#Акталбаганүмүттөр *3-болум* Назик сабактан чыкканда адаттагыдай Улан сыртта күтүп турган экен, жетип келип мойнуна асыла эркелей кетти. Бирок Улан ага жооп кылбай тескерисинче мойнуна оролгон колдорун бошотуп жетелеп алып алдыга карай кадамын баттан таштап суйроп жөнөдү. Эч нерсени түшүнбөгөн Назик бир кыйла жүргөндөн кийин гана чечкиндүү колун тартып алып, -сенин эсин жайындабы, менин колум ооруду, деди ачуулу. -ошондойбу, сенин колундун ооруганы менин мына бул жеримдин ооруганынын жанында эч нерсе эмес, деп көкүрөк тушун уруп жүрөгүн коргозду. Сен тигинин жанына барганынды качан токтотосун? -Улан! Сен чындап акылдан азгансын. Ал менин байкем, кийин анын абалы азыр баарыбыздан оор, кандай дагы болсо колдоого муктаж. Назиктин чындап ачууланганын көрүп жигит жоошуй түшту, колдорун кармап жыттагылап жалынып жатты. -жаным, жалгызым кечирчи, мен чындап акылдан азып баратам. Сен башка эркектин үйүндө жургонунду элестеткенде дем алуум кайтып барат ичим өрттөнүп бараткан сымал. Эртерээк үйдөгүлөрүно айтсаң жакшы болмок, сени үйүмө алып барып өзүмдүк кылганда гана тынч жашоомду улантмакмын. Назик да жоошуй түшту, алдында азыр эле өзү тааныбай турган адам кадимки өзүнүн Уланы экенине ынанып. -жаным десе, сен бекер эле кыжаалат болуп жатасың, атамдар менин айтканыма каршы чыкпайт эч качан, болгону азыр ал сөздөрдүн орду эмес, атам кандай күндөрдү жашап жатканы бир өзүнө бир Кудайга маалым. Байкеме келсек ал мени секелек жаш кыздай көрөт, тегеле мага өзүнүн жубундай карабайт да, мен ал үчүн эрке карындашымын. -жоок жалгызым адашасын, биз эркектер силердей ойлонбойбуз, кандаш тууган болбогондон кийин эч эле ага карындаш болуп кала албайбыз да. Биздин ичибизде ар дайым ач карышкыр жашайт, ал качан ойгоноорун керек болсо өзүбүз да билбейбиз, биз силердей ар дайым башканы ойлоп жашай албайбыз, бизде биринчи орунда өзүм жашайт. Мен сага ишенем дечи, бирок сен байке атаган адам эркек болгон болсо мен ага ишене албайм. Билесинби мени бул жашоодо адам кылып кармап турган жалгыз сенсин, билбейм сени жоготсом мен кандай болом, анда өзүмдү да жоготом, мына ошондо ичимдеги ач карышкыр ойгонот, а анын эмне каалаганын мен эң жакшы билем. -коркутпа мени Улан! деп аны бекем кучактап калды Назик. Ал чындап эле коркуп кеткен жигиттин коздорундогу жалынды көрүп карышкырга карап тургандай сезимге кабылып. Улан кыздын чачынан жай сылап, -Бир нерсе ар дайым эсинде болсун, сен менин бардыгымсын, сени жоготсом баарын жоготом, а менин баардыгымды тартып алган адамды эч качан кечирбейм. Көп кечиктирбе Назик, менин жүрөгүм ордунда эмес, деп кучагына бекем кысып коё берип кызды калтырып өзү андан ары жолун улап кете берди. Анын акыркы сөздөрүнө анча түшүнө бербеген Назик жигиттин артынан караган боюнча бир ордунда тура берди катып. Экөө ажырап калышы мүмкүн деген ой кыздын оюна эч келбеген экен, а эмне себептен андай болушу мүмкүн, экөө бири бирин сүйүп турганда. "Ал чындап эле өзгөрүп баратат, көздөрүнүн мынчалык муздак карашын алдын корбогом" , деп ойлонгончо жолдун аркы өзүнөн унаанын чалынган сигналы угулду. Ал тарапка бир карап алып жүгүрүп жөнөдү, атасынын унаасы эле, айдоочусу жок өзү келген экен, күндүзү бул өөн көрүнүш, түн болсо да башка кеп. -ата ролдо өзүн отурасын? -ооба кызым, Жанарга баргам андан келе жатып сага учурай кетейин деп атайын жалгыз келдим. -ата тынчылыкпы, эмне бүгүн баарыңар сүйлөшүп алгансынарбы мени таң калтырайын деп, үйгө барганда сүйлөшсок болбойт беле. -жок кызым жай эле. Тиги бала ким? Назик буйдала түшүп, -сен качандан бери турасың бул жайда? деди жооп ордуна суроо берип. -жетишээрлик убакыт болду, сен колуңду тартып алганынды көргөнгө улгургонумо караганда. Кызы уялып калды, атасы ушунчадан экөөнү эң онтойсуз учурда көргөнүно. -биз жөн эле, мен анын ачуусуна тийдим ата, деди шаша. Кадыр кызынын жүзүнө унуло карап туруп, күлүп жиберди. -сен ээ? ай кызым сен сүйүп калгансын го. Менин кызым өз күнөөсүн сезип калган тура, ал өзү дей берчү кызым кайда? Атасынын жакшы кабыл алганына кубана убакыттан пайдаланып Улан тууралуу айтып берди. -ата ал сенден коркуп жатат, ынабай коебу деп. Бирок сен