А бирок аны коё беришкен жок. Керебетке чалкасынан таңып салышып, чоң иш бүтүргөнсүп оолактай беришти. - Эн-нең, бетимди тытып таштады! – деди бири бетин сыйпалап. Эмчи аял “жиндинин” жакшынакай жасалган тырмактарына бир, өзүнүн колуна бир карап: – Деги эле модницалыгын кантейин?! – деди. - Баарынан да хиджаб кийип алганы кызык?! Жиндиге диндин эмне кереги бар дейм да?! – жигиттердин бири баятан берки оюнда жүргөндү айтты. - Көз айнегин айтпайсыңбы! – Лилияны мыскылдай караган эмчи аял: - Ушундай жинди туруп, машине айдап жүргөнү кызык! Баарынан да анысын стоянкага коюп, акчасын төлөп... – деп алда неден шектенгенсип койду. - Ишиң болбосун! – Лилиянын жаны түтөп кетти. - Күйөөң крутой го, ээ?! – санитардын бири оюндгысын сурай салды. - Жөн эле крутой эмес, молдо крутой болуш керек! – деди экинчиси какшыктап. Эмчи аял Лилияга жакын келип, бирок: “Сен берчи!” – дегендей, эки-үч таблетканы жигиттердин бирине карматты. Ушу саам, Лилия эмнегдир оорусунан “айыга” түшкөндөй болду: - Эже, өзүм эле ичейинчи?! – деди жанагыдай болбой, жагалдана айтып. – Колумду чечкилечи, балдар?! Мени кечирип койгулачы?.. - Ики, тим эле куулугун карап кой! Эми эле мени ашатып атпадың беле?! Эми “эже” болуп калдымбы?! Жиндиңде ушунча куусуң, соо кезиңде кандай экениңди ким билет?! – деген аял: “Жоолугун ал!” – дегендей жигитке ишарат кылды эле, Лилия: - Жолобогула мага! Тийбегиле деп атам-м! – деп жаткан жеринде мөңкүп, башын ары-бери ала качты. Аны угар киши жоктой, лөкүйгөн жигиттин бири эки ийнинен кармап турду да, экинчиси жоолугун чече баштады. Ушул убакта: - Аа-аа-аа-а! !! – деген ачуу айкырык бүт оорукананы титиретип жиберди. Лилиянын азыр үнүнөн башка куралы жок эле. Бүт күчүн ошого чыгарып, жигиттин колун тиштегилеп, бир топко чейин “кармашты”. Ачуу айкырыктан дарыгерлер, оорулуулар да чуркап келип, палатанын оозунда жардана түшүштү. - Эмне болду?! – деди Мурат Маратович кирип келип. - Дарысын берели десек, ушунчалык агрессивдүү неме экен! – арызданды эмчи аял. – Эркиндин колун тытып... Эреркегендей, Лилия дарыгерди көрүп, тынч жатып калды. Бирок ишенген адамы ал күткөндөй: “Чечкиле, колу-бутун! Чыккыла баарыңар! ” – деген жок. Тескерисинче: “Ал эмне кылганың?” – дегендей Лилияны карады. Ошол убактан пайдалана калган жигит Лилиянын көз айнегин, жоолугун ачып жиберип, кудум жалаңкыч көргөндөй артка кетенчиктеп, кекечтене түштү. Лилияны эки ийнинен кармап, басып турган жигит да аттап-буттап, алда кайда жоголду. Аңгыча жанагыдан да ачуу, жанагыдан да башкача: - Аа-аа-а-аа-а! !! – деген ачуу чаңырык оорукананы дагы бир ирээт титиретип жиберди. Бирок бу саам Лилия эмес, эмчи аял чаңырды. Ушу саам эмчи аял менен керебетте байланып жаткан жалгыз көздүү, мурдунун ордунда оңурайган гана эки оюгу бар, беттери быргыл-тыргыл, бошонсо эле тытмалап баса калчудай комдонуп, чачтары да туш келди үксөйүп-саксайган аял тиктешип калган! Эмчи аялдын ансыз да чоң көздөрү чанагынан ыргып кетчүдөй чакчайып, эки колу бетине жетип-жетпей калчылдап, чаңыра бергенден үнү өчүп баратты... Лилиянын кебетеси азыр абалкыдан да коркунучтуу, тир укмуштуу суук эле! Ал аны өзү да сезип жатты. Качан ачуусу келип, жаалы кайнай түшкөндө ого бетер ыраңы бузула түшөөрүн көрүп, андай учурда өзү да күзгүгө карана албай, жалтактап турчу. Ызасы жанына ушунчалык батып кеткендиктен, анын үстүнө эч кимге көрсөтпөй катып жүргөн сырын бу жердегилердин баары көрүп, “болоору болуп, боёосу канган” соң, эми ага кымырылып-кысынуунун кереги да жок эле! Демейде жоолуктун алдында жашынган чачы жайылып, ынтыга-ынтыга дем алганга көкүрөгү гана солкулдап, сулк жатты азыр. Атүгүл өзүн тиктеп алып чаңырып жаткан аялга ансайын жаалы кайнап, жек көрүп, жаагын качырата кайрап... бир убакта анан эмчи аялдын катуу корккондон тактайды суу кылып ийгенин көрүп, жалгыз көзүнөн жаш акканча каткырык салып жиберди! Эшиктегилер адегенде үрпөңдөй түшкөнү менен, акырын жылып келип, керебетте байланган “жиндини” зоопаркка келгендей таңыпкай карап, чыгып кетип жатышты. Мурат Маратович гана өзүн тынч, токтоо кармап, Лилияны азга иренжигендей карап турду да, жерде жаткан жоолугун колунун учу менен чымчый кармап, бетине таштап койду. Ошондо гана Лилиянын күлкүсү отко суу куюп ийгендей, “тып” өчтү. Бир жагынан бети жабылып калганына эс ала түшсө, бир жагынан дарыгердин жоолукту жийиркене кармап, иренжий жасаган мамилесине ызаланып, туталанды! - Алып кеткиле! – деди Мурат Маратович санитарларга эмчи айымды жаңсап. Жанагы жигиттер калчылдаган эмчи аялды аяк-башынан так көтөрүп, алып чыгып кетишти. - Барыңыздар! – деди дарыгер анан жарданып тургандардын баарына. – Эмне турасыздар? Барыңыздар! Баары чыгып кеткенден кийин Лилиянын керебетинин жанында бир азга үнсүз отурду да: - Баары жакшы, Лилия! – деди Мурат Маратович. – Буюрса иш жакшы башталды. Мунун баары сиздин ийгилигиңиз үчүн... Мурат Маратович чындап эле ошентип ойлодубу, же тек гана пациентин жоошутуп, көңүлүн тынчытыш үчүн ошенттиби, белгисиз эле. Бирок Лилия ага ишенди. - Мени качан кетиресиз? – деди бети жабылуу жаткан бойдон, эреркегендей. - Аз күндөрдөн кийин. ªзүңүз түшүнөсүз да, оорусу өтүшүп кеткендер көбүрөөк дарыланышы керек. Сизге ошол диагноз керек эмеспи? - Түшүндүм! – Лилия анын эмнени айтып жатканын түшүндү. - Бирок мен мындай мамилеге чыдай албайм! - Эми мындан ары мындай болбойт. Сиз өзүңүздү жакшы кармасаңыз эле, баары жакшы болот. Эшикти да бекитүүнүн кажети жок, - деп жана Лилия атайын сырттан таба келип, эшиктин туткасынан өткөрүп илгич жасаган таякты алып, кармалап туруп ары таштап койду. – Оорулууларга – өзүңүздөй мамиле жасаңыз. Аларды тилдеп, мазактоонун кереги жок. Иштегендерге да этият мамиле кылыңыз. Болбосо... “Болбосо, акчамды алып эле кете берсемби?..” – деп ойлоно калган Лилия: - Болбосо эмне болот? – деди. - Болбосо, байлоого туура келет, - деген дарыгер Лилиянын оюн окугандай, - Эми артка чегинүүгө жол жок. “Историяңызды”, оорунун белгилерин, мүнөзүн, бардыгын биз ойлогондой жазып койдум. Аз-аз эле чыдап коюңуз, сабырдуулук кылсаңыз эле жеңиш сиздики. “Саргара жорткон киши, кызара бөртөт” дегенди билесиз да. - Билем! – мойнунан байлагандай болуп, макулдугун билдирди Лилия. – Бирок, колу-бутумду чечтирип кой?! Анан да экинчи байлашпасын, ооздоруна келгенди оттоп, мени шылдың кылуучу болушпасын! .. - Аларды мен чогулушта “окутам!” А сиз ким-кимисине тек гана жинди адамдай – түшүнбөгөндөй мамиле жасап коюңуз. Дарыгер сыртка баш багып, санитарларды чакырды: - Колу-бутун чечкилечи? Доктордун мынчалык токтоо, таш боор, камырабастыгына Лилиянын ичи бышып кетти: “Мен сага жанагынча акчаны эмне, дөбөттөрүнө кордотсун деп бердимби?! Көлтөйгөн көнөк, чанач! Сениби, шашпа! Менин көчөмдө да майрам болоор!..” – деп ашата сөгүп, бирок аны сыртынан билдирбегенге аракет кылды. - Сиз баягыда башкача элеңиз, Мурат Маратович! – деди анан жоолугун тумчуланып атып, алда нени эсине салгысы келгендей кыйыта да, какшыктай да сүйлөп. – Азыр аябай өзгөрүп кетипсиз го?! - ?.. - Мурат Маратович эч нерсе дебей, тек гана алаканын эки жакка жайып: “Жашоо – ушундай турбайбы! ” - дегендей ийнин куушуруп койду. - Балким?.. – алда нени эстей койгондой, алда неден үмүт кылгандай карап калды аял. Анын ушул “балкиминин” артында бир балакет жашынып турганын сезип, азыр ошол нерсе атылып чыга калчудай дарыгер комдоно түштү. Айткандай эле: - Билесиңби, сен мага жардам сурап келген түн?.. Мен кандай аялзаты элем? өңүм эле болбосо, эми деле ошол Лилия эмесминби?! – деди Лилия. Сөз төркүнү ошол, өзү ойлогондой экенине көзү жеткен дарыгер палатадан чыкканча шашты. - Чочко! – ал чыгып кеткенден кийин артынан чыңырып алды Лилия. Аны Мурат Маратович деле укту. Бирок, укмаксан болду. - Чочко!!! – экинчи жолкусунда бут кийимин колуна ала коюп, ал кеткен тарапты уруп калды. Анан бүктүшүп жатып, ызадан букулдап ыйлады. Басылып алып да, жансыз немедей шыпты тиктеп, өткөн күндөрүн, ушул Марат муратович менен канип таанышканын эстеди...