “Истигфардын эң абзели мындай: Аллахумма, Анта Раббии, лаа илаха илла Анта, холакта-нии уа ана ‘абду-Кя, уа ана ‘аля ‘ахди-Ка уа уа‘ди-ка ма-стато‘ту. А‘узу би-Ка мин шарри ма сона‘ту, абу’у ла-Кя би-ни‘мати-Ка ‘алаййа, уа абу’у ла-Кя би-занбии, фа-гфир лии, фа-инна-ху лаа йагфиру-ззунуба илла Анта”!اللَّهُمَّ أَنْتَ رَبِّي ، لا إِلَه إِلاَّ أَنْتَ خَلَقْتَني وأَنَا عَبْدُكَ ، وأَنَا على عهْدِكَ ووعْدِكَ ما اسْتَطَعْتُ ، أَعُوذُ بِكَ مِنْ شَرِّ ما صنَعْتُ ، أَبوءُ لَك بِنِعْمتِكَ علَيَ ، وأَبُوءُ بذَنْبي فَاغْفِرْ لي ، فَإِنَّهُ لا يغْفِرُ الذُّنُوبِ إِلاَّ أَنْتَМааниси: “Оо Аллахым сен Раббимсиң, Сенден башка сыйынууга татыктуу Кудай жок. Мени жараттың жана мен Cенин кулуңмун. Алымдын жетишинче келишимде болуп, Сага берген убаданы аткарамын. Жасаган күнөөмдүн жамандыгынан Сенден гана коргоо тилеймин. Берген нээматыңды билип, кылган катачылыгымды мойнума алам. Оо Аллахым, мени кечир! Чындыгында күнөөлөрдү Сен гана кечиресиң”.Андан кийин айтты: “Кимде-ким бул истигфарды күндүзү терең ишеним менен айтып, кеч киргенче бул дүйнөдөн өтүп кетсе, анда ал бейишке кирет. Эгер аны кечинде терең ишеним менен айтып, таң атканча бул дүйнөдөн өтүп кетсе, анда ал бейиштик болот”. (Бухари)Айша (радияллаху анха) айтты: “Аллахтын Элчиси (саллаллааху алейхи ва саллам) бул сөздөрдү көп айтаар эле: “Субханна-Ллаахи уа би-хамди-Хи, астагфиру-Ллааха уа атуубу илай-Хи”Мааниси: “Аллах бардык кемчиликтерден Аруу. Ага мактоолор болсун! Мен Ага истигфар айтып, тообо кыламын”. (Муслим)Мусулман бир-тууган! Аллахты зикир кылбай өткөргөн убакыттар, биз үчүн күнөө эмес болсо деле, бирок Аллахтын Элчиси Аллахты зикир кылбай өткөргөн убакыттарын өзүнүн акысында күнөө деп эсептеп, Аллахтан кечирим сураган. Жана Аллах анын кылган жана кыла элек күнөөлөрүн кечирсе да, күнүгө жетимиштен ашык истигфар айтып, тообо кылган. Эми бизге окшогон күнөөкөрлөр кантип Аллах Тааладан жалбарып кечирим сураганга шашылбайбыз?!Аллахтын кечиримине шашылгын! Ал сенден колуңду көтөрүп “Оо, Аллахым мени кечир. Сен тыйган нерсени билбей кылып жүрүптүрмүн”- деп айтууңду жакшы көрөт. Ал сенин истигфар айтууңду, Ага тообо кылууңду сенден көрсө сүйүнөт. “Чөлдө баратып өз төөсүн жоготуп алып, артынан түшүп издеп таппай, акыры өлүмдү күтүп жатканда, төөсү башына келип турган адам, ушунчалык сүйүнгөндөй, өз күнөөсүнө тообо кылган адамга Аллах Таала дагы андан да катуураак сүйүнөт”- деп пайгамбарыбыз айтат. Кана ким эми Мээримдүү Роббисин, күнөөсүнө сабыр кылып азаптабай күтүп турган Сабырдуу Аллахты ким сүйүнтөт. Мындан да мээрими артык кайсыл падышаны көрдүң эле?! А Аллах болсо бир мамлекеттин эмес ааламдардын Падышасы болуп туруп, оо күнөөкөр сенин тообоңо сүйүнүп жатса, анда эмне заалым Кудайды күтүп турасыңбы?!Бирок билгин! Аллах биздин эч бир тообо ибадаттарыбызга, истигфар дубаларыбызга эч муктаж эмес. Ал кааласа күнөөкөрлөрдүн баарысын заматта жок кылууга Кудуреттүү, бирок Ал Кыяматта кылган иштери боюнча баарысынан сурак Алуучу.