КОРДУК -12

(Уландысы)
Айжамал шаарга келип, кайда бараарын билбей автовокзалдан ар кимден мейманкана сурап жатты. Бир кезде таксисттердин жанына келип калган экен.
- Чоң кыз, кайда барат элең? - деди бир таксист ага карай.
- Эч жакка.
- Шаарда турасыңбы? - деп сурады жанына басып келип. - Же бирөөнү күтүп жатасыңбы?
- Жок. - Айжамал ал жигитти бир карап алды да: - Байке, шаарды жакшы билбейм, жатакананы кайдан тапсам болот? - деп сурады.
- Жаңы келдиң беле?
- Ооба, бараар жерим жок.
- Эмне жумуштап келдиң эле?
- Иштейин деп.
- Шаарда жумуш табуу оңой эмес, сен мына бул көчө менен барып, сураштырсаң менчик жатаканалар бар, балким жумушту да таап алышың мүмкүн, - деди таксист сырдуу жылмая.
- Рахмат сизге, - деп Айжамал жөнөй бергенде артынан кайра кыйкырды тиги:
- Ой, чоң кыз!
- Эмне болду, байке? - Бурулуп туруп калды Айжамал.
- Бери бассаң, - деп колун булгалай таксист өзү дагы бериледи.
- Эмнеге чакырдыңыз?
- Мен сиз менен сүйлөшсөм болобу?
- Эмнени?
- Жүрү мындай. - Бейтааныш таксист аны колтуктай кыжы-кыйма элдин арасынан суурула четке алып чыкты. - Мен сизди жактырып калдым, сулуу экенсиз, бүгүн сизди мен коноктосом болобу?
- Кантип?
- Бойсузбу?
- Ооба.
- Күйөөңүз барбы?
- Боймун дедим го, күйөөм өлүп калган.
- Баракелде, анда жүрүңүз, бүгүн менин да эч жакка баргым келбей жатты эле, сизге жолукканым жакшы болбодубу.
- Кайда барабыз?
- Сиз каалагандай болот.
- Мен эчтеке билбесем…
- Мени менен болсоңуз баарын үйрөнөсүз, - деди да, жаңы үлгүдөгү кара түстүү хондасынын эшигин ачты. - Отуруңуз, атыңыз ким?
- Айжамал.
- Жакшы-ы, менин атым Аслан, биз эми таанышпыз, адегенде ашканага кирип, чайлашып алалы, анан сизге мен жатаканаларды көрсөтөм, балким бирге болобуз.
- А сиздин үй-бүлөңүз барбы?
- Бар, бир уул, эки кызым бар.
- Жакшы экен.
- Сизде бала барбы?
- Жок…
- Эчтеке эмес, баарына жетишесиз, али мөлтүрөп жапжаш турбайсызбы? - деп күлүп койду Аслан.
- Эми турмушка чыкпайын дегем.
- Эмнеге?
- Күйөөм өлүп калгандан кийин тийгим келбей калды.
- Өлбөгөн адамга жашоо улана берет да, Айжамал.
- Туура дечи…
- Күйөөңдү сүйүп тийдиң беле?
- Ооба, сүйлөшүп үйлөнгөнбүз.
- Жаман болгон тура.
- Эч кимди жактырбай да калат экенсиң, - деп жылмая карап, күлгөн болду. - Сиз аялыңызды сүйүп алдыңыз беле?
- Жок, биз кыргызча үйлөнгөнбүз, апамдын сиңдисинин кызын алып беришкен, кудайга шүгүр, жакшы жашайбыз.
- Сүйүшпөй деле бактылуу болсо болот экен да.
- Ананчы, турмушта ар кандай болуп калат, мен чынында сүйүүгө ишенбейм.
- Эмнеге?
- Анткени мен өзүм сүйүп көргөн эмесмин..
- Аа-а, сүйүүнү баалабаганыңыз ошондон тура.
- Балким.
- Эми шаардан жумушту кантип табаар экенмин, байке?
