Үмүт шооласы - 895139176362

Үмүт шооласы

#Үмүтшооласы
12 болум
— Жүргүлө, жатаканага барып жүктөрдү коюп анан тамактаналы, — деди ал Кызгалдакты карап. Эки уулу бөжүрөшүп кол кармашып алган. Кызды Макулбек колдон алды. Негедир Макулбек Алияны өтө жакшы көрөт, кадимки өз канынан жаралгандай. Кенен, жарык чоң бөлмөгө келип, жайгашкандан кийин Замир менен Амир уктайбыз деп болбой жатып алышты. Үчөө ээрчишип тамактанчу жерге барып отуруп каалаганын заказ беришти. Жолдо чарчаганбы, Алия тамак жебей койду. Болгону суусундуктан Кола алып берди эле, ошону ичти. Макулбектин көңүлү жайдары, Кызгалдак экөө шашлык менен пиво ичип көпкө отурушту да, кайра Замир менен Амирди ээрчитип алып көл жээгине жөнөштү.
— Касиетиңден айланайын Ысык-Көлүм, биз келдик, жээгиңде ырахаттанып сүйүүнүн бар экенин жар салууга, таза абаңдан кере жутуп дем алууга келдик! — Макулбек эки колун кере көл тарапка таазим эте саламдашкандай жүгүнүп койду. Балдар кум үстүндө кубалашып өздөрүнчө улам көлдүн шарп-шарп этип жээкке урунуп кайра тартылып жаткан толкунуна кызыга кечип жүрүшөт. Кызгалдак Ысык-Көлдү биринчи көрүшү. Айланасы эс алып жаткан элге толгон көк ирим көлдү тиктеп ойлуу:
— — Касиеттүү көлдүн ушунчалык чоң анан сулуулугун көрүп турам Маке, көрчү кандай сонун, күн ылдыйлап баратат, күмүш нурлары көлгө чагылышып кооздугун айтпа!
— Бул көл канча сырды жашырган дейсиң, ар бир толкунунда эчендеген сүйүшкөндөрдүн арманы да, бактысы да катылган, — Макулбек Кызгалдактын ийнинен кучактай жүзүнөн өөп койду, — Көрсөң мына бул толкун экөөбүздү куттуктагандай шарпылдап жатканын.
— Ананчы Маке, мен сени менен сыймыктанам, менин бактыма жаралган жандай сүйгөн жарым экениңе кубанып не дээримди билбей турам, — Кызгалдак күйөөсүнө жалжылдай карады, — Сенчи Маке, мага үйлөнгөнүңө бактылуусуңбу?
— Жаным менен бактылуумун, мен азыр өзүм сенин жаныңда турсам да көктө учуп жүргөн кезим, сени мага кошуп койгон тагдырыма ыраазымын!
— Алтыным.. . — Кызгалдак анын төшүнө башын жөлөп көздөрүн жумуп көпкө турду. Кечки көл жээгинде эл азыраак болгон менен ойноп жүргөн элеттик балдар, кыз-жигиттер улам сууга жетелеше чөмүлүп кирип кайра чыгып бул экөөнү кызыга карап коюшат. Экөө анан жаңы эле бири-бирине сүйүүлөрүн тартуулап турган кыз-жигиттей кыналышып турган. Бири-бирине куп жарашкан жубайлардай. Бири улгайып, эчендеген сырды жүрөгүнө катып тиш кагып калган болсо да, селкисинин жанында тамашакөй, шайдоот, жүзү бактылуу, сымбаттуу көрүнөт. Бул күнү көл менен таанышып балдарынын ойноп жүргөнүнө, бактылуу жүздөрүнө элжиреген Кызгалдак Макулбектин жанында көл жээктей басып жүрүштү: «Аттиң, бул күндөр да өтөөр, ылайым ушул бактымдан ажырата көрбө, батып бараткан күндүн да өкүнүчү болоор, кайра жер жүзүнүн кооздугун көрүп не деген кызыктарга бай адам баласынын ар кандай тагдырына күбө болгусу келээр, кайрадан жаркып чыгып жер жүзүнө нурун чачыраткысы, не деген аруулуктарын аймалап өпкүсү келээр», Кызгалдак ушинтип ойлоп баратат. Макулбек да өз ою менен алек: «Аттиң, ушул бактым кырк жыл мурун болгондо эмне?! Ушунусуна да шүгүр, батып бараткан күнгө окшоп аздыр-көптүр жашоо ырахатын көрсөм болду, өмүргө тойбой баратам, деги пенде жашаган сайын жашагысы, өмүр ырахатын көргүсү келе берет тура, жүрөк чиркин карыгысы келбей улам жаңы жашоого үндөй берет экен, кайран өмүр.. . » деп өкүнүчү, арманы ушул бүгүнкү бактысы бир тең болуп баратат.
