АРХАТ чыгармасы 41 болум  - 870083956906

АРХАТ чыгармасы 41 болум

Эртеси окуя дал Мани Ясо айткандай болду. Лама Бусмен экөө кайрадан монах Додай отурган үңкүргө келишкен болчу.
– Ом мани падме хум! Ата, сиздин ички туюмдарыңыздын ыраат болушун тилеп келдик, – деди Лама Бусмен баягы эле бир жеңдей тешикке эңкейип. Ошентип ал оозун жыйып алгыча эле ортосунан ичке чарык менен байланган бир түтүк кагаз тигил тешиктен сыртка ыргып чыкты.
Лама Бусмен сүйүнүп кетти да бетине урунган кагазды дароо ала коюп эки жакты карады.
– Мынакей биздин издегенибиз, – деди ал Мани Ясого. – Бул деген кара сыйкырдын нускамасынын тексти. Кайнатам муну небак өрттөп салдыбы деп корктум эле. Өмүрүндө эчкимге берип көргөн эмес. Акыры биздин колго тийди. Эми улуу даражалуу Далай-Ламанын тапшырмасын сиз экөөбүз аткарабыз, урматтуу Мани Ясо!– Миларепа же болбосо анын түгөйү Мани Ясо эч убакта менин пирим бол
гон эмес!, – деген ичкериден монах Додайдын кирилдеген ачуу үнү чыкты аңгычакты. – Ошон үчүн ал кара сыйкырдын нускамасын менден тартып алды. Мен берген жокмун, Мани Ясо өзү тартып алды! Эми көрүп ала бергиле, канчалаган адамдардын баш сөөктөрү анын баскан жолунда томолонуп жатаарын! Көрүп ала бергиле, кан жуткурлар!
Лама Бусмен бул каргашалуу сөздөрдөн Мани Ясону тез алып качам деп шашкандыктан кайнатасына рахматын да айтпай, коштошпой дагы, Джипти көздөй энтеледи.
– Ызасына чыдабай, эмне айтканын билбей атат алжыган чал, – деди анан машинага отуруп жатып ал. Ошо кезде Мани Ясо анын жүзүн капыстан даана көрүп калды да таңыркады. Нускама колуна тийгенине сүйүнүп аткансыган Лама Бусмендин ичи толо нааразылык менен кайгы эле...
* * *
Мани Ясо миң салаа болгон Баян-Хара-Ула тоолорунун тереңиндеги, дропалардан алыс, кук эткен кузгундун үнү угулбаган бир кызыл чаптын үңкүрүндө жалгыздыкка камалган. Үңкүрдүн оозу бек, ылдый жагында гана аба кире турган бир, үстүндө аба чыга турган бир тешик бар. Ичинде болсо мисте майга куурулган эки пакет арпа бадырак, анан атайын жасалган челекте эскирбей турган суу. Үңкүрдүн ичин жарык кылган – жанар таш, адамдын кир-когу чыга турган атайын жең. Бул «кара» сүкүттө Мани Ясо туура үч ай үч күн отурушу милдет. Сүкүт бузулбас үчүн Лама Бусмен жансакчылар менен машинанын үнү угулгус алыста, кырдын ары жагында жайгашкан. Үңкүр жакты алыстан турнабай менен кароого да болбойт. Алардын милдети – Мани Ясо отурган капчыгай тараптагы кулак-мурдун кескен табигый тынчтыкты бекем сактоо, ал жакка кыбыр жан өткөрбөй кайтаруу!..
Монах Дей капыстан чочуп ойгонду. Кулагына бирөө бирдеме деп кыйкы
рып ийгендей. Ушул үч жарым миң адам кумурскадай жыбырап иштеп-жашаган Жохан храмынын ичинде бир айдан бери ал ээн талаада жападан жалгыз калгандай эле. Эч кимдин Дей менен иши жок, мындай алып көрсө Дейден да эч ким менен иши жоктой. Көрсө, бул жалганда ал жалгыз гана Лама Цуга керек болгон турбайбы. Лама Цу атасы да, энеси да, жетекчиси да, үйбүлөсү да болгон экен көрсө. Башка эчкимиси, а түгүл эч нерсеси жок турбайбы Дейдин бу жарыкта. Ушуну өзү түк бир ойлоп койбогонуна өзү таң. Көрсө бир эле киши о дүйнө жүрүп берсе тирүү калган башканын асманы жерге түшүп, тулгасы томолонуп калат турбайбы. О шумдук!...
Мына эми, ээн бөлмөсүндө жалгыз уктап жатса кулагына кимдер бирөө чаңырат. Кадимкидей, катуу чаңырды. Бирок, ойгонуп кетсе эчким жок. Үн да жок, дабыш да жок.