- Оңой эле, эгерде өзүң шыктуу болсоң иш оңой табылат.
- Эмнеге шыктуу болуш керек?
- Эмнеге жөндөмдүү болсоң ошого.
- Түшүнбөдүм…
- Акырындап түшүнөсүң, жүр эми бул жерден тамактанып алалы, - деп машинасын токтотту да, ээрчише быт-чыты чыккан көчөдөгү бир кафеге киришти. Аслан тамак менен бир бөтөлкө арак алды. Көпкө чейин тамактанып, арактан аз-аздан алып отурушту. Айжамал бул күнү өзүнчө эле бактылуу болуп отурду, анын ойлогону көңүл ачып, жаштыгын каалагандай өткөрүү болгондуктан Аслан менен отурушу жакты.
- Айжамал, сен мурда башка бирөө менен болдуң беле?
- Күйөөм өлгөндөн бери эч ким менен боло элекмин.
- Абдан тартиптүү келин экенсиң да.
- Ата-энемдин колунда болсом кантмек элем?
- Туура, - деди Аслан, анан экөө ээрчише сыртка чыгышты, Аслан катар үйлөрдүн бирине кирип кетти. Бир топтон кийин кайра чыкты да:
- Айжамал, жүр, - деди.
- Кайда?
- Сага жатакана таптым.
- Жакшы болгон тура, канчадан экен?
- Бүгүнкүнү мен төлөйм, эртеңден ары өзүң сүйлөшүп төлөй бересиң.
- Рахмат сизге, - деп Айжамал наздуу жылмайып койду. Алар чоң үйдүн короосунан өтүп, бир бөлмөгө киришти, төшөнчү-оруну даяр экен. Экөө кирип керебетке отургандан кийин Аслан Айжамалды эки карыдан алды.
Жок, аялымдан башкага барчу эмесмин.
- Так жүргөн жигит окшойсуз, анан кандайча эс алгыңыз келди?
- Бул жерге жүк алып келгемин, биринчи жолу келишим, аялым, балдарым бар, алардан чыгыш кыйын да.
- Ошондой деңиз, - Айжамал тизесин ары тартып койду эле, эки бутунун ортосу даана көрүнө түштү. - Эми таптазамын деп барасызбы?
- Анан кантем, бирок аялым жакшы, эч нерсе менен иши жок, көл аял да.
- Үйдүн аялдары ошондой болушат.
- Туура, силердин дүйнөңөр такыр башкача, эркектердин жан дүйнөсүн эс алдырып, бейишке чыгарып, кайра түшүрөсүңөр го, чиркин. Балким сулуу аялдар ошон үчүн жаралса керек, - деп Чыңгыз келинге жакындады. - Жыпар жытың тоонун гүлүндөй искеген адамды делөөрүтө өзүнө чөгөрүп алчудай болгон секет, келчи эмнени күтүп жатабыз, чыдамым кетип баратат, - деп басып жыгылды.
- Койо туруңуз эми, мен даяр эмесмин…
- Өзүм даярдайм, - деп Чыңгыз келинди дырдай жылаңачтап, бүткөн боюн сыйпалап, эмчектерин мыжыгып, тили менен кытыгылай соро баштады. Бир аздан кийин аялдын жалынычтуу үнү бөлмөнүн ичине толуп, күш-быш эткен дабыш биринен-бири өткөн кыңкыстоо үй ичинде жаңырык сымал угулуп турду.
- Керемет жан экенсиз…
- Сиз андан да укмуш…
- Жанымды сууруп ала жаздадыңыз, сулуу, мынчалык рахат алам деп ойлогон эмесмин.
- Сиз үчүн болгон дараметимди жумшадым.
- Жашыруун болбосо сиздин бул ишиңиз акча табуубу же рахат алып, жашоонун маңызын татуубу?
- Экөө тең.
- Сизди ушул бойдон сүрөткө тартмак болсо не дээр элеңиз?
- Макул болмокмун.
- Неге?
