"ЧУБАКТЫН ЧУУСУ ЖАНА БИЗ"

(Бейшенбек Бекешов агайдан ачуу-чындык ачык кат)
Менин кичинекей эки балам бар. Күнүгө он жолу урушуп, он жолу табышат. Улуурагын улуураактай, кичүүрөгүн кичүүрөктөй алдап соолап, араң жайгарам. Бирок бири бирин кичине эле убакыт көрбөй калса издеп, көксөп, бук болуп кетишет. Бир тууган, бир боор да. Эми ушулардын бирин ала, бирин кула көрсөм, ошондой мамиле жасасам алардын тарбиясы кандай болот да, келечеги кандай болот эле? Өзүмдүн карып, мөгдөп калгандагы келечегим кандай болот эле?
Мамлекет да ошондой эле. Аны нарктуу, ынтымактуу, адам кадырын билген үй-бүлө сыяктуу да күтүүгө болот. Ит Аалынын балдарындай ырылдаштырып койсо да болот.
Чубак ажынын билдирүүсүнүн айланасындагы ызы-чуу дени-карды соо адамдын ар бирин чийки май жегендей кылды. Кыргызга акыркы мезгилде Чубак ажычалык пайдалуу иш кылдым деп кайсы интеллигент мактана алат? Кимди эл Чубак ажычалык башына көтөрүп тосуп алып жатат? Кимдин даватына эл мечитттин ичи тургай, сыртына батпай үйүлүп калып жатат? Ооба, ал өзүнүн чынчыл, бетке чабар, кыпындай жасалмалуулугу жок, анан да илимий кынтыксыз жана ажайып лекциялары менен атпай журттун жан дүйнөсүн ээлеп алды. Ал турсун интернет заманында бүт дүйнөгө каңгып кеткен кыргыздын башын бириктирип, кыргыз жергесине, үй-бүлөсүнө, ата-эне, урук-тууганына байлоого опол тоодой салым кошуп жатат десек муну ким төгүнгө чыгарат?
Ушундай кыйчалыш заманда Жараткан Кудай кыргызга Абдышүкүр менен Чубак деген эки молдону берди. Экөөнүн ээрчишип жүрүп кош аргымактай болуп ашкан данбандарын көрүп, кубанычтан көздөн жаш айланат. Москвада кыргыздан башка да эл толтура. Бирок экөөнүн борбордук мечитке келген күйөрмандарындай көп элди жыйнаган бир да даватчы чыга элек. 15 миң кишилик мечитке батпаган эл сыртта турду. Экөө чет жерде жүргөндүн баарын жихадда жүргөн кылды, каза болгондун баарын шейит кылды, илең-салаң жүргөндүн баарын мусаапыр кылды. Ыйлабаган, жан дүйнөсү тазарбаган, арууланбаган киши калган жок... Эң башкысы, алардын Мекени Кыргызстан экени, эртедир-кечтир кайра баруу милдет экени, жаман атту болбой жакшы жүрүп баруу зарыл экени ар биринин мээсине уюду.
Мына ушул эки молдонун бири Чубак ажы азыр светтикпиз дегендердин ур-токмогуна калып олтурат. Тим эле асмандан издегени жерден табылгандай, анын эптеп бир чалынып жыгылышын зарыгып күтүп олтургандай кектүүлүк, ич күптүүлүк менен талап киришти. Анын “Бетин карабайм, салам бербейм, өлсө жаназасына барбайм, өз пикирлештеримди да ошого чакырам”, - деген сөзү радикализм, такбиризм, экстремизм деген ярлыктар менен сыпатталды. Кайсы юрист, кайсы сот Чубак ажынын ушул сөздөрүн мыйзамсыз деп далилдей алат? Светтикпиз дегендер мыйзамыңды да, укугуңду да уруп ойнобойт экен. Аларга кимдир бирөөнүн сөзсүз радикал, экстремист болушу гана керек сыяктуу. Булар чынында кан күсөп турган эл экен. Болбосо радикал, экстремист деген сөздөр жок кылыш керек, камаш керек, өлтүрүш керек деген сөздөрдүн синоними экени кимге жаңылык!? Ошондо ким экстремист? Эч бир мыйзам бузбаган Чубак ажыбы же ага жалган жалаа жаап ярлык таккан светтиктерби?
Кыргызда жыгачтын ийрисин тезге салса түзөлөт, туугандын ийрисин кепке салса түзөлөт дейт. Эр чекишпей бекишпейт деп да айтат. Ушинтип ачык айтып, керек болсо уяткарып, чечип албас талаш барбы да, маселе барбы? Таптакыр эле чектен чыккан акмак болбосо жүйөөлүү сөзгө ким да болсо ынайт да. Ар ким эле сезет да ашынып, азынап баратканын.