***Ошол күнү, так ушундай жамгырлуу бир кечте, жардамчы аял адатынча көлтөңдөп чуркап келип: - Илике, сүйүнчү! Дагы бир шишка келди! –деген алакандарын бири- бирине сүргүлөп. Кубанганда кыбыңдап кетчү көздөрү тим эле жумулуп калыптыр болчу. Эмне кылаарын билбей эригип отурган Лилия, өзү да “жым” дей түшкөн. Анткен менен сыр билгизбей: - Атаң келгенсип сүйүнөсүң да, көлтөңдөп! – деген. Анын мындай мамилесине, какшыгы менен жемесине кулагы жедеп бышып бүткөн аял анан акырын шыбыраган: - А баса, көзөнөктөн шыкаалап карадым. Алар экөө экен, машинесинде бир айым отурат. Аялыбы, кызыбы, же... билбейм, айтор аябай эле жаш экен. Бирок момундай, - баш бармагын көрсөтүп. – Шикарный кийинген эмелер экен. И, баса, “Лексус” тээп келишти... - Алар сенин шыкаалаганыңды көрүштүбү? - Жок! Мени билесиң да... – жамбашын чайкап, ойсоктоп койду аял. Анткени, мындай маалыматы үчүн Лилия ага “чокой боо” деп, ашыгыраак төлөп койчу. - Болуптур, көлтөңбай! Аның үчүн чокой бооң болот. Киргиз! – деди Лилия. – Ойсолоңдоп кетет, тим эле! Жанагыдай талпаңдабай сылык-сыпаа созолонгон жардамчы аял бат эле анан мейманды эрчитип кирди эле, Лилия анын эриндерин чөрмөйтүп, деги эле акырын-аста сүйлөп, көздү сүзүп, маданияттуу боло калганына бышкырып ийе жаздап, күлкүсүн араң тыйды да: “Чыга бер”, - дегендей ишарат кылды. - Келиңиз? – деди анан саал курсактуу, ак көйнөк, галстукчан адамга маңдайындагы орундукту көрсөтүп. Бу кезде Лилия Ынак Кабыловичтен “өндүргөн” акчасы менен бир топ тыңып, көп кабаттуу үйдөн үч бөлмөлүү квартираны сатып коюп, бирок кезек күткөндөр акыйып отурчу короо-жайына карап, мурунку үйүндө эле “иштеп” жаткан. Анткен менен евро ремонт жасатып, төлгөсү менен “бал китебин”, камчы-самчысын жерге жазбай, чакан үстөлдүн үстүнө жайып, өзү “кожанный” креслодо отуруп калган кез болчу. - Келдим, - деди мейманы маңдайындагы креслого отуруп жатып үйдүн ичин айланта карап. – Сиздин бир жардамыңыз тийиеби деп... - Кандай жардам?! - Кандай десем?.. – колун бири-бирине ушалап, ойлоно калып анан: - Бирөөдөн процентке акча ала коюп, кыйналып турам. Эми үйүмдү насыяга койсом кандай болот, же үй-жайдан да куру жалак каламбы? Дагы бир вариант болуп атат, Россияга барып иштеп көрсөмбү дейм. Кайсынысы мага ыңгайлуураак, ошону айтып бере аласызбы? Аялым: “Россияга эле барганың оң, үйдү алдырып ийсек бала-бакыра менен талаада калып, эл-журтка шылдың болобуз!” - деп безилдейт, апам болсо: “үйдү сатып ийсең да карызыңдан кутул, айлаң кетип баратса, айылга барып иште, ал жакта деле доктурлар жакшы жашап атышат. Бизди таштап коюп, атаң тааныбыган жерде эмне күн көрөсүң?!” - деп чебеленет. Билбейм!.. - А карызыңыз канча? - Он беш миң доллар. - Көп деле эмес го? Мейман мыйыгынан күлдү: - Маяна менен жашаган кишиге көп болгондо да кандай?! - Болуптур! Кимден алдыңыз эле? Ошонун атын атагысы келбегендей, бети-башын тыржыйтып: - Ай!.. – деп койду. – Бир бизнесмен... - Мен сизден ошол бизнесмендин аты-жөнүн сурап атам?!. Лилия акча берген адамдын ысмын, атүгүл телефонун, кайда иштегенин, машинесинин номурунан бери жазып алды да: - Мм... Ишиңиз чыны менен эле чатак экен! – деди мейманын аягандай карап. - өтө оор акыбалда турупсуз. Аныңыз өтө кара мүртөз неме окшойт, ээ? - Көпкөн да... - Мм... Анын “крышасы” катуу экен, - “окшотурдумбу же окшошпой калдыбы? Кандай реакция болду экен?” – дегендей, клиентинин көзүнө карады. Чыны менен эле ошондой экенин билген өңдүү, тигил башын ийкеңдетип койду. - Анан да аныңыз өтө коркунучтуу адам экен. Тегерегиндеги адамдарын айтам... Ал сизге канча мөөнөт берип атат? - Бир ай. - Ооба. Ага чейин унчукпашы мүмкүн. Бирок мөөнөтү бүткөндөн кийин... - өтө кооптуу бир нерсени көрүп жаткандай, кабагын үтүрөйтүп, башын чайкады аял. – Ал баарына барышы ыктымал... Мейманы да ошону сезип, билип жүргөндөй, эми таптакыр эле айласы түгөнө түшкөндөй, бир ишенгени ушул аял окшоп, ага жалдырай карады. - Эгерде Россияга кетсеңиз, ишиңиз мындан да чатак болот. Ал жакка сизге жол жок. Болбой эле барам десеңиз, чоң кырсыкка кабыласыз. Эгерде... эгерде үйдү сатам десеңиз... Эмнегедир ага да жол жок. Сатылат, албетте. Бирок аялыңыз да туура айтып жатат. - Эмне кыл дейсиз? - Бүгүндөн баштап мен ага да, сизге да дуба окуюн! – айткандай эле “ток” этер жеринен кирди аял. - Бирок бул өтө көп күч-кубатты талап кылат. Атүгүл, ооруп да калышым мүмкүн. Сиз мага жардам берип турушуңуз керек... - Кантип? – жандана карады Мурат Маратович. - Мм... Билбейм, бирок дайыма мени менен байланышта болуңуз. Анан да мага өзүңүзгө ишенгендей ишенип, өзүңүзгө жасагандай мамиле кылыңыз. Түшүнүп атасызбы, мен күчтүү болуш үчүн сизди өзүмдүн жандүйнөмө “чакырам.” Биз - экөөлөшүбүз керек! Эгерде сизден кандайдыр туура эмес ойлор, тескери мамилелер болсо, мунубуз ишке ашпайт да, мен сизге жардам бере албай калам. Түшүндүңүзбү? ! - Түшүндүм. - Бири-бирибизди таарынтышпайлы, анда. Баары ойдогудай болуп чыкса, карызыңыздан кутулуунун жолу сизге өзү келет, – Лилия макулдашкандай, алда нени кыйыткандай колун сунду. Мурат Маратович анын “таарынтышпайлы” деген сөзүнүн бир өңүтүн түшүнө койду да, партманынан жүз доллар алып чыгып алдына таштап койду. - Болуптур, - деди Лилия жашыл кагазды күлүмсүрөй алып. – Эртең түштөн кийин келип кетиңиз, бул акчага аш басып, арбактарга багыштап жыт чыгарып, шам жагып, бата жасайбыз! - Жарайт. - Айтмакчы, токтоңузчу? ! – коштошуп, чыгып бараткан Марат Муратовичти кайра токтотуп, көздөрүн жумуп, бир нерсени көрүп жаткандай күңгүрөндү, – Сыртта “Лексус” турабы? Марат Муратович таң калгандай: - Ооба, - деди. - Мм... А ичиндеги бийкеч ким?! – эми көзүн ачып, шеги бардай карады. Мейманы азга кайпактагансый түшүп, анан: “Эмне экен?” – дегендей ийин куушуруп койду да: - Таанышым, – деди. – Чогуу иштейбиз. - Аа... – аял ичинен “жым” этип алды да: “Аялы болсо – аялым дейт эле. Таанышым дегенине караганда бир мандеми бар окшойт!” – деп ойлоп, мыйыгынан күлүмсүрөдү: - Болуптур, жакшы барыңыз. Лилия Марат Муратович чыгып кеткенден кийин көпкө ойлонду: “Чыны менен эле Бахтыяр Кайыпович деген ким өзү?! Мм... Жашы кырктар чамасында болсо, жаш эле экен. Кесиби юрист дейт. Бирок башынан эле бизнесте жүрсө... Депутаттыкка камынып атса... Тигинин айтымында аябай эле акчалуу неме окшойт. Кандай кылсам?.. Кайырмакты кай жагынан, кантип таштасам?.. Кокус, утулуп калсамчы? Тфу, тфу!..” *** Марат Муратовичти эртеңкиге чакырып, бүгүн өзү берген акчага кайра өзүн сыйлаганы жатканы да бекеринен эмес болчу. Бир чети шам жагып, жыт чыгарып, куран айтып, алдыда боло турган чоң ишке Кудайдан жол сурамак. Экинчи жагынан ошонун шылтоосу менен Бахтыяр Кайыпович жөнүндө кенен-кесири сурап, дарыгердин өзүнөн билип алмак. Анткени, иштин ийгиликтүү, анан да үзүрлүү жүрүшү үчүн маалыматтын арбын, так болгону жакшы. А бүгүн анын баарын сурап отурууга мүмкүн эмес эле, клиентин иренжитип, айнытып алмак. “Кайра менден сурап, өзү эч нерсе билбейт экен!” – деген ойдо калмак да, кайрылгыс болуп кетмек. Долларын ыргыта салганына караганда, жакшы эле кетти окшойт. Анын үстүнө, “Лексустагы” бийкеч тууралуу “трюк” таасирдүүрөөк болуп кетти окшойт. Көлтөңбай байкуш бу жолу да жарады ишке... Ушинтип ойлоп жатып, бир убакта жаңы “долбоорду” баштоого илинчек, же Бахтыяр Кайыповичке барууга жол табыла калгандай, башкача бир “жымың!”- этип алды да, эртең баары ойдогудай болсо, операцияны бүрсүгүндөн калтырбай баштамак болду! А бирок ошол жол аны өзү каалаган “алтын тоого” эмес, аңга алып барып салып, аягы бүгүнкү акыбалы менен аяктаарын, асты Алла-Тааланын каарына калып, жазаланаарын анда ал ойлогон да эмес! *** Эртеси Марат Муратович айтылган убагынан кечикпей кирип келди. Лилия болсо даярдыктын баарын “көлтөңбайына” тапшырып коюп, өзү квартирасына барып сууга түшүп, сулуулук салонуна кирип, мейман келчү маалдан бир-эки саат эрте келип, эс алып жатып көзү илинип кетиптир. Айтмакчы, ошондо бир укмуштай түш көргөн. Көзгө сайса көрүнгүс, кап-караңгы түндө колдору менен боштукту сыйпалап, каякадыр жол таппай, жаны кейип жүрүптүр. Туш-тушунан, жакын эле жерлерден жүрөктүн үшүн алган тир укмуштуу, коркунучтуу үндөр – кандайдыр каткырыктар, жагымсыз жаңырыктар угулат. Ал үндөр бирде оң, бирде сол жагынан, бирде үстүнөн, бирде астынан, бирде болсо бет маңдайынан угулуп, ансайын башы-көзүн калкалап, бетин катып, түйүнчөктөй түйүлүп отура калып, жанын оозуна тиштейт. Аңгычакты, кайдан-жайдан: - Артыңа кайт! – деген токтоо, калбаат үн чыгат. Бир чети каардуудай, бир чети мээримдүүдөй ушул коңур добуштан чочуп, “селт” этет. Селейип тыңшайт. - Артыңа кайт! – экинчи жолу да өктөм, буйра айтылат. - Кимсиң, мага буйрук кылган?! – Лилиянын намысы кайнап, башына тээп чыгат. – Эмнеге кайтам?! Ансайын тапандап алдыга жылат. Кандайдыр күч аны көкүрөгүнөн түртүп, артка кетенчиктетет. А бирок жанында пайда боло калган каткырык аны улам бир каруусунан кармап, алдыга сүрөмөлөп кетет: - Бас, баса бер! – дейт ал. - Сен кимсиң?! – бу саам жакынсый үн катат Лилия. - Шеригиңмин! Хи-хи!.. Шеригиң!.. Лилия ошого шердене түшөт. Кадамын чоң-чоң таштайт. Каткырык, жаңырык эми улам алды жактан угулуп, кудум ага жол баштап, эрчитип бараткансыйт. Кадамдары ансайын шартылдап, акыры тигилерге кошулуп өзү кошо каткырып күлүп, кетип барат. Аңгыча бетине балыр өңдүү