КҮНӨӨНҮН КЕСЕПЕТТЕРИПенде күнөөсүн жеңил санаса, анда анын кесепетин карап көрбөйбү?! Чындыгында күнөөдөн жүрөк караят. Акылдан тайып, акты карадан ажырата албай калат. Ырыскысы жана өмүрү кыскарат. Тапкан нерсесинин берекеси кетет. Жер титиреп, балээлер көбөйөт. Алган илимин унутат. Аллах Тааланын каарына калат. Аллахты жалгыздаган адамдардан адашып, шайтанды ээрчиген адамдардан жанашат.Күнөөсү өзүнө эмес, чөйрөсүнө деле зыянын тийгизет. Ислам тарыхында канчалаган мусулмандар балдарынын же жакын тууугандарынын күнөөлөрү себебинен зыянга учураганы белгилүү. Чындыгында күнөө душмандын коркунучунан да катураак.Умар ибн Хаттаб (радияллаху анху) ата-энесин нараазы кылган кишилерди, күнөөсүнүн кесепетинен коркуп, согушка алган эмес. Анан ал согуш башталаардан алдың мындай деген: “Чындыгында бүгүн, силер душманыңарды даярдыгыңар жана саныңар менен жеңбейсиңер. Бирок Аллахка такыбалык кылган болсоңор гана жеңесиңер. Эгер күнөөдө душманыңар менен тең болсоңор, анда алар силерди даярдыктары жана көптүгү менен жеңип алат”.Эгер мусулман акыйкатка жеткенине сүйүнбөсө, Аллахка шүгүр кылып нээматтарына канааттанбаса, Ислам дининин акыйкат экенин түшүнүп туруп карманбаса, анда канчалык байлыкка жетпесин, атагы ааламга тарабасын, бирок жүрөгүндө кыпындай да тынчтыкты сезбей калат. Бирок адам Ислам динин билип туруп, акча деп же турмуш деп күнөөсүнөн кайтпай жүрө берсе, анда Аллах ага акчасын да же көр турмушун жарытып ийгилик берип коймок беле?! Кайрадан каапырды ага башчы кылып, чочкосунун кыгын тазалап акча тапкандай болуп кордолгон, арак берсе ичип койуп, кулдардын катарында турганын түшүнүп жашаганга жеткирип койот. Анткени сенин жүрөгүңдө акыйкат бар, бирок ага көңүл кош мамиле жасагандыгың үчүн, сени сырткы байлыгың байытып жарытпайт. Бул жогорудагы сахаба Умардын сөзүнүн тыянагы. Диниң туруп күнөөгө батып кеткениң, сага байлык, бийлик, атак-даңк жана тоодой күч ийгилик бералбаганына ачык күндөй далил. Себеби негизги байлык – жан дүйнөң!Ошондой эле Аллах Таала Куранда Таалуттун аскерлерине айткан сөзүн баяндап мындай деп айтты: «Таалут аскерлери менен чыкканда (мындай) деди: “Аллах силерди (суусаган мезгилиңерде) бир дарыя менен сынап көрөт. Ким андан ичсе, анда ал менден эмес, (мени менен согушка барбайт, себеби ал сабырсыз) жана ким андан ичпесе, анда ал менден (мени менен согушка барат)». (Бакара сүрөөсү, 249-аят)Жогорудагы аятта Алла Таала сынап тыйган нерселерден кайтпагандардын жеңишке жетпөөсү ачык айтылды. Чындыгында күнөөнү таштоого жана ибадатка бекем болууга сабыр кылуу - мусулмандын негизги куралы. Анткени ушул аяттын аягында Аллах Таала мындай дейт: «Ал эми, (Кыяматта) Аллах менен жолугууга (терең) ишенгендер (айтышты): Нечендеген аз сандуу аскерлер Аллахтын каалоосу менен көптөгөн аскерлерди жеңип чыккан. Аллах сабырдуулар менен бирге! – дешти».Оо мусулман бир тууган! Күнөөң себептүү мусулмандардын кыйроосуна себепкер болуп калууңдан сактангын!Абдулла ибн Аббас (радияллаху анху) күнөөкөрлөргө айткан кайрылуусунда мындай деген: “Эй күнөөкөр, күнөөңдүн акыбетинен аманмын деп ойлобо! Чындыгында күнөө өзүнөн да чоң балээни алып келет.