Светтиктер да башка эл эмес. Алар да биздин бир туугандар. Болгону аларга Жараткан Кудай ыйман берсин деп тилейбиз. Ыйман бербесе акылга сыйгыс иштерди жасап бир жамандыктын себепчиси болбосо экен дейбиз. Азыр ким эмне айтса, эмне жазса ар бир сөзүнө чейин катталып турган заман. Жасаган ар бир жаман ишиң да, жакшы ишиң да келет сөзсүз өзүңө кайрылып.
Айтылган сөз атылган ок. Талаага кеткен сөз болбойт. Оозго келгенди сүйлөй берип бийликти провокацияласа болот. Чубак ажыны чакырып эскертүү берди го бийлик. Ошентип олтуруп каматып койсо да, башка жамандыкты жасаса да болот. Бирок ошону менен турмуш бүтөбү? Бүтпөйт. Адилеттүүлүктүн келээр күнү да болот. Мына ошондо бир туугандар биротоло бет карашкыс, бири бирибизге топурак салгыс болбойлу деген сөз.
Чубак ажы менен Жанар депутатты элдештирип койбойлубу деген акылдуулар бар. Элдештирип койгудай экөөнүн жеке талашы жок бул жерде. Принциптердин талашы болуп жатат. Миңдеген адамдардын кызыкчылыгы тууралуу сөз болуп жатат. Бул маселе акыры бир чечилет. Жума күндү бүтүндөй дем алышка айландыруу боюнча жалпы элдик кол топтоо жолу менен болсо да чечилет. Мына ошол күнгө кырды бычак болбой бир тууган болуп баралы деген гана сөз.
Беттегенин бербеген өжөр, чындыктан эч убакта тайсалдабаган эр Чубактын келечеги али алдыда. Көрөалбастары муфтийликтен да уюшуп жатып түшүрүшүп, айлап-жылдап сот менен эзишти. Акыры анын баары самындын көбүгүндөй жарылып, кечээ жакында араң Жогорку сот актап чыгууга аргасыз болгон. Адамдын энергиясын ушинтип уруш-талаш, соттошуу сыяктуу аргасыз иштерге байлап коюуга болот. Аны эл үчүн жалаң жакшылыкка иштетип, улуу иштерди жасатууга да болот.
Адамдын көңүлү гүл. Канчалык жакшылап баксаң ошончолук бажырайып ачылат. Түркияда мектептин башталгыч классында окуган бир жетим бала Таиф Эрдоганга кат жазыптыр менин атамдын ордуна ата-энелердин чогулушуна сиз келип кете аласызбы деп. Эрдоган болсо келиптир ошол мектепке. Ата-энелердин чогулушуна ушул баланын камкорчусу катары катышканы келдим деп. Эл башы бир жетимдин көңүлүн кыйбай келиптир. Кечээ күнү болсо бүткүл дүйнөнүн мусулмандарынын көңүлү деп Америкада Мухаммед Алинин табытын көтөрүп жүрөт. Биз болсо кадимки Эр Чубактай болгон Чубак ажыны ак жеринен эл душманы кылгандан кайра тартчудай эмеспиз.
Аны Президент Жанарлар менен кошо чакырып койсо өзүнүн эле кадыр-сыйы асмандабайт беле. Эл башылык вазыйпасы көрүнбөйт беле. Жума күнкү түшкү тыныгуу боюнча кандай чечим кабыл алынса да аягы жакшы маанай менен бүтпөйт беле. Президент Чубактын да, Чубактын тарапкерлеринин да Президенти эле го. Муфтий кезинде болсо Чубакты он жолу суранса бир жолу кабыл албай койгон. Муфтий катары да кабыл албай койгон! Эми Ыйык Орозо күндөрүндө Кудай баарыбызга сабыр берсин!
Чубак ажычалык элди бириктирген, мекенчилдиккке үндөгөн, ыйманга чакырган, ар кандай диний бузуку агымдардан кайтарган ишти бир да мамлекеттик кызматкер, ал турсун мекеме жасаган жок. Ал менин шакиртим. Менин деле элге кылган кызматым аз эмес. Бирок оомат деген Кудайдан болот экен. Ооматы келип турган тулпарды башка чапкан арам болот. Ал кыргызга Манастай болбосо да Чубактай кызмат кылган эр болооруна кенедей да шегим жок.