антпейсин да ээ? Ал өзүн байкуш деп эсептейт, бирок ал чыныгы табылга, ал сага сөзсүз жагат. Кызынын акыркы сөзү жакпай турду Кадырга. -өзүн байкуш эсептегени эмнеси, мындай адамдар жыргатчуу эмес эле, ар бир сүйлөгөн сөзүңдү өзүнүн алсыздыгына карата кабыл алып. -атаа! Сен Улан айткандай болуп жатасың, а мен сени мынтпейт дегенмин. Кызынын жүзүн, сүйүүгө толгон көздөрүн көрүп келген себебин айта албады ата. -макул кызым, сенин айтканын болсун, үйгө алып кел таанышалы. Назик бактылуу жылмайып атасынын жүзүнөн сүйүп койду, -ата мен сени кандай жакшы короорумду сен элестете да албайсың. Ал кубанганынан атасынын келген себебин сурашты дагы унутуп койду. А атага мындан артык эмне керек, чурпосунун бактылуу жүзүн көрүүдон өткөн бакыт барбы. Ачкычты бурап унааны ордунан жылдырып жолго түштү. "Ах эмитен кызымды мага каршы коюп улгургон го, менин ойлой элек оюмду окуй алган болсо бир кыйла барга окшойт" деп ойлонуп бара жатты. Азыркы кызы менен көргөн жигит купулуна толо бербеген, ананчы кызынын колунан катуу кармап тартып келе жатканын көрүп унаасын токтото калган да түшүп бармакка, алар да өз убагында токтоп калышты, дагы бир аз журушкондо Кадырды сүзүп токтошмок. Анан да кызы ал жигитти өзүн жолго таштап кете бергенине карабай актап жатканына ичи ачышып кетти. Бирок мунун баары кызынын бактылуу күлкүсүн укканда унутта калды, "балким мен аша чаап жаткандырмын, негизи кызым бактылуу болсо болду эмеспи" деп эки анжы ойдо келе жатып Назиктин үнүнөн селт эте түштү. -ата биз Жанар байкемдин үйүнө барабызбы? Жолду караса чындап эле алар тарапка айдап бара жаткан экен. -жок, деп шашыла артка буруп жиберди. Бул кылганына кызы күлүп жыргап эле калды. -атам ар күн ал үйгө бара берип үйдүн дарегин да алмаштырып алган го. Чындап экөө тең ал үйгө баруудан качып турган. Назик Уландын айткандарынан чочуп жигитинин ачуусуна тийишти каалабай турса Кадыр Жанардын көңүлүн ооруткусу келбей турду. Ансыз да ал Назикке көнүп бараткандай, бүгүн да "жашоомо себептер көп" деп ачык эле айтпадыбы, анын эмнени эске алып жатканын сезбей коймок беле аяш атасы. Ал баланын ушунча азап чеккени да жетишет, эгер жашоодон дагы бир сокку жесе аны ал эмес мен көтөрө албай калам, болгондо да сокку урган менин кызым болсо, андан көрө ушундайында алыс болсун деп ойлоду. Алар тагдырдын алдын алып болбостугун кайдан билсин, тагдыр баарын алдын алып коёрун эске албаган да. Тагдырымды озгорттум деп ойлобо, ошол өзгөрүү да тагдырында жазылган дегендей. Адамзаттын сыноосу ал тагдырды кандай кабыл алаарында катылган тура. Коктон издегени жерден табылгандай телефондон жигитине суйунчулоп эртеси эле аны үйүнө таанышуу кечесине чакырды. Жамиланын Жанарды да чакыралы дегенине атасы менен кызы бирдей каршы болушту, алардын ар биринин өзүнчө ойлору бар эле дечи, бирок Жамиланын да ойлогону бар эле да. Алар эки адамды ойлоп жатышканда апасы кызын ойлоп жаткан, эне да кызын өзүнөн да жакшы билет. Бул ирет да ал кызын өзүнө өзүн сырттан коргозоюн, адашуудан алдын алайын деп ойлогон эле ою ордунан чыкпай калды. Мына алар күтүп жаткан адам да кирип келди, бой десе бою он десе өңү бар, көз карашы бир аз сурдууроок тике карап, бирок мында турган эмне бар, ал кыз эмес да көзүн тартып сурдогудой. Кайсыл эле кыз болбосун жанында ушундай ишенимдүү көз караштын ээсин көрүүгө ашыктар болушмак. Чынында Улан көп кыздарды түн уйкусунан калтырган, жүрөгүнүн так ортосунан орун алган жигит, бирок анын жүрөгүнүн ортосу мына ушул адамдардын кызына таандык. Анан эмне эле аны жакшы тааныбай туруп мынчалык кумондуу карап этияттык менен мамиле жасап жатышкандары таң калаарлык, же эмне аларга анын жөнөкөй үй булоодон экени айтпай жатабы. Улан бул үйдүн босогосун аттаганда кандайдыр бир оордукту сезген, өзүнө жасалган өтө сылык мамилеге карабай ал үйдөн чыкканча аба жетпей тумчугуп кеткендей болду...