- Сулуу денемди төшөк ичинде гана башка-башка эркектер эрмекке пайдаланбастан көздөрү менен көрүп да суктанышса дейм.
- Азамат, - деп Чыңгыз келинди кучактап жатып алды, - дал ошол сулуу дене азыр менин кучагымда жатканына ишенбей турам, - деп аймалап өпкүлөп алды да, жылаңач бойдон туруп барып, шараптан эки стаканга куюп келди. - Келчи, жаным, мындан ичип алып, кайра ойнойлу.
- Давай!
- Денсоолук үчүн! - Экөө колдорун кайчылаштыра ичип ийишти.
- Ооу, ачуу го? - Айжамал ачууркана көзүн жумуп, ичиркенип алды. - Закуска бербейсизби?
- Кечир, унутуп калыпмын. - Чыңгыз дагы тигинисин салаңдата туруп барып, колбаса алып келип, өзү тиштеп алды да, Айжамалдын оозуна жакындады.
- Бери, жакындаңыз, - деди Айжамал анын оозундагысын алып жей албай. Бир кезде тиштеп жулуп алып, каткырып калды.
- Укмуш экенсиң, Айжамал.
- Сиз менден дагы кыйын экенсиз.
- Кел эми, закуска менен дагы бирден алалы, - деп Чыңгыз дагы арактан куюп келди, ошентип экөө кайра-кайра ичип жатып, ылжып мас болуп калышты.
Чыңгыз Айжамалдын эчтеке билбей калганынан улам жылаңач жаткан жеринен чөнтөк телефонуна кайра-кайра сүрөткө тартып алды. Төшөктү ачып туруп, буттарын эки жакка керип талтайтып, эки колун төбөсүнө коюп, атайын туруп бергендей кылып, тартып жатты. Анан эки миң сомду баш жагына коюп, түн жамынып кетип калды. Чыңгыз айдоочу эмес, тек бир гезитте кабарчы болуп иштечү, аны Аслан атайын жиберген эле. Айжамалдын сүрөтүн тартып алып, эки күндөн кийин бир журналга компьютер аркылуу жөнөтүп, тиешелүү агенттиктерден киреше алып жатты.
Айжамал ашынган сойку болуп чыга келди, өзүнө шакирт издеп, бат эле төрт кыз тапты. Күндөн-күнгө кирешеси көбөйүп, кардарлары да жалаң чөнтөгү калыңдар болуп баратты. Эки жыл бою ал ушул өнөр менен алектенип жүрүп, чет жактан бир кең короолуу үй сатып алды. Кардарларынын ар бирине ошол даректи берип, иши катуу жүрдү. Ата-энесин ойлоп да койбоду, кийген кийими менмен####н байлардын аялдарындай, жегени чучук, казы-карта болуп калды. Беш бөлмө үйдүн ар бирин ыңгайлуу кылып жасалгалап, беш бөлмөгө бирден кызды кардарларды кабыл ала турган кылып дайындады. Короонун ичиндеги эки бөлмө времянканы ашканага ылайыктап, дүкөндөрдөн издегендердин баарын алып келип, ага сатуучу кылып бир кызды иштетип койду. Бир жак бурчуна сауна иштетип, ага да атайын киши жалдады. Ошентип бул короонун ичинде ким эмне кылып жатканы эч кимге белгисиз эле… Бул үйгө жөн адамдар келишпейт, андыктан ар жак-бер жагында жашагандарда ал дарбазасы бийик заңкайган үйдө бир чоң жашайт деген түшүнүк болуп жатты. Аз убакыттын ичинде Айжамал машинанын акыркы үлгүдөгүсүн да минди, дал ошол кезде гана ал бакыт деген байлыкта эмес, карапайым жашоонун өзүндө экенин түшүндү. Кээде адамдын ички туюму өзүнө баш ийбеген сымал, Айжамалдын да жан дүйнөсү өзүнө