#Сыноочыгармасы — Кызык, сен аны менен сүйлөштүңбү? — Ооба, Айсалкын апасынын көзүнө тике карап көпкө турду да, — Мен эгерде ал адамга турмушка чыга турган болсом не дээр элеңиз? — деди. — Эмне-е? — Сапийна аны таңгала карап калды, — Сенби, Акматбеккеби? — Ооба, мен аны сүйүп калсам эмне болот? — Кой, мени менен тамашалашпа, — Сапийна ордунан туруп кетти, анын ичинде түпөйүл ой турду, кыжаалат болуп бир кездеги өзүнүн башынан өткөндү эстөөгө аргасыз болду… Сапийна онунчу класска барганда аларга бир жаңы мугалим келип калды, кара мурут, көздөрү бүркүттүкүндөй өткүр, мурду кырдач, жүзү куба, узун бойлуу керилген жигит, кыздар алгачкы күнү эле шыбырашып жатышты. Сапийна анда аскерден жаңы эле келген Нуралы менен сүйлөшүп калган, класстагы балдар кыздар шыбырашып гүрү-гүү болуп жатканда жаңы мугалим кирип келди эле класс жымжырт болуп калды. — Саламатсыңарбы балдар? — деди жаңы мугалим өзүнө көңүл бурдуруп. — Саламатчылык агай, — дешип баары бир ооздон үн катты окуучулар. — Бүгүнкү биринчи саат кайсы сабак экенин билесиңерби? — Ооба, адабият сабагы. — Эмесе мындай, — Мугалим журналды колуна алып окуучуларды бир сыйра тиктеп алып, — Мен кыргыз тил, адабиятынан берем, аты-жөнүм Уезбаев Акматбек, — деди да отуруп алып журналды карап окуучулардын аты-жөнүн окуп кирди, баары тура калып жооп берип жатты, кезек Сапийнага келгенде, — Сариева Сапийна? — деп ордунан турган кызды нестээ карап көпкө турду, экөөнүн көздөрү чагылыша түштү, кыз дароо отура калды. Ошондон кийин сабакка киргенде ортоңку катардагы экинчи партада отурган кызды тиктей берет, бирок кыргыз тил, адабият сабагынан сурап да койбой эле «беш» деген бааны коюп койчу болду. Бир жолу ал коридордо келе жатса алдынан чыгып: — Сариева, сен окууңду улантасыңбы? — деди жакын келип. — Билбейм. — Эмнеге? — Эңиле жүзүнө тигилди. — Окуу үчүн жакшы окуш керек да. — Сен жаман окуучусуңбу? — Өтө деле жаман эмес. — Эмесе жакшылап оку, жардам берем, кайсыга тапшыраарыңды айтсаң эле сүйлөшүп берем. — Апам окутпайт го. — Эмне, күйөөгө береби? — Саал жылмайды. — Жо-ок. — Анда эмнеге жибербейт? — Эки иним бар, апам жалгыз да. — Атаң жокпу? — Жо-ок. — Кечир, — Акматбек ойлонуп туруп, — Инилериң жашпы? — деди. — Беште, үчтө окушат. — Макул, дагы сүйлөшөбүз, — деп басып кетти, ошол жылы ал Сапийнанын үйүнө көмүр, жыгач отун түшүртүп берди, бирок Сапийнага бир ооз сүйлөгөн жок, мектепти бүткөнчө көзүн кылгыртып эле карап калат бирок үндөбөдү. Бирок Сапийна аны сүйүп бара жаткан эле, Нуралы ала качканда отурбай чыр салды, бирок апасы аны тынч отурсун деп айттырып ийгендиктен унчукпады… — Сапийна, эт бышайын деп калды, жеңемдерге Жапарды жөнөтчү, — деп калды. — Мен айтканмын, келип калышаар. — Айтсаң жакшы болуптур, — Нуралы кайра чыгып кетти. — Мен сизге жардам берейинби? — деп жанына келди Айсалкын. — Жо-ок, сен коноксуң, отура бер, — деп койду Сапийна, аңгыча кобурашып Туралы менен Зуура, Нуралылар кирди. Бир туугандар чогуу отуруп тамактанышты, Айылчы дагы келген, ал эки үйдүн ортосундагы эрке бала, баары аны эркелетип турушат, ал азыр тогузунчу класста окуйт. Жапар жыйырма бешке чыкса дагы үйлөнө элек, эми үйлөнөм деп турган, Залкар болсо эки балалуу болуп айылдагы үйүндө, Зыпар үйлөнүп өзүнчө үй алып кеткен. Айсалкын ошентип бир жумадай жүрүп анан кетмек болуп жатканда апасына турмушка чыгаарын айтып отурду, баягы айтканына жүрөкзаада болуп жүргөн Зуура: — Кызым, баягыңа чыгасыңбы? — деди аста. — Жо-ок апа, мен жөн эле айтканмын, азыр врач жигитке чыгам. — Ыраспы кызым? — Зуура кубанып кетип кызын кучактай калды, — Өз теңиңди тапсаң болду кызым, бактың ачылсын. — Ооба апа, жаш эле жигит, үй-бүлөөсү бүт медик экен. — Болсун, жакшы куда күтсөк жүзүбүз жарык болбойбу. — Ошону ойлодум да.