-Жаным рахмат сага, өзүңдү абдан жакшы кармадын. Көрдүңбу менин ата энем кандай алтын адамдар, а сен кабатырланып жаттын эле. Атам кече сени көргөндө эле билгенмин жактырганын, антпесе бул күнгө мен дагы үмүт кылбаган элем. Эми тойдун камын көрө берсен болот, деп Назик адатынча эркелеп көздөрүнүн нурун чачып бактылуу болуп жатты сүйгөнүн узатып баратып. Улан тупоюл ойдо турса да сүйүктүүсүнүн бул жыргалын буза албады, ал ушул кулкулор үчүн, ушул жыргалды күндө көрүш үчүн жашап жатпайбы, анан кантип өз каалоосуна каршы чыкмак эле. Ичиндеги уйгу туйгу ойлорун азыр айта албады. -ошондойбу жаным, мен ата энене жактым деп ойлойсуңбу. Өзүмдү жакшы эле кармадым ээ? Мага да сенин ата энең абдан жакты. Андан ары эки жаш алдыга максаттарды коюп тойду талкуулап киришти, албетте мындай учурда кызды кызыктырган биринчи орунда анын койногу болот да. Назиктин көздөрүн ачып жумуп той койногун сүрөттөп кыялданып жатканын карап Улан өзүнчө бактылуу болуп турат. -жактыбы жаным менин койногум, а баса сага да костюм тандаш керек. Мага бозоргон когумтул түстөгү костюмдар жагат, кийин ага ак көйнөк кетпейт кичине кызымтылы бар көйнөк кийесин, а мойнунда ток көк түстөгү галстук көргүм келет. Бул кыздын кыялданганы да өзгөчө же аны сүйгөндугу үчүн ал жасагандын баары жагымдуу көрүнө береби. Улан аргасыз жылмайды. -мага сен жагасын жалгызым, а мен сенин табитине толук ишенем, сен тандаганды кийе берем ал жыртык майке болсо да айырмасы жок. -жок жаным, сен эч качан жыртык майкечен журбойсун, мен сени такка котором, мына көрөсүң сен максаттарына сөзсүз жетесин. Эң кызыгы Назик ар дайым ушинтип айтат, эмне анын өзүнүн максаттары жокпу же максаты бир гана ушул жигит менен бирге болуубу. Дайыма аны хандай кылып сүрөттөп өзүн болсо жөн гана анын максаттарына жеткирүүгө милдеттүү бир адамдай көрөт, эч качан өзүн жигит багындыра турган максаттардын ичине кошпойт, ал өзүн сырттан гана карап турганын көрөт. Жигит анын мындай айткандарына дегеле экөө жөнүндө сүйлөгөн эч бир сөзүнө каршы эмес, бирок бүгүн сурагысы келди. -сенчи жалгызым? Сен эмнени каалайсын? -мен бактылуу болушту каалайм, сен мени бактылуу кыласың деп умуттоном. -сенин умутторундон, мен албетте сенин умутунду аткарам, бул жашоодогу негизги милдетим ошол эмеспи, деп кызды так көтөрүп айландырып жатты. -мени көтөрүүгө сенин гана күчүн жетет, сенин ушул күчтүү колдорундун кулу болууга даярмын дейт Назик жалынып ал ансайын жигиттин делебесин козгоп. Бул учурда үй ичинде да талкуу жүрүп жаткан. Жыйырма беш жылдан бери бирге жатып бирге туруп жүрүп жолдошун жакшы билип калган Жамила азыр да анын анча жакшы эмес абалда экенин байкабай койгон жок. -Эмнеге баарын ачык айтып коё бербедин. Кадыр да жубайынын бул суроосуна таң калбады, жай гана ушкуруп алып, -кантип айтам, кызымдын көздөрүндо жанган жалынды көрүп туруп кантип ага суу себем. -балким ал жалын алоолоп кеткенче басып кою туура болоор, же бул оюндан кайт, кыздын ою менен бол. Кеч болгондо киришем деп кызынды биротоло жоготуп аласың, жалын алоолоп кетсе тегерегин бүт өрттөйт эмеспи. -Айтчы эмне кыл дейсиң? Мен көргөндү сен да корбодунбу, азыр экөөнүн тең көздөрүндо туман, жашоо башка да ал тумандар да таркайт турмуш башталат, экөөнүн ою да акылы да бир бирине коошпойт. Эң коркконум ал туман таркап парда чечилгенде кантет, бул бала такыр Назик каалагандай жигит эмес. -сен кайдан билдин, балким так ушул жигит кызыбыз каалагандай адамдыр. Эсиндеби бизге да ушундай тоскоолдуктар болгон, кара биз алиге чейин биргебиз, сенин оорунду мен котордум, а сен меникин. Сен эмнеге бир да жолу мага уул төрөп бербейсин деген жоксуң? Билем сен да мен сыңары эле үмүт кылып жашадын. Мындай үмүттор бир гана суйушкондордо болот, башкалар анте албайт. Кызыбыз да көрүп турат биз көргөндү, ооба ал жигит өзүмчүл, каалаганына жетүү үчүн баарына даяр, эч кимдин ою менен эсептешпеген, колундагысын коё бербеген, кекчил көрүнөт, бирок кызыбыз мунун баарын жөнгө салууга үмүттөнүп жатпайбы, бул сүйүү эмеспи. -Жамила! Сен оозун менен айтканды кулагын угуп жатабы. Мага көзүңдү жуумп өз канындан жаралган кызынды отко турт дегени турасыңбы. Кайдагы сүйүү? Биздин абал башка эле, мени бир да жолу сенин атаңдын абалы же байлыгы кызыктырбаган да коркута албаган, мен сага уйлонгучо анын мансабынан кабарым да жок эле. А бул жигит биздин чечимди угуудан мурун биринчи ал тарапты ойлонгон, азыр да сүйлөгөн эки сөзүнүн бири