ТУШ ЖООРУУ.

ТУШУНУЗ ТОП КЕЛЕБИ??
Адамзаттын уктаганда түш көрүүсү уйкудагы жашоо сыяктуу көрүнүш менен катар эле кээ бир учурларда аян берүү менен адамдарды таң калтырып жүрөт. Бирок көргөн түштүн баары эле дал келе бербейт.
Анан да түш жооруган жакка оойт, демекчи жаман түш болсо да жакшылыкка жоруу керек. Көргөн түшүңүздү өзүңүз эле акылга салып, жакшы жакка жоруу үчүн төмөнкү макала жардамга келет.
Китеп - илимий болсо – илимпозго жолугуу.
Мугалим – илим, жаңы тааныш.
Тил – узуну –душманды жеңүү, кесилсе –жеңилет, ача болсо илим, өзү кесип алса –жаман сөз айтуудан сак болуу керек.
Ак тон - байлык, карасы- аброй, сарысы-санаа.
Бут кийим – малдуу болуу, жыртыгы-жаман.
Кызыл кийим – аялдар үчүн шаттык, жакшылык, эркектер көрсө- жакшы болбойт.
Кийим - тазасы- таза көңүл.
Асман - өзүңүздү асмандан көрсөңүз падышага жакын болосуз.
Булут - падышаны көрүү. Акыл, илим.
Тоо – чыксаң - бийлик.
Суу - узундугуна жараша өмүр. Муздак суу –ден соолук. Суунун көп жыйылганы –молчулук, саламатчылык. Жылуу суу ичсе –жагымсыздык.
Дарыя - урмат-сыйлуу өмүр.
Деңиз - толкуса тынчы кеткен турмуш, жээкке чыкса-душманы багынат, үстү менен жүрсө - падышаны жеңет.
Кайык - башка өлкөгө саякатка баруу.
Шамал – буйрук. Өтө катуу бороон болсо –азаптуу көрүнүш, коркунуч.
Жер - бийлик, күчтүүлүк. Казса - алдамчылык менен тапкан мал.
Сел -душман, качса - качып кутулат.
Аял -(ажырашса) абийир кетет, (үйлөнсө) кубаныч. Аял киши өзүн эркек сыпаттуу көрсө уулдуу болушу мүмкүн.
Арбак - түшүңүзгө кирсе дөөлөттүү болосуз.
Өлүк көрсө - өмүрү узун болот.
Өлгөн адамды көрүү - таза кийими болсо - бейиште болот, кийим кир болсо-азаптан кутулушун тилеп, садага бер.
Өлгөн адамдан бир нерсе алса - ырыскы келет. Кийимин кийсең - жаман.
Тирүү адам өлсө - өмүрү узун, дени сак болот.
Мүрзө казса – жаңы үй курат.
Пайгамбарларды көрүү - бейишке жол ачылат, тозок оту арам болот.
Тумар – жакшылыктын белгиси. Ооруса айыгат, карыз болсо кутулат, аял көрсө перзенттүү болот.
Бейиш – дини тазалык. Окумуштуулук. Жемишин жесе –кадыр-барк.
Тозокту көрсө –кудай алдында күнөөңдү сезүү. Түшсө -азап. Кээде күнөөдөн арылат дейт.
Селде - дин, туура иш, тазалык.
Намаз окуса –жакшылык келет.
Азан –дини катуу, көкүрөгү тазалык.
Алтын – түйшүк, санаа. Садага бергениңиз оң.
Күмүш - байлыкка ээ болуу.
Бермет - кыз перзент.
Ай - максатыңыз ишке ашат. Эрсиз аял көрсө турмушка чыгат.
Жылдыз - мартаба.
Булак - бакыт, байлык.
Кийик – жакшылык.
Арстан - ийгиликтин чоңу, салабаттуулук.
Жолборс – качсаң тилегиң аткарылат, көп учурда душман.
Ит – тиштесе - урушасыз, үрсө - ушак, кас адам.
Жылан - байлык, кээде душман деп коёт.
Курт - байлык.
Кумурска - саякат, киреше.
Канат –кадыр-барк.
Аары - ушакчы душман.
Бал аары - киреше кирет.
Бал – мал-дөөлөттүү болуп, максатыңыз ишке ашат, жакшы турмуш.
Балык – майдасы - түйшүк. Чоң-чоң көбү - буюм-терим, мүлк.
Чымчык - капалануу.
Түлкү -куу адам, терисин алса мал-мүлк. Аял киши көрсө кыздуу болот.
Төө - сапарга чыгуу, амалдуу болуу.
Бака –капысынан табылган байлык.
Чычкан - кас адамдар, ууру.
Ат минип жүрсө - кадыр-барк, амал.
Ээр - жубайлуу болуу, бийлик.
Кулун - эркиндик.
Коён - балалуу болуу.
Эшек минсеңиз - кадыр-баркыңыз көтөрүлөт.
Бит - байлык деп коюшат.
Атыр - жагымдуу кабар, жакшы сөз.
Гүл - пайдасы болбогон эле иш. Дарак гүлдөгөн болсо- байлык.
Бак - курма жыгачы - илимдүү адам, жүзүм - ден соолук, байлык.
Алма - жүз көрүшүү. Жакшы көрүнсө-бейкуттук. Ак болсо - соодагерден келген жардам. Ачуусу - тынчсыздануу.
Коон - турмуштун ийгилиги, ачуусу –кордук.
Ашкабак - урмат-ызат көрүү.
Өрүк - бышканы-ошончолук алтын, быша элеги-оору.
Пияз - ачуу сөз, кызылы - эң жаман.
Алмурут - жакшылык, мансап.
Күрүч - ишке ашкан максат, ийгилик.
Жаңгак - иштеги чатак.
Анар - мал-мүлк, соодадагы ийгилик.
Мисте - душмансыз болот, шаттуулук.
Бадам – оорулуу көрсө айыгат, соо адам көрсө ооруйт.
Пахта - бактылуулук, багы ачылуу.
Урук –аял алуу, балалуу болуу, дүнүйө табуу, өсүп-өнгүгүү.
Чөп – сатса - санаа.
Тегирмен - максатынын ийгиликтүү жүзөөгө ашуусу.
Ичимдик – ачуусу - жаман турмуш, ширини - жакшы турмуш.
Шербет - ичсеңиз жакшы сөз угасыз.
Айран -ырыскы, мал. Төгүлсө –жаман.
Жаз -ыраактагы туугандардын бири келиши ыктымал.
Кар -ак эмгектен келген пайда, өмүрү узун болот.
Нан - ырыскы, жакшылык, үйгө алып келсеңиз ырыскы кирет.
Май -сары май - санаа, өсүмдүк майы - ишке ашкан максат, куйрук май - адал мал.
Бука - киреше.
Кой - сойсо-белек алуу, кээде байлыгы артат.
Козу - жетимчилик.
Мышык - аймаса - оору, бир нерсе жесе үйүнө ууру кирет.
Короз - аял алат.
Жип – агы - эң жакшы, жол.
Ач калуу – түйшүктөн кутулуу.
Куш - кармап алсаңыз бийликке жетишесиз, куштан жакшы белги сезилсе жакшылык болот.
Жүк көтөрүү - жеңил жүк көтөрсө кадырлуу болот, оор жүк көтөрсө күнөөсү көптүгүнөн кабар берет.
Жамгыр - береке болот.