— Кой жаным, балдардын карды ачты, чарчап да келди, кеттик, — деди Кызгалдакты колтуктай.
— Алия, Замир, баскыла, Амирди жетеле! — Кызгалдак балдарын чакыра кол булгады, — болгула!
— Оой азаматтар десе, кандай, көл жактыбы? — Макулбек ар биринин жадыраган жүздөрүнө тигиле сурады, — Алия, сагачы кызым, көл жактыбы?
— Ооба ата, жагып калды, эми эртең кетип калабызбы? — Алия балалык кыялы менен тез эле кетип калгысы келбей, көл тарапты суктана карады, — Карасаңыз, тээтигил жерде күндүн жартысы турат!
— Күн батаарда көл менен ошентип өбүшүп коштошот, эртең менен саламдашып чыгат.
— Чынбы, коштошуп жатабы?
— Чын, азыр күн уясына кирет, бир аздан кийин ай чыгат.
— Ай дагы көл менен саламдашабы?
— Ананчы, — Макулбек кыздын тирикарактыгына кубанып аны чачынан сылай өөп койду, — Жан-жаныбарлар да бир-бири менен саламдашат, кызым, — деди анан ойлуу. Бактылуу, бири-бирин толуктап бир үйбүлөгө айланган бул адамдарды эч ким башкача ойломок эмес. Кечинде ачык, салкын кафеде отурушту. Балдар алдына койгон тамактарын үнсүз отуруп ичишти да ордуларынан тура баштаганда:
— Эми силер барып бөлмөңөргө жата бергиле, — деп Кызгалдак акырын айтканда жетелешип кетип калышты.
— Асылым, кандай жакшы балдарды төрөгөнсүң, абдан сүймөнчүктүү да, тартиптүү да? — Макулбек балдарды артынан карап унчукту.
— Мен буларды өзүм ойлогондой тарбия берүүгө аракеттендим, бирок негизи өздөрү кичинесинен мүнөздөрү ушундай, — Кызгалдак жылмая сыймыктанып койду.
— Асылзаадам менин, эми мага да бир өзүңө окшогон сулуу кыз төрөп берсең өлбөс болот элем.
— Буйруганы болоор Маке, мен деле сени бир кубантсам деп ойлоп жүрөм.
— Жаным менин, кичине винодон ичелиби?
— Жо-ок кой, пиво эле ичели, ушу ичкиликтен көңүлүм калган, андан көрө экөөбүз пивону деле ичпей койсок не болот?
— Эми биз эс алып жатабыз да гүлүм, эс алууну ойдогудай өткөрсөк үйгө барганда ичпейбиз.
— Мейли эми, аз аздан ичсе ичели. — Кызгалдак күлүмсүрөй күйөөсүнө эркелегендей үн катты. — Бу ичкиликтин адам баласына зыяндан башка пайдасы деле жок.
— Берекем, акыл менен ичсең көңүлүңдү көтөрөт, дүйнөң түгөл болуп жандан артык бактылуу болуп каласың да муну ичкенде.
— Анысы го бар, биз айрыкча кыргыздар кээде аялдарды деле көрүп жүрбөйбүзбү, бир ичкенден кийин үстү-үстүнө иче берип акчасы жок болсо: «нидагон болуп атам» деп карыздап ичип бутуна тура албай калганда да «арак» деп атып кулап калганын сезбей калышат. Эртеси баш жазат, кайра мас болот, ошентип берилип кеткенин билбей калышат.