— Сербейген садага болоюнум десе, себиң болсо даяр, болгону көшөгөнү алышым керек, той өткөрөсүңөрбү кызым? — Ооба апа, Аваз үйлөнгөндөн кийин эле өткөрөбүз деди. — Ырас болгон экен, кызымдан тою болот деп мен дагы мактанып калайын, атаң укса кубанаар, — Зуура кудуңдай карады, — Табыш менен Нестандын дагы үйлөнүү тоюн өткөрсөкпү кызым? — Ошенткиле да, жөн тойдон айрымасы болот апа, Табыштын дагы өмүрүндөгү эң сонун учуру ошол болуп эстеп жүргөндөрүнө жакшы, мен камера алып берем, тойду баштан аяк тартып коебуз, кийин көрүп жүрөсүңөр. — Атаңа айтайын, болгону үчөөңөр болсоңор, бактылуу эле болсоңор экен. — Буйруса апа, — Айсалкын апасына эркелей карады, — Менин сөзүмө капа болбодуңузбу? — Эмне дейт, кайсы кебиңе? — Улуу кишини сүйүп калдым дедим го? — Сенин андайга барбасыңды билем да кызым, — Жылмая карап эңиле өөп койду, — Менин кызым андай кылба-айм. — Апа-а. — Берекем, кой мен сенин жолуңа камданайын. — Убара болбой эле коюңузчу. — Капырай, кыздар үмүттөнүп калбайбы, тойдон салайын кызым, — Зуура туруп өзүнүн ишине киришти, Айсалкын уктап калды. Эртеси оор баштыктарды салып таксистке үйүнө чейин жеткир деп убадасын алып жөнөтүп калышты. Айсалкын жол бою ойго чөмүлүп кетип жатты: «Кыз бала туулган жеринде убактылуу гана конок болот тура, ал тургай ата-энеңдин дагы, бир күнү акыры өз эл-жериңди таап кете берет экенсиң, ошол үчүн кыз жаманы кыроо деп коет экен да. Мен дагы бул айылыма эми келсем конокко гана келемин, кош бол киндик каным тамган жер, түбөлүк менин эсимден кеткис туулган айылым, эркелеп өскөн жерим, мен үчүн сенден ыйык эч нерсе жок, бактылуу балалыгым сенин койнуңда калды. Ак батаңды бер ата-бабаларымдын арбагы колдосун», — деп терең ойго чөмүлүп кете берди. Качан гана үйгө жеткенде: — Кызым келдик го? — деди таксист. — Аа-а рахмат байке, — Айсалкын жүгүн түшүрүп калды, бөлмөсүнө келсе Дамира эле бар экен, ал дароо эле кучактап калды: — Кандай келдиң Аси? — Абдан жакшы, өзүңөр кандай турасыңар? — Бизде баары жакшы. — Аидалар жокпу? — Жигиттери менен кеткен. — Алим келген жокпу? — Ой ал үйүнө кеткен, үйлөнөбүз дейт. — Баарыбыз кетет экенбиз да? — Айсалкын сырдуу жылмайды. — Эмне Аваз дагы үйлөнөм дейби? — Ооба, эмки жумада… — Ой, ошончо эртеби, биз окуунун аягына чыкпай эле баарыбыз күйөөгө чыгат экенбиз да? — деп экөө сүйлөшүп отурганда Дамира келди, андан кийин Гүлмайрам да келип курбулар келечек жашоолору, окуусу жөнүндө сүйлөшүп тойдун кешигинен жеп чай ичип отурушту: — Кечээтен бери Аваз чала берип тажатты, — деди Дамира күлүп. — Сүйүүсүн жоготуп албайын деп жаткандыр? — Аида тамашага чалып айтты, — Бу жигиттер тим эле артыңдан түшүп алса, жүрү тиякка, жүрү биякка, кафеге кирели, киного баралы дей бергени жаман экен. — Башкысы чыгым өзүнөнбү? — деди Дамира. — Жо-ок ай, бирин төлөсө бирин уялгандан өзүм төлөйм. — Уялсаң өзүң багып жүрө бер анда. — Сүйсөм кантейин анан? — Кийин кантесиң анан, мойнуңа минип алат го? — Дамира каткыра күлдү. — Антпейт, иши жакшы эле, — Аида кызаңдай кетти.