КҮҮГҮМ СҮЙҮҮСҮ 18- БӨЛҮМ

Сирена эрте менен ойгонуп адатынча таң эрте чуркаганы, кийимин спорттук кийимдерин кийинип сыртты көздөй жөнөдү. Эшикти ача берээрде атасынын аркы бөлмөдө ойлуу отурганын көрө койгон кыз атасына бир карап алды. Башкача ой басып, акыркы убакта атасынын жүзү кайгылуу. Көрүнүүсүнөн таң атканча уктаган эместиги көрүнүп турат. Терезени ойлуу тиктеген атасынын ичинде эмне бар түйшөлткөн?... Кыз азырча атасын тынч койууну көздөп, ары карай жолун улай чыгып кетти.
Таңдын керемети башкача эмеспи. Таза абадан өпкөсүн толтура жуткан кыз, кере -кере терең дем алып ала, жүзүн буруп, көк асманга карай, тигилди.
— Не деген керемет дагы бир таң атты.
Ичинен ушундай ойлор менен колдорун ары берип чиренип алды да жолун улай чуркап жөнөдү.
— Азаматсын ден соолукка көңүл бурганың өтө жакшы нерсе.
Мирена Айдынды баштан, ылдый тиктеп сүйлөп алды.
— Ооба. Өзүмө бул нерсе аябай жагат. А чен эмнеге мынча эрте ойгондуң?
Жигит да алдыда турган отургучка көздөй баратып суроо берип алды.
— Билбейм. Эмнегедир бүгүн уйкум эрте канды ошол үчүн болсо керек. Агам келгени бери, жан дүйнөмдө, үйүмдө кошо тынчтык орногонсуду.
— А эмне үйүңдө кандайдыр көйгөйлөр бар беле?
Айдын баарын билип турса да, сыр бербей суроо узатып алды.
— Аа жоок, негизгисин айтам. Агам ооруканадан чыга электе өзүмдү жалгыз сезген сыяктуу сезиле берчүү. Корккон сыяктуу.
Кыз ойлуу отургучка отура кетип сүйлөп алды.
-—Кыжалат болбосоңчу. Баары жакшы болот. Азырчы, азыр баары жакшыбы? Агаңдын абалы кантти?
Кыздын маанайы суздай түшкөнүн байкаган жигит көңүлүн жубатып, сулуунун мурдунун учунан акырын чымчып,жылмайып койду.
— Ооба баары жакшы рахмат. Айттым эмеспи агам келгени тынчтык орноду. Же өзүмө ошондой сезилдиби жалгыз жашап көрбөгөн жаным башында.
Балким...
Жигит да, кыз да андан ары сөздөрү уланбай, ортону саамга жымжырттык каптай түштү.
— Мен эми кирейин бир аздан соң агам ойгонот.
Мирена ордунан туруп, үйгө көздөй кадам таштай жигитке карай сүйлөп алды.
— Мейли сулуу агаңды жакшы кара. Сени менен көрүшкөнүмө кубанычтамын.
Жигит колун сунуп коштошо койду.
— Мен дагы.
Кыз да жылмая жигиттин колун алып коштошо үйүнө көздөй жөнөп баратты.
— Мирена...
Арттан чыккан жигиттин үнү кызды токтотту.
— Мүмкүнбү биз дагы кездешсек???
Кыздан жооп күткөн жигит жаш балача алдастай түштү.
— Албетте мүмкүн.
Кыздын ушул жообу, ушул жүзүндөгү жылмайуу жигит үчүн бүтүн дүйнөдөн артык болуп тургандай сезилди. Ушул сөздү айта албай канча кыйналган. Иши оңунан келип, ашык болгон кызы жакшы жооп бергени, анын жылмаюусу эле бүтүн дүйнө тураар эле.
—Албетте мүмкүн! Албетте.
Жигит үйүнө кирип кеткен кыздын артынан узата карап ич -ичинен кубанып алып, кудуңдап жаш баладай сүйүнө жолуна түшүп баратты.
Далай тоо ташты, далай кырды, далай токойлорду аралап өтүп, далай жерди кезип,буту -бутуна тийбей шамалдай сызып учкан жигит токтобостон жөнөп баратты. Узун тырмактары, кубарган каны жок жүзүнөн,кан толуп кызарган көздөрү ким экенин айтпаса да билдирип тургандай. Артын карап, бир саамга токтоп да койгон жок. Чарчаганы да билинбейт. Кечееги артынан куугунтуктаган жаш жигиттер эчак эле изин жоготуп калып кетишкен. Оюнда көктөн издегенин жерден тапкан сыяктуу кечееги кыздын мойнундагы тумары көзүнөн өтүп, кайдадыр, кимгедир азыр эле жетип барып, көргөнүнүн баарын айтып берүүгө шашып бараткан.