— Кудай сактасын, биз акыл менен ичебиз, — Алдына келген пивону ууртап коюп көпкө отуруп, анан ары-бери басып жүрүштү. Курорттун жан жака бели жаркыраган свет, экөөнө окшоп басып жүргөндөр, отургучтарда отуруп алып сүйлөшүп жаткандар көп. Тиги отургучта кыналыша отурган адамдарды карап койду Кызгалдак, келгенде эле көргөн: «бактылуу кишилер экен, бирге өмүр сүрүп, көп жашаган го, эрди-катын сыяктуу, балдары өзүндөй болуп калса керек» деген ойдо болгон. Экөө тең элүүнүн аркы-беркисиндегидей, экөө тең суктанаарлык ажарлуу, кайда болсо колтукташып бирге жүрүшөт. Алар сүйлөшүп отурганда көрсөң эки көгүчкөндүн тумшуктарын тийгизе чукулдашып жатканы сыяктуу көрүнөт. Көгүчкөн сүйүүнүн символу дешет эмеспи. Ал эки адам өмүр бою бирге жашаган менен балалуу болбогон жубайлар экенин Кызгалдак кийин билди. Келгенине он күндөй болуп калган, балдары менен көл жээгинде кумда отурган. Макулбек көлдө жүргөн. Тигил аял жанына басып келип балдарына конфет берип Кызгалдакты карап:
— Уулдарың менен ырахаттанып отурасыңбы? — деди жылмая.
— Ии, сиз эс алып жүрөсүзбү?
— Ооба, жолдошум келгиче жалгыз зеригип кеттим. Анан сени көрүп басып келбедимби.
— Отуруңуз, — Кызгалдак ал аялды жылуу жүз менен карады. Ал отуруп атканда, — жолдошуңуз кайда кетти эле? — деди.
— Ал жумуштары менен кеткен.
— Жолдошуңуз менен эс алып жүргөн экенсиз, балдарыңыз чоңоюп калган да ээ?
— Оx, — деп алды аял, — балабыз жок айланайын, өмүр бою ушул көл жээгинде өскөм, жолдошум экөөбүздүн баш кошконубузга отуз жыл болду, төрөбөдүм.. . — деп отуруп калды.
— Кечириңиз, — Кызгалдак ыңгайсыздана кечирим сурады.
— Эчтеке эмес, канча адам сурабады дейсиң, ушул суроо берилгенде ызаланып ыйлап да жүрдүм, ажырашалы деп айтсам күйөөм болбойт.. Баса, атың ким, таанышып алалы, менин атым Акмончок.
— Меники Кызгалдак.
— Аа-аа жакшы, үч балаң бар экен, тиги жаныңда жүргөн киши күйөөңбү?
— Ооба эже.
— Бактылуу экенсиң сиңдим, мен баарына жеттим, бир гана кудайдан зар ыйлап бала төрөй албадым, — Муңая сүйлөдү Акмончок.
— Капаланбаңыз эже, кудайдын буйруганын көрөт турбайбызбы.
— Ошол экен да, болбосо күйөөм чоң кызматтарда иштеди, үй десе үй, дүнүйө мүлк бар, жыл сайын келип көлдө эс алабыз, бир гана бала деген оорубуз экөөбүздү санаага салып келет, же ажырашып аял ал, балалуу болуп калаарсың, бактыңды, жолуңду тоспойун десем болбойт.
— Күйөөңүз сизди катуу сүйсө керек? — Кызгалдак тамашалай күлдү, — канчадасыз?
— Ооба, биз бири-бирибизди сүйүшүп үйлөнгөнбүз, «же бирөө менен жүр, төрөсө багып алалы» десем болбойт. Жашым элүү беште.
— Сизге сүйүп үйлөнсө, башкага көңүлү жоктур да?
— Аа-аа сиңдим, кайдан. Күйөөмдүн азыркы убакта менден бөлөк аялы бар, мен билбей жүрүп жакында эле билдим, андан эки эркек баласы бар экен, мен ага таарынып төркүнүмө кетип калгам, өзү барып алып келип аялы менен тааныштырган. Көрсө ал аялды «төрөп бер, аялым багат» десе: «Мен бирөөгө төрөп бергидей бала буюм бекем, балалуу болгуң келсе мени менен жаша» деп болбой коюптур.
— Анан эмне болду?
— Ага барып, баарын даярдап берип коюп мени менен жашап жүрөт, «балдарың турат аны менен жаша, мен анда-мында келип кем-каржымды даярдап берсең жашай берем» десем болбойт.
— Азыр экөөңүздөр абдан ынтымактуу, сыйлуу жакшынакай жүрөсүздөр, сыртыңыздардан көрүп аябай суктанган элем, эже.