Эгер күнөө кылып жатып жаныңдагы адамдардан уялбасаң же күнөөңдүн артын карабай кубансаң, анда бул кылганың күнөөңдөн да коркунучтуу. Бирок Аллах Таала эмнени көрсөтүп койоорун билбейсиң!Эгер күнөөгө жетип, тилегиң ишке ашып сүйүнсөң же күнөөгө жетпей, жашооң караңгы болуп капалансаң, анда бул кылганың күнөөңдөн да коркунучтуу.Күнөө кылып жатып, терезенин пардасын эл көзүнө ачкан шамалдан корксоң, бирок жүрөгүң менен Аллах Тааланын көрүп туруусунан коркпосоң, анда бул ишиң кылган күнөөңдөн да коркунучтуу”.Ислам аалымдары айтышкан: “Эгер адам күнөөдө да, нээматта да болсо, анда ал күнөөсүнө Аллахка истигфар айтып, ал эми нээматтарына болсо, Аллахка мактоо-шүгүрлөрдү келтирүүсү керек”.Ибн Жаузий рахимахулла айтат: “Кыйынчылыкта түшкөн адамдарга, Аллах үчүн сабыр кылуу менен бирге, Ага дуба кылуудан өткөн пайдалуу нерсе жок. Ал эми бейпилдикте жашаган адамдарга, Аллахка шүгүр келтирүү менен Ага мактоо айтуудан өткөн пайдалуу нерсе жок”.Аллахтын Элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) истигфар айткандарды сүйүнчүлөп мындай дейт: “Эгер кимде-ким ( Кыямат күнүндө ) амал китебинен көп истигфар айтканын тапса, анда ага бейиш болсун!” (Ибни Маажа )Күнөөлөр истигфар айтуу менен жуулса, нээмат жакшылыктар болсо, шүгүр кылуу менен көбөйөт.ИСТИГФАР АЙТУУНУН СӨЗДӨРҮ1) أستغفر الله “Астагфиру-ллаах”Мааниси: Аллахтан кечирим сураймын. ( Муслим )2) " رَبِّ اغْفِرْ لِي وَتُبْ عَلَيَّ إِنَّكَ أَنْتَ التَّوَّابُ الرَّحِيمُ "“Робби-гфир лии уа туб алай-йа инна-Кя Анта-Тауваабур-Рохиим.Мааниси: Оо Роббим, мени кечирип, тооболорумду кабыл кыл! Чындыгында Сен тооболорду Кабыл кылуучу жана Ырайымдуусуң. (Абу Дауд)3) أسْتَغْفِرُ اللهَ العَظِيمَ الَّذِي لاَ إلَهَ إلاَّ هُوَ، الحَيُّ القَيُّومُ، وَأتُوبُ إلَيه" "“Астагфиру-ллаахал-ъазыим-ллазии лаа илааха илла хуа, Ал-Хаййул Коййуум. Уа атуубу илай-Хи.Мааниси: Жалгыз Өзү гана сыйынууга татыктуу болгон улуу Аллахтан кечирим сураймын. Ал түбөлүк Тирүү, ар дайым башкарып Туруучу. Жана Ага тообо кыламын. ( Тирмизий )4) "اللَّهُمَّ اغْفِرْ لِي ذَنْبِي كُلَّهُ دِقَّهُ وَجِلَّهُ وَأَوَّلَهُ وَآخِرَهُ وَعَلَانِيَتَهُ وَسِرَّهُ“Аллахумма-гфир-лии занбии куллаху, диккаху уа жиллаху, уа ау-валаху уа аахираху, уа аълааниятаху уа сирроху”Мааниси: Оо Аллахым, күнөөлөрүмдүн баарысын, чоңун жана кичинесин, биринчисин жана акыркысын, жашыруун ашкересин жана кечирүүңдү суранамын. (Муслим)5) " اللَّهُمَّ اغْفِرْ لِي خَطِيئَتِي ، وَجَهْلِي ، وَإِسْرَافِي فِي أَمْرِي ، وَمَا أَنْتَ أَعْلَمُ بِهِ مِنِّي ، اللَّهُمَّ اغْفِرْ لِي جَدِّي ، وَهَزْلِي ، وَخَطَئِي ، وَعَمْدِي ، وَكُلَّ ذَلِكَ عِنْدِي ، اللَّهُمَّ اغْفِرْ لِي مَا قَدَّمْتُ وَمَا أَخَّرْتُ ، وَمَا أَسْرَرْتُ وَمَا أَعْلَنْتُ ، وَمَا أَنْتَ أَعْلَمُ بِهِ مِنِّي ، أَنْتَ الْمُقَدِّمُ أَنْتَ وَالْمُؤَخِّرُ ، وَأَنْتَ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ قَدِير”“Аллахумма-гфир-лии хотииа-ти, уа жахлии, уа исроо-фии фии амрии, уа маа Анта аъламу бихи миннии, Аллахумма-гфир-лии жаддии, уа хазлии, уа хато-ии, уа ъамдии, уа куллу заалика ъиндии, Аллахумма-гфир-лии маа каддамту уа маа аххарту, уа маа асрарту уа маа аъланту, уа маа Анта аъламу бихи миннии, Антал-Мукоддим Анта уал-Муаххир, уа Анта ъалаа кулли шай-ин Кодиир”.