Ошончо ааламды кыдырып издесе да, канча чаалыгып бүтүн дүйнө кыдырып жүргөндөрү дал кечееги айылдан жолугат деп ойлогон эмес эле.
—« Тагдырдын табышмагын карасаңчы »деп ойлоп алды ичинен. Арадан канча жылдар өттү. Бат эле! Бат эле өтүп кеткен карасаң. Муну кожоюн билсе чын эле, кубанаары турган кеп. Анткени ошончо жыл өзү издетти эмеспи.
Дагы канча күн ушундай шамалдай сызып жол жүрөөрү белгисиз. Бирок токтобошу керек. Акысы жок!
********
Сирена жүгүрүп келип бүткөн соң, өз бөлмөсүнө кирип муздак сууга жуунуп чыкты. Өзүнө келип, өзүн кыйла жеңил сезип калган.
Уктап жаткан курбусун көрүп, ойготпоо максатында адатынча өзү машыкчуу жер төлөгө баш бакты. Атасынын жалаңдаган кылычы шуу-шуу этип, ары - бери шилтенип жаткан.
Адатынча кабагын чытый бүркөп, кудум эле кан майданда алышып жаткан сыяктуу, алда канча мурункудан олутту, каардуу көрүндү. Катуу машыгуунун артында жанатан өзүнө көз салып карап турган кызын да сезген жок.
Атанын ичинде эмне жатат? Кызга белгисиз.
— Атаке.
Сирена капалуу атасынын машыгуусун токтото сүйлөдү. Оюнда кечееги кылган ишиме капа болсо керек деп ойлоду.
Кызынын үнүнөн селт токтогон ата кызын бир карап алып, кайра кылычын ары -бери шилтеп жатты.
— Атаке мага капа болдуңузбу? Билем туура эмес кылдым. Кечириңиз.
Сирена күнөөлүүдөй башын жерге сала күңк этти.
Атасы ашыкча үн катпады. Бир карап ала, кайра жанагы адатын кайталады.
— Кылычыңды колго ал. Машыгууну баштайбыз.
Башын жерге салбыратып турган кызына ашыкча сөз айтпай, анын ордуна арткы жакта турган кылычын кызга ыргытты.
Дароо атасынын сөзүн эки кылбай, колуна кылычын кармай калган кыз атасын карап күтүп калды.
— Бүгүн машыгуу башкача болот.
Атасы арткы жактан кездеменин бир кесимин алып келип, Сиренанын көзүн таңып жиберди.
— Көзүң менен эмес, куралды денең менен, жүрөгүң менен сез. Коркунуч кай жактан сезилип жатат? Ички алтынчы туюмуңа кулак сал. Ичиңдеги коркууну алып ташта. Душман сени айланып тооруп жаткан болушу мүмкүн азыр. Балким бул тушта...
Атасы шытыр эте туш тараптан үн чыгара кызды тооруп баса баштады. Кыз атасынын ар бир кадамын сезип, ар бир кыймылга даяр турууга аракет кылып, үн чыккан жакты элеңдейт.
— Балким бул тушта... Сени күтүп турган чыгаар? Ички туюм алдабайт ага ишен.
Атасы бир аз үн чыгарбай буту менен айлана басып, кайра токтоп калды.
Кылычын колуна ыңгайлата кармаган Сиренанын ички туюму бир коркууну сезип, ыкчамдык менен кылычын шилтеп алды.
Күүлөнгөн кылыч атасы күтүүсүздөн ыргыткан катуу нерсени тең жарымынан бөлүп өткөн.
Сирена дароо көзүн ачып жиберди.
Алдында атасы ыраазы болгондой бир аз жүзүнө жылмаюу келгендей сүйлөп алды.
— Азаматсын. Бүгүнкү сыноодон да өттүң кызым. Демек менин,ушунча жылдык эмгегим текке кетпептир. Дээрлик баардык уруш сырларын үйрөнүп бүттүң.
Атасы колундагы кылычын кайра ордуна койуп жатып кызына кайрылды.
— Эми баарына даярсын десем да болот
Сирена бул нерселерге анча түшүнө берген жок. Ооба, туура, ушунча уруш сырын жөндөн үйрөтүп жатпаганын билет, бирок себеби эмне мунун? Кандай себеп экенин дале түшүнө албайт. Атасына суроо бериштен тартынат. Баары бир ушул убакка чейин айткан эмес да.
Бирок ошондо деле дагы сурап көрүүнү чечти.
— Атаке... Кечирим сурайм, бирок бул нерсенин баары эмне үчүн экенин айтпагансыз такыр.