былжыраган, жагымсыз нерсе “шалп!” этип жабыша түшөт. Лилиянын денеси муздап, жыйрыла түшөт. Бетине жабышкан былжырак эмени чыгара албай тырмалаңдайт. Ошол муздак, жагымсыз нерсе бир убакта мойнуна оролуп, андан ылдый койнуна кирип, денесине оролуп, буту-колун тушап, жыгалат... “Шеригинен” жардам күткөнсүйт. Бирок анысы эми шылдыңдап, табалап жаткандай, баягыдан башкача, күчөп каткыра баштайт... - Илике-е?! Илике-е?! – деп каяктандыр үн чыгат... Чочуп ойгонот. Кара терге түшүп, демигип алган... - Мейманың келди, Илике. Тур! - бет маңдайында жардамчысы туруптур. Ошондо гана эми элеки тирукмуштун түшү экенине сүйүнүп: - Өх-х!!! – деген! Анан эмне болду эле? Ии, ооба, аңгыча Марат Муратович кирип келген. Саал ыңгайсыз абалда калганы менен Лилия анда да жол таап кеткен: - Кечээ сиз кеткени аябай кыйналдым, - деген калп айтып. – Алиги... Ким эле? И, Бахтыяр дегениңиз да мендей бирөө менен иштейт экен. Эмнеге иши жүрүшүп, “ити чөп жеп” жүрөт дейсиз?! Күчтүү дубалар менен коргонуп алыптыр, аныңыз! Таң атканча алышып, кыйналып чыктым. Азыр да кыйналып турам... Кечээкидей болбой, өңү саал түктөйүп турган көзү ачыкты карап, Марат Муратович өзүнүн дарыгер экенине карабай ага ишенди. Лилия туруп барып, сүргүл менен маңдайынын, мойну-башынын терин арчып, сүртүндү да, күзгүгө келип жүзүн каранды. Эми эле бетине жабышып алып чыкпай аткан, тарбаңдаган буттары бар жагымсыз былжырды эстеп, кудум ичиркенип кеткендей денесин жыйрып-жыйрып алды эле, тулку бою титиреп, өңү бозоро түштү. - Сизге эмне... жардам керекпи? – жаңы эле отурган дарыгер кайра тура калды. - Жок, жок. Азыр келем, отура туруңуз. Лилия сыртка чыгып, жанараак эле жасаткан макияжын муздак сууга кайра-кайра жууду. “Бул эмне деген түш?! – деди оюнда. – “Артка кайт” дегени эмнеси?! Деги, ким ал?! Же... Жараткандан аян болдубу? Ишти токтотуш керекпи анда? Жок, жок, жөн эле көрө албагандарым болсо керек?! Албетте! А балким чын эле Бахтыярдын колдоочуларыдыр? Коркуп, жанталашып жатышса керек. Ылайым эле ошондой болсун! А бетиме жабышкан эмне?! Мм... – ага да шылтоо табыла калды. - Бетиме жанагы косметолог катындын көзү тийсе керек? Мүмкүн. “Тим эле жакшынакай экенсиз”, - деп өлүп-талып атпады беле. Ошонун сугу кирип, кремдери менен кошо сүйкөлүп калган окшобойбу! Жууп салайынчы! ..” Айткандай эле, муздак сууга кайра-кайра жуунган сайын жаны сергип, көңүлү кичине ачыла түшкөндөй болгон. *** “Ошол түшүм?!. – ойго какай түшкөндөй болду Лилия эми, - Ошол үн... мага ушундай болорун айткан турбайбы! Бетиме жабышкан ошо былжыр... ушул экен да?!.” Башын туш келди чайкагылап, эки муштуму менен жанын сабап ызадан, өкүнүчтөн өрттөнүп кетти жаны! Жалгыз көзүнөн шорголоп жаш куюлуп жаагы, кулагы ылдый салаалады. “Эми кеч! – деди анан баягысын кайра да кайталап. – Ыйлаба!” Көзүнүн жашын арчыды. Калчылдаган алаканын мурдуна жакын алып келип, кайра тартып алды да, жер сабап жиберди! А бирок, эстутумундагы үзүлгөн тасма болбой эле, андан ары уланды. *** Жардамчы аялдын дастаркону даяр болчу. Экөөнү аркы үйгө чакырды. Өтө чоң эмес, бирок кудум ресторандагыдай жасалгаланган столдун ар бир бурчунда дүкөндүн төрт шамы үлпүлдөп күйүп турат. Ага кошуп Лилия кебезди сары май менен шашпай майлады да, чийдин жети талына ороп, чыныдагы күлгө бирден сайып, күйүп аткан дүкөндүн шамын эңкейте кармап, ар бир чийдин башына бирден от “кондурду”. Андан кийин тарбалаңдап, ийри-муйру болуп күйүп бараткан шамды карап алакан жайып, көздөрүн жумуп алып ичинен дуба окуп, көпкө чейин күңгүрөнүп, күбүрөнүп-шыбыранып отурду. үйдүн ичи жымжырт. Берки экөө демин ичине тартып, үнсүз отурушат. Марат Муратовичтин эки көзү - Лилияда. Анын элпек, ийкем кыймылынан го: “Жедеп мастер болуп калыптыр...”- деди оюнда. Жардамчы аял болсо меймандын өзүнөн көзүн албайт. Ылдый карамыш болуп, башы салаңдаганы менен, көзүнүн кыйыгынан коноктун кирпигинин ирмелишин “санап” отурат. Ошондон улам го, доктордун баятан бери Лилияны тиктеп отурганы ага жакпай, бир убакта бүткөн боюн кызганыч бийлеп кетти: “Бетин калай табактай кылган өлүгүңдү көрөйүн! – деди анан ичинде. – Кара катынды карай берип, карегиң агып, түшүп калмай болду го! Каныкей көрүнүп атса керек да, ээ? Карай бер, ошентип! Бир күнү анан кантип карайлап калганыңды өзүң да билбей каласың!.. ” Андан ары Лилияны карап: “Ики, мени “артист” деп коёт албарсты, өзүчү?! – деп ичинен каарыды жардамчы аял. – Чыныгы артист болгондо укмуш ойномок!.. Жакшылыкка багыштап дуба окуп отурат бекен эми? Каяктан?! “Кара дубаларын” окуп, бу бечаранын башын айлантып, көзүн көр кылып атат да! Мунусу да аны билбей, тим эле периштенин пешенесинде отургансып, көшүлүп-көөлгүп калат!..” Денеси менен сезген, дээринен сезимталдык кудурети бар Лилиянын бу саам да өзү менен өзү болуп отургандай көрүнгөнү менен айлана-тегерегиндеги бар кыймылды байкап, кимиси кандай кабыл алып жатканын туюму менен туюп, көкүрөгү менен көрүп отурду. Бир убакта анан чыдамы жетпей кеткендей, жарамчысын “жалт” карап алды эле, экөөнүн көздөрү чагылыша түшүп, бечара “көлтөңбай” “селт” этип чочуп кетти. Алаканын жүзүнө сылап, бата кылышкан соң Лилия аны бир чети таң калгандай, бир чети ачуусу келгендей карап калды да: - Бар, чыгып кетчи эшикке! – деди зекий. Уурусун карматып ийгенге иймене түшкөн аял күнөөлүүдөй жер карап, ансыз да тултуюп, салаңдап турчу эки бетин азыр агып түшүп калчудай салаңдатып, чыгып кетти. Ал эшикти сыртынан жаап болгуча Лилия артынан жаман көзү менен карап отурду. Марат Муратович эмне болуп кеткенине түшүнбөй калды. - Акмак! – деди Лилия акырын. - Эмне болду? – Марат Муратович да акырын сурады. - Майпаңдап нанымды жеп, чайымды ичип, мамык төшөгүмдө магдырап жатып, карабайсыңбы эми!.. “Мал арыгын тойгузсаң – ооз майлайт, киши арыгын тойгузсаң - ооз каңдайт!” Ичинин баары - арам! Баятан бери: “Эми оңолот го,” – деп отурсам, ого бетер оңкосунан оодарылып, эмнени гана ойлогон жок, оңбогур! Кеп төркүнүн Марат Муратович чала-була баамдаган болду. - А анын оюн кантип билдиңиз? – деди ошондо да. Лилияга бул сөз жакпай калгандай, тек гана кекээрлүү жылмайып койду. Анын ушул үнсүз жообунда: “Кудайды көзүң менен көрбөсөң да, акылың менен тааны” дейт. Адамдын кебете-кешпиринен, кабак-кашынан, көздөрүнөн эле анын ичинде күн тийип турганын же түн түшүп турганын билүүгө болот! Ага таланттын деле кереги жок – акыл, анан амалкөйлүк керек!” – деген ой жаткан. Бирок анысын дарыгерге “окутуп” койбош үчүн: - Кана, анда дастарконго караңыз? – деди анан алакан жайып. – Омийин! Андан аркынын баары оюндагыдай, түн - каалаганындай болгон. Өз кесиби тиш доктур, бирок кандайдыр себептерден улам “үч уктаса түшүнө да кирбеген” психикалык ооруканада иштеп калган жигит менен тээ таң кылайып атканча дастаркон үстүндө сырдашып, жаңы “каарманынын” үтүр, чекитине дейре тактап билип алды. Башкача айтканда Бахыяр аттуу жигитти аки-чүкүсүнө чейин изилдеп, эртеңки жүрүшүнө жол ачып, атүгүл ара чолодо жаңы таанышы экөө эчаккы тааныштардай эркелешип улам жерге “оонап” тура калышып, айтор камыр-жумур болуп, көңүлдүү отурушкан... “Акмак! – деди азыр Лилия жиндикананын керебетин сабап. – Эми карабайсыңбы, эчтеке билбеген, көрбөгөн кишиге окшоп!..” *** Мурат Маратович да кабинетине келип, креслосуна чалкалай отуруп алып тамеки күйгүздү да, Лилиянын кебетесин элестетип алып, дене-боюн бир жыйрып алды. “Чындыгында эле ооруп калыптыр, - деди анан ичинде. – Албетте, “историясына” жазылганчалык эмес, бирок... баары бир катуу стресс алган. Ага кошул-ташыл жандүйнөсү жедеп, соо адамдарга карата жек көрүүгө толуп, ызага ууланып, айтор акыл-сезиминин баары ыкыр-чикирге толуп кеткен... А бирок аны дары менен айыктырууга баары бир мүмкүн эмес...” - Бардыгын унутуп таштап, жаңыча жашоо баштабайсызбы? - деген өгүнү аялдын арыз-арманын угуп отуруп. - Эч качан! Ушундай акыбалга келе электе эмнеге ушинтип айткан жок элең? Анткени, анда мен силерге керек элем да, ээ? Ар кимге жардам берем деп жүрүп, акыры ушиндай болду да!.. – деген Лилия. Анын “ар ким” дегендеринин бири - Марат Муратовичтин өзү эле. Дарыгер ошону ойлоп, бир чети эп көргөндөй: - Болуптур. Менден кандай жардам керек? – деген. - Мага “жинди” деген документ бер?! - “Жинди” деген?