өзүнүн кембегалдыгында Назикти суйгонундо эмес. Мындайлар байыганда да бир гана ошол өзүнүн абалы жөнүндө сөз кылышат, үйрөнгөн адат калбайт, а кызыбыз көмүскөдө андан кийин болуп жашаганга конбогон, мен аны жакшы билем. Анын жигитти ондойм, максаттарына жеткенде мен биринчи орунга чыгам деген үмүттору эч качан орундалбайт. Ушуну билип туруп, анын өмүр бою көз жашы кургабасын сезип туруп кантип ал жигитке бер дегени турасың. -мен андай дегеним жок, болгону этият бол дегеним. Баары сен айткандай болсо анда кызыбыздын эртеңи оор болуп калбасын дейм, тиги жигит... деп айтып буткончо Кадыр аялынын сөзүн болуп жиберди. -токтотчу болду, эми ал жигиттен корк дегени турасыңбы? Мен тирүү турганда кызымды эч кимге кор кылбайм, бир кызымды коргой албасам анда эмнеге жашап жүрөм, деп туруп кетти. Артынан аста гана шыбырап Жамила кала берди, ички энелик туюмун сыртка чыгарып жеткире айта албаганга окшойт. -коргошу коргйсун дечи, эгер кызын андан сага коргонсо, тескерисинче аны сенден коргоп турса кантесин, деди башын чайкай. Кадыр эртеси Жанардын үйүнө дагы келди. -Жанар кантип атасын уулум? -кандай дейин аяш ата, абалым сиз ойлогондон алда канча оордугун айтайынбы же жашоого жетелеген умутумдубу? Экөөнү тең угууга даяр эмес, анда эмнеге сурап жатат, ооз учунан айтылган баары жакшы деген сөздү угуш учунбу, антсе да жүрөгү толбойт да баары бир. Көз алдында өскөн кичине шайыр бала чоңоюп мынтип дарт сезип, ички туйгуларды сезе турган болуп калган тура, бирок дагы деле ачык муноз бетке айтаар так сүйлөгөнү калбаган. Азыр ага карап туруп түшүндү аны өзүнөн башка эч кимге ишенип коё албашын, канча чонойсо да ал үчүн бала бойдон, досунан калган аманаты эмеспи. Советбек өлүп жатып баласын кыя албай кыйналып, анын жанында мени көрүп гана ишенип таштап кеткен болсочу. Менин ордума жанын берген досума мен эмне берем, артындагы жалгыз туягынын энсоосун, каалоосун угуудан качып жатканым эмнеси, ушул да эркектин иши болдубу, жардам сурап колун сунса мен колумду чонтогумдон чыгарбай туруп тилимден карма деп жатпаймынбы деди ичиндеги көптөн бери качып укпай жургон үн. Ал үндү угуп туруп укмаксан болуп коё албайт эле, андайга Кадырдын адамдык сапаты жол бербейт. -умутундон сенин менин чырагым, сен үмүт кыл ар дайым, ал сөзсүз аткарылат деп ишен, аракет кыл, калганы Жараткандын колунда. Сен башканы укпа, эгер ал сени жарыкка жетелеген үмүттүн ээси болсо да. Ар дайым өзүңдүн каалоонду жогору кой, башкаларды ойлоп убара тартпа, аларды ойлой турган өздөрү бар, а сен өзүңдү ойло, каршылыктарга караба, аларды жең, а мен ар дайым сен тараптамын, деди бооруна кысып. Айтылган сөздөрү Жанардын акылына толук жетип бараарынан кумону жок, бул жигит кемчонтойлордон эмес, ар бир айтылган сөздү өз ордуна коюп тактап убагы келгенде аны акылдын азыгы кыла алат. Кадырдын айтылган сөздөрү болсо өз убагында айтылган эле, эрте да кеч да эмес, Жанарга ушул сөздөр жетпей турган, эми аны эч ким токтото албайт.----------------------------------------------------------------------------------- Класс басып. комментарий жазыныз. Оз ойунузду болушунуздор. Дагы кандай кенеш,кандай темаларды чыгарсак болот. Сиздерге кызыктуу жана керектуу нерселерди жазыныздар. Биз сиздерге таап бергенге аракет кылабыз. ------------------------------------------------------------------------------------ *БИЗДИН ГРУППАГА КОШУЛУУ УЧУН* БУЛ НОМЕРГЕ КАЙРЫЛЫНЫЗДАР: _Whatsapp_ (+79254077821) (Однокласснике катталыныз) *Эскертүү:*☝ _Макаланы башка тармактарга бөлүшкүңүз келсе эч нерсесин өзгөртпөстөн жүктөңүз сизге аманат._ *ОКУРМАНДАР ГРУППАСЫ* 🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬
"ОКУРМАНДАР" группасы
Акталбаган үмүттөр же баркталбаган бакыт
#Акталбаганүмүттөр
*3-болум*
Назик сабактан чыкканда адаттагыдай Улан сыртта күтүп турган экен, жетип келип мойнуна асыла эркелей кетти. Бирок Улан ага жооп кылбай тескерисинче мойнуна оролгон колдорун бошотуп жетелеп алып алдыга карай кадамын баттан таштап суйроп жөнөдү. Эч нерсени түшүнбөгөн Назик бир кыйла жүргөндөн кийин гана чечкиндүү колун тартып алып,
-сенин эсин жайындабы, менин колум ооруду, деди ачуулу.
