КҮҮГҮМ СҮЙҮҮСҮ 17- бөлүм

— Сирена сага келишти кызым.
Төмөнкү кабаттан чыккан апасынын үнүн уккан кыз дароо шашыла, төмөн карай түштү.
— Азыр апаке, мына баратам.
Сыртка чыгып, күткн курбусу эшик алдында турганын көрүп кубана түштү.
— Келип калдыңбы? Мен дагы даярмын.
Кыз кудуңдай кубанып алды.
— Жүрү анда кеттик!
Курбусу алды көздөй баса, тээ арткы жакта турган унаасын көздөй басты.
—Мен азыр апам менен атама мейли деп чыгайын ээ.
Сирена атасы отурган бөлмөгө кирип, акырын үн катты.
— Ата мен кеттим ээ менден кыжалат чекпегиле, кайра белгиленген убакта кайтып келем үйгө.
Атасы бир аз кыжалат боло, кайра башын ийкей макул деди.
— Мейли бара гой кызым. Бирок абай болгун макулбу.
Апасы да мейли деп Сирена сыртты көздөй кубана курбусун ээрчий басып, унаага отура кетти.
— Ой -боой керемет го.
Унаанын ичин карап алып, таң калганын жашыра алган жок Сирена.
— Сирен жакшы болду айланып келебиз! Көңүлүңдү ачып. Түркүн дүйнөнүн түрлүү, укмуштарын көрө элексин да жарыгым сен.
Курбусу тим эле бүтүн дүйнөнү кыдырып чыккан сыяктуу күлүп сүйлөп алды.
—Кайда барабыз курбу жан? Атамды араң көндүрүп чыкканда.
— Ии баса андан көрө бүгүн бир укмуш сонун кечки майрам болот, ал жерде ырдашат, бийлешет. Тим эле укмуш. Мынабу эркетин кийиминдей кылбай чечип, кооз көйнөк кийебиз 'чачты жасалгалайбыз, анан барып майрамдап келебиз. Сени ал жакта эч ким тааныбайт коркпо.
— Ай -иий соонун го. Бирок атам билсе...
Сирен мукактана аяккы сөзүн айта электе курбусу оозунан жулуп кетти.
— Ой атаң эмне карап отурмак беле? Кайдан билмек эле сенин кийим алмашканыңды??? Оюн зоок бүткөн соң, кайра кийип аласын. Балким бактыңды учуратып калаарсын ээ?
Курбусу жылмайая тамашалап Сиренаны карап алды.
— Макул көндүрдүң курбутай.
Кыз дагы курбусуна жылмайып алды.
— Ии ошентчи, өзү бир күн араң чыкканыңда. Башка курбу кыздарым да ошол жакта алар менен таанышасын, курбу күт, дос күт. Жок дегенде телефон аркылуу байланышып турганы. Жашооң кызыксыз эй, качан көрсөм жер төлөдөсүн эмне иш кыласын түшүнбөйм. Сен ана бар го, жомоктордогу хан бийке сыяктуусун бирок, алардын өмүрү бийик кабаттуу хан сарайда өтсө, сеники болсо жер төлөдө.
Курбу кызы тамашалай күлүп алды.
— Эх сени десе Сирен... Мейли качандыр бир кезде сени да куткарып кетеер бактың табылаар ээ? Балким бүгүн кандай ойлойсун?
Курбу кыз адатынча дагы күлүп алды.
Сирена да жылмайып алды ичинен. Курбусунун сөзү туурадай сезилип турду. Ооба эмне үчүн бактымды таппашым керек, эмне үчүн ал жерде тыгылып отуруум керек? Деген ойлор эми кызга байма -бай келе баштады.
Кыздар канча саат жол жүрүшкөнү белгисиз, белгиленген жерге жетип келгенде, шам убагынан өтүп, күн уясына бата, жерге караңгы түн өз кулачын жайып келе жаткан.
Кооз чакан айылдын ичинде шаан -шөкөт, ыр майрам өтүп жаткан. Ар-кимисинин үстүндө укмуштай соонун көйнөктөр жасалгалар турган.
Эмне майрам экени белгисиз. Бирок эки кыз суктана карап айыл ичин аралай баратышты.