— Сеникичи Гүлмайрам? — деди Дамира, — Асиники го белгилүү, бир операция үчүн эле канча айлык акыны таап коет. — Меники бизнесмен, менден сурабайт, — деди Гүлмайрам кенебей. Тамашалашып отурушту. Алар ар дайым бири-бирин тамашалап күлүп күн сайын күлкү менен күн кечире турган, бактылуу кыздар эле, алар алдыда эмне болоорун сезбеген бейкапар гана ата-эненин камкордугуна бөлөнгөн кыздар. Академияда канча кыздар болсо алардын ичинен төртөө абдан ынтымактуу дагы, Арууке турмушка чыкканы бөлүнүп калды, анткени сабакка келип кайра тараары менен үйүнө шашат. Кыздар ошондой бакыттын кучагында окуу менен бирге ойноп күлүп бейкапар жүргөндө Айсалкын Аваз менен кетүүгө даярданып жаткан. Сабакта отурганда Азиза деген кыз: — Кызда-ар, биздин Асеманы Жайнак деген жигит алып кетиптир! — деп калды. — Кайсы Жайнак? — деди Аида. — Ким билсин, бизнесмен имиш, эмки айда үйлөнүү тою болот экен, кечээ мен апасына жолуктум, — деп калды Азиза, Асеманы баары эле таанышчу, Гүлмайрам ишенээр-ишенбесин билбей баш көтөрбөй отуруп калды. Чынында Азиза Жайнак Гүлмайрамдын жигит экенин билчү эмес, башкаларга деле билинбеген бойдон калмак, бирок бир аз отурган Гүлмайрам туруп Азизага карады: — Азиза, Асема менен Жайнак сүйлөшүптүрбү? — Мен билбейт экенмин, апасы айтты үйүнөн алып кеткенин. — Ушул сөзүң чынбы? — Эмне мен далилдешип керекпи? — Гүлмайрам, — деди Дамира, — Кара кулдун катын алганы кимге дегендей Жайнак деген үйлөнсө көп кыргыздын бири үйлөнүптүр, аны сурап эмне кылабыз? — деп аны отургузду, бирок Гүлмайрам дептерлерин жыйнап чыгып кеткенде курбулары кошо чыкты. Айткандай эле Жайнак алдамчы болуп чыкты, Гүлмайрамды сооротуп жатышты кыздар, ал көзү тоодой болгончо ыйлап алардын жубатуусуна дагы болбой: — Эмнеге мени алдайт, мен анын сүйүүсүнө татыктуу эмесминби? — деп ыйлап жатты. — Ал акмак тура, тескерисинче ал сенин сүйүүңө тең эмес. — Асема менден артыкпы айтсаңар? — Ата-энеси болбой алып берип койсо керек? — Эми эмне кылам, мен аны сүйөм да. — Сени сүйгөн жигит дагы чыгат, — дешип кыздар аны тегеректеп боору ооруп турушканда эшик такылдап калды, кыздар негедир өз жигиттеринен күмөн санай башташкан эле, бири барып эшик ачканга даабай турушту: — Аси, сен ачсаң, силер жакында үйлөнөсүңөр го, Аваз келсе керек? — деди Аида. — Макул, — Айсалкын эшикке жетип, — Ким бул? — деди акырын. — Мен Жайнак, ачсаңар кыздар, — дегенде Айсалкын кыздарды карады, алар Гүлмайрамды карашты эле: — Кире берсин! — деди Гүлмайрам жаштуу көзүн сүртө, Айсалкын эшикти ачаары менен эле кирип келген Жайнак. — Гүлү, жүрү кетип калалычы, мен сенсиз жашай албайм! — деп Гүлмайрамды кучактап калды, — Мени зордоп Асеманы аласың дешти, ал апамдын таежесинин кызы, бир тууган бөлөбүз, жүрү кеттик, мен качып келдим, — деп кызды сүйлөтө койбой энтеңдей шаштырып кирди. — Каякка, эмне деп жатасың Жайнак? — Үйгө, үйгө алып барам. — Мени жакшы көрмөк беле барбайм. — Сен барбасаң мен анда дайынсыз жоголом. — Мен бирөөнү ыйлатып коюп сени менен барып бактылуу боло аламбы? — деди Гүлмайрам баятан берки өктө-таарынычын айтмак турсун, — Сен үйүңө киргизе электе келсең башка болчу, — Аны өзүнөн оолак түрттү. — Гүлү, алар мени жөн гана сүйлөшүп келебиз, сен кызды көр дешти, тааныйм десем болушпады, көңүлдөрүн калтырбай барып коеюн десем дароо