-ошондойбу, сенин колундун ооруганы менин мына бул жеримдин ооруганынын жанында эч нерсе эмес, деп көкүрөк тушун уруп жүрөгүн коргозду. Сен тигинин жанына барганынды качан токтотосун?
-Улан! Сен чындап акылдан азгансын. Ал менин байкем, кийин анын абалы азыр баарыбыздан оор, кандай дагы болсо колдоого муктаж.
Назиктин чындап ачууланганын көрүп жигит жоошуй түшту, колдорун кармап жыттагылап жалынып жатты.
-жаным, жалгызым кечирчи, мен чындап акылдан азып баратам. Сен башка эркектин үйүндө жургонунду элестеткенде дем алуум кайтып барат ичим өрттөнүп бараткан сымал. Эртерээк үйдөгүлөрүно айтсаң жакшы болмок, сени үйүмө алып барып өзүмдүк кылганда гана тынч жашоомду улантмакмын.
Назик да жоошуй түшту, алдында азыр эле өзү тааныбай турган адам кадимки өзүнүн Уланы экенине ынанып.
-жаным десе, сен бекер эле кыжаалат болуп жатасың, атамдар менин айтканыма каршы чыкпайт эч качан, болгону азыр ал сөздөрдүн орду эмес, атам кандай күндөрдү жашап жатканы бир өзүнө бир Кудайга маалым. Байкеме келсек ал мени секелек жаш кыздай көрөт, тегеле мага өзүнүн жубундай карабайт да, мен ал үчүн эрке карындашымын.
-жоок жалгызым адашасын, биз эркектер силердей ойлонбойбуз, кандаш тууган болбогондон кийин эч эле ага карындаш болуп кала албайбыз да. Биздин ичибизде ар дайым ач карышкыр жашайт, ал качан ойгоноорун керек болсо өзүбүз да билбейбиз, биз силердей ар дайым башканы ойлоп жашай албайбыз, бизде биринчи орунда өзүм жашайт. Мен сага ишенем дечи, бирок сен байке атаган адам эркек болгон болсо мен ага ишене албайм. Билесинби мени бул жашоодо адам кылып кармап турган жалгыз сенсин, билбейм сени жоготсом мен кандай болом, анда өзүмдү да жоготом, мына ошондо ичимдеги ач карышкыр ойгонот, а анын эмне каалаганын мен эң жакшы билем.
-коркутпа мени Улан! деп аны бекем кучактап калды Назик. Ал чындап эле коркуп кеткен жигиттин коздорундогу жалынды көрүп карышкырга карап тургандай сезимге кабылып.
Улан кыздын чачынан жай сылап,
-Бир нерсе ар дайым эсинде болсун, сен менин бардыгымсын, сени жоготсом баарын жоготом, а менин баардыгымды тартып алган адамды эч качан кечирбейм. Көп кечиктирбе Назик, менин жүрөгүм ордунда эмес, деп кучагына бекем кысып коё берип кызды калтырып өзү андан ары жолун улап кете берди.
Анын акыркы сөздөрүнө анча түшүнө бербеген Назик жигиттин артынан караган боюнча бир ордунда тура берди катып. Экөө ажырап калышы мүмкүн деген ой кыздын оюна эч келбеген экен, а эмне себептен андай болушу мүмкүн, экөө бири бирин сүйүп турганда. "Ал чындап эле өзгөрүп баратат, көздөрүнүн мынчалык муздак карашын алдын корбогом" , деп ойлонгончо жолдун аркы өзүнөн унаанын чалынган сигналы угулду. Ал тарапка бир карап алып жүгүрүп жөнөдү, атасынын унаасы эле, айдоочусу жок өзү келген экен, күндүзү бул өөн көрүнүш, түн болсо да башка кеп.
-ата ролдо өзүн отурасын?
-ооба кызым, Жанарга баргам андан келе жатып сага учурай кетейин деп атайын жалгыз келдим.
-ата тынчылыкпы, эмне бүгүн баарыңар сүйлөшүп алгансынарбы мени таң калтырайын деп, үйгө барганда сүйлөшсок болбойт беле.
-жок кызым жай эле. Тиги бала ким?
Назик буйдала түшүп,
-сен качандан бери турасың бул жайда? деди жооп ордуна суроо берип.
-жетишээрлик убакыт болду, сен колуңду тартып алганынды көргөнгө улгургонумо караганда.
Кызы уялып калды, атасы ушунчадан экөөнү эң онтойсуз учурда көргөнүно.
-биз жөн эле, мен анын ачуусуна тийдим ата, деди шаша.
Кадыр кызынын жүзүнө унуло карап туруп, күлүп жиберди.
-сен ээ? ай кызым сен сүйүп калгансын го. Менин кызым өз күнөөсүн сезип калган тура, ал өзү дей берчү кызым кайда?