— Салам кыздар келип калдыңарбы?
Сирена менен курбусунун алдынан торой чыккан үч -төрт кыз курбу кыз менен жылуу учурашып алышты. Сыягы жанагы айткан курбулары ушулар болсо керек деп ойлоду Сирена.
— Таанышып алгыла, бул сулуу менин жакын курбум, сырдашым, муңдашым Сирена. Бүгүн биз менен бирге.
Дос кыз баары менен тааныштырып чыкты. Сирена да көңүлү акырындап көтөрүлүп эми бир аз аралашып жатты.
— Жүргүлө ичкериге. Бул майрамда мындай жүрүүгө мүмкүн эмес, көйнөк кийгиңер келеби?
Кыздар экөөнү колтуктай аркы жакта жайгашкан кооз үйгө жетелеп жөнөштү. Сыягы бул жер кийинип, чечинүүчү жер болсо керек. Кооз жигит кыздарга арналган эки бөлмө. Алардын биринсинде эркектер бирисинде кыздар.
— Түрүнөн тандагыла!
Бөлмөгө кирген соң илинип турган көйнөктөрдү көрсөтө кыздардын бири жылмайды.
Курбу кыз да, өзү да көйнөктөрдү суктаныша карап, биринен, бирине өтүп тандап жатып акыры бир көйнөктү алып кийишти.
— Азыр күзгүнү карабай турабыз.
Кыздар Сирена менен курбу кызды заматта боёп чачтарын жасалгалай бүткөн соң күзгү алдына алып келишти.
—Көрүүгө даярсыңарбы? Кана, бир -эки -үч.
Күзгүдөгү жабылып турган чоң перде түшө бергенде Сирена өзүн көрүп, сөзү оозунан түшүп тааныбай турду өзүн.
Күзгт алдында укмуш сулуу, бкымча белдүү, каректери карагаттай, жүзүндө бир тамчы кара жок, периштедей бирөө турган.
Бир гана жигиттер мындай турсун, кыздар ашык болчуудай сулууну көргөн кыздар да Сиренанын сулуулугуна суктана карап калышкан. Кийген көйнөгүнүн жарашыгы чын эле жанакы курбу кызы айткандай жомоктогу хан бийкедей эле. Чач жасалгасы өзүнө укмуш жарашып, тармал-тармал чачтары жүзүнө ого бетер көрк берип турду.
— Мына -сага курбужан! Периштесин -периште.
Курбусу чын эле суктанганын жашыра албай тамшана карады.
— Муну жүзүңө кадап ал. Бул майрамдын шарты ошондой!
Колуна карматкан көзгө кийчүү керемет масканы көзүнө илип алып сыртка чыгышты.
******
— Сирена дале келбедиби үйгө?
Жубайынан сурай салган киши жооп күтпөстөн эле Сиренанын бөлмөсүнө карай жөнөдү.
— Жоок келе элек! Мен дагы күтүп жатам. Келип калаар азыр.
— Мынча кеч жүрбөшү керек эле! Тынчылык бекен деги? Айткан убактынан бир топко өтүп кетти эмеспи, дале жок.
Бөлмөсүнө баш баккан ата, жми чындап көзү жете аялга кайрылды.
— Балким эми келип калаар атасы. Өзү бүгүн гана чыкты эмеспи. Курбулары менен бир аз отуруп кечиккен чыгаар.
Жубайы күйпөлөктөп сүйлөп жиберди.
— Менин жүрөгүм сезүүдө. Бир жамандык жакындап келе жаткандай. Коркконум ушул. Алтынчы туюмум эч качан алдаган эмес мени.
— Кайда бара турганын айткан беле сага? Ошол жерге барып карап келем.
Аялга кайрыла дарегин алып,куралданып дароо сыртты көздөй жөнөп кетти.
— Атасы...
Келиндин сөзүнөн артка караган киши, аялдын жүзүнөн кызына катуу тийбесин сурап турган көздөрдү көрө койду.
Жооп каткан жок! Тек гана унаасына отура айдап жөнөдү.