Атасы ары жактагы отургучка,адатынча отура сөз баштады.
— Бул өмүрдө сен экөөбүз түшүнбөөчү көп нерселер бар кызым. Сен азыр билүүгө даярсынбы, же жокпу мен аны дале билбейм. Бирок тагдыр бир күнү аябаган сыноолорун жаадырса сынып, бүгүлүп калбас бекенсин деген ой келет. Кантсе да сен аруу назик кызсын да. Сени кыздай тарбия берип чоңойтконум жок. Сен менден кечирим сурап жатасын, эмнеге кызым?
Анткени менден сурабай башка калаанын майрамына барганың үчүнбү? Мен сенден капа эмесмин. Сен эми өзүң каалагандай жашоого укуктуусун. Сен эми бойго жеткен кызсын. Өз жашооңду түзүүң керек. Өмүр бою апаң экөөбүздүн жаныбызда алып калууга тагдыр жол бербейт эмеспи... Андыктан өз жашоомду курам деген оюңа каршылыгым да, капачылыгым да жок кызым.
Атасы негедир жылуу сүйлөдү. Бирок бул сөздөрдүн артында эмне турат? Бул сөздөр менен эмне демекчи?...
Сирена да атасын ойлуу тиктеп, азыркы сүйлөп жаткан сөздөрүн бирин түшүнсө бирин түшүнбөгөндөй отура берди.
*******
—Токой ичин аралай басып бараткан Айдын мурду тааныш жыт сезе эки жагын каранып алды.
Бул кандайдыр өздөрүнө тааныш жыт. Калың токой арасында өзүн акмалаган бирөөнүн элеси көрүнө, кайра жоголду.
— Ким бар? Чык алдыма ким болсоң да.
Айдын тиги караандын өзүн угуп, сезип турганын түшүнүп, үнүн болушунча өктөм чыгарды.
— Көрүшпөгөнгө көп болду! Өзгөрбөпсүн.
Артынан чыккан үндөн Айдын ким турганын сезди.
Өэүн карап турган жигитти чоочута бир карап алды да, кайра күлүп кучакташа учурашты.
— Сен бул жерде эмне кылып жүрөсүн?
Экөө көптөн көрүшпөгөн адамдардай каттуу кучакташа каткырып алышты.
— Келдик да. Сени жалгыз калтыргыбыз келбеди.
— Бул жерде дээрлик өзүңдүкү кылып кеткен окшойсун ээ?...
Ага удаа эле артынан дагы бири токой арасынан чыгып Айдын менен кучакташып калды.
— Сен дагы бул жердесинби? Кандай кубанычтамын көргөнүмө. Азаматым.
Айдын чынында бала кезинде өзү менен чогуу ойноп, чоңойгон досторун азыр көрөм деп ойлогон эмес. Бул нерсе Айдын үчүн күтүлбөгөн кубаныч, белек болду.
— Болду сени башка таштап кетпеш үчүн келдик баарыбыз.
Үчүнчүсү да келип көрүштү.
— Мына сагаа... Чын элеби? Достор бул жерде эмне кылып жүрөсүңөр деги ачыгын айткылачы, же эмне чоң атам???
Айдын сөзүн бүтүрбөй элейе түштү.
— Жок досум баары жакшы. Кожоюн жакшы. Биз биротоло көчүп келдик.
Мындай сөз күтпөсө керек эле Айдын. Эмне айтаарын билбей, бир аз түшүнө албай турду.
— Эмне дедиң, көчүп келдик? Эмнеге?
— Кожоюн сени таап келүүбүздү буйруду биз менен барууң керек. Чоң-атаңдын айтаар сөзү көп сага. Бүтүн жер коопсуз эмес азыр. Ошол себептен баарыбыз бирге болуубуз керек. Бизге керексин.
Жигиттердин бири Айдынды өздөрү менен бирге кетүүсүн сурап сүйлөп алды.
Айдын эмне дешин билбей Миренаны ойлой кыйылып турду. Бирок кетпеске арга жок. Чоң -атасы келип турган болсо баруусу керек.
— Тиги жырткыч кан ичкичтер бизден эки эсеге көбөйдү. Жакында өтө кооптуу бирөөсү пайда болду. Кожоюндун айтымында ал тиги Кара көлөкөдөн да кооптуу экен. Мына ушундай. Биздин жашообузга ла коркунуч көп болду. Жоголуп кетпөөбүз үчүн биз баарыбыз бирге болуубуз керек.
Айдын сөзү оозунан түшүп, шашыла чоң атасына карай жөнөдү.
******
Агатай мен дүкөнгө барып келем ээ? Азыр келип калам зэрикпей отура туруңуз ээ?