— Көргөндөр суктангыдай жан элек, экөөбүздүн ортобузда баланын гана жогу арман болду, кантейин.
— Кейибеңиз, балаңыз болбосо да сизди сүйгөн адамыңыз сүйүүсүн өчүрбөй келатканына кубаныңыз.
— Кубанганда кубанып, кайгырганда кайгырып коюп өмүр өтүп жатат, андан башка айла канча?
Ошол кезде Макулбек суудан чыгып келип Кызгалдактын жанына кумга жата кетти. Акмончок өзү ал келатканда ары басып кеткен.
— Тааныштыңбы тигил аял менен? — Макулбек кызыга сурап койду.
— Өзү зеригип басып келиптир, сүйлөшкүсү келсе керек.
— Ии да, күйөөсү бекен жанындагы?
— Ооба, күйөөсү экен.
— Жарашкан түгөйлөр ээ, Кызгалдак?
— Мен да ошондой деп ойлойм, бирок бул аял төрөбөптүр.
— Ошонусу жаман экен, балдары жок турбайбы анда?
— Башка аялы бар экен, эки эркек төрөп бериптир, бирок ал киши бул аялын жакшы көргөндүктөн тигилерди баардык жактан камсыз кылып коюп өзү муну менен экен.
— Ой кызык, кыйын эркектер көп ээ, мен алтымышка чыккыча бир аял ала албай жүрсөм эл экиден алып ийишет, — Макулбек тамаша айтып күлүп Кызгалдакты карады.
— Сиз бизди гана күтүп турсун деп заказ кылгам кудайга! — Кызгалдак да күлүп калды.
— Во молодец, туура кылгансың! — Макулбек каткырып калды, — ошонуң чын болсо керек?
— Калпычы эмесмин.
— Эми балдарды мен карап турам, барып сууга түшүп кел, — деди Макулбек эмелеги тамашасын унута.
Кызгалдак балдары менен сууга түшүп арылабай эле ойнотуп жатты. Кызы арыраак барып эле кайра келет.
— Апа, коркуп атам.
— Коркпо, силер жээктен жылбагыла, мен Алияга сууга сүзгөндү үйрөтөм, — деп балдарына эскертип Алияны арылатып алып баратканда Алия энтигип бакырып ийди:
— Барба-айм, корком апа!
— Ой жинди десе мейли, чоңойгондо үйрөнөсүң, ээ? — Кызгалдак кызын кайра жээкке алып келип, өзү ары көздөй сүзүп кетти. Көптө кайрылып келатканда Макулбек жетип суу ичинен кучактап калды:
— Тим эле шумдук сүзөт экенсиң, кел экөөбүз сүзүп келели!
— Балдарды чыгарып коеюн, анан экөөбүз жарышабыз.
— Ма-акул анда, — Макулбек суунун терең жеринде калып, Кызгалдак жээкке келип балдарын суудан чыгарды:
— Үшүп кеттиңер алтындарым, кумга жата бергиле, биз азыр келебиз, — деди да сууга түшүп сүзүп жөнөдү, — Макулбе-ек, мен барата-ам!
— Келе бер, азыр сенин кыйын сүзгөнүңдү көрөйүн. Экөө катарлаша калып сүзүп баратканда Макулбек андан ары бара албасына көзү жетти да, — Токто, мен жеңилдим, кайра артка! — деди энтиге.
— Жо-ок болбойт, дагы он метрден сүзүп барып кайтабыз, — дегиче Макулбектин төбөсү бирде көрүнүп, бирде көрүнбөй баратыптыр. Чоочуп кеткен Кызгалдак кайрыла калып ага жетип келсе чөгүп бараткандай шалдайып калыптыр, дароо колтуктай калып жээкке алып жөнөдү. Жээкке чыккандан кийин көпкө жатты: «Бекер ойногон экенмин, кантсе да картая баштаган немеге кыйын болуп калмак» деп өзү коркуп кетти Кызгалдак. Ошондон кийин Макулбек жарышканды койду: «Жаш эмеспи, «каргага теңелип каздын буту сыныптыр» дегендей мени кудай урсачы, кайран күч-кубат кете баштаган экен» деп өзүнчө ичтен ойлонуп алды.