эле сөйкө салганы барышыптыр, анан кайра алып жөнөштү, өзүм дагы билбей калдым эмне болгонун түшүнбөй дагы калдым, кечке качырбай коюшту, анан Асемага менин сүйгөн кызым бар, — деп коюп баса бердим. — Жайнак, — деди кыздардын эптүүсү да сөзмөрү дагы дамира, — Эми сен Гүлмайрамды алып барганда эмне пайда? — Аларга айтам, болбосо экөөбүз тең өлөбүз дейм! — деп Гүлмайрамды карады, ал мостоюп эле эмне кылаарын билбей отурган, эшик ачык бойдон экен тапырап эле экөө-үчөө кирип келишти: — Жайнак, бас үйгө кеттик, — деди бири.— Мен барбайм, барсам Гүлмайрам менен барам. — Сен жаш бала эмессиң, келин келип калды го? — Мен эч жакка барбайм! — деген Жайнак ашканага жүгүрүп чыгып бычак алып келди, — Эгерде кетпесеңер мен муну да өзүмдү да өлтүрөм! — деп Гүлмайрамды бекем кучактап алды, — Экөөбүз тең өлөбүз! — Жайнак, биз кеттик анда, — деп тигилер бири-бирин ымдай сыртка чыгып кетишкенде кыздар эси ооп эле отуруп калышты, эмне дээрин эч кимиси билбеди: «Демек Жайнак Гүлмайрамды сүйөт экен, жигит ушундай болуш керек», — деген ой ар биринин оюнда турду, кыздар ушул азыр булардын сүйүүсүнө күбө болуп турушкан, Жайнак өз туугандары кетээри менен: — Гүлү, кеттик бул жерден, — деди алаңдай. — Кайда барабыз? — Алар дагы келишет, кетип калалы, — деп Жайнак шаштырганда Гүлмайрам болбоду, Жайнак көгөрүп айтканынан кайтпайт. — Жайнак, мен сенин үйүңө жакшы маанайда барсам болмок, эми каргышын угуп кантип жашамак элем, пешенем ушул болсо көндүм, сенин эми тагдырың башка болгон болсо айла канча? — деди Гүлмайрам көз жашын төгүп. — Менин тагдырым сени менен гана, мен аны албайм. — Мен сени менен барбайм! — Анда мен аяксыз жоголомун, ал үйдө, сен бул жерде күтө бергиле! — деп эшикти көздөй жөнөгөндө Гүлмайрам тура калды: — Жайнак, тагдырга көнүү керек! — Сен көнө бер, мен көнө албайм! — деп чыгып кетти, сыртта аларды аңдып экөө турган, анын чыкканын көрүп калып карап туруп ал унаасы менен жөнөгөндө артынан түшүштү. Жайнак катуу айдап кетип жатканда: — Мына бул сообу өзү, өлгүсү келген жокпу? — деди бири. — Мунун мындайын ким билиптир? — Акемдерге эле барып айтпайлыбы? — Ошентпесек караандабай калдык го? — Кеттик, тезирээк айтуу керек, болбосо бирдемеге учурашы мүмкүн, — деди да алар унаасын артына бурду, Жайнак катуу кетип бара жатып жол боюндагы тосмого урунуп эчтеке билбей жатып калды. Бул учурда кыздар уйкусу келбей өздөрүнчө кыжаалат болуп жатышты: — Гүлмайрам, Жайнакка эмне болот? — Билбейм… — Ачуусу менен бирдеме болсочу? — Корком, бир нерсе болот. — Эмне кылуубуз керек? — Кантип билебиз эми?----------------------------------------------------------------------------------- Класс басып. комментарий жазыныз. Оз ойунузду болушунуздор. Дагы кандай кенеш,кандай темаларды чыгарсак болот. Сиздерге кызыктуу жана керектуу нерселерди жазыныздар. Биз сиздерге таап бергенге аракет кылабыз. ------------------------------------------------------------------------------------ *БИЗДИН ГРУППАГА КОШУЛУУ УЧУН* БУЛ НОМЕРГЕ КАЙРЫЛЫНЫЗДАР: _Whatsapp_ (+79254077821) (Однокласснике катталыныз) *Эскертүү:*☝ _Макаланы башка тармактарга бөлүшкүңүз келсе эч нерсесин өзгөртпөстөн жүктөңүз сизге аманат._ *ОКУРМАНДАР ГРУППАСЫ* 🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬
"ОКУРМАНДАР" группасы
Сыноо чыгармасы 22 Болум
#Сыноочыгармасы
— Кызык, сен аны менен сүйлөштүңбү?