– таң кала караган Марат. - Эмнеге?! - Ошого! Муну көрдүңбү? – деп анан сумкесинен атырдын бөлтөйгөн бөтөлкөсүн алып чыгып көрсөткөн. - Көрдүм? - Көрсөң, мен муну канчадан бери көтөрүп жүрөм! Сен алдагинтип, чөнтөгүңө теспе салып калгандай эле! Марат Муратович көзү ачыктын чөнтөктөгүнү көрө койгонуна, уурусун карматып жибергендей оңтойсуздана түшкөн. Бирок аны Лилия көзү ачыктыгы менен эмес, кыраакылыгы менен көргөн. Анткени, жука халаттын чөнтөгүндөгүнүн теспе экени, кызыгып караса кимге болсо билинмек. Анын үстүнө, арытада эркек кишинин намаз окуганда кийилчү ак допусу турган. Мунун баарын жана киргенде эле байкап койгон аял эми өзүнүн “чөнтөгүндөгү” жөнүндө айтты: - Билесиңби, мен муну качан ишке ашырмайын, баары бир тынч ала албайм! - Түшүнбөдүм? - Түшүндүрөм азыр! Акшоола жөнүндө айтсам керек эле? - Мм... Ооба. - Муну ошого “даярдап” койдум! Дарыгер анын айта турганын чала-була боолгогон болду да: - Токтоңузчу, бул эмне өзү?! – деген бөтөлкөнү үрпөйө карап. - Кислота! – оозун толтура айткан аял. - Баланын сөзүн сүйлөп, сиз чындап эле акылыңыздан айныган окшойсуз?! – деген дарыгер да үстөлүнө өбөктөй калып шыбырап. – Андан аркысы эмне болоорун ойлодуңузбу? ! - Ошо ойлогон үчүн сага келип атам да! Жардам бересиңби, жокпу?! Азыр эле эски таанышынын кучагына эреркеп, баягысындай кулагысы келип, ага ишенип, таянып турган Лилия өктөм үн катты эми. - Бул – кылмышкерлик, Лилия! – деген дарыгер. - А бирөөнүн акчасын жымырганчы? ! – “тарс” жарылып кеткен аял. - Ал кылмыш эмеспи?! Марат Муратович “Ит тажаса үрөт, киши тажаса күлөт” болуп, айласы түгөнгөндөй башын чайкап: “Хи!” – деп мыйыгынан күлүп, дембе-дем тамеки тартып ийген да: - Бул эмне, шантажбы?! – деген. - Жок! Өтүнүч!.. - Айтыңызчы, сиз чындап эле жинди болуп калгандан соосузбу? – амалы түгөнгөн Марат Муратович чындап эле анын көз айнегинин улам бир көзүнө үңүлө, бүшүркөй тиктеген. – Сизге эмне жетишпейт? үй десе, үйүңүз бар. Машинеңиз – алдыңызда. Тынч жашай бербейсизби? ! - Эмиби?! Эми тынч жашоого болобу?! Кантип?! – деген аял чындап эле түтөп кеткен. – Сен мени эмне, шылдың кылып жатасыңбы?! Мен ушундай мокочого айланып калганым аз келгенсип, эми тынчып жатып калышым керекпи? Акыркы жолу сурап жатам, жардам бересиңби, жокпу?! Бая: “Бирөөнүн акчасын жымырган кылмыш эмеспи?” – деген сөздөн кийин дарыгердин кайпактай түшкөнүн байкаган аял эми тикеден-тике жооп талап кылып, жарга такап туруп эле. “Мм... Бу катындан кандай кылсам кутула алам?.. – тамекисинин күлүн шашпай түшүрүп, кабагына кар жаап ойлуу отурган дарыгердин эсине бир нерсе түшүп кеткендей анан көздөрү кымыңдай түшкөн. – Токточу, чыны менен эле буга “жинди” деген диагноз коюп, жаткырып таштасамчы? !. Андан кийин менин акча алганымды далилдеп көрсүн!.. Ким ишенет буга?!.” - Жарайт! – деди анан. – Мен сизди “дарылоого” даярмын! Лилия каткырып күлүп жиберип: - Бая эле ошентпейт белең! – деген. – Ишиңдин баасы канча? - Жок, бул менин баягы карызымдан кутулганым болсун. - Сен мени басынткың келеби?! Мен бир бечара же кайырчы эмесмин! - Анда өз эркиңиз. Андан ары убакытты чойбой, бааны өзү быча салган аял: - Бир тоголок болобу? - Шартыңызга караңыз, - бул макул болгонунун белгиси болчу. Андан кийин экөө телефондон сүйлөшүп, көп өтпөй эле миң долларын көтөрүп, кечээ кирип келбедиби. Келгенде да жөн келбей, башкы дарыгердин балдызын - эмчи айымды жаакка уруп ийип, аз жерден чатак чыгарып ийе жаздады. Марат Муратович эми Лилиянын керебетте байланып, жезкемпирдей үксөйүп-саксайып жатканын, мурду менен көзүнүн ордунда кара оюктар гана оңурайып, анысы аз келгенсип жагымсыз каткырганын элестетти да, баягы-баягыда ушул аялдын ысык эриндерин аймалоодон кумары канбай, жерде томолонуп жатышкандарын эстеп, иренжип кетти.***Лилия ошол таңда улуу сапарга аттанчудай ойгонгон. Дарыгерди кетирип жиберип, куш уйку салып тура калган да, жуунуп-таранып, кыска юбкасын, бийик такалуу туфлисин, үстүнө үлбүрөк лямка кофтасын кийип, чачын кежигесине тыкан түйүп, көз айнегин тагынып жолго чыккан. Албетте, анда азыркыдай туш тарабы “тумчуланбаган”, кадыресе көз айнек кийчү. Ошондо эле Лилия атырды жакшы көрө турган. Кымбатына карабай, мыктынын – мыктысы дегенин себинчү. Анын жан жыргаткан жыпар жыты башкалардын эле эмес, биринчи кезекте өзүнүн маанайын жаркытып “жакшылыктарга”, жаңы ийгиликтерге коштоп тургансычу. Бу саам да ырым кылып, жаңы эле алган, бирок колдоно элек эң кымбат баалуу атырын себинип, керемет жытка моокуму кана магдырап, баягы Ынак Кабылович алып берген “Джипти” минип баратып, ушул тулпарын кантип алганын эстеп, өзүнө-өзү ыраазы болгон. Эсинде, анда дагы алдына бүгүнкүдөй чоң максат койгон. Акыры ал “операциясы” ийгиликтүү аяктаган... Тактап айтканда, адегенде телефон аркылуу эле Ынак Кабылович менен Акшооланын ортосун суутуп, ажыраштырып берип, Айнуранын багын ачкан. Бакыттын ачкычы колуна толугу менен тийгиче Айнура Лилияга акча жагынан дайыма “донор” болуп турган. Качан үй алдырып, Ынак менен ишенимдүү жашап калгандан кийин бирок кача баштабадыбы. Ошондо андан өч алмакка, экинчиден бардар жигитти эми арачысы жок эле түз пайдалануу максатында жасаган аракети ишке ашып, жандүйнөсү жабыркап жүргөн жигитти торго түшүрүп алган. Анан эле бир күнү “Көктөн издегени жерден табыла калган”. Ынак телефон чалып, өксүктөн өзөгү өрттөнүп, өксөөсү көөдөнүнө батпай, кафеде ичип отурганын айтып, Лилиянын тез келип калуусун суранган. Лилия жасанып-түсөнүп, анан албетте, жаңы конуштан жөө-жалаңдап келгиче, чыны менен эле Ынак көпкө күтүп калган. - Эмне кечиктиң?! – деген кызымтал жигит ызалангандай. - Кечирчи, жаным? Билесиң да, мен жөө жүрөт эмесминби, үйүм да алда кайда... – Лилия жигиттин мойнуна колдорун ороп, туш келди өпкүлөгөн. – Берекем менин!.. - Ошол элеби?! Машинең болсо эле кечикпей келет белең?! “Колу жепегени менен ою жетип”, жигиттен эңсеп жүргөнү анын өз оозунан чыгып кеткенине Лилия “жым” дей түшкөн: - Эч качан! Эч качан, жаным... - Эртең анда машине алып берем! - Сен азыр кызуусуң, Ынак. Эртең убадаңды унутуп калып, жалганчы болуп каласың го. Жокту айтпачы..? - Жок! Мен эч качан жалган айтып көргөн эмесмин! Келе колуңду?! Ушул түнү Лилия Ынактын “жоомарттык” намысын улам кайра, улам кайра козгоп, ойдолоп чыккан да, чындап эле эртеси машинелүү болгон. Ошондон берки чыныгы жолдошу ушул. Талаага таштабай, ар дайым бирге. Бирок, адам болгон сайын “дагы болсом” дейт экен. “Эми особняктуу болсом!” – деген эңсөө аны ак эткенден так эттирип, ошол тилегин кантип ишке ашырып, кантип жоктон бар кылууну көптөн бери кыялданып, ошого жол издеп жүргөндө Бахтыяр деген “илинчек” чыга калганын карабайсыңбы! Ушул жолдор, ушул ирмемдер аны ошол таттуу кыялын чындыкка айлантканы алып бараткандай, жүрөгү элеп-желеп. Машиненин чала ачылган форточкасынан кирген жылуу, жумшак шамал саамай чачын сапырып, алкымынан аймалап, ого бетер көңүлүн сергитет. “Джип” айдаган сулуу айымга катарлаша калган машиненин шоопурлары ансайын ага көз кырын салып, айрымдары көзүн ымдап, баш ийкеп, кээ бири куушуп ойноп, айтор Лилиянын жүрөгү толкуп-ташып, чоң трассада зымырап келатып эле, бир кезде “пробкага” такалган да, издегенин так ушул жерден, ушул “тыгындыдан” тапкан! Ооба, бет маңдайындагы күзгүгө каранып атып, артында турган машиненин номуруна көзү уруна түшпөдү беле! Көргөн көзүнө ишенбей, ошону күзгүдөн кайра-кайра карап, бир убакта кубанычы кучагына сыйбай кеткен: “Ошол?!.” Чынында эле өзү издеп чыккан машине өзүнө куйрук улаш токтоп турган! Машиненин номуру, маркасы, өңү-түсү, бардыгы - өзү! Эси-дартынын, эки көзүнүн баары эми маңдайкы күзгүсүндө болуп, машиненин ичиндегилерди карады. Айдоочу, анын жанында карыган байбиче отурат. Экөө эле экен. Жашы кырктарга чамалап калган, кара көз айнекчен жигитти: “Ошол! – деди оюнда. - Өзү экен! Кантсем, кандай шылтоо таап “кармасам?” Ал ушинтип түйшөлүп атканда тыгында турган машинелер улам аздан алдыга жылып, улам токтоп отуруп, бир далай жерге чейин жетип калышты. “Эми бир ушунча жүрсөк “пробка” бүтөт! – деди аял ичинде. - Андан ары кандай кылыш керек? Соңунан түшүп алсам да болбойт. А эгер..?” – оюна бир нерсе “тык!” эте калды да, ошол оюн оң көргөндөй “жымың” этип күлүп алып, рульга оңдонуп отурду. Бир убакта, алдыдагы машинелерге жол ачыла түшүп, ылдамдыктар катуулап калган кезде, Лилия Бахтыярдын жолун торой калып, тормозду басып калды! Артта келаткан машине аны “каңк!” эттире уруп токтоду. “Байкуш машинем!” – булкунуп барып токтогон машинесин аяп ийди. Аны менен кошо, өзүнүн да өңгөчү үзүлүп кеткендей болду. Бир чети жигитти колго түшүргөнүн эстеп “жым” этти. Аңгыча “көктөн издеген” жигити ачууланып келип, Лилиянын эшигин жулкуп ачты да, шоопурдун аял экенин көрүп, саал жумшара түштү: - Сиздин... акыл-эсиңиз жайындабы?! – деди анан рульга башын жөлөп отурган айымга. Уландысы бар #адашкандар
"ОКУРМАНДАР" группасы
АДАШКАНДАР 2 китеби 8 болум
А бирок аны коё беришкен жок. Керебетке чалкасынан таңып салышып, чоң иш бүтүргөнсүп оолактай беришти.
- Эн-нең, бетимди тытып таштады! – деди бири бетин сыйпалап.