Бейшенбек БЕКЕШОВ

"ЧУБАКТЫН ЧУУСУ ЖАНА БИЗ" - 835885417428
"ЧУБАКТЫН ЧУУСУ ЖАНА БИЗ" - 835885422804

Комментарии

  • 14 июн 2016 15:05
    Аллах ыраазы болсун
  • 14 июн 2016 15:57
    Чубак ажыны сыйлайбыз.
  • 14 июн 2016 17:35
    Айтканыныз туура эжекем. Аллахым бизге Чубак ажыдай аалым берди ал болгон акыйкатты айтып куйуп бышып журот. Аалымдар пайгамбарлардын мураскору деп эбак Расулуллах с.а.в. айткан. Жанар ким анын алдында беш убак намазы толукпу же жокпу Кудай билет озунчо Аалым затка асылат. Жанарды колдогон эки жуздуулорда бар экен. Эмнеге шейх дейсинер таксыр дейсинер силер арабдашып кеттинер деген акылга сыйбаган созду айтат. Аллахым орозо айында баарыбызды туура жолдон адаштырбасын. Сиздердин коментарийниздерди окуп журогум элжиреп кетти Кудайдын чыныгы суйгон кулдары бар экен деп Алла раазы болсун сиздерден
  • 14 июн 2016 17:50
    Чубак ажыга Аллах ыраазы болсун!
  • 14 июн 2016 18:02
  • 14 июн 2016 19:10
    Чубак Ажыны менда баалаймын!
  • 14 июн 2016 19:13
  • 14 июн 2016 21:37
    Чубак ажыны мен да колдойм . Бул киши кыргыздарды дин жагынан сабаттуулугун жогорулатып элдин рухун жан дуйносун дилин тазартууга салым кошуп келуудо!ага Алла озу ыраазы болсун!
  • 14 июн 2016 23:02
    Jaratkanym Chubak aajydai aalymdardy kg da kop kylsyn Chubak aajyny koldoim eger bul adamga zyian kyla turgan bolchu bolso biiliktegiler anda kyrgyz eli jon jatpait
  • 14 июн 2016 23:16
  • 14 июн 2016 23:16
    Oilogom Janar Akaev deputat bolso, jaw , jany jakwy iwterdi kylat dep umutongom.birok okunuchtuu bul dele 120 koidun arasynda koi ekenine
  • 15 июн 2016 17:40
    Beisheke erkek ekensiz nagyz tuura aitypsyz Allah raazy bolsun
  • 15 июн 2016 23:13
    Эн туура
  • 16 июн 2016 20:22
    кудайым сабыр берсин эч ким эч кимди сынабаш керек аллах озу таразалайт
  • 17 июн 2016 01:01
    Болду эми баарыныздар .айтканыныздар менен пайда жок жазып жазып кала беребиз.орозо кунундо гыйбат кылбай эле койолу.Чубак ажы ак экенин баарыбыз билебиз
  • 18 июн 2016 14:44
    Ак  ийлет бирок сынбайт.
  • 18 июн 2016 14:51
    Жанар менен Чубаук ажын жолуктурбаш керек болчу.
  • 20 июн 2016 20:27
    Айланайындар  койгула   урушуп жазышпай эле  койгулачы бизге окшогон простой эл эч нерсе. Билбей  калабыз бир  аз убакыт оздору чечип тынышып алышат тушунбой да калабыз жарашып алганын  уже жарашып алгандыр биз кайдан билебиз эфирге чыгып айтпай да  биз жараштык   бизди кечирип койгула биз учун интернетти жаман создорго  толтурбагыла  оо кудайдын пенделери бири бирине конул  ооруткан  создорду  жазбагыла   рамазан айы ыйык ай силер учун кудайдан кечирим сурайм деп  биз учун эки жаат болбогула  деп экоо тен элдин  алдына  жэ  эфирге  чыгып айтышпайт   ошондуктан давайте озубуз сабырдуу   болуп  токтойбуз  кандай дейсинер
  • 20 июн 2016 22:08
    Ooba kowulam sizge uruşup talawkandan esh nerse shikpayt siz aytkan darinin tuura uluu Ramazanda sabir etsek bir az
  • 9 июл 2016 17:15
    Бир жактама эле айткан жарабайт дейм, Ажыбызда деле бар да, оз оюн бироого тануулаш, бироолорду каршы ундош туура эмес ко. Жанар деле ушунчалык жаман айткан жок да.
  • 9 июл 2016 17:48
    Жанары эки ооз созду эптеп суйлой албайтко Ажыбызга асылбасынчы
  • 26 июл 2016 17:56
    Бейшенбек агайдын макаласына соз жок,сизге кошулабыз...