— Ооба, Айсалкын апасынын көзүнө тике карап көпкө турду да, — Мен эгерде ал адамга турмушка чыга турган болсом не дээр элеңиз? — деди.
— Эмне-е? — Сапийна аны таңгала карап калды, — Сенби, Акматбеккеби?
— Ооба, мен аны сүйүп калсам эмне болот?
— Кой, мени менен тамашалашпа, — Сапийна ордунан туруп кетти, анын ичинде түпөйүл ой турду, кыжаалат болуп бир кездеги өзүнүн башынан өткөндү эстөөгө аргасыз болду…
Сапийна онунчу класска барганда аларга бир жаңы мугалим келип калды, кара мурут, көздөрү бүркүттүкүндөй өткүр, мурду кырдач, жүзү куба, узун бойлуу керилген жигит, кыздар алгачкы күнү эле шыбырашып жатышты. Сапийна анда аскерден жаңы эле келген Нуралы менен сүйлөшүп калган, класстагы балдар кыздар шыбырашып гүрү-гүү болуп жатканда жаңы мугалим кирип келди эле класс жымжырт болуп калды.
— Саламатсыңарбы балдар? — деди жаңы мугалим өзүнө көңүл бурдуруп.
— Саламатчылык агай, — дешип баары бир ооздон үн катты окуучулар.
— Бүгүнкү биринчи саат кайсы сабак экенин билесиңерби?
— Ооба, адабият сабагы.
— Эмесе мындай, — Мугалим журналды колуна алып окуучуларды бир сыйра тиктеп алып, — Мен кыргыз тил, адабиятынан берем, аты-жөнүм Уезбаев Акматбек, — деди да отуруп алып журналды карап окуучулардын аты-жөнүн окуп кирди, баары тура калып жооп берип жатты, кезек Сапийнага келгенде, — Сариева Сапийна? — деп ордунан турган кызды нестээ карап көпкө турду, экөөнүн көздөрү чагылыша түштү, кыз дароо отура калды. Ошондон кийин сабакка киргенде ортоңку катардагы экинчи партада отурган кызды тиктей берет, бирок кыргыз тил, адабият сабагынан сурап да койбой эле «беш» деген бааны коюп койчу болду. Бир жолу ал коридордо келе жатса алдынан чыгып:
— Сариева, сен окууңду улантасыңбы? — деди жакын келип.
— Билбейм.
— Эмнеге? — Эңиле жүзүнө тигилди.
— Окуу үчүн жакшы окуш керек да.
— Сен жаман окуучусуңбу?
— Өтө деле жаман эмес.
— Эмесе жакшылап оку, жардам берем, кайсыга тапшыраарыңды айтсаң эле сүйлөшүп берем.
— Апам окутпайт го.
— Эмне, күйөөгө береби? — Саал жылмайды.
— Жо-ок.
— Анда эмнеге жибербейт?
— Эки иним бар, апам жалгыз да.
— Атаң жокпу?
— Жо-ок.
— Кечир, — Акматбек ойлонуп туруп, — Инилериң жашпы? — деди.
— Беште, үчтө окушат.
— Макул, дагы сүйлөшөбүз, — деп басып кетти, ошол жылы ал Сапийнанын үйүнө көмүр, жыгач отун түшүртүп берди, бирок Сапийнага бир ооз сүйлөгөн жок, мектепти бүткөнчө көзүн кылгыртып эле карап калат бирок үндөбөдү. Бирок Сапийна аны сүйүп бара жаткан эле, Нуралы ала качканда отурбай чыр салды, бирок апасы аны тынч отурсун деп айттырып ийгендиктен унчукпады…
— Сапийна, эт бышайын деп калды, жеңемдерге Жапарды жөнөтчү, — деп калды.
— Мен айтканмын, келип калышаар.
— Айтсаң жакшы болуптур, — Нуралы кайра чыгып кетти.
— Мен сизге жардам берейинби? — деп жанына келди Айсалкын.
— Жо-ок, сен коноксуң, отура бер, — деп койду Сапийна, аңгыча кобурашып Туралы менен Зуура, Нуралылар кирди. Бир туугандар чогуу отуруп тамактанышты, Айылчы дагы келген, ал эки үйдүн ортосундагы эрке бала, баары аны эркелетип турушат, ал азыр тогузунчу класста окуйт. Жапар жыйырма бешке чыкса дагы үйлөнө элек, эми үйлөнөм деп турган, Залкар болсо эки балалуу болуп айылдагы үйүндө, Зыпар үйлөнүп өзүнчө үй алып кеткен. Айсалкын ошентип бир жумадай жүрүп анан кетмек болуп жатканда апасына турмушка чыгаарын айтып отурду, баягы айтканына жүрөкзаада болуп жүргөн Зуура:
— Кызым, баягыңа чыгасыңбы? — деди аста.