Эмчи аял “жиндинин” жакшынакай жасалган тырмактарына бир, өзүнүн колуна бир карап:
– Деги эле модницалыгын кантейин?! – деди.
- Баарынан да хиджаб кийип алганы кызык?! Жиндиге диндин эмне кереги бар дейм да?! – жигиттердин бири баятан берки оюнда жүргөндү айтты.
- Көз айнегин айтпайсыңбы! – Лилияны мыскылдай караган эмчи аял: - Ушундай жинди туруп, машине айдап жүргөнү кызык! Баарынан да анысын стоянкага коюп, акчасын төлөп... – деп алда неден шектенгенсип койду.
- Ишиң болбосун! – Лилиянын жаны түтөп кетти.
- Күйөөң крутой го, ээ?! – санитардын бири оюндгысын сурай салды.
- Жөн эле крутой эмес, молдо крутой болуш керек! – деди экинчиси какшыктап.
Эмчи аял Лилияга жакын келип, бирок: “Сен берчи!” – дегендей, эки-үч таблетканы жигиттердин бирине карматты. Ушу саам, Лилия эмнегдир оорусунан “айыга” түшкөндөй болду:
- Эже, өзүм эле ичейинчи?! – деди жанагыдай болбой, жагалдана айтып. – Колумду чечкилечи, балдар?! Мени кечирип койгулачы?..
- Ики, тим эле куулугун карап кой! Эми эле мени ашатып атпадың беле?! Эми “эже” болуп калдымбы?! Жиндиңде ушунча куусуң, соо кезиңде кандай экениңди ким билет?! – деген аял: “Жоолугун ал!” – дегендей жигитке ишарат кылды эле, Лилия:
- Жолобогула мага! Тийбегиле деп атам-м! – деп жаткан жеринде мөңкүп, башын ары-бери ала качты. Аны угар киши жоктой, лөкүйгөн жигиттин бири эки ийнинен кармап турду да, экинчиси жоолугун чече баштады. Ушул убакта:
- Аа-аа-аа-а! !! – деген ачуу айкырык бүт оорукананы титиретип жиберди. Лилиянын азыр үнүнөн башка куралы жок эле. Бүт күчүн ошого чыгарып, жигиттин колун тиштегилеп, бир топко чейин “кармашты”. Ачуу айкырыктан дарыгерлер, оорулуулар да чуркап келип, палатанын оозунда жардана түшүштү.
- Эмне болду?! – деди Мурат Маратович кирип келип.
- Дарысын берели десек, ушунчалык агрессивдүү неме экен! – арызданды эмчи аял. – Эркиндин колун тытып...
Эреркегендей, Лилия дарыгерди көрүп, тынч жатып калды. Бирок ишенген адамы ал күткөндөй: “Чечкиле, колу-бутун! Чыккыла баарыңар! ” – деген жок. Тескерисинче: “Ал эмне кылганың?” – дегендей Лилияны карады. Ошол убактан пайдалана калган жигит Лилиянын көз айнегин, жоолугун ачып жиберип, кудум жалаңкыч көргөндөй артка кетенчиктеп, кекечтене түштү. Лилияны эки ийнинен кармап, басып турган жигит да аттап-буттап, алда кайда жоголду. Аңгыча жанагыдан да ачуу, жанагыдан да башкача:
- Аа-аа-а-аа-а! !! – деген ачуу чаңырык оорукананы дагы бир ирээт титиретип жиберди. Бирок бу саам Лилия эмес, эмчи аял чаңырды.
Ушу саам эмчи аял менен керебетте байланып жаткан жалгыз көздүү, мурдунун ордунда оңурайган гана эки оюгу бар, беттери быргыл-тыргыл, бошонсо эле тытмалап баса калчудай комдонуп, чачтары да туш келди үксөйүп-саксайган аял тиктешип калган!
Эмчи аялдын ансыз да чоң көздөрү чанагынан ыргып кетчүдөй чакчайып, эки колу бетине жетип-жетпей калчылдап, чаңыра бергенден үнү өчүп баратты...
Лилиянын кебетеси азыр абалкыдан да коркунучтуу, тир укмуштуу суук эле! Ал аны өзү да сезип жатты. Качан ачуусу келип, жаалы кайнай түшкөндө ого бетер ыраңы бузула түшөөрүн көрүп, андай учурда өзү да күзгүгө карана албай, жалтактап турчу.
Ызасы жанына ушунчалык батып кеткендиктен, анын үстүнө эч кимге көрсөтпөй катып жүргөн сырын бу жердегилердин баары көрүп, “болоору болуп, боёосу канган” соң, эми ага кымырылып-кысынуунун кереги да жок эле! Демейде жоолуктун алдында жашынган чачы жайылып, ынтыга-ынтыга дем алганга көкүрөгү гана солкулдап, сулк жатты азыр. Атүгүл өзүн тиктеп алып чаңырып жаткан аялга ансайын жаалы кайнап, жек көрүп, жаагын качырата кайрап... бир убакта анан эмчи аялдын катуу корккондон тактайды суу кылып ийгенин көрүп, жалгыз көзүнөн жаш акканча каткырык салып жиберди!
Эшиктегилер адегенде үрпөңдөй түшкөнү менен, акырын жылып келип, керебетте байланган “жиндини” зоопаркка келгендей таңыпкай карап, чыгып кетип жатышты.
Мурат Маратович гана өзүн тынч, токтоо кармап, Лилияны азга иренжигендей карап турду да, жерде жаткан жоолугун колунун учу менен чымчый кармап, бетине таштап койду. Ошондо гана Лилиянын күлкүсү отко суу куюп ийгендей, “тып” өчтү. Бир жагынан бети жабылып калганына эс ала түшсө, бир жагынан дарыгердин жоолукту жийиркене кармап, иренжий жасаган мамилесине ызаланып, туталанды!
- Алып кеткиле! – деди Мурат Маратович санитарларга эмчи
айымды жаңсап. Жанагы жигиттер калчылдаган эмчи аялды аяк-башынан так көтөрүп, алып чыгып кетишти.
- Барыңыздар! – деди дарыгер анан жарданып тургандардын
баарына. – Эмне турасыздар? Барыңыздар!
Баары чыгып кеткенден кийин Лилиянын керебетинин жанында бир азга үнсүз отурду да:
- Баары жакшы, Лилия! – деди Мурат Маратович. – Буюрса
иш жакшы башталды. Мунун баары сиздин ийгилигиңиз үчүн...
Мурат Маратович чындап эле ошентип ойлодубу, же тек гана пациентин жоошутуп, көңүлүн тынчытыш үчүн ошенттиби, белгисиз эле. Бирок Лилия ага ишенди.
- Мени качан кетиресиз? – деди бети жабылуу жаткан бойдон,
эреркегендей.
- Аз күндөрдөн кийин. ªзүңүз түшүнөсүз да, оорусу өтүшүп
кеткендер көбүрөөк дарыланышы керек. Сизге ошол диагноз керек эмеспи?
- Түшүндүм! – Лилия анын эмнени айтып жатканын түшүндү. - Бирок
мен мындай мамилеге чыдай албайм!
- Эми мындан ары мындай болбойт. Сиз өзүңүздү жакшы
кармасаңыз эле, баары жакшы болот. Эшикти да бекитүүнүн кажети жок, - деп жана Лилия атайын сырттан таба келип, эшиктин туткасынан өткөрүп илгич жасаган таякты алып, кармалап туруп ары таштап койду. – Оорулууларга – өзүңүздөй мамиле жасаңыз. Аларды тилдеп, мазактоонун кереги жок. Иштегендерге да этият мамиле кылыңыз. Болбосо...
“Болбосо, акчамды алып эле кете берсемби?..” – деп ойлоно калган Лилия:
- Болбосо эмне болот? – деди.
- Болбосо, байлоого туура келет, - деген дарыгер Лилиянын оюн окугандай, - Эми артка чегинүүгө жол жок. “Историяңызды”, оорунун белгилерин, мүнөзүн, бардыгын биз ойлогондой жазып койдум. Аз-аз эле чыдап коюңуз, сабырдуулук кылсаңыз эле жеңиш сиздики. “Саргара жорткон киши, кызара бөртөт” дегенди билесиз да.
- Билем! – мойнунан байлагандай болуп, макулдугун билдирди
Лилия. – Бирок, колу-бутумду чечтирип кой?! Анан да экинчи байлашпасын, ооздоруна келгенди оттоп, мени шылдың кылуучу болушпасын! ..
- Аларды мен чогулушта “окутам!” А сиз ким-кимисине тек гана жинди адамдай – түшүнбөгөндөй мамиле жасап коюңуз.
Дарыгер сыртка баш багып, санитарларды чакырды:
- Колу-бутун чечкилечи?
Доктордун мынчалык токтоо, таш боор, камырабастыгына Лилиянын ичи бышып кетти: “Мен сага жанагынча акчаны эмне, дөбөттөрүнө кордотсун деп бердимби?! Көлтөйгөн көнөк, чанач! Сениби, шашпа! Менин көчөмдө да майрам болоор!..” – деп ашата сөгүп, бирок аны сыртынан билдирбегенге аракет кылды.
- Сиз баягыда башкача элеңиз, Мурат Маратович! – деди анан жоолугун тумчуланып атып, алда нени эсине салгысы келгендей кыйыта да, какшыктай да сүйлөп. – Азыр аябай өзгөрүп кетипсиз го?!
- ?.. - Мурат Маратович эч нерсе дебей, тек гана алаканын эки жакка жайып: “Жашоо – ушундай турбайбы! ” - дегендей ийнин куушуруп койду.
- Балким?.. – алда нени эстей койгондой, алда неден үмүт кылгандай карап калды аял. Анын ушул “балкиминин” артында бир балакет жашынып турганын сезип, азыр ошол нерсе атылып чыга калчудай дарыгер комдоно түштү. Айткандай эле:
- Билесиңби, сен мага жардам сурап келген түн?.. Мен кандай аялзаты элем? өңүм эле болбосо, эми деле ошол Лилия эмесминби?! – деди Лилия.
Сөз төркүнү ошол, өзү ойлогондой экенине көзү жеткен дарыгер палатадан чыкканча шашты.
- Чочко! – ал чыгып кеткенден кийин артынан чыңырып алды Лилия.
Аны Мурат Маратович деле укту. Бирок, укмаксан болду.
- Чочко!!! – экинчи жолкусунда бут кийимин колуна ала коюп, ал
кеткен тарапты уруп калды. Анан бүктүшүп жатып, ызадан букулдап ыйлады. Басылып алып да, жансыз немедей шыпты тиктеп, өткөн күндөрүн, ушул Марат муратович менен канип таанышканын эстеди...***Ошол күнү, так ушундай жамгырлуу бир кечте, жардамчы аял адатынча көлтөңдөп чуркап келип:
- Илике, сүйүнчү! Дагы бир шишка келди! –деген алакандарын бири-
бирине сүргүлөп. Кубанганда кыбыңдап кетчү көздөрү тим эле жумулуп калыптыр болчу.
Эмне кылаарын билбей эригип отурган Лилия, өзү да “жым” дей түшкөн. Анткен менен сыр билгизбей:
- Атаң келгенсип сүйүнөсүң да, көлтөңдөп! – деген.
Анын мындай мамилесине, какшыгы менен жемесине кулагы жедеп бышып бүткөн аял анан акырын шыбыраган:
- А баса, көзөнөктөн шыкаалап карадым. Алар экөө экен,
машинесинде бир айым отурат. Аялыбы, кызыбы, же... билбейм, айтор аябай эле жаш экен. Бирок момундай, - баш бармагын көрсөтүп. – Шикарный кийинген эмелер экен. И, баса, “Лексус” тээп келишти...
- Алар сенин шыкаалаганыңды көрүштүбү?