Атасынын жакшы кабыл алганына кубана убакыттан пайдаланып Улан тууралуу айтып берди.
-ата ал сенден коркуп жатат, ынабай коебу деп. Бирок сен антпейсин да ээ? Ал өзүн байкуш деп эсептейт, бирок ал чыныгы табылга, ал сага сөзсүз жагат.
Кызынын акыркы сөзү жакпай турду Кадырга.
-өзүн байкуш эсептегени эмнеси, мындай адамдар жыргатчуу эмес эле, ар бир сүйлөгөн сөзүңдү өзүнүн алсыздыгына карата кабыл алып.
-атаа! Сен Улан айткандай болуп жатасың, а мен сени мынтпейт дегенмин.
Кызынын жүзүн, сүйүүгө толгон көздөрүн көрүп келген себебин айта албады ата.
-макул кызым, сенин айтканын болсун, үйгө алып кел таанышалы.
Назик бактылуу жылмайып атасынын жүзүнөн сүйүп койду,
-ата мен сени кандай жакшы короорумду сен элестете да албайсың. Ал кубанганынан атасынын келген себебин сурашты дагы унутуп койду.
А атага мындан артык эмне керек, чурпосунун бактылуу жүзүн көрүүдон өткөн бакыт барбы.
Ачкычты бурап унааны ордунан жылдырып жолго түштү. "Ах эмитен кызымды мага каршы коюп улгургон го, менин ойлой элек оюмду окуй алган болсо бир кыйла барга окшойт" деп ойлонуп бара жатты. Азыркы кызы менен көргөн жигит купулуна толо бербеген, ананчы кызынын колунан катуу кармап тартып келе жатканын көрүп унаасын токтото калган да түшүп бармакка, алар да өз убагында токтоп калышты, дагы бир аз журушкондо Кадырды сүзүп токтошмок. Анан да кызы ал жигитти өзүн жолго таштап кете бергенине карабай актап жатканына ичи ачышып кетти. Бирок мунун баары кызынын бактылуу күлкүсүн укканда унутта калды, "балким мен аша чаап жаткандырмын, негизи кызым бактылуу болсо болду эмеспи" деп эки анжы ойдо келе жатып Назиктин үнүнөн селт эте түштү.
-ата биз Жанар байкемдин үйүнө барабызбы?
Жолду караса чындап эле алар тарапка айдап бара жаткан экен.
-жок, деп шашыла артка буруп жиберди.
Бул кылганына кызы күлүп жыргап эле калды.
-атам ар күн ал үйгө бара берип үйдүн дарегин да алмаштырып алган го.
Чындап экөө тең ал үйгө баруудан качып турган. Назик Уландын айткандарынан чочуп жигитинин ачуусуна тийишти каалабай турса Кадыр Жанардын көңүлүн ооруткусу келбей турду. Ансыз да ал Назикке көнүп бараткандай, бүгүн да "жашоомо себептер көп" деп ачык эле айтпадыбы, анын эмнени эске алып жатканын сезбей коймок беле аяш атасы. Ал баланын ушунча азап чеккени да жетишет, эгер жашоодон дагы бир сокку жесе аны ал эмес мен көтөрө албай калам, болгондо да сокку урган менин кызым болсо, андан көрө ушундайында алыс болсун деп ойлоду.
Алар тагдырдын алдын алып болбостугун кайдан билсин, тагдыр баарын алдын алып коёрун эске албаган да. Тагдырымды озгорттум деп ойлобо, ошол өзгөрүү да тагдырында жазылган дегендей. Адамзаттын сыноосу ал тагдырды кандай кабыл алаарында катылган тура.
Коктон издегени жерден табылгандай телефондон жигитине суйунчулоп эртеси эле аны үйүнө таанышуу кечесине чакырды. Жамиланын Жанарды да чакыралы дегенине атасы менен кызы бирдей каршы болушту, алардын ар биринин өзүнчө ойлору бар эле дечи, бирок Жамиланын да ойлогону бар эле да. Алар эки адамды ойлоп жатышканда апасы кызын ойлоп жаткан, эне да кызын өзүнөн да жакшы билет. Бул ирет да ал кызын өзүнө өзүн сырттан коргозоюн, адашуудан алдын алайын деп ойлогон эле ою ордунан чыкпай калды.
Мына алар күтүп жаткан адам да кирип келди, бой десе бою он десе өңү бар, көз карашы бир аз сурдууроок тике карап, бирок мында турган эмне бар, ал кыз эмес да көзүн тартып сурдогудой. Кайсыл эле кыз болбосун жанында ушундай ишенимдүү көз караштын ээсин көрүүгө ашыктар болушмак. Чынында Улан көп кыздарды түн уйкусунан калтырган, жүрөгүнүн так ортосунан орун алган жигит, бирок анын жүрөгүнүн ортосу мына ушул адамдардын кызына таандык. Анан эмне эле аны жакшы тааныбай туруп мынчалык кумондуу карап этияттык менен мамиле жасап жатышкандары таң калаарлык, же эмне аларга анын жөнөкөй үй булоодон экени айтпай жатабы. Улан бул үйдүн босогосун аттаганда кандайдыр бир оордукту сезген, өзүнө жасалган өтө сылык мамилеге карабай ал үйдөн чыкканча аба жетпей тумчугуп кеткендей болду...-Жаным рахмат сага, өзүңдү абдан жакшы кармадын. Көрдүңбу менин ата энем кандай алтын адамдар, а сен кабатырланып жаттын эле. Атам кече сени көргөндө эле билгенмин жактырганын, антпесе бул күнгө мен дагы үмүт кылбаган элем. Эми тойдун камын көрө берсен болот, деп Назик адатынча эркелеп көздөрүнүн нурун чачып бактылуу болуп жатты сүйгөнүн узатып баратып.