Дей биртопко ойлонуп жатты. Чаңырган үндү кайра-кайра эстеп көрсө, чын эле бирөө чаңырган окшойт. Бирок сөзү эсинде жок. Ошол чаңырган бирөөнүн сөзү эсинде жок. Аңгыча Дейдин оюна бүгүнкү боло турган эң маанилүү окуя түшө калбаспы. Ооба, ал бүгүн храмдын ректору Панчен-ламага бармак. Чакырткан экен. Кечээ ректордун жардамчысы келип кабарлаганда Дейдин оозунан келмеси түшүп, уккан кулагына ишенбей кеткен. Храмдагы Дей сыяктуу майда кызматкерди ректор өзүнө атайылап чакырбай калсын. Ар кимдин өз кардары дегендей, Дейди чакыра турган бир эле Лама Цу болгон.
Дей төшөгүнөн ыргып турду да, шашылыш кийине баштады. Сары монах чапанын, топусун, бутуна топоздун шили терисинен жасалган маасысын кийип күзгүгө каранды. «Буюрса кызмат берет ко» деген ой кечээтен бери көкүрөгүнө миң келип, миң кетти, бирок Дей дагы эле ал ойдон тажабай баратты.
Панчен-лама өзү абдан эле дурус адам болчу. Кичи пейил, боорукер, храмдын ичинде жүргөндө тааныса да тааныбаса да элдин баары менен учурашчу. А Лама Цуга канча жолу айттырбай эле өзү кирип келчү. Канча жолу Дей менен жылуубаш ийкешти, бирок ошентсе да, кичинекей кызматкер эмеспи, ректор аны анчейин таңазарына алчу эмес. «Мейли да, мендейлердин ар бирине токтолуп отурса ректордун чактысы калабы?»
Кабылдамада үч-төрт киши бар экен. Акыры монах Дейге да кезек жетти.
– Ом мани падме хум! – деди Дей эшиктен денеси толук кире электе эле. Өтө шашып калды окшойт.
Ошону байкай койгон Панчен-лама күлөбагып, Дейге утурлай чыкты.
– Баарыбыз урматтаган Лама Цунун элеси ардайым көз алдымда турат, – деди ректор Дейдин сунган колун кармаганда.
– Менин даанышман жетекчим Лама Цу сизди өзгөчө кадырлачу эле.
– Келгин, мындай отургун. Менин бир гана суроом бар, урматтуу монах Дей. Лама Цу о дүйнөгө кетип атканда ыйык Мани Ясого арнап кат жазган экен. Ошол катты сага таштаган имиш, ээсине берип кой деп. Эмне үчүн эмдигиче бербей жүрөсүң. Жооп берчи?
Панчен-ламанын үнү доомат сыяктуу чыккандыктан Дей коркуп кетти.
– Мен ал каттарды Мани Ясого бере албай жүрөм, – деди ал дароо актана кетип.– Эмне үчүн?
– Поталага кире албадым. Киргизбейт. Анан бир тааныш полицайга берсем, ал Лама Ясо ордосарайда жок экен деди. Кайда экени белгисиз деди. – Белгисиз?
– Ооба, ошентти. Белгисиз дейт.
– Белгисиз да болчу беле. Анда азыр мага апкелип бер ал катты. Мен берип коёюн, ыйык Мани Ясого. Окуган жок белең? – Эмнени, каттыбы? – Ии.
– Окуган эмесмин. Чапталуу да.
– Анда улуу даражалуу Далай-ламага жакпаган сөздөр жок беле, билбейсиңби сен?
– Далай-ламагабы? Билбейт экем. – Анда апкелип бере сал. Тез.
– Урматтуу Панчен-лама Мен эки айдан бери ишсиз отурам. Бекерчилик деген эң жаман нерсе экен...
– Адегенде катты апкел, анан сүйлөшөбүз!
Дей ректордун бөлмөсүнөн тез эле сыртка чыга түштү. Аны чакыраарын чакырыптыр, бирок ректордо Дейдин өзү жөнүндө сөз айтайын деген бир ооз ой да жок экен. Ошого ичи күйдү, бөлмөсүн көздөй кетип баратып астейдил ызаланды. Анан, бир маалда анын кадамы ылдамдай, шашып жөнөдү. Апыл-тапыл үйүнө кирди да жаздыгынын астындагы үч конвертти ич көйнөгүнө орой салып храмдын караңгы подвалына жүгүрүп түштү. Подвалдын бул көзгө сайса көрүнгүс булуңбуйткаларында Дейге окшоп дегеле бир жан жүрө алчу эмес. Лама Цуга ишке орношкондон бери айтор канча жыл өттү? Ошончо жылдан бери Дей арткан-үрткөн акча-тыйынын подвалдын түпкүрүндөгү бир көз көргүс, кулак уккус кычыкка катат. Баардык жагынан алганда кычык эң сонун жай. Жалгыз гана айыбы – көпкө жатып калганда кагаз акчалары көгөрүп, ным жыттанып кетчү.