Бир күнү балдарды кайыкка салып ойнотмок болду эле Алия менен Амир болбой түшпөйбүз деп туруп алды. Замир болсо эдиреңдеп түшүп, ата-энеси менен ойноп келди. Келгендерине он беш күндөй болуп калса да балдар сууга көнө албай, Амир бир күнү ысытмалап калды. Кызгалдак чарк көпөлөк айланып ага дары-берип, жылуулап жаап жанында. Макулбек дары-дармегин камдап алып келет. Врачтар аны өпкөсүнө суук тийген дешип дарылап кирди. Ошондон кийин Алия менен Замирди сууга алып барбай бөлмөдө карап калышты. Амир жакшы болгондо Кызгалдак:
— Кетсек кантет? — деди Макулбекке.
— Дагы үч-төрт күн жүрө туралы, анан кетебиз жаным, балдарды биерден карап турат, экөөбүз көл жээгинде жүрүп жакшы эс алабыз, сен балдарга көңүлүңдү бөлүп атып эс алганыңды да билбей калдың го?
— Маке, балдарымдын, сенин амандыгың мен үчүн чоң эс алуу, силер маңдайымда болсоңор эле болду.
— Ырысым десе, бүгүн балдар уктаганда көл жээгине басып келелиби?
— Макул, сенин айтканың мен үчүн закон, баш тартуу деген болбойт! — күлүп калышты. Ошол түнү экөө көл жээктей көпкө жүрүштү. Бир кезде көлдүн так ортосу тараптан үн угулуп, ал жардамга чакыргандай болуп жатты. Кызгалдак Макулбекти бекем колтуктап алып коркуп кетти.
— Бул эмнеси, ушул учурда дагы көлдө киши жүрөбү?
— Жети түндө ким жүрмөк эле, көлдө эчен сырлар бар дебедим беле, ошонун бирөөдүр да? — Макулбек жылмайып койду аны сынай, бирок караңгыда аны Кызгалдак байкабады.
— Койчу, чын элеби?
— Мен сени калп айтып алдап жүрдүм беле?
— Жүр кетеличи, кудайым ай, караңгыда келбей эле койбой, сыр берет, атайын көрүнчү көрүнөт дешсе ишенчү эмесмин, кой тез кетип калалы.
— Жо-ок, мен ошол сырды көрүп, аныгын билишим керек!
— Койсоңчу, бол эрте!
— Болбойт! — Кызгалдакты бекем кучактап алып бастырбай туруп алганда ары жактан кайык менен жаштар ызы-чуу болуп каткырып жете келишти, — Мына көрдүңбү? — Макулбек каткырып аларга ээк жаңсады.
— Ой-ий, менин жүрөгүм түшүп калбадыбы?
— А мен алардын кетип атканын көргөмүн, атайын сени тамашаладым.
— Ушунча тамашалайт бекен, кокус чындап коркуп калсам эмне болот?
— Менин кыз Сайкалым сен эр жүрөксүң, коркпойсуң, — деп кучактап өөп анан бөлмөлөрүнө жөнөдү жай басып. Билинбей дагы бир жума өтүп үйлөрүнө жөнөмөй болушту. Кызгалдак дароо эле Салимага чалып койгусу келди.
— Чалсаң чал, таарынып калбасын.
Экөө телефонго барып жолго чыгаарын айтышты эле вокзалдан тосуп алмай болду. Балдары бойтоңдоп таксиге түшөбүз деп кубанычтары койнуна батпай калышты:
— Үйгө кетебиз ээ, апа?
— Биз көлдө жүрүп келдик дейбиз да.
— Ооба, сен сууга түшө албай койдуң го? — деп биринен-бири өтүп кыткылыктап күлүп атышты. Балалык кез кандай гана бакыт, ой-санаа дегенди билбей, таңдын атканына, күндүн батканына чейин оюн менен алек болот эмеспи. Кызгалдак балдарынын сөздөрүн угуп кулагы тойбойт, өзүнчө жылмайып коет: «садагаларым десе, ушул бойдон жамандык көрбөй чоңойсоңор экен, багыбызга атаңар аман болсун» деп Макулбекти уурдана карап алды. Ал да балдардын божурашканына кубанып карап отурган. Такси тез эле келди. Заматта Бишкек жолуна түшүп зымырай жөнөштү. Кайрадан термелип жолдон көзүн албай келечекте алдына максат коюп баратты Кызгалдак: «
Макулбек мени иштетпейт, мейли иштебесе иштебей эле коеюн, кем карчым болбосо, киймим бүтүн, кардым ток, балдарым жанымда, мага дагы эмне керек, көзүмдүн агы менен айланып отурган адамдын көңүлүн оорутуп иштейм десем болбойт, анын үстүнө мен жаш болсом, кызганып да жүрбөсүн» деп ойлоп астыда отурган Макулбекти карап койду. Ал божурап дагы эле шофер менен сүйлөшүп баратат: «Бу деги сүйлөөк адамдар эмнени сүйлөшөт болду экен, мен сүйлөгөнгө сөз таппай калам, кызык мен өзүм сөзгө жок окшойм» деп да ойлоп алды.