Улан тупоюл ойдо турса да сүйүктүүсүнүн бул жыргалын буза албады, ал ушул кулкулор үчүн, ушул жыргалды күндө көрүш үчүн жашап жатпайбы, анан кантип өз каалоосуна каршы чыкмак эле. Ичиндеги уйгу туйгу ойлорун азыр айта албады.
-ошондойбу жаным, мен ата энене жактым деп ойлойсуңбу. Өзүмдү жакшы эле кармадым ээ? Мага да сенин ата энең абдан жакты.
Андан ары эки жаш алдыга максаттарды коюп тойду талкуулап киришти, албетте мындай учурда кызды кызыктырган биринчи орунда анын койногу болот да. Назиктин көздөрүн ачып жумуп той койногун сүрөттөп кыялданып жатканын карап Улан өзүнчө бактылуу болуп турат.
-жактыбы жаным менин койногум, а баса сага да костюм тандаш керек. Мага бозоргон когумтул түстөгү костюмдар жагат, кийин ага ак көйнөк кетпейт кичине кызымтылы бар көйнөк кийесин, а мойнунда ток көк түстөгү галстук көргүм келет.
Бул кыздын кыялданганы да өзгөчө же аны сүйгөндугу үчүн ал жасагандын баары жагымдуу көрүнө береби. Улан аргасыз жылмайды.
-мага сен жагасын жалгызым, а мен сенин табитине толук ишенем, сен тандаганды кийе берем ал жыртык майке болсо да айырмасы жок.
-жок жаным, сен эч качан жыртык майкечен журбойсун, мен сени такка котором, мына көрөсүң сен максаттарына сөзсүз жетесин.
Эң кызыгы Назик ар дайым ушинтип айтат, эмне анын өзүнүн максаттары жокпу же максаты бир гана ушул жигит менен бирге болуубу. Дайыма аны хандай кылып сүрөттөп өзүн болсо жөн гана анын максаттарына жеткирүүгө милдеттүү бир адамдай көрөт, эч качан өзүн жигит багындыра турган максаттардын ичине кошпойт, ал өзүн сырттан гана карап турганын көрөт.
Жигит анын мындай айткандарына дегеле экөө жөнүндө сүйлөгөн эч бир сөзүнө каршы эмес, бирок бүгүн сурагысы келди.
-сенчи жалгызым? Сен эмнени каалайсын?
-мен бактылуу болушту каалайм, сен мени бактылуу кыласың деп умуттоном.
-сенин умутторундон, мен албетте сенин умутунду аткарам, бул жашоодогу негизги милдетим ошол эмеспи, деп кызды так көтөрүп айландырып жатты.
-мени көтөрүүгө сенин гана күчүн жетет, сенин ушул күчтүү колдорундун кулу болууга даярмын дейт Назик жалынып ал ансайын жигиттин делебесин козгоп.
Бул учурда үй ичинде да талкуу жүрүп жаткан. Жыйырма беш жылдан бери бирге жатып бирге туруп жүрүп жолдошун жакшы билип калган Жамила азыр да анын анча жакшы эмес абалда экенин байкабай койгон жок.
-Эмнеге баарын ачык айтып коё бербедин.
Кадыр да жубайынын бул суроосуна таң калбады, жай гана ушкуруп алып,
-кантип айтам, кызымдын көздөрүндо жанган жалынды көрүп туруп кантип ага суу себем.
-балким ал жалын алоолоп кеткенче басып кою туура болоор, же бул оюндан кайт, кыздын ою менен бол. Кеч болгондо киришем деп кызынды биротоло жоготуп аласың, жалын алоолоп кетсе тегерегин бүт өрттөйт эмеспи.
-Айтчы эмне кыл дейсиң? Мен көргөндү сен да корбодунбу, азыр экөөнүн тең көздөрүндо туман, жашоо башка да ал тумандар да таркайт турмуш башталат, экөөнүн ою да акылы да бир бирине коошпойт. Эң коркконум ал туман таркап парда чечилгенде кантет, бул бала такыр Назик каалагандай жигит эмес.
-сен кайдан билдин, балким так ушул жигит кызыбыз каалагандай адамдыр. Эсиндеби бизге да ушундай тоскоолдуктар болгон, кара биз алиге чейин биргебиз, сенин оорунду мен котордум, а сен меникин. Сен эмнеге бир да жолу мага уул төрөп бербейсин деген жоксуң? Билем сен да мен сыңары эле үмүт кылып жашадын. Мындай үмүттор бир гана суйушкондордо болот, башкалар анте албайт. Кызыбыз да көрүп турат биз көргөндү, ооба ал жигит өзүмчүл, каалаганына жетүү үчүн баарына даяр, эч кимдин ою менен эсептешпеген, колундагысын коё бербеген, кекчил көрүнөт, бирок кызыбыз мунун баарын жөнгө салууга үмүттөнүп жатпайбы, бул сүйүү эмеспи.