— Жо-ок апа, мен жөн эле айтканмын, азыр врач жигитке чыгам.
— Ыраспы кызым? — Зуура кубанып кетип кызын кучактай калды, — Өз теңиңди тапсаң болду кызым, бактың ачылсын.
— Ооба апа, жаш эле жигит, үй-бүлөөсү бүт медик экен.
— Болсун, жакшы куда күтсөк жүзүбүз жарык болбойбу.
— Ошону ойлодум да.— Сербейген садага болоюнум десе, себиң болсо даяр, болгону көшөгөнү алышым керек, той өткөрөсүңөрбү кызым?
— Ооба апа, Аваз үйлөнгөндөн кийин эле өткөрөбүз деди.
— Ырас болгон экен, кызымдан тою болот деп мен дагы мактанып калайын, атаң укса кубанаар, — Зуура кудуңдай карады, — Табыш менен Нестандын дагы үйлөнүү тоюн өткөрсөкпү кызым?
— Ошенткиле да, жөн тойдон айрымасы болот апа, Табыштын дагы өмүрүндөгү эң сонун учуру ошол болуп эстеп жүргөндөрүнө жакшы, мен камера алып берем, тойду баштан аяк тартып коебуз, кийин көрүп жүрөсүңөр.
— Атаңа айтайын, болгону үчөөңөр болсоңор, бактылуу эле болсоңор экен.
— Буйруса апа, — Айсалкын апасына эркелей карады, — Менин сөзүмө капа болбодуңузбу?
— Эмне дейт, кайсы кебиңе?
— Улуу кишини сүйүп калдым дедим го?
— Сенин андайга барбасыңды билем да кызым, — Жылмая карап эңиле өөп койду, — Менин кызым андай кылба-айм.
— Апа-а.
— Берекем, кой мен сенин жолуңа камданайын.
— Убара болбой эле коюңузчу.
— Капырай, кыздар үмүттөнүп калбайбы, тойдон салайын кызым, — Зуура туруп өзүнүн ишине киришти, Айсалкын уктап калды. Эртеси оор баштыктарды салып таксистке үйүнө чейин жеткир деп убадасын алып жөнөтүп калышты. Айсалкын жол бою ойго чөмүлүп кетип жатты: «Кыз бала туулган жеринде убактылуу гана конок болот тура, ал тургай ата-энеңдин дагы, бир күнү акыры өз эл-жериңди таап кете берет экенсиң, ошол үчүн кыз жаманы кыроо деп коет экен да. Мен дагы бул айылыма эми келсем конокко гана келемин, кош бол киндик каным тамган жер, түбөлүк менин эсимден кеткис туулган айылым, эркелеп өскөн жерим, мен үчүн сенден ыйык эч нерсе жок, бактылуу балалыгым сенин койнуңда калды. Ак батаңды бер ата-бабаларымдын арбагы колдосун», — деп терең ойго чөмүлүп кете берди. Качан гана үйгө жеткенде:
— Кызым келдик го? — деди таксист.
— Аа-а рахмат байке, — Айсалкын жүгүн түшүрүп калды, бөлмөсүнө келсе Дамира эле бар экен, ал дароо эле кучактап калды:
— Кандай келдиң Аси?
— Абдан жакшы, өзүңөр кандай турасыңар?
— Бизде баары жакшы.
— Аидалар жокпу?
— Жигиттери менен кеткен.
— Алим келген жокпу?
— Ой ал үйүнө кеткен, үйлөнөбүз дейт.
— Баарыбыз кетет экенбиз да? — Айсалкын сырдуу жылмайды.
— Эмне Аваз дагы үйлөнөм дейби?
— Ооба, эмки жумада…
— Ой, ошончо эртеби, биз окуунун аягына чыкпай эле баарыбыз күйөөгө чыгат экенбиз да? — деп экөө сүйлөшүп отурганда Дамира келди, андан кийин Гүлмайрам да келип курбулар келечек жашоолору, окуусу жөнүндө сүйлөшүп тойдун кешигинен жеп чай ичип отурушту:
— Кечээтен бери Аваз чала берип тажатты, — деди Дамира күлүп.
— Сүйүүсүн жоготуп албайын деп жаткандыр? — Аида тамашага чалып айтты, — Бу жигиттер тим эле артыңдан түшүп алса, жүрү тиякка, жүрү биякка, кафеге кирели, киного баралы дей бергени жаман экен.
— Башкысы чыгым өзүнөнбү? — деди Дамира.
— Жо-ок ай, бирин төлөсө бирин уялгандан өзүм төлөйм.
— Уялсаң өзүң багып жүрө бер анда.