Бул учурда түн бир оокумдан өтүп кеткен. Сирена үчүн бүгүнкү күн өзгөчө эле. Мындай майрам, мындай кооздукту, шаан -шөкөттү өмүрүндө көргөн эмес эле. Кыздар менен чогуу бийлеп, күлүшүп, анча -мынча жигиттер менен тааныша койушуп жатышты.
— Сулуу сизди жеңил бийге тартсам болобу?
Кудум эле ханзааданын образын жаратып кийинген жигит Сиренага сылык сүйлөй, ийилип сыпаа билдире, башын жерден албаган абалда колун сунду.
— Барсаңчы, барсаңчы. Келишкен сулуу жигит экен.
Арткы кыздар Сиренаны түрткүлөй шыбырап жатышты.
— Макул деген кыз акырын ийилип жооп кыла, колун бере, ортого бийге чыгышты.
Жалтыр -жултур кийинген бийкечтер, эки -экиден кыз -жигит болуша ортону толтуруша жай музыка ыргагында бийлеп жатышты.
— Бейтааныш сулуу ким экен? Мында алдында сиздей сулууну көрбөгөн экенмин.
Жүзүндөгү бет кап алдындагы кыздын көздөрүнө тигиле карады жигит.
— Мен бул жерлик эмесмин. Сырт жактан келгенбиз конокко.
Кыз да бийлеп жатып акырын жооп берип койду.
— Демек чын эле. Болжоум туура чыгыптыр. Тээ тигинде турган жигиттер менен бирге сөз талашып калган жайыбыз бар эле сиздер тууралуу. Мнн айтканмын сиз бул жерлик эмес экениңизди. Алар болсо ушул жердин сулуусу дешкен.
Жигит жылмайа арткы тарапта чогулуп турган үч төрт жигитти карай ымдап көрсөттү.
— Биз дагы үч, төрт күнгө конокко келген жандарбыз. Досторубуз менен. Өзүм да бул жерлик эмесмин чынында.
Жигит ошончо сүйлөсө да кыз көп сүйлөгөн жок! Өзү тууралуу эч кимге эч нерсе айтууну каалап турган жок.
Жигиттин келбетинен жөнөкөй эмес экени байкалып турган. Каруулуу колдору кызды айландырып келе, куурчак көтөргөндөй, оңой гана белинен аяр кармап бийик көтөрүп, кайра жерге акырындык менен жерге түшүрө койот. Кыз өзүн жигиттин колунда ойногон аппак көпөлөк сыяктуу сезип, жеңил гана учуп бараткан сыяктуу элесттети.
Ичинен жигитке негедир ысык сезимдер пайда болуп жаткандай, акырындык менен өзүн эркин тутуп, жанакы тартынып жүргөн адатын унутуп ич -ичинен ачылып бара жатты.
— А сиз кайсыл калаадан келдиңиз?
Кыз эми сөзгө аралаша жигитке суроо узатты.
— Биз дээрлик бир калаада турбайбыз. Досторубуз менен бирге, ушундай эл көрүп, жер көргөндү жакшы көрөбүз.
Жигит кыска эле сыр кылып, жашырып, арткы жакта жигиттерге бир карап алды.
Же бул майрамдын маанисине карай ушундай кийимби, же чын элеби, айтор жигиттердин баары башынан аягына чейин кылдаттык менен куралданып алган сыяктуу сезилди кызга. Атасы баардык нерсеге маани берип кароону үйрөткөн эмеспи.
Эми гана атасы эсине келе, саат канча болду экен деген ой мээсине кылт этти.
Бул убакта жеңил бий да бүтүп, аяр кармаган жигит кызды чимирилтип тегерете салды. Кызда жерге карай ийиле бергенде, мойнундагы таккан тумары көйнөк ичинен кылак этип көрүнө жүзүнө урунду.
Ийиле берген кыздын көзү ошол замат өзүн теше тиктеп турган бирөөгө түштү.
Ал шашкалактап көзү чанагынан чыгып кетүүчүдөй мойнундагы тумарды карап турган.
Кыз эсин жоготкон адамдай селейе, кулагына азыркы жай музыка эмес, кандайдыр күбүр-шыбыр үндөр угула шамал сыяктуу күүлөр чыгып, өзүн кайдадыр алып кетип жаткандай айлана тегереги, азыркы адамдар жоголуп өзү калгандай эки кулагын жаба, жерге отура кетти.