-Жамила! Сен оозун менен айтканды кулагын угуп жатабы. Мага көзүңдү жуумп өз канындан жаралган кызынды отко турт дегени турасыңбы. Кайдагы сүйүү? Биздин абал башка эле, мени бир да жолу сенин атаңдын абалы же байлыгы кызыктырбаган да коркута албаган, мен сага уйлонгучо анын мансабынан кабарым да жок эле. А бул жигит биздин чечимди угуудан мурун биринчи ал тарапты ойлонгон, азыр да сүйлөгөн эки сөзүнүн бири өзүнүн кембегалдыгында Назикти суйгонундо эмес. Мындайлар байыганда да бир гана ошол өзүнүн абалы жөнүндө сөз кылышат, үйрөнгөн адат калбайт, а кызыбыз көмүскөдө андан кийин болуп жашаганга конбогон, мен аны жакшы билем. Анын жигитти ондойм, максаттарына жеткенде мен биринчи орунга чыгам деген үмүттору эч качан орундалбайт. Ушуну билип туруп, анын өмүр бою көз жашы кургабасын сезип туруп кантип ал жигитке бер дегени турасың.
-мен андай дегеним жок, болгону этият бол дегеним. Баары сен айткандай болсо анда кызыбыздын эртеңи оор болуп калбасын дейм, тиги жигит... деп айтып буткончо Кадыр аялынын сөзүн болуп жиберди.
-токтотчу болду, эми ал жигиттен корк дегени турасыңбы? Мен тирүү турганда кызымды эч кимге кор кылбайм, бир кызымды коргой албасам анда эмнеге жашап жүрөм, деп туруп кетти.
Артынан аста гана шыбырап Жамила кала берди, ички энелик туюмун сыртка чыгарып жеткире айта албаганга окшойт.
-коргошу коргйсун дечи, эгер кызын андан сага коргонсо, тескерисинче аны сенден коргоп турса кантесин, деди башын чайкай.
Кадыр эртеси Жанардын үйүнө дагы келди.
-Жанар кантип атасын уулум?
-кандай дейин аяш ата, абалым сиз ойлогондон алда канча оордугун айтайынбы же жашоого жетелеген умутумдубу?
Экөөнү тең угууга даяр эмес, анда эмнеге сурап жатат, ооз учунан айтылган баары жакшы деген сөздү угуш учунбу, антсе да жүрөгү толбойт да баары бир. Көз алдында өскөн кичине шайыр бала чоңоюп мынтип дарт сезип, ички туйгуларды сезе турган болуп калган тура, бирок дагы деле ачык муноз бетке айтаар так сүйлөгөнү калбаган. Азыр ага карап туруп түшүндү аны өзүнөн башка эч кимге ишенип коё албашын, канча чонойсо да ал үчүн бала бойдон, досунан калган аманаты эмеспи. Советбек өлүп жатып баласын кыя албай кыйналып, анын жанында мени көрүп гана ишенип таштап кеткен болсочу. Менин ордума жанын берген досума мен эмне берем, артындагы жалгыз туягынын энсоосун, каалоосун угуудан качып жатканым эмнеси, ушул да эркектин иши болдубу, жардам сурап колун сунса мен колумду чонтогумдон чыгарбай туруп тилимден карма деп жатпаймынбы деди ичиндеги көптөн бери качып укпай жургон үн. Ал үндү угуп туруп укмаксан болуп коё албайт эле, андайга Кадырдын адамдык сапаты жол бербейт.
-умутундон сенин менин чырагым, сен үмүт кыл ар дайым, ал сөзсүз аткарылат деп ишен, аракет кыл, калганы Жараткандын колунда. Сен башканы укпа, эгер ал сени жарыкка жетелеген үмүттүн ээси болсо да. Ар дайым өзүңдүн каалоонду жогору кой, башкаларды ойлоп убара тартпа, аларды ойлой турган өздөрү бар, а сен өзүңдү ойло, каршылыктарга караба, аларды жең, а мен ар дайым сен тараптамын, деди бооруна кысып. Айтылган сөздөрү Жанардын акылына толук жетип бараарынан кумону жок, бул жигит кемчонтойлордон эмес, ар бир айтылган сөздү өз ордуна коюп тактап убагы келгенде аны акылдын азыгы кыла алат. Кадырдын айтылган сөздөрү болсо өз убагында айтылган эле, эрте да кеч да эмес, Жанарга ушул сөздөр жетпей турган, эми аны эч ким токтото албайт.-----------------------------------------------------------------------------------
Класс басып. комментарий жазыныз. Оз ойунузду болушунуздор. Дагы кандай кенеш,кандай темаларды чыгарсак болот. Сиздерге кызыктуу жана керектуу нерселерди жазыныздар. Биз сиздерге таап бергенге аракет кылабыз.
------------------------------------------------------------------------------------
*БИЗДИН ГРУППАГА КОШУЛУУ УЧУН*
БУЛ НОМЕРГЕ КАЙРЫЛЫНЫЗДАР:
_Whatsapp_
(+79254077821)
(Однокласснике катталыныз)
*Эскертүү:*☝ _Макаланы башка тармактарга бөлүшкүңүз келсе эч нерсесин өзгөртпөстөн жүктөңүз сизге аманат._
*ОКУРМАНДАР ГРУППАСЫ*
🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