- Жок! Мени билесиң да... – жамбашын чайкап, ойсоктоп койду аял.
Анткени, мындай маалыматы үчүн Лилия ага “чокой боо” деп, ашыгыраак төлөп койчу.
- Болуптур, көлтөңбай! Аның үчүн чокой бооң болот. Киргиз! – деди Лилия. – Ойсолоңдоп кетет, тим эле!
Жанагыдай талпаңдабай сылык-сыпаа созолонгон жардамчы аял бат эле анан мейманды эрчитип кирди эле, Лилия анын эриндерин чөрмөйтүп, деги эле акырын-аста сүйлөп, көздү сүзүп, маданияттуу боло калганына бышкырып ийе жаздап, күлкүсүн араң тыйды да: “Чыга бер”, - дегендей ишарат кылды.
- Келиңиз? – деди анан саал курсактуу, ак көйнөк, галстукчан
адамга маңдайындагы орундукту көрсөтүп.
Бу кезде Лилия Ынак Кабыловичтен “өндүргөн” акчасы менен бир топ тыңып, көп кабаттуу үйдөн үч бөлмөлүү квартираны сатып коюп, бирок кезек күткөндөр акыйып отурчу короо-жайына карап, мурунку үйүндө эле “иштеп” жаткан. Анткен менен евро ремонт жасатып, төлгөсү менен “бал китебин”, камчы-самчысын жерге жазбай, чакан үстөлдүн үстүнө жайып, өзү “кожанный” креслодо отуруп калган кез болчу.
- Келдим, - деди мейманы маңдайындагы креслого отуруп жатып
үйдүн ичин айланта карап. – Сиздин бир жардамыңыз тийиеби деп...
- Кандай жардам?!
- Кандай десем?.. – колун бири-бирине ушалап, ойлоно калып анан: - Бирөөдөн процентке акча ала коюп, кыйналып турам. Эми үйүмдү насыяга койсом кандай болот, же үй-жайдан да куру жалак каламбы? Дагы бир вариант болуп атат, Россияга барып иштеп көрсөмбү дейм. Кайсынысы мага ыңгайлуураак, ошону айтып бере аласызбы? Аялым: “Россияга эле барганың оң, үйдү алдырып ийсек бала-бакыра менен талаада калып, эл-журтка шылдың болобуз!” - деп безилдейт, апам болсо: “үйдү сатып ийсең да карызыңдан кутул, айлаң кетип баратса, айылга барып иште, ал жакта деле доктурлар жакшы жашап атышат. Бизди таштап коюп, атаң тааныбыган жерде эмне күн көрөсүң?!” - деп чебеленет. Билбейм!..
- А карызыңыз канча?
- Он беш миң доллар.
- Көп деле эмес го?
Мейман мыйыгынан күлдү:
- Маяна менен жашаган кишиге көп болгондо да кандай?!
- Болуптур! Кимден алдыңыз эле?
Ошонун атын атагысы келбегендей, бети-башын тыржыйтып:
- Ай!.. – деп койду. – Бир бизнесмен...
- Мен сизден ошол бизнесмендин аты-жөнүн сурап атам?!.
Лилия акча берген адамдын ысмын, атүгүл телефонун, кайда иштегенин, машинесинин номурунан бери жазып алды да:
- Мм... Ишиңиз чыны менен эле чатак экен! – деди мейманын аягандай карап. - өтө оор акыбалда турупсуз. Аныңыз өтө кара мүртөз неме окшойт, ээ?
- Көпкөн да...
- Мм... Анын “крышасы” катуу экен, - “окшотурдумбу же окшошпой калдыбы? Кандай реакция болду экен?” – дегендей, клиентинин көзүнө карады. Чыны менен эле ошондой экенин билген өңдүү, тигил башын ийкеңдетип койду.
- Анан да аныңыз өтө коркунучтуу адам экен. Тегерегиндеги адамдарын айтам... Ал сизге канча мөөнөт берип атат?
- Бир ай.
- Ооба. Ага чейин унчукпашы мүмкүн. Бирок мөөнөтү бүткөндөн кийин... - өтө кооптуу бир нерсени көрүп жаткандай, кабагын үтүрөйтүп, башын чайкады аял. – Ал баарына барышы ыктымал...
Мейманы да ошону сезип, билип жүргөндөй, эми таптакыр эле айласы түгөнө түшкөндөй, бир ишенгени ушул аял окшоп, ага жалдырай карады.
- Эгерде Россияга кетсеңиз, ишиңиз мындан да чатак болот. Ал жакка сизге жол жок. Болбой эле барам десеңиз, чоң кырсыкка кабыласыз. Эгерде... эгерде үйдү сатам десеңиз... Эмнегедир ага да жол жок. Сатылат, албетте. Бирок аялыңыз да туура айтып жатат.
- Эмне кыл дейсиз?
- Бүгүндөн баштап мен ага да, сизге да дуба окуюн! – айткандай эле “ток” этер жеринен кирди аял. - Бирок бул өтө көп күч-кубатты талап кылат. Атүгүл, ооруп да калышым мүмкүн. Сиз мага жардам берип турушуңуз керек...
- Кантип? – жандана карады Мурат Маратович.
- Мм... Билбейм, бирок дайыма мени менен байланышта болуңуз. Анан да мага өзүңүзгө ишенгендей ишенип, өзүңүзгө жасагандай мамиле кылыңыз. Түшүнүп атасызбы, мен күчтүү болуш үчүн сизди өзүмдүн жандүйнөмө “чакырам.” Биз - экөөлөшүбүз керек! Эгерде сизден кандайдыр туура эмес ойлор, тескери мамилелер болсо, мунубуз ишке ашпайт да, мен сизге жардам бере албай калам. Түшүндүңүзбү? !
- Түшүндүм.
- Бири-бирибизди таарынтышпайлы, анда. Баары ойдогудай болуп чыкса, карызыңыздан кутулуунун жолу сизге өзү келет, – Лилия макулдашкандай, алда нени кыйыткандай колун сунду. Мурат Маратович анын “таарынтышпайлы” деген сөзүнүн бир өңүтүн түшүнө койду да, партманынан жүз доллар алып чыгып алдына таштап койду.
- Болуптур, - деди Лилия жашыл кагазды күлүмсүрөй алып. – Эртең түштөн кийин келип кетиңиз, бул акчага аш басып, арбактарга багыштап жыт чыгарып, шам жагып, бата жасайбыз!
- Жарайт.
- Айтмакчы, токтоңузчу? ! – коштошуп, чыгып бараткан Марат Муратовичти кайра токтотуп, көздөрүн жумуп, бир нерсени көрүп жаткандай күңгүрөндү, – Сыртта “Лексус” турабы?
Марат Муратович таң калгандай:
- Ооба, - деди.
- Мм... А ичиндеги бийкеч ким?! – эми көзүн ачып, шеги бардай карады. Мейманы азга кайпактагансый түшүп, анан: “Эмне экен?” – дегендей ийин куушуруп койду да:
- Таанышым, – деди. – Чогуу иштейбиз.
- Аа... – аял ичинен “жым” этип алды да: “Аялы болсо – аялым дейт эле. Таанышым дегенине караганда бир мандеми бар окшойт!” – деп ойлоп, мыйыгынан күлүмсүрөдү:
- Болуптур, жакшы барыңыз.
Лилия Марат Муратович чыгып кеткенден кийин көпкө ойлонду: “Чыны менен эле Бахтыяр Кайыпович деген ким өзү?! Мм... Жашы кырктар чамасында болсо, жаш эле экен. Кесиби юрист дейт. Бирок башынан эле бизнесте жүрсө... Депутаттыкка камынып атса... Тигинин айтымында аябай эле акчалуу неме окшойт. Кандай кылсам?.. Кайырмакты кай жагынан, кантип таштасам?.. Кокус, утулуп калсамчы? Тфу, тфу!..”
***
Марат Муратовичти эртеңкиге чакырып, бүгүн өзү берген акчага кайра өзүн сыйлаганы жатканы да бекеринен эмес болчу. Бир чети шам жагып, жыт чыгарып, куран айтып, алдыда боло турган чоң ишке Кудайдан жол сурамак. Экинчи жагынан ошонун шылтоосу менен Бахтыяр Кайыпович жөнүндө кенен-кесири сурап, дарыгердин өзүнөн билип алмак. Анткени, иштин ийгиликтүү, анан да үзүрлүү жүрүшү үчүн маалыматтын арбын, так болгону жакшы. А бүгүн анын баарын сурап отурууга мүмкүн эмес эле, клиентин иренжитип, айнытып алмак. “Кайра менден сурап, өзү эч нерсе билбейт экен!” – деген ойдо калмак да, кайрылгыс болуп кетмек. Долларын ыргыта салганына караганда, жакшы эле кетти окшойт. Анын үстүнө, “Лексустагы” бийкеч тууралуу “трюк” таасирдүүрөөк болуп кетти окшойт. Көлтөңбай байкуш бу жолу да жарады ишке...
Ушинтип ойлоп жатып, бир убакта жаңы “долбоорду” баштоого илинчек, же Бахтыяр Кайыповичке барууга жол табыла калгандай, башкача бир “жымың!”- этип алды да, эртең баары ойдогудай болсо, операцияны бүрсүгүндөн калтырбай баштамак болду! А бирок ошол жол аны өзү каалаган “алтын тоого” эмес, аңга алып барып салып, аягы бүгүнкү акыбалы менен аяктаарын, асты Алла-Тааланын каарына калып, жазаланаарын анда ал ойлогон да эмес!
***
Эртеси Марат Муратович айтылган убагынан кечикпей кирип келди. Лилия болсо даярдыктын баарын “көлтөңбайына” тапшырып коюп, өзү квартирасына барып сууга түшүп, сулуулук салонуна кирип, мейман келчү маалдан бир-эки саат эрте келип, эс алып жатып көзү илинип кетиптир. Айтмакчы, ошондо бир укмуштай түш көргөн.
Көзгө сайса көрүнгүс, кап-караңгы түндө колдору менен боштукту сыйпалап, каякадыр жол таппай, жаны кейип жүрүптүр. Туш-тушунан, жакын эле жерлерден жүрөктүн үшүн алган тир укмуштуу, коркунучтуу үндөр – кандайдыр каткырыктар, жагымсыз жаңырыктар угулат. Ал үндөр бирде оң, бирде сол жагынан, бирде үстүнөн, бирде астынан, бирде болсо бет маңдайынан угулуп, ансайын башы-көзүн калкалап, бетин катып, түйүнчөктөй түйүлүп отура калып, жанын оозуна тиштейт. Аңгычакты, кайдан-жайдан:
- Артыңа кайт! – деген токтоо, калбаат үн чыгат. Бир чети каардуудай, бир чети мээримдүүдөй ушул коңур добуштан чочуп, “селт” этет. Селейип тыңшайт.
- Артыңа кайт! – экинчи жолу да өктөм, буйра айтылат.
- Кимсиң, мага буйрук кылган?! – Лилиянын намысы кайнап, башына тээп чыгат. – Эмнеге кайтам?!
Ансайын тапандап алдыга жылат. Кандайдыр күч аны көкүрөгүнөн түртүп, артка кетенчиктетет. А бирок жанында пайда боло калган каткырык аны улам бир каруусунан кармап, алдыга сүрөмөлөп кетет:
- Бас, баса бер! – дейт ал.
- Сен кимсиң?! – бу саам жакынсый үн катат Лилия.
- Шеригиңмин! Хи-хи!.. Шеригиң!..
Лилия ошого шердене түшөт. Кадамын чоң-чоң таштайт. Каткырык, жаңырык эми улам алды жактан угулуп, кудум ага жол баштап, эрчитип бараткансыйт. Кадамдары ансайын шартылдап, акыры тигилерге кошулуп өзү кошо каткырып күлүп, кетип барат. Аңгыча бетине балыр өңдүү былжыраган, жагымсыз нерсе “шалп!” этип жабыша түшөт.