ээ-жаа бербей, ойлору чачкындап, бир нерсени эңсегени өзүнө эми гана маалым болду. Көрсө, адам көксөгөн көңүлдөгү бийик же бир жөнөкөй эле эңсөөсүнө жетмейин жаны тынч ала албайт турбайбы, анын сыңары Айжамал дагы көкүрөгүндөгү эңсөөсүн баскандай болду. "Адам тирүүлүктө кандай жол менен болсо да максатына жетсе болот экен, бирок байлык адамды ого бетер ачкөздүккө, мерездикке алып бараарына көзүм жетти. Андан көрө жай адамдын бири болуп, бала төрөп өстүрүп, ыймандуу кылып тарбиялап, бир эркектин гана аялы болсом эмине, ошондон өткөн бакыт жок тура", - деп оор улутуна ата-энесине барып келмек болду. Бирок ал ошол тушта анын оюна бир нерсе келди, ал бул үйдөгү кыздарды таратууну ойлоп, бирок кайра тим койду. "Киреше кирип турган булакты соолтууга болобу", - деген ойдо шаарга жакын айылдардын биринен эки бөлмө бардык шарты бар үй сатып алды. Ичин толтуруп коюп, ата-энесине белек-бечкек алып, айылга жөнөдү. Ошол келе жаткан жолунда бир караан анын көзүнө көрүнүп, жүрөгү болк этип кетти. Ал жол тосуп турган баягы кыз алган күйөөсү Акылбектин өзү болчу. Тормозду катуу басып, "чы-ыйк" эттире дөңгөлөктөрү сүрүлүп барып токтоп, машинадан түшө калса эч ким жок. Айылына жетип калган, "Оо кудай, бул эмне деген сырың, кечире гөр, жараткан" , - деп кайра жолуна түштү. Ал үйүнө келгенде ата-энеси бир башкача кубанды дейсиң. Кээде абышка-кемпир ушул Айжамал үчүн канча ирет кер-мур айтышып да калчу.
- Садагаң кетейин, кызым, кабарыңды билгизбей кайда жүрдүң? - деп Асылай ыйлап-сыктап тосуп алып, башынан суу айлантып, күйпөлөктөп жүрдү.
- Өзүңөр кандай, апа, атамдын денсоолугу жакшыбы?
- Жакшы, өзүң тарбиялагансың, сени тарткан деп мени кандай гана урушпады, көрөм эми сенин алып келгендериңди албаганын, - деп эбелектеп, анда-мында жалынып-жалбарып койот байкуш эне. - Эже-агаларыңа да каттабапсың, сурасак көргөн жокпуз дешет.
- Барганга убакыт болбоду, апа, мен Казакстанда иштеп жүрдүм, Бишкектен эки бөлмө үй алдым.
- Оо садагаң кетейин десе, кудай ишиңди оңдосун, - деп чай коюп, Айжамалдын алып келгендерин дасторконго коюп жатканда Сейтаалы короого кирди.
- Ой бу эшиктеги кайдагы машина? - деди сөрүдө отурган кызын тааныбай эле кемпирине карап.
- Ким болмок эле, ал өзүңдүн кызың Айжамалдыкы.
- Эмне дейт? - деп сакалын сыйпалай туруп калганда Айжамал келип атасын кучактады.
- Ата, кандай денсоолуктарың жакшыбы?
- Оо, алтын кызым, өзүң барсыңбы деги?
- Бармын, ата, келдим эми.
- Кызым, эркектаналардан да өткөн го, тиги агаларыңдын бири деле шаарда жүрүп, машина минген жок эле, ким айдап келди?
Өзүм эле.
- Оо кызым, кана мени салып айдап көрчү, - деп Сейтаалы кайра сыртка жөнөдү. Айжамал күлүп, атасын жанына отургузуп айдап, жол менен бир топ жерге барып кайра келди. - Азамат, кызым, ишиңди илгерилете бер, көп жаша, кызым.