— Сирена -Сирен жүрү кеттик батыраак.
Колдон ала тарткан курбусу шашылыш сүйлөгөндө өзүнө келди. Жанакы өдүн теше тиктеген адамды көзү менен издеп ала таппай калды. Айлана тегерек заматта ызы -чуу түшүп, туш тарапка шашыла жүгүрүп баратышкан айылдын эли.
Саамга эмне боло түшкөнүн түшүнө албаган Сирена дароо курбу кызы экөө унаасын көздөй жөнөштү.
— Эмне болуп кетти, түшүнбчдүм. Эмне ызы чуу.
Сиренанын суроосу жоопсуз калып, зуулдаган унаасын айдаган кыз жолго түштү.
— Бул жерден кетүүбүз керек. Болушунча эртерээк.
Кыз эми гана, атасынын тумарыңды эч ким көрбөшү керек дегени эсине түшө көйнөгүнүн ичине кайра жашыра салды
Аттиң акылсыз кыз эсинен чыгарганын карачы.
Жанагы үн кулагынан жайлап жоголуп баратты.
Караңгы көчөнү аралап зуулдаган жалгыз унаа, өздөрү турган шаар ичине кире бергенде жүрөктөрү өзүнө келе түшкөндөй болду.Бирок дале коркуу бар эле.
— Сирена! Сирена келдиби?
Түн жарымдан ооп калган убакта,эшикти тарс ачып, ачуулуу кирип келген ата ойлуу отурган жубайын селт эткизди.
— Эмне? Сиз кетпедиңиз беле?
— Кызың ал жакта жок! Сага айткан даректе жок кызың! Эч кандай курбу, дос, майрам эч нерсе жок! Барып көрүп келдим.
— Эмне? Аялы эч нерсени түшүнбөй жаткан сыяктуу кайра сурап алды.
— Ал жакта Сирена жок! Демек кызың сени алдаган. Башка жакка кеткен бирок чоң шаардын кай жагын издеймин эми? Акылсыз кыз!
Ары -бери басып ачуулу үн ката сүйлөй берди.
— Атаке!
Бир убакта шашыла эшикти ачып кирип келген кызы менен курбусун көргөн ата менен жубайы шашыла кызга жетип барды.
Экөөндө тең көздөрүндө коркуу, башкача абалга түшүп калышкан. Үн ката албай кызы селейет.
— Сирена! Эмне болду кызым? Бул эмне абал?
Атасы кызын башынан бутуна чейин,таң калып карап алды.
Кел отургула бул жерге.
Күйпөлөктөп жетип келген апасы кыздарды колдон алып, отургуза койду.
— Ичкиле муну!
Ары жактан чөйчөк идишке суу куйа эки кызга бере салды.
— Эмне болду? Атасы да ордуна отуруп кыздардан жооп күттү.
Эки кыз бирин -бири карап, кимиси сөз баштаарын билбей турду.
— Биз -биз турган жерибизден сырткары айылга барып эс алууну каалаган элек. Ал жакта кооз майрам болуп жаткан эле. Курбуларыбыз ошол жакта болгондуктан ал жакка бардык. Бийледик, ойнодук, бирок бир бей тааныш адамдын көзүнө Сиренанын тумары түштү. Ал бизди ушундай жаман карап алып бир башкача үн чыгара бизге карай жете берээрде, бизди дагы башка жигиттер коргоп калышты. Ал жалгыз болчу, аркылар көп эле. Кийин Сиренанын абалы начарлаган соң үйгө көздөй бет алдык. Биз саатты унутуп кетиппиз. Бизди кечириңиздер.
Атасын карай албаган тейде Сирена күңк эте үн катты
— Мени кечириң ата! Сизге жалган айтканым үчүн. Курбумдун айыбы жок. Мен баргым келди эле. Үйдөн чыкпаган соң, өзүмө батпай кеткеним үчүн мен сиздерге жалган айтып жибердим. Мындай нерсе болот деп үч уктасам түшүмө кирген эмес.