Комментарии

  • 3 янв 2022 07:12
    Сиздики уйку мн соо кез дал келет экен. Эч кандай нерсеге ээ эмес. Просто соо дейби кандай дейт. Онунуздо дейт ээ. Онунуздо туалете баргыныз келет, ал нерсе сизде тушко айланып кетет экен. Жуурканыныз оорбу? Туалетке батпаганыз, ал Жуурканыныз ыгайсыздык жаратканы. Жакшы туалеттин тешиги жок болот экен, болбосо баф деп онунуздо чыгып кетмек экен.
  • 26 янв 2022 14:22
    чоон рахмат
  • 29 янв 2022 12:05
    Көз мончок түш көрсө кандай болот.
  • 2 фев 2022 12:43
    Тушумдо бутумдун тырмактарын алдым не болот?
  • 1 мар 2022 09:58
    Тушумдо кайнатам менин халатымды кийип алыптыр, чечмелениши кандай болот?
  • 23 мар 2022 04:00
    Кайнатан казан табака жакын адам екен.тамагынды жакшылап кыл сенин тамвгын жакпай жаткандыр
  • 23 мар 2022 04:01
    А А ответил Bakytbek Adinai
    Кыздуу болосун дешчуу
  • 10 апр 2022 20:37
    Куйосу бар аял тушундо куйого тийсе эмне болот?
  • 7 июн 2022 08:12
    Менин тушумдо уйумдогу светтин баары куйбой калыптыр ? Эмне болот ?
  • 28 июн 2022 08:05
    Бир зданиеде журом кара жолборстор кирип кетип жатышты анан бир аялды балдарын терезеден киргизип боюнда бар аялды кошо киргизип эшиктерди жаап терезелерди бутодук анан будильниктен ойгонуп кайра уктасам тушум уланып уйдо экенмин уйго да кирип атышты эшикти жапсам тешиктен кирет жаман нерв болуп атыптырмын ойгонуп кеттим аябай ойлонуп атам бул эмнеси деп
  • 2 июл 2022 01:37
  • 12 ноя 2022 05:47
    Саламатсызбы
  • 12 ноя 2022 05:53
    Тушумдо уйубузду сел каптап малыбызды да агвзып Кетти мен суйлой албай калдым кыздарым селдин суусун кечип жыргап журду жооруп беринизчи
  • 18 апр 2023 01:13
    Урматтууларым жакшы тушту да жакшыга,жаман тушту да жакшыга жооруп койсонуздар озунуздор эле.
    Бул жерге жазсаныз ар ким ар нерсеге жооруп коюшу мумкун,туштун башы казандай мойну кылдый бт!каяка жорусан ошол жака оойт!
    Жазыштын кереги жок кирген тушторду!
  • 18 апр 2023 01:14
    Ар кимдин башы озу мн,бул менин оюм.