Мааниси: Оо Аллахым, кетирген катачылыгымды, наадандыгымды, ишимдеги исрафымды жана Өзүң менден да жакшы билген күнөөлөрүмдү кечире көр. Оо Аллахым, (күнөөмө болгон) аракет, (чектен чыккан) тамаша, кетирген кемчилдиктер жана билип туруп кылган күнөөлөрдүн баарын кылып алдым, аларды кечирүүңдү суранамын. Оо Аллахым, кылган жана эми кыла турган, жашыруун жана ашкере болгон күнөөлөрүмдү жана Өзүң менден да жакшы билген күнөөлөрүмдү кечире көр. Чындыгында Сен Өзүңө (пенделериңди ибадаттары менен) жакын Кылуучусун жана Өзүңдөн (күнөөлөрү менен) Алыстатуучусуң. Жана бардык нерсеге Кудуреттүүсүң. ( Бухари, Муслим )ИСТИГФАРДЫН ПАЙДАЛАРЫИстигфар айтуу – ыймандуу жана чынчыл пенделердин урааны.Истигфар айтуу – момундун сүйүнүчү, жана аны менен нафсиси тарбияланат, жүрөк тазаланат.Истигфар айтуу – пайгамбарлардын жана Элчилердин дубасы, аны менен даража көтөрүлөт, күнөөлөр кечирилет.Истигфар айтуу – андан шайтан кыжырданат, Аллах Таала ыраазы болот.Аллахым баарыбызды Өзүнөн гана кечирим сураган сүйүктүү пенделеринен кылсын. Жана баарыбыздын күнөөлөрүбүздү кечирген болсун. Ал гана Кечиримдүү, Ырайымдуу, жана бардык нерсеге Кудуреттүү.Исламидин Абылкасым уулу_______________ ©ИсламОнлайнKG– Ok.ru/islamonlinekgz – Facebook.com/islamonlinekg – Instagram.com/islamonlinekg
Кыргызстан Ислам Университети
:Манас Курбанбеков
АЛЛАХТЫН КЕЧИРИМИНЕ ШАШЫЛГЫН
Аллах Таала адам баласын алсыз кылып жаратты. Эгерде адам алсыздыгын кубаттаган Ислам динин карманбаса, анда күнөөнү билип да же билбей да кылуусу мүмкүн. Мына ошондуктан Аллах Таала Өз пазилети менен шариатында тообо кылуу жана истигфар айтууну буйрук кылган. Пайгамбарыбыз (саллаллааху алейхи уа саллам) айтат: «Адам баласынын баары ката кетирүүчү, ката кетирүүчүлөрдүн жакшылары – тообо кылуучулар». (Ибн Маажа)
Ошондой эле Аллах Таала Өз китебинде айтат: «Ким бир жаман иш (күнөө) кылса же өзүнө зулумдук кылып алса, кийин (артынан) Аллахтан кечирим сураса, анда Аллахтын Кечиримдүү, Мээримдүү экенин табат». (Нисаа сүрөөсү, 110-аят)
Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи уа саллам) хадис кудсийде мындай дейт: “Аллах Таала айтты: “Оо Адам баласы, эгер мага жалбарып дуба кылып, сыйлыгыңды Менден гана үмүт кылсаң, кандай күнөөң болсо да кечирем жана ага көңүл да бурбаймын. Оо Адам баласы, эгер күнөөлөрүң асман тиресе да, бирок сен күнөөлөрүңө кечирим сурасаң, баарын кечирем жана ага көңүл да бурбаймын. Оо Адам баласы, эгер сен Мага жер бети толо күнөө-каталарың менен келсең, бирок эч кандай Мага ширк келтирбестен жолуккан болсоң, анда Мен да сага жер бети толо кечирим менен барамын”. (Тирмизи)
Пайгамбарыбыз (саллаллааху алейхи уа саллам) айтты: “Аллахка ант болсун! Чындыгында мен Аллахка күнүгө жетимиштен ашык истигфар айтып, тообо кыламын”. (Бухари)
Али (радияллаху анху) айтат: “Куткаруучусу жанында болсо да, өзү кыйроого учурап бараткан адамга таң каламын”. “Ал куткаруучусу эмне”? -деп сурашканда: “Истигфар”-деп жооп берген.