Башын жерге салган абалында, көзүнүн жашы мөлтүрөй жүзүн жууп, жүзүнүн баары боёкко жабылып калган кызын көргөн ата, азыр ушул абалда уруша албай, аяп турду.
Дээрлик көп учурда катуу кармаган ата, бир заматта боорукер боло түшкөнүн, атасы азыр мындай жумшак болоорун сирена элестетип да көргөн эмес.
— Бөлмөңө кирип,өзүңөрдү оңдоп эс алгыла. Калганын эртең сүйлөшөбүз.
Кыздар элейе, бир -бирин карап алышты да дароо бөлмөсүнө көтөрүлө чыгып кетишти.
— Мына ушундан коркот элем!
Акырын терезе тарапты көздөй баскан ата жубайына сүйлөдү.
— Ушундан коркот элем! Баары бир жетип келе жаткандай убакыт. Кызга баарын айтышыбыз керек.
Эшиктерин ич -ичинен кулпулай, бир нерседен кооптонуп, жамандык болуучудай ички туюму чырылдап жатты.
*******
Таң : Бүгүн эмнегедир Мирена эрте ойгонду. Ордунан туруп, терезени ача салды. Таң супасы жерге эми гана жайылып, коюу түндүн кучагынан жарылып чыккан ак жарык, бүтүн жер бетин каптап келе жаткан. Ага удаа эле салкын жел Миренанын жүзүн сылап өттү.
—Мм мах кандай керемет таң.
Мирена жүзүн салкын желге тосуп алып, айлана тегерекке суктанып тиктеп алды. Тирүүлүктүн өзү бакыт дегендей, аткан аппак таңга коштой, кубулжуп сайрап баштаган түркүн куштардын сайраган үндөрү, ого бетер ааламды, дүйнөнү керемет кылып көрсөтүп турган.
Бир убакта телефонуна келген чалуу оюн бузду.
— Салам Мирена. Кандай эс алып турдуң?
Аркы жактан чыккан үн Миренаны дагы эки эсе кубанычка бөлөдү.
— Айдын... Рахмат жакшы эс алдым.
— Супсулу болуп, таң атпай терезеден эмнени карап, кимди күтүп турдуң экен?
Кыз жылмайа терезеден ары- бери, жан -жагын карап алды.
— Сен кайдан көрүп жатасын?
Арткы жактан колун көтөргөн Айдынды көигөн кыз кубана түштү.
— Эмне кылып жүрөсүн бул жакта таң атпай?
— Өзү негизи эрте турам. Жата бербей ден соолукту чыңдап, жүгүрүүнү жан дүйнөм сүйөт ошол.
— Аа азаматсын.
Мирена башка сөз айта албай карап калды.
— Эгер мүмкүн болсо чыксаңчы колуңду алып учурашып кетейин сулуу менен.
Айдын тамашалай жылмайып ала, эшик тарапты көздөй басты.
— Мен азыр.
Мирена бөлмөсүнөн чыгып, акырын агасын ойготуп албоо максатында сыртты көздөй жөнөдү.
Эшикти ачкан кыз, босогодо өзүн күтүп турган Айдынды көрө көздөрү тиктеше түштү. Оттой көздөр Айдынды да, Миренанын да ичиндеги түшүнүксүз, белгисиз сезимдерди ойготуп жибергендей туюлду.
— Саламатсызбы сулуу!
— Саламатчылык!
Уландысы бар.
Айтыңыздарчы, сиздерге чыгарма түшүнүксүз болуп жатабы? Болсо кай жери? Эмнеси менен. Мен жазган соң окурмандарымдын жүрөгүндө орун алып, түшүнүктүү кызыгуу ойгото алчуудай кылып жазууга максат кылам. Эгер сиздерге түшүнүксүз болуп жатса айтыңыздар ээ? Жогоруда бир окурманым комент жазган экен. Аралашып кеткен, иретсиз деп, сиздерге да ошондой 'болбой элеби? Толук окуй алып жатасыздарбы жооп жаза кетсеңиздер. Мен үчүн бул нерселер өтө маанилүү. Көңүл бурганыңыздарга рахмат!
Автор.

Комментарии