- Рахмат, ата, - деген Айжамал: "Кызык, эгерде ушул акчаны таза эмгек менен тапсам кандай болот эле, көрсө байлыктын ак же кара жолдон табылганы билинбейт тура. Ак ниет, таза жүрөк болсоң мынча көп акча азап менен табылмак, бирок көңүл ирээнжиткен көп санаа жок бейкапар жашаса болот. Ал эми арамдыктан табылган акчадан адам өзү да ирээнжип турат экен", - деп ойлоп атасын карады. - Жактыбы, ата?
- Жакпай анан, айдаганды да үйрөнүп алыпсың, илгери шаарга барып, троллейбус айдаган аялды көргөм, анан колхоз жаңы уюшканда трактор айдаган аялдарды көрдүм эле…
- Азыр шаарда отуз пайыз аялдар машина айдашат, ата.
- Заманың түлкү болсо түлкү бол деген ушу да-а, кызым, - деп машинадан түшүп үйүнө кирди. - Оой, кемпир, козу алдыралы жайлоодон, жаман кызыңдын машинасын жууп берели, бу биздин эшигибизге биринчи келген унаа болуп жатпайбы. Мурдун араң тарткан балдарың машина эмес арабага жетпей жүрөт, менин кызым жакшы машина алып келиптир, - деп кубанычтуу барбалаңдап жатканда Асылай:
- Ийи, дайынсыз кеткенде жаман менин кызым, машина минип келсе сенин кызың болуп калат да ээ? - деди күлө карап.
- Ой, кемпир, экөөбүздүн кызыбыз да.
- Кызыңдын сага дагы берээри бар экен.
- Кана, көрөлүчү, - деп малдаш токуна сөрүгө отуруп калды. Асылай чаар сумкадагы кийим-кечелерди алып чыкты, Сейтаалы алып көрүп, ич кийимден баштап чапан, костюм-шымды улам бирин кармалап, - Ой, ата-аңдын көрүү, кызым кымбатынан алып келген го? - деди таңдана. - Булар үчүн абдан иштеген го?
- Иштебей анан, үч жыл болбодубу, Абсатар менен жүрө берсе эмне тапмак эле, - деди Асылай, көр дүйнөнүн азгырыгы көзүн тумандата. - Миң долларды чай-пай ичкиле деп сага берем деп жатат, кызың.
Дагыбы?
- Ооба, ата, силерди кубантайын деп иштедим, - деп Айжамал короонун оозунан кирди.
- Айланайын кызым, тиги Абсатардын үйүнүн жанынан ары-бери өтүп койсоң боло? - деп күлгөн болду.
- Койсоңчу, карыганыңа карабай бала кыялың калбайт да, - деп Асылай жактыра бербей күңкүлдөдү.
Ошентип Сейтаалы эртеси бир кой союп, айыл-коңшусун чакырып, кызынын машинасын жууп жатты. Келгендер, туугандары колунан келгендерин алып келип жаап, ырым-жырымын кылып бака-шака.
- Айжамал өжөр кыз, кичинесинен эле беттегенин койо бербеген мүнөзү бар болчу, - деди Асылай жетине албай. - Өз билгенин жасагандан кайра тартчу эмес.
- Ооба, Айжамал өзү да эркек мүнөз эмеспи.
- Деги өжөр баладан бирдеме чыгат.
- Айжамал азамат, атасынын эшигине келишкен машинаны тургузуп коюптур, ушунун үзүрүн көр, айланайын, - деп ар кимиси көтөрө чаап мактап жатып, эт-аш жеп, ичкендер ичкилигин кошо ичип, бата берип кайтышты. Сейтаалы кычыраган машинени кызына айдатып алып, шаардагы балдарына бармак болуп камынып жатты, Айжамал апасын да кошуп алды. Экөөнү жасанта кийинтип, Сейтаалыны алдыга, апасын артка отургузду да, жөнөп кетти. Келе жатканда жолуккан жерден дагы Акылбек көрүндү анын көзүнө. Зымырап кетип жатып эле тормозду катуу басканда атасы да, апасы да алдыга жүткүнүп барып, зорго оңолду.
- Эмне болду, кызым? - Сейтаалы кызын суроолуу карады.