Кылган күнөөлөрүнө истигфар айткан адамдар жөнүндө Аллах Таала мындай дейт: “(Такыба адамдар) бузукулук же өздөрүнө зулум (күнөө) кылып коюшса, дароо Аллахты эстешип, күнөөлөрүн кечирүүсүн сурашат, күнөөлөрдү Аллахтан башка ким кечирмек эле, жана жасаган (күнөө) иштерин билип туруп кайталашпайт”. (Аалу Имран сүрөөсү, 135-аят )
Шаддад ибн Аус (радияллаху анху) айтат: Пайгамбарыбыз (саллаллааху алейхи ва саллам) айтты: “Истигфардын эң абзели мындай: Аллахумма, Анта Раббии, лаа илаха илла Анта, холакта-нии уа ана ‘абду-Кя, уа ана ‘аля ‘ахди-Ка уа уа‘ди-ка ма-стато‘ту. А‘узу би-Ка мин шарри ма сона‘ту, абу’у ла-Кя би-ни‘мати-Ка ‘алаййа, уа абу’у ла-Кя би-занбии, фа-гфир лии, фа-инна-ху лаа йагфиру-ззунуба илла Анта”!
اللَّهُمَّ أَنْتَ رَبِّي ، لا إِلَه إِلاَّ أَنْتَ خَلَقْتَني وأَنَا عَبْدُكَ ، وأَنَا على عهْدِكَ ووعْدِكَ ما اسْتَطَعْتُ ، أَعُوذُ بِكَ مِنْ شَرِّ ما صنَعْتُ ، أَبوءُ لَك بِنِعْمتِكَ علَيَ ، وأَبُوءُ بذَنْبي فَاغْفِرْ لي ، فَإِنَّهُ لا يغْفِرُ الذُّنُوبِ إِلاَّ أَنْتَ
Мааниси: “Оо Аллахым сен Раббимсиң, Сенден башка сыйынууга татыктуу Кудай жок. Мени жараттың жана мен Cенин кулуңмун. Алымдын жетишинче келишимде болуп, Сага берген убаданы аткарамын. Жасаган күнөөмдүн жамандыгынан Сенден гана коргоо тилеймин. Берген нээматыңды билип, кылган катачылыгымды мойнума алам. Оо Аллахым, мени кечир! Чындыгында күнөөлөрдү Сен гана кечиресиң”.
Андан кийин айтты: “Кимде-ким бул истигфарды күндүзү терең ишеним менен айтып, кеч киргенче бул дүйнөдөн өтүп кетсе, анда ал бейишке кирет. Эгер аны кечинде терең ишеним менен айтып, таң атканча бул дүйнөдөн өтүп кетсе, анда ал бейиштик болот”. (Бухари)
Айша (радияллаху анха) айтты: “Аллахтын Элчиси (саллаллааху алейхи ва саллам) бул сөздөрдү көп айтаар эле: “Субханна-Ллаахи уа би-хамди-Хи, астагфиру-Ллааха уа атуубу илай-Хи”
Мааниси: “Аллах бардык кемчиликтерден Аруу. Ага мактоолор болсун! Мен Ага истигфар айтып, тообо кыламын”. (Муслим)
Мусулман бир-тууган! Аллахты зикир кылбай өткөргөн убакыттар, биз үчүн күнөө эмес болсо деле, бирок Аллахтын Элчиси Аллахты зикир кылбай өткөргөн убакыттарын өзүнүн акысында күнөө деп эсептеп, Аллахтан кечирим сураган. Жана Аллах анын кылган жана кыла элек күнөөлөрүн кечирсе да, күнүгө жетимиштен ашык истигфар айтып, тообо кылган. Эми бизге окшогон күнөөкөрлөр кантип Аллах Тааладан жалбарып кечирим сураганга шашылбайбыз?!