— Алар таксиден түшөөрү менен эле Салима менен Марс жолугуп машинасына салды да өз үйлөрүнө алып жөнөштү. Келишсе эбак эле козу союп казанга салып коюптур, эт бышаарына аз калган экен. Шамбет ошол жерде экен.
— Кандай тага, жакшы эс алып келдиңерби?
— Жакшы-жакшы, өзүңөр кандай турасыңар, эжем жакшы жүрөбү?
— Баары жакшы, өзүңүздүн денсоолугуңуз дуруспу?
— Жакшы раxмат, өз иштериңер кандай?
— Нормально, тага!
— Азамат, жумуштун көзүн таап алдың, эжемди карап атасыңарбы?
— Карабай анан, колумдан келгенин жөнөтүп турам, короче бүт обеспечение менден, тага.
— Аз-замат, силерди бакты, чоңойтту, окутту, эмки кезек силердики да? — Макулбек күлүп калды.
— Сөзсүз да.
Алар бир туугандарча сүйлөшүп отурганда сыртта жүргөн Кызгалдак кирди эле Шамбет ордунан тура калды.
— Кандай тажеңе, жакшы келдиңерби?
— Жакшы раxмат, өзүңөр кандай, эжемдер жакшыбы?
— Жакшы-жакшы, . — Кызгалдактын өңүнө кирип ого бетер чырайына чыга түшкөнүн көрүп көздөрүн ала качып тайсалдап кетти: «каап тажеңем болоорун билгенде жолукпай койбойт белем, эми көргөн сайын ич тызылдап жүрүп өтөм го?» деп ылдый карап отуруп калды. Кызгалдак эч нерсени билгизбей балдарын отургузуп алар менен алектенип отура берди. Салима менен Марс жан алы калбай балдарына бир үйрүлө калып Макулбек менен Кызгалдактын ал абалын сурап атышты:
— Көл жаныбар сонун болуп тургандыр, байке? — Марс отура калганда сурап калды тамшана, — биз буйруса келээрки жылы барабыз, быйыл жумуш көп.
— Ой, укмуш көлкүлдөп күмүш көбүктөрү чачырап турган убагы экен, эл көп.
— Азыр сезону да.
— Ооба, ичинен чыкпай жата бергиң келет, — Аңгыча Салима оокатын көтөрүп келип калды. Марс тура калып жардамдашмак болуп кошо чыкты. Козунун эти алдыга келгенде койкойгон импорт вино, пиво кошо келди. Кобурашып отуруп аз-аздан винодон ичип черлери жазылды. Кетээринде Салима Макулбекке костюм-шым, көйнөк, калпак кийгизди. Кызгалдакка болсо жаңы чыгып аткан жакалуу лама пальтосун алып келгенде ал ыргып кетти:
— Салима, бул эмнең, кой мынчалык чачылба, мен эмне келип эле жүрбөйүнбү, мунуң болбойт!
— Ошо кантип болсун, мурда курбум элең, азыр сени Марс экөөбүз тун кызыбыз деп күлүп калабыз, — Салима болбой эле пальто менен көйнөк, жоолукту пакетке салып жанына койду да үч баласына да өздөрүнө чак кийим алып келип өзү кийгизе баштады. Кызгалдак ого бетер чебеленди эле аны Марс менен Макулбек тыйып койду. Айрыкча Алияга алган көйнөгү тим эле жарашып калды:
— Алияма атайы заказ менен тиктиргенсиң го, Салима? — аны карай Макулбек күлүңдөп койду.
— Алияга өзүм тандагам да, кана Алия, көйнөк жактыбы?