- Эчтеке, машинанын алдынан бирдеке өтүп кеткендей болду, - дегени менен лакылдап, кабынан чыга жаздаган жүрөгүн басыш үчүн Айжамал бардачоктон суу алып ичти.
- Этияттап айдап жүр, балам, дөөтү ата колдосун, дөөтү атанын атына куран окуп койсоңчу, атасы, - деди Асылай.
- Окуса окуп койойун, - деп Сейтаалы бир топко оозун күбүрөтүп окуду да, алакан жая бата кылганда Асылай менен Айжамал да бата кылышты. - Айдай бер, кызым, дөөтү колдосун.
- Кеттик, - деп унаасын ордунан жылдырганы менен Айжамал: "Бул эмне деген сырың, жараткан, кетирген күнөөмдү кече көр. Күчтүү, уулуу дарыларды берип жатып, мен күнөөгө баттым, балким андан деле болмок эместир, себеп кана", - деп ойлонуп кетип жатты. Алар келгенде үч баласы менен улуу баласы бир батирде жашашат экен. Айжамалдын машинесин көрүп:
- Оой, карындашым даңгел го? - деди Турусбек. - Атам катканын бизге бергиси келбей эле кызына машина алып бергенби дейм?
- Кайдагы, балам, мен болгон малды сатсам да алып бере алмак эмесмин, өзү иштеп келбедиби, апаң экөөбүз дагы таңгалып калдык.
- Биз болсо минтип батирлеп жүрөбүз, балдар эптеп окуп жатат.
- Мен үйүмө киргизип койойун анда.
- Анда эле жыргатат элең.
- Жүргүлө, - деп агасынын биртике буюмдарын жүктөп алып, шаардын ортосундагы кабат үйлөрдүн алдына келип токтоду. Адегенде ата-энесин алып кирип көрсөттү. - Кандай, ата, жактыбы үй?
- Буйрусун, кызым, көп жаша, тапканың өзүңө буйруп, жугумдуу болсун, - деп экөө тең баталарын берди, үй ичиндегилерин кыдырата көрүп, ыраазы болушту. Турусбек менен аялынын кубанычында чек жок, балдары андан бетер, дивандарга отуруп, секирип жатышты. Ал күнү ошол жерге тамак-аш алып келип, ата-энесин менен ага-жеңесин коноктоп, анан Турдубегине барышты. Алар эптеп шаарга жакын айылдардын биринен чала бүткөн үй алышып, ачылып-чачылып ремонттоп жатышкан эле.
- Келгиле-келгиле, кайдан чогулуп?
- Келип калдык, жардам керекпи деп.
- Айтпа, жардам аябай керек, бирок кемпир-чалдын кайдан жардамы тиймек эле, башкалар балдарына үй алып берип орду-ордуна койот экен, - деп каржалып кеткенине өпкөлөй таарыныч кыла сүйлөдү Турдубек.
- Мен кимиңерге жардам берем, энең экөөбүздүн өлүмтүккө сойо турган эле мал бар, болсо силерден аямак белем? - Сейтаалы күпүлдөй карады. - Мына, Айжамал үч жылда бутуна туруп, үй да, машина да алыптыр. Силер да иштегиле, жашсыңар эмне…
- Айжамалдын машинасы бекен?
- Ооба, аке, мен машина алгам.
- Азама-ат, сен кандай жумушта иштедиң, же бир байды карактагансың го дейм? - деп күлдү Турдубек.
- Үйгө киргиле, ата, апа, кириңиздер, - деп Турдубектин аялы чыга калып, алар менен учурашып, ичкери киргизди.
- Кандай, айланайындар, үй-жай кут болсун.
- Айтканыңар келсин, ата.
(уландысы бар)

КОРДУК -12
 - 771361357153

Комментарии

  • 9 мар 2015 08:06
    Ulandysy
  • 9 мар 2015 08:22
    Урматтуу автор Ангеме жакшы экен бирок уятту жерлерин анча ачык жазбай эле койсонуз жакшы болмок