Лилиянын денеси муздап, жыйрыла түшөт. Бетине жабышкан былжырак эмени чыгара албай тырмалаңдайт. Ошол муздак, жагымсыз нерсе бир убакта мойнуна оролуп, андан ылдый койнуна кирип, денесине оролуп, буту-колун тушап, жыгалат...
“Шеригинен” жардам күткөнсүйт. Бирок анысы эми шылдыңдап, табалап жаткандай, баягыдан башкача, күчөп каткыра баштайт...
- Илике-е?! Илике-е?! – деп каяктандыр үн чыгат...
Чочуп ойгонот. Кара терге түшүп, демигип алган...
- Мейманың келди, Илике. Тур! - бет маңдайында жардамчысы туруптур.
Ошондо гана эми элеки тирукмуштун түшү экенине сүйүнүп:
- Өх-х!!! – деген! Анан эмне болду эле? Ии, ооба, аңгыча Марат
Муратович кирип келген. Саал ыңгайсыз абалда калганы менен Лилия анда да жол таап кеткен:
- Кечээ сиз кеткени аябай кыйналдым, - деген калп айтып. –
Алиги... Ким эле? И, Бахтыяр дегениңиз да мендей бирөө менен иштейт экен. Эмнеге иши жүрүшүп, “ити чөп жеп” жүрөт дейсиз?! Күчтүү дубалар менен коргонуп алыптыр, аныңыз! Таң атканча алышып, кыйналып чыктым. Азыр да кыйналып турам...
Кечээкидей болбой, өңү саал түктөйүп турган көзү ачыкты карап, Марат Муратович өзүнүн дарыгер экенине карабай ага ишенди. Лилия туруп барып, сүргүл менен маңдайынын, мойну-башынын терин арчып, сүртүндү да, күзгүгө келип жүзүн каранды. Эми эле бетине жабышып алып чыкпай аткан, тарбаңдаган буттары бар жагымсыз былжырды эстеп, кудум ичиркенип кеткендей денесин жыйрып-жыйрып алды эле, тулку бою титиреп, өңү бозоро түштү.
- Сизге эмне... жардам керекпи? – жаңы эле отурган дарыгер кайра тура калды.
- Жок, жок. Азыр келем, отура туруңуз.
Лилия сыртка чыгып, жанараак эле жасаткан макияжын муздак сууга кайра-кайра жууду. “Бул эмне деген түш?! – деди оюнда. – “Артка кайт” дегени эмнеси?! Деги, ким ал?! Же... Жараткандан аян болдубу? Ишти токтотуш керекпи анда? Жок, жок, жөн эле көрө албагандарым болсо керек?! Албетте! А балким чын эле Бахтыярдын колдоочуларыдыр? Коркуп, жанталашып жатышса керек. Ылайым эле ошондой болсун! А бетиме жабышкан эмне?! Мм... – ага да шылтоо табыла калды. - Бетиме жанагы косметолог катындын көзү тийсе керек? Мүмкүн. “Тим эле жакшынакай экенсиз”, - деп өлүп-талып атпады беле. Ошонун сугу кирип, кремдери менен кошо сүйкөлүп калган окшобойбу! Жууп салайынчы! ..”
Айткандай эле, муздак сууга кайра-кайра жуунган сайын жаны сергип, көңүлү кичине ачыла түшкөндөй болгон.
***
“Ошол түшүм?!. – ойго какай түшкөндөй болду Лилия эми, - Ошол үн... мага ушундай болорун айткан турбайбы! Бетиме жабышкан ошо былжыр... ушул экен да?!.”
Башын туш келди чайкагылап, эки муштуму менен жанын сабап ызадан, өкүнүчтөн өрттөнүп кетти жаны! Жалгыз көзүнөн шорголоп жаш куюлуп жаагы, кулагы ылдый салаалады.
“Эми кеч! – деди анан баягысын кайра да кайталап. – Ыйлаба!”
Көзүнүн жашын арчыды. Калчылдаган алаканын мурдуна жакын алып келип, кайра тартып алды да, жер сабап жиберди!
А бирок, эстутумундагы үзүлгөн тасма болбой эле, андан ары уланды.
***
Жардамчы аялдын дастаркону даяр болчу. Экөөнү аркы үйгө чакырды. Өтө чоң эмес, бирок кудум ресторандагыдай жасалгаланган столдун ар бир бурчунда дүкөндүн төрт шамы үлпүлдөп күйүп турат. Ага кошуп Лилия кебезди сары май менен шашпай майлады да, чийдин жети талына ороп, чыныдагы күлгө бирден сайып, күйүп аткан дүкөндүн шамын эңкейте кармап, ар бир чийдин башына бирден от “кондурду”. Андан кийин тарбалаңдап, ийри-муйру болуп күйүп бараткан шамды карап алакан жайып, көздөрүн жумуп алып ичинен дуба окуп, көпкө чейин күңгүрөнүп, күбүрөнүп-шыбыранып отурду.
үйдүн ичи жымжырт. Берки экөө демин ичине тартып, үнсүз отурушат. Марат Муратовичтин эки көзү - Лилияда. Анын элпек, ийкем кыймылынан го: “Жедеп мастер болуп калыптыр...”- деди оюнда. Жардамчы аял болсо меймандын өзүнөн көзүн албайт. Ылдый карамыш болуп, башы салаңдаганы менен, көзүнүн кыйыгынан коноктун кирпигинин ирмелишин “санап” отурат. Ошондон улам го, доктордун баятан бери Лилияны тиктеп отурганы ага жакпай, бир убакта бүткөн боюн кызганыч бийлеп кетти: “Бетин калай табактай кылган өлүгүңдү көрөйүн! – деди анан ичинде. – Кара катынды карай берип, карегиң агып, түшүп калмай болду го! Каныкей көрүнүп атса керек да, ээ? Карай бер, ошентип! Бир күнү анан кантип карайлап калганыңды өзүң да билбей каласың!.. ”
Андан ары Лилияны карап: “Ики, мени “артист” деп коёт албарсты, өзүчү?! – деп ичинен каарыды жардамчы аял. – Чыныгы артист болгондо укмуш ойномок!.. Жакшылыкка багыштап дуба окуп отурат бекен эми? Каяктан?! “Кара дубаларын” окуп, бу бечаранын башын айлантып, көзүн көр кылып атат да! Мунусу да аны билбей, тим эле периштенин пешенесинде отургансып, көшүлүп-көөлгүп калат!..”
Денеси менен сезген, дээринен сезимталдык кудурети бар Лилиянын бу саам да өзү менен өзү болуп отургандай көрүнгөнү менен айлана-тегерегиндеги бар кыймылды байкап, кимиси кандай кабыл алып жатканын туюму менен туюп, көкүрөгү менен көрүп отурду.
Бир убакта анан чыдамы жетпей кеткендей, жарамчысын “жалт” карап алды эле, экөөнүн көздөрү чагылыша түшүп, бечара “көлтөңбай” “селт” этип чочуп кетти. Алаканын жүзүнө сылап, бата кылышкан соң Лилия аны бир чети таң калгандай, бир чети ачуусу келгендей карап калды да:
- Бар, чыгып кетчи эшикке! – деди зекий. Уурусун карматып ийгенге
иймене түшкөн аял күнөөлүүдөй жер карап, ансыз да тултуюп, салаңдап турчу эки бетин азыр агып түшүп калчудай салаңдатып, чыгып кетти. Ал эшикти сыртынан жаап болгуча Лилия артынан жаман көзү менен карап отурду.
Марат Муратович эмне болуп кеткенине түшүнбөй калды.
- Акмак! – деди Лилия акырын.
- Эмне болду? – Марат Муратович да акырын сурады.
- Майпаңдап нанымды жеп, чайымды ичип, мамык төшөгүмдө
магдырап жатып, карабайсыңбы эми!.. “Мал арыгын тойгузсаң – ооз майлайт, киши арыгын тойгузсаң - ооз каңдайт!” Ичинин баары - арам! Баятан бери: “Эми оңолот го,” – деп отурсам, ого бетер оңкосунан оодарылып, эмнени гана ойлогон жок, оңбогур!
Кеп төркүнүн Марат Муратович чала-була баамдаган болду.
- А анын оюн кантип билдиңиз? – деди ошондо да.
Лилияга бул сөз жакпай калгандай, тек гана кекээрлүү жылмайып койду. Анын ушул үнсүз жообунда: “Кудайды көзүң менен көрбөсөң да, акылың менен тааны” дейт. Адамдын кебете-кешпиринен, кабак-кашынан, көздөрүнөн эле анын ичинде күн тийип турганын же түн түшүп турганын билүүгө болот! Ага таланттын деле кереги жок – акыл, анан амалкөйлүк керек!” – деген ой жаткан. Бирок анысын дарыгерге “окутуп” койбош үчүн:
- Кана, анда дастарконго караңыз? – деди анан алакан жайып. – Омийин!
Андан аркынын баары оюндагыдай, түн - каалаганындай болгон. Өз кесиби тиш доктур, бирок кандайдыр себептерден улам “үч уктаса түшүнө да кирбеген” психикалык ооруканада иштеп калган жигит менен тээ таң кылайып атканча дастаркон үстүндө сырдашып, жаңы “каарманынын” үтүр, чекитине дейре тактап билип алды. Башкача айтканда Бахыяр аттуу жигитти аки-чүкүсүнө чейин изилдеп, эртеңки жүрүшүнө жол ачып, атүгүл ара чолодо жаңы таанышы экөө эчаккы тааныштардай эркелешип улам жерге “оонап” тура калышып, айтор камыр-жумур болуп, көңүлдүү отурушкан...
“Акмак! – деди азыр Лилия жиндикананын керебетин сабап. – Эми карабайсыңбы, эчтеке билбеген, көрбөгөн кишиге окшоп!..”
***
Мурат Маратович да кабинетине келип, креслосуна чалкалай отуруп алып тамеки күйгүздү да, Лилиянын кебетесин элестетип алып, дене-боюн бир жыйрып алды.
“Чындыгында эле ооруп калыптыр, - деди анан ичинде. – Албетте, “историясына” жазылганчалык эмес, бирок... баары бир катуу стресс алган. Ага кошул-ташыл жандүйнөсү жедеп, соо адамдарга карата жек көрүүгө толуп, ызага ууланып, айтор акыл-сезиминин баары ыкыр-чикирге толуп кеткен... А бирок аны дары менен айыктырууга баары бир мүмкүн эмес...”
- Бардыгын унутуп таштап, жаңыча жашоо баштабайсызбы? - деген
өгүнү аялдын арыз-арманын угуп отуруп.
- Эч качан! Ушундай акыбалга келе электе эмнеге ушинтип айткан жок элең? Анткени, анда мен силерге керек элем да, ээ? Ар кимге жардам берем деп жүрүп, акыры ушиндай болду да!.. – деген Лилия.
Анын “ар ким” дегендеринин бири - Марат Муратовичтин өзү эле. Дарыгер ошону ойлоп, бир чети эп көргөндөй:
- Болуптур. Менден кандай жардам керек? – деген.
- Мага “жинди” деген документ бер?!
- “Жинди” деген?– таң кала караган Марат. - Эмнеге?!
- Ошого! Муну көрдүңбү? – деп анан сумкесинен атырдын бөлтөйгөн бөтөлкөсүн алып чыгып көрсөткөн.
- Көрдүм?
- Көрсөң, мен муну канчадан бери көтөрүп жүрөм! Сен алдагинтип,
чөнтөгүңө теспе салып калгандай эле!