Мирена сыртка чыгып, дүкөнгө көздөй кетип баратты. Жанагы эрте мененки маанайы бузулбай, Айдындын элеси көз алдына тартылып, кубангандан өзүнчө кыңылдап ырдап да алган. Апакай көйнөгү шамалга желбиреп, узун чачтары ийинен ылдый түшүп, тармал чачтары нур жүзүнө башкача көрк берип турган. Узун,койкойгон мойну, аккуу сымал басканы ааламда периште бараткан сыяктуу элестетет.
Дүкөн кыдырып жүрүп, бир аз кеч кирип кеткенин байкабай да калган. Баштыгын көтөрүп дүкөндөн чыкканда, эбак эле бүркөө асман кабагын чытып, челектеп куйган сымал төгүп баштаган. Жана эле чайыттай ачык асман бетин түнөргөн боз булут каптап алган. Мындайда күлүп турган күндүн бетин жапкан булуттар, кичинекей шаарчаны ого бетер күңүрт көрсөтүп турду.
Мына нөшөрлөгөн жамгыр азыр токтоочудай эмес. Мирена бир аз басылышын күттү бирок кеч кирип бараткандан улам, үйүнө көздөй шаша -буша жүгүрүп жөнөдү.
Апакай көйнөгү булактап, тармал чачтары заматта суу болуп шашылып үйүнө бараткан Мирена алыстан тиктеп, көзүн албай турган Кара көлөкөгө дал өзүнүн сүйүктүүсү, ааламга сиңип кеткен жеринен туруп келип, өзү карай кубанычтуу шашып келе жаткандай, саамга көз албай шалдая өзүн жогото тиктеп тура берди.
— Ушундай да окшоштук болмок беле?
Ичинен ушул ойлорго термиле түштү. Кантип эле, мен уктап жатамбы? Жок менде уйку болчу беле?
Мурда мынча окшош экенин байкаган эмес эле го???
Миренадан көзүн албай турган Кара көлөкө өзүнүн кай жерде турганын да унутуп койгон.
Жамгырдын нөшөрү басылчуудай болбой кыз өзү тарапка кадам шилтеп баскан сайын, жүрөгү элеп -желеп болуп бүткөн бою титирей түшөт.
Азыр эле келип мойнуна колдору артылып кучактай калчуудай сезилип эси - эки боло күтө берди.
Бирок шашкан кыз жете берээрде күтүүсүздөн багытын буруп тэж жалгыз турган үйдү көздөй бурулду да, асманды бир карап алып, жүгүрүп кетти.
Колунан оюнчугун алдырган жаш баладай там -туңдай басып, артынан ээрчий бир аз жүргөн Кара көлөкө ичи өрт боло түштү.
— Эмне бул? Азыр эле эмне болду? Ушундай көрүнүштү эси эки боло күттү беле? Ичинен кубанып алганын кантейин.
— Мен - мен акмак болуп баратамбы эмне? Кантип эле мен ушундай ойлодум? Менин ашыгым өлгөн эмес беле, аны менден тартып алып кетишпеди беле? Кантип унуттуң сен?
Өзүнө өзү суроо берип, ичиндеги азыр эле уйгу -туйгу кылган сезимди өчүрө албай жан дүйнөсү өрттөнүп жаткан сыяктанды. Заматта шуулдаган Кара көлөкө жамгыр менен кошо жүргөн шамалга аралашып, кайдадыр сызып баратты.
Кандай сезим эле бул? Эмнеге, эмнеге унутулгус оор сезим а?
Жеттим дегендей Кара көлөкө ордунда тык токтоду. Кара көлөкө турган жер сүйүктүүсү бактысы үчүн, сүйүүсү үчүн күрөшүп жанын берген жер эле.
Колундагы ороп жүргөн ак көйнөктүн кездемесин карап алды. Аттиң -аттиң жалгызынан калган ушул гана эстелик.
— Эмнеге?
Өзүн ушул кезде ушунчалык,бактысыз,жалгыз сезип турду. Эмнеге деген суроо оюнан кетпей, азыркы эле алдынан өткөн бийкеч эми гана бир аз өз алдынча жашоого көнүп бараткан жигиттин дүйнөсүн таш талканын чыгарды да калды.
Ичиндеги ызаага чыдабай, жерге чөгөлөп жыгылды да жаралуу арстандай жер жаңырта бакырып алды.
Уландысы бар
Кеч калып кеттим жакшылар. Бул үчүн кечирим сурайм.Сиздер үчүн саат 2:11 де жазып чыгардым каталары болушу мүмкүн оңдоп бүтө албадым.
Урматым менен автор.

Комментарии