Аллахтын кечиримине шашылгын! Ал сенден колуңду көтөрүп “Оо, Аллахым мени кечир. Сен тыйган нерсени билбей кылып жүрүптүрмүн”- деп айтууңду жакшы көрөт. Ал сенин истигфар айтууңду, Ага тообо кылууңду сенден көрсө сүйүнөт. “Чөлдө баратып өз төөсүн жоготуп алып, артынан түшүп издеп таппай, акыры өлүмдү күтүп жатканда, төөсү башына келип турган адам, ушунчалык сүйүнгөндөй, өз күнөөсүнө тообо кылган адамга Аллах Таала дагы андан да катуураак сүйүнөт”- деп пайгамбарыбыз айтат. Кана ким эми Мээримдүү Роббисин, күнөөсүнө сабыр кылып азаптабай күтүп турган Сабырдуу Аллахты ким сүйүнтөт. Мындан да мээрими артык кайсыл падышаны көрдүң эле?! А Аллах болсо бир мамлекеттин эмес ааламдардын Падышасы болуп туруп, оо күнөөкөр сенин тообоңо сүйүнүп жатса, анда эмне заалым Кудайды күтүп турасыңбы?!
Бирок билгин! Аллах биздин эч бир тообо ибадаттарыбызга, истигфар дубаларыбызга эч муктаж эмес. Ал кааласа күнөөкөрлөрдүн баарысын заматта жок кылууга Кудуреттүү, бирок Ал Кыяматта кылган иштери боюнча баарысынан сурак Алуучу.
КҮНӨӨНҮН КЕСЕПЕТТЕРИ
Пенде күнөөсүн жеңил санаса, анда анын кесепетин карап көрбөйбү?! Чындыгында күнөөдөн жүрөк караят. Акылдан тайып, акты карадан ажырата албай калат. Ырыскысы жана өмүрү кыскарат. Тапкан нерсесинин берекеси кетет. Жер титиреп, балээлер көбөйөт. Алган илимин унутат. Аллах Тааланын каарына калат. Аллахты жалгыздаган адамдардан адашып, шайтанды ээрчиген адамдардан жанашат.
Күнөөсү өзүнө эмес, чөйрөсүнө деле зыянын тийгизет. Ислам тарыхында канчалаган мусулмандар балдарынын же жакын тууугандарынын күнөөлөрү себебинен зыянга учураганы белгилүү. Чындыгында күнөө душмандын коркунучунан да катураак.
Умар ибн Хаттаб (радияллаху анху) ата-энесин нараазы кылган кишилерди, күнөөсүнүн кесепетинен коркуп, согушка алган эмес. Анан ал согуш башталаардан алдың мындай деген: “Чындыгында бүгүн, силер душманыңарды даярдыгыңар жана саныңар менен жеңбейсиңер. Бирок Аллахка такыбалык кылган болсоңор гана жеңесиңер. Эгер күнөөдө душманыңар менен тең болсоңор, анда алар силерди даярдыктары жана көптүгү менен жеңип алат”.
Эгер мусулман акыйкатка жеткенине сүйүнбөсө, Аллахка шүгүр кылып нээматтарына канааттанбаса, Ислам дининин акыйкат экенин түшүнүп туруп карманбаса, анда канчалык байлыкка жетпесин, атагы ааламга тарабасын, бирок жүрөгүндө кыпындай да тынчтыкты сезбей калат. Бирок адам Ислам динин билип туруп, акча деп же турмуш деп күнөөсүнөн кайтпай жүрө берсе, анда Аллах ага акчасын да же көр турмушун жарытып ийгилик берип коймок беле?! Кайрадан каапырды ага башчы кылып, чочкосунун кыгын тазалап акча тапкандай болуп кордолгон, арак берсе ичип койуп, кулдардын катарында турганын түшүнүп жашаганга жеткирип койот. Анткени сенин жүрөгүңдө акыйкат бар, бирок ага көңүл кош мамиле жасагандыгың үчүн, сени сырткы байлыгың байытып жарытпайт. Бул жогорудагы сахаба Умардын сөзүнүн тыянагы. Диниң туруп күнөөгө батып кеткениң, сага байлык, бийлик, атак-даңк жана тоодой күч ийгилик бералбаганына ачык күндөй далил. Себеби негизги байлык – жан дүйнөң!