Ошол кычыкка алпарып Дей Мани Ясого деген Лама Цунун үч катын кошо катты.Бул ишти ал көкүрөгүндө пайда болгон, бирок өзүнө да белгисиз бир шекшин
ген, же болбосо жоопкерчилик сезимдин күчү менен жасап салды да эшикке чыкканда: «Эмне болсоң ошо бол» деп өзүн сооротконсуду. Бирок таңаткыча уктай алган жок.
Панчен-лама дагы түнү бою жалаң ошол каттарды эле эстеп жаткансып эртеси Дейди дал таңкы табынуунун маалында чакыртып ийиптир.
– Канакей каттар? – деди ал Дей киргенде саламын албай туруп эле. Түрүнө караганда ачуусу келип калгандай.
– Урматтуу Панчен-лама, каттар Лама Ясодон башка бир дагы адамдын колуна тийбесин деген эле.
– Ким?
– Лама Цу. Менин ардактуу жетекчим.
– Демек, сенин ардактуу жетекчиң башка кишилерден жашыра турган сөз жазса керек Мани Ясого. Көрөгөч Далай-лама бекеринен издетип аткан жок ал каттарды. А сен, кембагал Дей, ардактуу жетекчиңдин артынан кеткиң барбы, же болбосо дагы жашайсыңбы?!
– Жашагым бар, урматтуу таксыр.
– Апкел андай болсо катты. Табынуу бүткүчө апкеле кал. Кечиксең таарынба! Ансыз да улуу көсөмдү кечээтен бери күттүрдүң!
«Улуу көсөмдү күттүрдүң!» деген сөздү ректор монах Дейди калтек менен башка чапкандай доош менен айткандыктан, ал бөлмөдөн чыгып баратып теңселе түшкөндөй болду. «Далай-ламаны күттүрүп койдумбу?» деди андан ары бара түшкөндө жүрөгү оозуна тыгылып. Көрсө ыйык Далай-лама өзү суратып аткан турбайбы!» «Далай-лама!»
Дей куру кыялында нечен-нечен көкөлөп, далай жакшы, бийик зоболого жетип кайра түшүп жүрчү, бирок моминтип реалдуу турмушта Далай-Ламанын дал өзү менен кандайдыр бир жагдайда байланышып, болгондо да аны зарыктырып күттүрүп коём деп үч уктаса түшүнө кирген эмес. Кирмек да эмес. Бирок турмуш дегениң кээде кадим эле жомок сындуу боло берет турбайбы.
Монах Дей өз бөлмөсүнөн өтө түшүп анан подвалга кирмекчи болуп баратты эле, ошо кезде аны бир зор күч этектен тарткандай токтотуп, атүгүл бөлмөсүнө зордоп кийирип салды. Ал эмне күч экени белгисиз, айтор кежигеси кежейип эле подвалга баргысы жок. Каттарга жологусу жок.
Дей бөлмөсүн ичинен илип алды да, өзүнүн көптөн берки кир, жыты буруксуган төшөгүнө көмөрүлүп жатып алды. «Таңкы табынуу бүтпөй турса экен» деп адегенде анын жүрөгү ошого кыпылдады. Ага болбой эле таңкы табынуу бүтүп, атүгүл атайын Дей уксун дегенсип тарагандар анын эшигинин дал түбүнөн бакашака сүйлөшүп өтүп кетип жатышты. «Андай болсо Панчен-лама мени унутуп, чакырбай коё турса экен» деп анын жүрөгү эми ошого кыпылдады. Турмушуң түшкүр ага да болгон жок.
Панчен-лама тезинен келсин деп атат! – деди үн.
Бул, албетте жардамчынын үнү. Атаганат, бул турмушту алдоого түк болбос! Монах Дей жаткан тейинде бүкүлү турду да үндүн күчүнө багынып илкип берди.
Панчен-Ламада кишилер бар экен, ошого карабай эле ал Дейди «кирсин» деп коңгуроосун ачуулу басып-басып алды.
– Ал каттарды кармоого кандай акың бар?! Сен кимсиң анте тургандай?! Ал деген ыйык Миларепага арналган каттар! Эмне үчүн апкелбейсиң?! Ал каттардын мамлекеттик мааниси бар. Сен түшүнөсүңбү ушуну? Же түшүнбөйсүңбү?! Же мамлекеттик ишке тоскоол болоюн дедиңби?! Айт жообуңду?!
Тигиндей бирукмуш бийик сөздөрдөн кийин монах Дей өзүн таптакыр жоготуп тургандыктан Панчен-лама: «Айт жообуңду!» деп дагы бир жолу кыйкырууга мажбур болду.
Ошентсе Дейдин капыстан өңү бузула түштү. Жаак эттери түйүлүп, бетинин чүкөсү чыга калды, бирок өзү баягыдай эле унчукпастан жер тиктейт.
– Эмне тилиң кесилдиби?! – деди Панчен-лама эмнегедир Дейдин өңүнүн кубарып кеткенин байкабай эле кайтадан кыйкырып.
( Уландысы бар )
Модер Аза

Комментарии

Комментариев нет.