— Ооба жакты, — Алия кудуңдай карап койду эле Салима аны бетинен өөп эркелетип, — Кана жигиттер, силерге да жактыбы? — деп жанындагы балдарды карады.
— Ооба.
— Жакты, — деп экөө тең жарыша айтты. Андан кийин дасторконго бата кылып жолго чыгышты. Шамбет дагы алар менен жылуу коштошуп кала берди. Түнкү он бирлерде аларды Марс өзү жеткирип анан кетти. Шамбет өз машинасы менен үйүнө жөнөп кеткен. Кайра келген Марс Салимага дагы бала жөнүндө сөз козгоду:
— Кызгалдактын кызы абдан жакшы кыз болот, инилерин ошол эле башкарып, бейбаштык жасаса акырын гана урушуп коет экен.
— Кичинесинен ал базарда жүргөндө ошол кыз бакты да, анан балдар аны укпаганда кимди угат.
— Ошону айтсаң, дээринде бар кыз, — Марс ойлуу туруп анан, — Салима, биз дагы биринчи кыздуу болобуз ээ, анткени кийинкилерин өзү багат, экөөбүз жумушта жүргөндө.
— Кыз жакшы, улуусу кыз болсо колуң да узарат, — Салима өзүнчө ойлуу отуруп калды.
— Доктурга көрүнүп келчи Салима, балким боюңа болуп калса кыйналып жүрбө билбей калып.
— Ой боюна болгон аял талгак болот, кусат тамак иче албай, а мен жөн эле жүрбөйүнбү, эмне эле шашасың, келгениме бир жыл боло элек го, бир, эки жылдан кийин деле төрөйт экен кээ бирөө, — Салима таарына түштү, — «Качан төрөйсүң?» деп жанды койбодуң го тим эле..
— Кечирип койчу жаным, мен тез эле балалуу болгум келип атпайбы?
— Анда башка аял алып төрөтүп ал эртерээк! — Салима бултуя ары карады.
— Койчу эми, периштем менин, карлыгачым менин, кечирдиң ээ? — Марс аялын кучактап кытыгылап өпкүлөй баштады.
— Болду таарынбайм, анан сеники жакшыбы, жүз жыл өтүп кеткенсип «бала, бала!» дейсиң, кудай буйруган күнү болот да.
— Койдум эми, эч айтпайм, — деп кучактап эркелетип койуп сыртка жөнөдү, — Төшөк сал эми, жатып эс алалы, эртең эрте кетем.
Салима үндөгөн жок, төшөгүн салып атып: «чын эле эмнеге сактандым экен, эртең Марска айтпай врачка көрүнүп келейин» деп ойлонуп калды.
Эртеси жумушуна барып жооп сурап алды да гинекологго барып кезек күтүп туруп боюнда бар келиндерди көрүп ичи тызылдап кетти. Кезек күтүп атып жанындагы келин менен сүйлөшө кетти:
— Биринчиңби?
— Жо-ок, экинчим. Баламды эмизип жүрүп эле боюма болгонун билбей калыптырмын.
— Канчадасың?
— Жыйырмага чыктым, биринчи балам он сегизимдеги, муну алдырып коеюн дегем, жолдошум болбой койду.
— Жапжаш экенсиң, эрте турмушка чыктың беле?
— Он жетимде эле ала качып кеткен, «кетем!» деп чыр салсам атамдар «босогону аттагандан кийин болбойт, отурсун» деп жеңемди жөнөтүп ийиптир, анан ыйлап-ыйлап отуруп калгам, — Келин божурап сүйлөп берди, — Сиздин канча балаңыз бар?
— Жок! — деп Салима селт эте түштү, ал минтип сурайт деп ойлогон эмес, ойлуу отуруп калды.
— Кеч чыктыңыз беле? — Кайра сурады ал.
— Ооба кеч чыккам, — Салима көңүлсүз жооп берди, аңгыча тигинин кезеги келип кирип кетти: «Чын эле балалуу болууну ойлогон эмес экемин. Өзүм күйөөгө кеч чыксам, кайра сактанып жүргөнүмдү кара; врачка ачык айтып көрүнөйүн» деген ойдо отурду. Кезек менен кирген Салиманы караган врач гинеколог:
— Кулагым сизде, айта бериңиз, — деди.