Ошондой эле Аллах Таала Куранда Таалуттун аскерлерине айткан сөзүн баяндап мындай деп айтты: «Таалут аскерлери менен чыкканда (мындай) деди: “Аллах силерди (суусаган мезгилиңерде) бир дарыя менен сынап көрөт. Ким андан ичсе, анда ал менден эмес, (мени менен согушка барбайт, себеби ал сабырсыз) жана ким андан ичпесе, анда ал менден (мени менен согушка барат)». (Бакара сүрөөсү, 249-аят)
Жогорудагы аятта Алла Таала сынап тыйган нерселерден кайтпагандардын жеңишке жетпөөсү ачык айтылды. Чындыгында күнөөнү таштоого жана ибадатка бекем болууга сабыр кылуу - мусулмандын негизги куралы. Анткени ушул аяттын аягында Аллах Таала мындай дейт: «Ал эми, (Кыяматта) Аллах менен жолугууга (терең) ишенгендер (айтышты): Нечендеген аз сандуу аскерлер Аллахтын каалоосу менен көптөгөн аскерлерди жеңип чыккан. Аллах сабырдуулар менен бирге! – дешти».
Оо мусулман бир тууган! Күнөөң себептүү мусулмандардын кыйроосуна себепкер болуп калууңдан сактангын!
Абдулла ибн Аббас (радияллаху анху) күнөөкөрлөргө айткан кайрылуусунда мындай деген: “Эй күнөөкөр, күнөөңдүн акыбетинен аманмын деп ойлобо! Чындыгында күнөө өзүнөн да чоң балээни алып келет.
Эгер күнөө кылып жатып жаныңдагы адамдардан уялбасаң же күнөөңдүн артын карабай кубансаң, анда бул кылганың күнөөңдөн да коркунучтуу. Бирок Аллах Таала эмнени көрсөтүп койоорун билбейсиң!
Эгер күнөөгө жетип, тилегиң ишке ашып сүйүнсөң же күнөөгө жетпей, жашооң караңгы болуп капалансаң, анда бул кылганың күнөөңдөн да коркунучтуу.
Күнөө кылып жатып, терезенин пардасын эл көзүнө ачкан шамалдан корксоң, бирок жүрөгүң менен Аллах Тааланын көрүп туруусунан коркпосоң, анда бул ишиң кылган күнөөңдөн да коркунучтуу”.
Ислам аалымдары айтышкан: “Эгер адам күнөөдө да, нээматта да болсо, анда ал күнөөсүнө Аллахка истигфар айтып, ал эми нээматтарына болсо, Аллахка мактоо-шүгүрлөрдү келтирүүсү керек”.
Ибн Жаузий рахимахулла айтат: “Кыйынчылыкта түшкөн адамдарга, Аллах үчүн сабыр кылуу менен бирге, Ага дуба кылуудан өткөн пайдалуу нерсе жок. Ал эми бейпилдикте жашаган адамдарга, Аллахка шүгүр келтирүү менен Ага мактоо айтуудан өткөн пайдалуу нерсе жок”.
Аллахтын Элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) истигфар айткандарды сүйүнчүлөп мындай дейт: “Эгер кимде-ким ( Кыямат күнүндө ) амал китебинен көп истигфар айтканын тапса, анда ага бейиш болсун!” (Ибни Маажа )
Күнөөлөр истигфар айтуу менен жуулса, нээмат жакшылыктар болсо, шүгүр кылуу менен көбөйөт.
ИСТИГФАР АЙТУУНУН СӨЗДӨРҮ
1) أستغفر الله “Астагфиру-ллаах”
Мааниси: Аллахтан кечирим сураймын. ( Муслим )
2) " رَبِّ اغْفِرْ لِي وَتُبْ عَلَيَّ إِنَّكَ أَنْتَ التَّوَّابُ الرَّحِيمُ "
“Робби-гфир лии уа туб алай-йа инна-Кя Анта-Тауваабур-Рохиим.
Мааниси: Оо Роббим, мени кечирип, тооболорумду кабыл кыл! Чындыгында Сен тооболорду Кабыл кылуучу жана Ырайымдуусуң. (Абу Дауд)
3) أسْتَغْفِرُ اللهَ العَظِيمَ الَّذِي لاَ إلَهَ إلاَّ هُوَ، الحَيُّ القَيُّومُ، وَأتُوبُ إلَيه" "
“Астагфиру-ллаахал-ъазыим-ллазии лаа илааха илла хуа, Ал-Хаййул Коййуум. Уа атуубу илай-Хи.