— Сүйсөм кантейин анан?
— Кийин кантесиң анан, мойнуңа минип алат го? — Дамира каткыра күлдү.
— Антпейт, иши жакшы эле, — Аида кызаңдай кетти.— Сеникичи Гүлмайрам? — деди Дамира, — Асиники го белгилүү, бир операция үчүн эле канча айлык акыны таап коет.
— Меники бизнесмен, менден сурабайт, — деди Гүлмайрам кенебей. Тамашалашып отурушту. Алар ар дайым бири-бирин тамашалап күлүп күн сайын күлкү менен күн кечире турган, бактылуу кыздар эле, алар алдыда эмне болоорун сезбеген бейкапар гана ата-эненин камкордугуна бөлөнгөн кыздар. Академияда канча кыздар болсо алардын ичинен төртөө абдан ынтымактуу дагы, Арууке турмушка чыкканы бөлүнүп калды, анткени сабакка келип кайра тараары менен үйүнө шашат. Кыздар ошондой бакыттын кучагында окуу менен бирге ойноп күлүп бейкапар жүргөндө Айсалкын Аваз менен кетүүгө даярданып жаткан. Сабакта отурганда Азиза деген кыз:
— Кызда-ар, биздин Асеманы Жайнак деген жигит алып кетиптир! — деп калды.
— Кайсы Жайнак? — деди Аида.
— Ким билсин, бизнесмен имиш, эмки айда үйлөнүү тою болот экен, кечээ мен апасына жолуктум, — деп калды Азиза, Асеманы баары эле таанышчу, Гүлмайрам ишенээр-ишенбесин билбей баш көтөрбөй отуруп калды. Чынында Азиза Жайнак Гүлмайрамдын жигит экенин билчү эмес, башкаларга деле билинбеген бойдон калмак, бирок бир аз отурган Гүлмайрам туруп Азизага карады:
— Азиза, Асема менен Жайнак сүйлөшүптүрбү?
— Мен билбейт экенмин, апасы айтты үйүнөн алып кеткенин.
— Ушул сөзүң чынбы?
— Эмне мен далилдешип керекпи?
— Гүлмайрам, — деди Дамира, — Кара кулдун катын алганы кимге дегендей Жайнак деген үйлөнсө көп кыргыздын бири үйлөнүптүр, аны сурап эмне кылабыз? — деп аны отургузду, бирок Гүлмайрам дептерлерин жыйнап чыгып кеткенде курбулары кошо чыкты. Айткандай эле Жайнак алдамчы болуп чыкты, Гүлмайрамды сооротуп жатышты кыздар, ал көзү тоодой болгончо ыйлап алардын жубатуусуна дагы болбой:
— Эмнеге мени алдайт, мен анын сүйүүсүнө татыктуу эмесминби? — деп ыйлап жатты.
— Ал акмак тура, тескерисинче ал сенин сүйүүңө тең эмес.
— Асема менден артыкпы айтсаңар?
— Ата-энеси болбой алып берип койсо керек?
— Эми эмне кылам, мен аны сүйөм да.
— Сени сүйгөн жигит дагы чыгат, — дешип кыздар аны тегеректеп боору ооруп турушканда эшик такылдап калды, кыздар негедир өз жигиттеринен күмөн санай башташкан эле, бири барып эшик ачканга даабай турушту:
— Аси, сен ачсаң, силер жакында үйлөнөсүңөр го, Аваз келсе керек? — деди Аида.
— Макул, — Айсалкын эшикке жетип, — Ким бул? — деди акырын.
— Мен Жайнак, ачсаңар кыздар, — дегенде Айсалкын кыздарды карады, алар Гүлмайрамды карашты эле:
— Кире берсин! — деди Гүлмайрам жаштуу көзүн сүртө, Айсалкын эшикти ачаары менен эле кирип келген Жайнак.
— Гүлү, жүрү кетип калалычы, мен сенсиз жашай албайм! — деп Гүлмайрамды кучактап калды, — Мени зордоп Асеманы аласың дешти, ал апамдын таежесинин кызы, бир тууган бөлөбүз, жүрү кеттик, мен качып келдим, — деп кызды сүйлөтө койбой энтеңдей шаштырып кирди.
— Каякка, эмне деп жатасың Жайнак?
— Үйгө, үйгө алып барам.
— Мени жакшы көрмөк беле барбайм.
— Сен барбасаң мен анда дайынсыз жоголом.
— Мен бирөөнү ыйлатып коюп сени менен барып бактылуу боло аламбы? — деди Гүлмайрам баятан берки өктө-таарынычын айтмак турсун, — Сен үйүңө киргизе электе келсең башка болчу, — Аны өзүнөн оолак түрттү.