Марат Муратович көзү ачыктын чөнтөктөгүнү көрө койгонуна,
уурусун карматып жибергендей оңтойсуздана түшкөн. Бирок аны Лилия көзү ачыктыгы менен эмес, кыраакылыгы менен көргөн. Анткени, жука халаттын чөнтөгүндөгүнүн теспе экени, кызыгып караса кимге болсо билинмек. Анын үстүнө, арытада эркек кишинин намаз окуганда кийилчү ак допусу турган. Мунун баарын жана киргенде эле байкап койгон аял эми өзүнүн “чөнтөгүндөгү” жөнүндө айтты:
- Билесиңби, мен муну качан ишке ашырмайын, баары бир тынч ала
албайм!
- Түшүнбөдүм?
- Түшүндүрөм азыр! Акшоола жөнүндө айтсам керек эле?
- Мм... Ооба.
- Муну ошого “даярдап” койдум!
Дарыгер анын айта турганын чала-була боолгогон болду да:
- Токтоңузчу, бул эмне өзү?! – деген бөтөлкөнү үрпөйө карап.
- Кислота! – оозун толтура айткан аял.
- Баланын сөзүн сүйлөп, сиз чындап эле акылыңыздан айныган окшойсуз?! – деген дарыгер да үстөлүнө өбөктөй калып шыбырап. – Андан аркысы эмне болоорун ойлодуңузбу? !
- Ошо ойлогон үчүн сага келип атам да! Жардам бересиңби, жокпу?!
Азыр эле эски таанышынын кучагына эреркеп, баягысындай кулагысы келип, ага ишенип, таянып турган Лилия өктөм үн катты эми.
- Бул – кылмышкерлик, Лилия! – деген дарыгер.
- А бирөөнүн акчасын жымырганчы? ! – “тарс” жарылып кеткен аял. - Ал кылмыш эмеспи?!
Марат Муратович “Ит тажаса үрөт, киши тажаса күлөт” болуп, айласы түгөнгөндөй башын чайкап: “Хи!” – деп мыйыгынан күлүп, дембе-дем тамеки тартып ийген да:
- Бул эмне, шантажбы?! – деген.
- Жок! Өтүнүч!..
- Айтыңызчы, сиз чындап эле жинди болуп калгандан соосузбу? – амалы түгөнгөн Марат Муратович чындап эле анын көз айнегинин улам бир көзүнө үңүлө, бүшүркөй тиктеген. – Сизге эмне жетишпейт? үй десе, үйүңүз бар. Машинеңиз – алдыңызда. Тынч жашай бербейсизби? !
- Эмиби?! Эми тынч жашоого болобу?! Кантип?! – деген аял чындап эле түтөп кеткен. – Сен мени эмне, шылдың кылып жатасыңбы?! Мен ушундай мокочого айланып калганым аз келгенсип, эми тынчып жатып калышым керекпи? Акыркы жолу сурап жатам, жардам бересиңби, жокпу?!
Бая: “Бирөөнүн акчасын жымырган кылмыш эмеспи?” – деген сөздөн кийин дарыгердин кайпактай түшкөнүн байкаган аял эми тикеден-тике жооп талап кылып, жарга такап туруп эле.
“Мм... Бу катындан кандай кылсам кутула алам?.. – тамекисинин күлүн шашпай түшүрүп, кабагына кар жаап ойлуу отурган дарыгердин эсине бир нерсе түшүп кеткендей анан көздөрү кымыңдай түшкөн. – Токточу, чыны менен эле буга “жинди” деген диагноз коюп, жаткырып таштасамчы? !. Андан кийин менин акча алганымды далилдеп көрсүн!.. Ким ишенет буга?!.”
- Жарайт! – деди анан. – Мен сизди “дарылоого” даярмын!
Лилия каткырып күлүп жиберип:
- Бая эле ошентпейт белең! – деген. – Ишиңдин баасы канча?
- Жок, бул менин баягы карызымдан кутулганым болсун.
- Сен мени басынткың келеби?! Мен бир бечара же кайырчы эмесмин!
- Анда өз эркиңиз.
Андан ары убакытты чойбой, бааны өзү быча салган аял:
- Бир тоголок болобу?
- Шартыңызга караңыз, - бул макул болгонунун белгиси болчу.
Андан кийин экөө телефондон сүйлөшүп, көп өтпөй эле миң долларын көтөрүп, кечээ кирип келбедиби. Келгенде да жөн келбей, башкы дарыгердин балдызын - эмчи айымды жаакка уруп ийип, аз жерден чатак чыгарып ийе жаздады.
Марат Муратович эми Лилиянын керебетте байланып, жезкемпирдей үксөйүп-саксайып жатканын, мурду менен көзүнүн ордунда кара оюктар гана оңурайып, анысы аз келгенсип жагымсыз каткырганын элестетти да, баягы-баягыда ушул аялдын ысык эриндерин аймалоодон кумары канбай, жерде томолонуп жатышкандарын эстеп, иренжип кетти.***Лилия ошол таңда улуу сапарга аттанчудай ойгонгон.
Дарыгерди кетирип жиберип, куш уйку салып тура калган да, жуунуп-таранып, кыска юбкасын, бийик такалуу туфлисин, үстүнө үлбүрөк лямка кофтасын кийип, чачын кежигесине тыкан түйүп, көз айнегин тагынып жолго чыккан. Албетте, анда азыркыдай туш тарабы “тумчуланбаган”, кадыресе көз айнек кийчү.
Ошондо эле Лилия атырды жакшы көрө турган. Кымбатына карабай, мыктынын – мыктысы дегенин себинчү. Анын жан жыргаткан жыпар жыты башкалардын эле эмес, биринчи кезекте өзүнүн маанайын жаркытып “жакшылыктарга”, жаңы ийгиликтерге коштоп тургансычу. Бу саам да ырым кылып, жаңы эле алган, бирок колдоно элек эң кымбат баалуу атырын себинип, керемет жытка моокуму кана магдырап, баягы Ынак Кабылович алып берген “Джипти” минип баратып, ушул тулпарын кантип алганын эстеп, өзүнө-өзү ыраазы болгон.
Эсинде, анда дагы алдына бүгүнкүдөй чоң максат койгон. Акыры ал “операциясы” ийгиликтүү аяктаган... Тактап айтканда, адегенде телефон аркылуу эле Ынак Кабылович менен Акшооланын ортосун суутуп, ажыраштырып берип, Айнуранын багын ачкан. Бакыттын ачкычы колуна толугу менен тийгиче Айнура Лилияга акча жагынан дайыма “донор” болуп турган. Качан үй алдырып, Ынак менен ишенимдүү жашап калгандан кийин бирок кача баштабадыбы. Ошондо андан өч алмакка, экинчиден бардар жигитти эми арачысы жок эле түз пайдалануу максатында жасаган аракети ишке ашып, жандүйнөсү жабыркап жүргөн жигитти торго түшүрүп алган.
Анан эле бир күнү “Көктөн издегени жерден табыла калган”. Ынак телефон чалып, өксүктөн өзөгү өрттөнүп, өксөөсү көөдөнүнө батпай, кафеде ичип отурганын айтып, Лилиянын тез келип калуусун суранган. Лилия жасанып-түсөнүп, анан албетте, жаңы конуштан жөө-жалаңдап келгиче, чыны менен эле Ынак көпкө күтүп калган.
- Эмне кечиктиң?! – деген кызымтал жигит ызалангандай.
- Кечирчи, жаным? Билесиң да, мен жөө жүрөт эмесминби, үйүм да алда кайда... – Лилия жигиттин мойнуна колдорун ороп, туш келди өпкүлөгөн. – Берекем менин!..
- Ошол элеби?! Машинең болсо эле кечикпей келет белең?!
“Колу жепегени менен ою жетип”, жигиттен эңсеп жүргөнү анын өз оозунан чыгып кеткенине Лилия “жым” дей түшкөн:
- Эч качан! Эч качан, жаным...
- Эртең анда машине алып берем!
- Сен азыр кызуусуң, Ынак. Эртең убадаңды унутуп калып, жалганчы болуп каласың го. Жокту айтпачы..?
- Жок! Мен эч качан жалган айтып көргөн эмесмин! Келе колуңду?!
Ушул түнү Лилия Ынактын “жоомарттык” намысын улам кайра, улам кайра козгоп, ойдолоп чыккан да, чындап эле эртеси машинелүү болгон. Ошондон берки чыныгы жолдошу ушул. Талаага таштабай, ар дайым бирге.
Бирок, адам болгон сайын “дагы болсом” дейт экен. “Эми особняктуу болсом!” – деген эңсөө аны ак эткенден так эттирип, ошол тилегин кантип ишке ашырып, кантип жоктон бар кылууну көптөн бери кыялданып, ошого жол издеп жүргөндө Бахтыяр деген “илинчек” чыга калганын карабайсыңбы!
Ушул жолдор, ушул ирмемдер аны ошол таттуу кыялын чындыкка айлантканы алып бараткандай, жүрөгү элеп-желеп. Машиненин чала ачылган форточкасынан кирген жылуу, жумшак шамал саамай чачын сапырып, алкымынан аймалап, ого бетер көңүлүн сергитет.
“Джип” айдаган сулуу айымга катарлаша калган машиненин шоопурлары ансайын ага көз кырын салып, айрымдары көзүн ымдап, баш ийкеп, кээ бири куушуп ойноп, айтор Лилиянын жүрөгү толкуп-ташып, чоң трассада зымырап келатып эле, бир кезде “пробкага” такалган да, издегенин так ушул жерден, ушул “тыгындыдан” тапкан!
Ооба, бет маңдайындагы күзгүгө каранып атып, артында турган машиненин номуруна көзү уруна түшпөдү беле! Көргөн көзүнө ишенбей, ошону күзгүдөн кайра-кайра карап, бир убакта кубанычы кучагына сыйбай кеткен: “Ошол?!.”
Чынында эле өзү издеп чыккан машине өзүнө куйрук улаш токтоп турган! Машиненин номуру, маркасы, өңү-түсү, бардыгы - өзү!
Эси-дартынын, эки көзүнүн баары эми маңдайкы күзгүсүндө болуп, машиненин ичиндегилерди карады. Айдоочу, анын жанында карыган байбиче отурат. Экөө эле экен. Жашы кырктарга чамалап калган, кара көз айнекчен жигитти: “Ошол! – деди оюнда. - Өзү экен! Кантсем, кандай шылтоо таап “кармасам?”
Ал ушинтип түйшөлүп атканда тыгында турган машинелер улам аздан алдыга жылып, улам токтоп отуруп, бир далай жерге чейин жетип калышты. “Эми бир ушунча жүрсөк “пробка” бүтөт! – деди аял ичинде. - Андан ары кандай кылыш керек? Соңунан түшүп алсам да болбойт. А эгер..?” – оюна бир нерсе “тык!” эте калды да, ошол оюн оң көргөндөй “жымың” этип күлүп алып, рульга оңдонуп отурду.
Бир убакта, алдыдагы машинелерге жол ачыла түшүп, ылдамдыктар катуулап калган кезде, Лилия Бахтыярдын жолун торой калып, тормозду басып калды! Артта келаткан машине аны “каңк!” эттире уруп токтоду. “Байкуш машинем!” – булкунуп барып токтогон машинесин аяп ийди. Аны менен кошо, өзүнүн да өңгөчү үзүлүп кеткендей болду. Бир чети жигитти колго түшүргөнүн эстеп “жым” этти. Аңгыча “көктөн издеген” жигити ачууланып келип, Лилиянын эшигин жулкуп ачты да, шоопурдун аял экенин көрүп, саал жумшара түштү:
- Сиздин... акыл-эсиңиз жайындабы?! – деди анан рульга башын жөлөп отурган айымга.
Уландысы бар
#адашкандар