Мааниси: Жалгыз Өзү гана сыйынууга татыктуу болгон улуу Аллахтан кечирим сураймын. Ал түбөлүк Тирүү, ар дайым башкарып Туруучу. Жана Ага тообо кыламын. ( Тирмизий )
4) "اللَّهُمَّ اغْفِرْ لِي ذَنْبِي كُلَّهُ دِقَّهُ وَجِلَّهُ وَأَوَّلَهُ وَآخِرَهُ وَعَلَانِيَتَهُ وَسِرَّهُ
“Аллахумма-гфир-лии занбии куллаху, диккаху уа жиллаху, уа ау-валаху уа аахираху, уа аълааниятаху уа сирроху”
Мааниси: Оо Аллахым, күнөөлөрүмдүн баарысын, чоңун жана кичинесин, биринчисин жана акыркысын, жашыруун ашкересин жана кечирүүңдү суранамын. (Муслим)
5) " اللَّهُمَّ اغْفِرْ لِي خَطِيئَتِي ، وَجَهْلِي ، وَإِسْرَافِي فِي أَمْرِي ، وَمَا أَنْتَ أَعْلَمُ بِهِ مِنِّي ، اللَّهُمَّ اغْفِرْ لِي جَدِّي ، وَهَزْلِي ، وَخَطَئِي ، وَعَمْدِي ، وَكُلَّ ذَلِكَ عِنْدِي ، اللَّهُمَّ اغْفِرْ لِي مَا قَدَّمْتُ وَمَا أَخَّرْتُ ، وَمَا أَسْرَرْتُ وَمَا أَعْلَنْتُ ، وَمَا أَنْتَ أَعْلَمُ بِهِ مِنِّي ، أَنْتَ الْمُقَدِّمُ أَنْتَ وَالْمُؤَخِّرُ ، وَأَنْتَ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ قَدِير”
“Аллахумма-гфир-лии хотииа-ти, уа жахлии, уа исроо-фии фии амрии, уа маа Анта аъламу бихи миннии, Аллахумма-гфир-лии жаддии, уа хазлии, уа хато-ии, уа ъамдии, уа куллу заалика ъиндии, Аллахумма-гфир-лии маа каддамту уа маа аххарту, уа маа асрарту уа маа аъланту, уа маа Анта аъламу бихи миннии, Антал-Мукоддим Анта уал-Муаххир, уа Анта ъалаа кулли шай-ин Кодиир”.
Мааниси: Оо Аллахым, кетирген катачылыгымды, наадандыгымды, ишимдеги исрафымды жана Өзүң менден да жакшы билген күнөөлөрүмдү кечире көр. Оо Аллахым, (күнөөмө болгон) аракет, (чектен чыккан) тамаша, кетирген кемчилдиктер жана билип туруп кылган күнөөлөрдүн баарын кылып алдым, аларды кечирүүңдү суранамын. Оо Аллахым, кылган жана эми кыла турган, жашыруун жана ашкере болгон күнөөлөрүмдү жана Өзүң менден да жакшы билген күнөөлөрүмдү кечире көр. Чындыгында Сен Өзүңө (пенделериңди ибадаттары менен) жакын Кылуучусун жана Өзүңдөн (күнөөлөрү менен) Алыстатуучусуң. Жана бардык нерсеге Кудуреттүүсүң. ( Бухари, Муслим )
ИСТИГФАРДЫН ПАЙДАЛАРЫ
Истигфар айтуу – ыймандуу жана чынчыл пенделердин урааны.
Истигфар айтуу – момундун сүйүнүчү, жана аны менен нафсиси тарбияланат, жүрөк тазаланат.
Истигфар айтуу – пайгамбарлардын жана Элчилердин дубасы, аны менен даража көтөрүлөт, күнөөлөр кечирилет.
Истигфар айтуу – андан шайтан кыжырданат, Аллах Таала ыраазы болот.
Аллахым баарыбызды Өзүнөн гана кечирим сураган сүйүктүү пенделеринен кылсын. Жана баарыбыздын күнөөлөрүбүздү кечирген болсун. Ал гана Кечиримдүү, Ырайымдуу, жана бардык нерсеге Кудуреттүү.
Исламидин Абылкасым уулу
_______________ ©
ИсламОнлайнKG
– Ok.ru/islamonlinekgz – Facebook.com/islamonlinekg – Instagram.com/islamonlinekg