— Эже, мен көрүнөйүн деп келгем, күйөөгө чыкканыма бир жыл болот жакында, анан.. . анан мен төрөгүм келбей дары менен сактанып жүргөм, жакындан бери күйөөм бала төрөп бер дей баштаганда токтоттум, зыяны жокпу, төрөймбү?
— Адегенде көрөйүн, анан айтам, чечинип жат! — деди врач дароо эле. Салима креслого жатты, врач ар кайсыны сурап көпкө көрдү да, — Түшө бер, — деди.
— Эже боюма болобу?
— Азыр.. . — врач колжуугучка колун жууп келип ордуна отурду да Салиманы тике карап, — Сен сактанбасаң деле болмок эмес, анткени сенин боюңа таптакыр болбойт! — деди.
— Эмнеге?! — Салима заманасы куурула сурады, — Такыр төрөбөймбү?
— Мен сени сооротуп алдап «төрөйсүң» деп калп айта албайм, сенин жатыныңдагы урук бала кезиңде эле куурап калган, суук тийип оорудуң беле?
— Билбейм, эсимде жок, дарылансам болбойбу, эже? — Салима жалооруй сурады.
— Дарыланып көр, бирок үмүт жок.
— Дары, укол жазып бериңиз, аракет кылып көрөйүн.. .
— Болуптур, менден эмес кудайдан, аракет кылып көр, күйөөңө суук тийгенин ачык айт! — врач кичине кагазга бирдемелерди чиймелеп бере салды, — Кудай жардам берсин!
— Ма-акул эже, раxмат, — Салима көңүлү чөгүп чыга жөнөдү. Ошондон баштап Салима көзү ачыкка да барды. Сүйлөшүп алгансып ал дагы төрөбөйсүң деди. Эч кимге көрүнбөй ыйлап алды. Көз алдына бөйпөйгөн Кызгалдыктын балдары келди, ого бетер ызаланды, ыйлады. Марска эч нерсе айтпады. Болгону дарыланууну баштады, бирок андан пайда болбоду. Арадан билинбей дагы эки жыл өтүп кетти, ошондо гана: «Марсты алдап жүрө бергеним болбос, жакшы эле далбастадым, кана болгону, төрөбөс болуп калган турбайынбы, айла канча, ачыгын айтайын» деген ойго келди. Марс жумуштан келээри менен алдына тамагын коюп маанилүү сөз айта тургандай ойлуу отуруп тамактанып бүткөндө:
— Марс, мен врачтын кабыл алуусунда болдум, — деди.
— Ийи анан? — Марс кубана аны карады. Анткени баягыдан кийин эч бала жөнүндө сөз козгой элек болчу.
— Марс, мен төрөй албайт экенмин.. . — Салима көздөрүнө жаш толо буулугуп кетти, — Баары бүттү Марс, эми сен каалаганыңды кыл, экөөбүз ажырашуубуз керек!
— Салима, сен эмне деп жатасың, айтчы дурустап, бир нерсеге түшүнсөм өлөйүн.
Салима көпкө үн чыгарбай ыйлап отуруп, анан баарын айтып берди:
— Мен ишенбей өз алдымча дарыланып да, молдо кожого да барып көрдүм, баарынын сөзү бирдей болуп атат, үмүтүм үзүлдү. Марс, мен сени качанкыга алдап жүрө бермек элем?
— Койчу жаным, ыйлабачы, кантип эле ошондой болсун, бирөө эрте төрөйт, бирөө кеч төрөйт, чыдайбыз, күтөбүз, анан баары жакшы болот.
-----------------------------------------------------------------------------------
Класс басып. комментарий жазыныз. Оз ойунузду болушунуздор. Дагы кандай кенеш,кандай темаларды чыгарсак болот. Сиздерге кызыктуу жана керектуу нерселерди жазыныздар. Биз сиздерге таап бергенге аракет кылабыз.
------------------------------------------------------------------------------------
*БИЗДИН ГРУППАГА КОШУЛУУ УЧУН*
БУЛ НОМЕРГЕ КАЙРЫЛЫНЫЗДАР:
_Whatsapp_
(+79254077821)
(Однокласснике катталыныз)
*Эскертүү:*☝ _Макаланы башка тармактарга бөлүшкүңүз келсе эч нерсесин өзгөртпөстөн жүктөңүз сизге аманат._
*ОКУРМАНДАР ГРУППАСЫ*
🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬

Комментарии