— Гүлү, алар мени жөн гана сүйлөшүп келебиз, сен кызды көр дешти, тааныйм десем болушпады, көңүлдөрүн калтырбай барып коеюн десем дароо эле сөйкө салганы барышыптыр, анан кайра алып жөнөштү, өзүм дагы билбей калдым эмне болгонун түшүнбөй дагы калдым, кечке качырбай коюшту, анан Асемага менин сүйгөн кызым бар, — деп коюп баса бердим.
— Жайнак, — деди кыздардын эптүүсү да сөзмөрү дагы дамира, — Эми сен Гүлмайрамды алып барганда эмне пайда?
— Аларга айтам, болбосо экөөбүз тең өлөбүз дейм! — деп Гүлмайрамды карады, ал мостоюп эле эмне кылаарын билбей отурган, эшик ачык бойдон экен тапырап эле экөө-үчөө кирип келишти:
— Жайнак, бас үйгө кеттик, — деди бири.— Мен барбайм, барсам Гүлмайрам менен барам.
— Сен жаш бала эмессиң, келин келип калды го?
— Мен эч жакка барбайм! — деген Жайнак ашканага жүгүрүп чыгып бычак алып келди, — Эгерде кетпесеңер мен муну да өзүмдү да өлтүрөм! — деп Гүлмайрамды бекем кучактап алды, — Экөөбүз тең өлөбүз!
— Жайнак, биз кеттик анда, — деп тигилер бири-бирин ымдай сыртка чыгып кетишкенде кыздар эси ооп эле отуруп калышты, эмне дээрин эч кимиси билбеди: «Демек Жайнак Гүлмайрамды сүйөт экен, жигит ушундай болуш керек», — деген ой ар биринин оюнда турду, кыздар ушул азыр булардын сүйүүсүнө күбө болуп турушкан, Жайнак өз туугандары кетээри менен:
— Гүлү, кеттик бул жерден, — деди алаңдай.
— Кайда барабыз?
— Алар дагы келишет, кетип калалы, — деп Жайнак шаштырганда Гүлмайрам болбоду, Жайнак көгөрүп айтканынан кайтпайт.
— Жайнак, мен сенин үйүңө жакшы маанайда барсам болмок, эми каргышын угуп кантип жашамак элем, пешенем ушул болсо көндүм, сенин эми тагдырың башка болгон болсо айла канча? — деди Гүлмайрам көз жашын төгүп.
— Менин тагдырым сени менен гана, мен аны албайм.
— Мен сени менен барбайм!
— Анда мен аяксыз жоголомун, ал үйдө, сен бул жерде күтө бергиле! — деп эшикти көздөй жөнөгөндө Гүлмайрам тура калды:
— Жайнак, тагдырга көнүү керек!
— Сен көнө бер, мен көнө албайм! — деп чыгып кетти, сыртта аларды аңдып экөө турган, анын чыкканын көрүп калып карап туруп ал унаасы менен жөнөгөндө артынан түшүштү. Жайнак катуу айдап кетип жатканда:
— Мына бул сообу өзү, өлгүсү келген жокпу? — деди бири.
— Мунун мындайын ким билиптир?
— Акемдерге эле барып айтпайлыбы?
— Ошентпесек караандабай калдык го?
— Кеттик, тезирээк айтуу керек, болбосо бирдемеге учурашы мүмкүн, — деди да алар унаасын артына бурду, Жайнак катуу кетип бара жатып жол боюндагы тосмого урунуп эчтеке билбей жатып калды. Бул учурда кыздар уйкусу келбей өздөрүнчө кыжаалат болуп жатышты:
— Гүлмайрам, Жайнакка эмне болот?
— Билбейм…
— Ачуусу менен бирдеме болсочу?
— Корком, бир нерсе болот.
— Эмне кылуубуз керек?
— Кантип билебиз эми?-----------------------------------------------------------------------------------
Класс басып. комментарий жазыныз. Оз ойунузду болушунуздор. Дагы кандай кенеш,кандай темаларды чыгарсак болот. Сиздерге кызыктуу жана керектуу нерселерди жазыныздар. Биз сиздерге таап бергенге аракет кылабыз.
------------------------------------------------------------------------------------
*БИЗДИН ГРУППАГА КОШУЛУУ УЧУН*
БУЛ НОМЕРГЕ КАЙРЫЛЫНЫЗДАР:
_Whatsapp_
(+79254077821)
(Однокласснике катталыныз)
*Эскертүү:*☝ _Макаланы башка тармактарга бөлүшкүңүз келсе эч нерсесин өзгөртпөстөн жүктөңүз сизге аманат._
*ОКУРМАНДАР ГРУППАСЫ*
🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