МАШИНА АЙДОО АЙЫМДАР УЧУН ЭМЕСПИ??

Жолдо кетип баратканда эрежелерди бузуп бараткан машинаны көрсө эле "рулда аял болсо керек", "ушуларды машинага жолотпош керек" деген эркектердин наалыма сөздөрүн угуп жүрсөңүз керек. Анан эле айымдар чындыкты талашып чыркырап жатып калышат. Бүгүн ушул туурасында кеп кылабыз. Чын эле аялзаты автону туура айдай албайбы, же бул жөн гана мырзалардын көрө албастыгыбы?
Анекдот
Экзамен тапшырып, айдоочу күбөлүгүн алууга кеткен кызы үйүнө бети-башы көгөрүп келип калат.
Атасы: -Ии кызым, тапшырдыңбы?
-Ооба.
-Анан?
-Биринчи кайрылыштан жүк ташуучу унааны сүзүп алдым...
-Анда өтпөй калган турбайсыңбы?
-Ой билбейм, ата. Өттүмбү, жокпу уккан жокмун. Инструктор айтканга жетишпей өлүп калды.
Адистин ою
Кызды ата-энеси кичинесинен эле эркек баладан айырмалап, насаат сөздөрдүн гүлүн терип, назик, мээримдүү болууга тарбиялары белгилүү. Мисалы, кызга келечекте эне болоорун белгилеп куурчак алып беришет. Аялзатына тиешелүү нерселер менен ойноп, ал эне, кожойке болууга үйрөнөт. Ошону менен кыздын да, ата-эненин да, коомдун да түшүнүгүндө "аял аялга гана тиешелүү иш менен алек болуусу шарт" деген жаңылыш стереотип пайда болуп калган. Чындыгында аялдардын арасында авто унаасын бир да жолу кырсыкка учуратпаган өтө кылдат айдоочулар дагы кездешет. Ал эми айрым учурда эң жөнөкөй жагдайда унааны туура эмес башкарып, башкаларга ыңгайсыздык жараткан аялзатын көрүп калабыз. Буга таңгалып кереги жок. Аялзаты эркекке салыштырмалуу чукул кырдаалда тез чечим кабыл ала албайт. Өтө эмоционалдуу келип, кичинекей нерсени паникага айландырып ийиши мүмкүн. Мындай нерсе жаратылышта мыйзамченемдүү көрүнүш.
Аялдар үчүн автолор
Белгилүү болгондой, машина биринчи эркектер үчүн чыгарылган. Ошон үчүн ал эркекке ылайыкташтырылып жасалган. Бирок акыркы жылдары дүйнөлүк авто өндүрүүчү компаниялар айымдардын да суроо-талабын эске алып, аял кишиге кадыресе ыңгайлуу автолорду чыгара башташты. Мисалы, автонун сырткы көрүнүшүнөн баштап коопсуздук "басмайылына" чейин аял затынын мүнөзүн толуктап туруучу мүнөзгө ээ болду.
Аял машинаны айдаганды гана билет
Эркектерге салыштырмалуу аялдар автонун кызматын гана пайдаланышат. Мисалы, керектүү жерге жетип алуу, эс алууга чыгып келүү жана убакытты үнөмдөөчү каражаты катары. Аларда айдаган автосун оңдомой деген сапат кездешпейт. Буга таң калуунун кажети жок. Анын бузулган жерин оңдоп берүү үчүн жолдошу же атайын авто оңдоочу жайлар бар эмеспи.
Коркуу уят эмес
Авто унаа башкарып баратканда жаралган коркуу сезими кадыресе көрүнүш. Ар бир акыл-эси ордундагы адам сактанып жана жанындагы адамдардын өмүрүнө өзүнүн жоопкерчилигин сезип, дайыма коркуу сезиминде болуш керек. Бул сезимди моюнга алуудан уялуунун кереги жок. Анткени келерки кайрылыштан сага окшоп "коркпогон" бирөө чоң ылдамдыкта чыга калбашына эч ким кепилдик бере албайт. Автону башкаруу оңой эмес. Муну ар бир айдоочу мойнуна алышы шарт.
Ишенимдүү колго тапшырыңыз
Машинаны ишенимдүү бир же эки оңдоочуга гана көрсөткөнгө аракет кылыңыз. Мындай учурда сиз кайрылып жүргөн адис унаанын абалын жакшы билип калат. Анүстүнө келерки репутациясы үчүн мыкты кызмат көрсөткөнгө аракет жасайт. Ал эми орто жерден чыга калган "жардамчылар" сиздин машинаны жакшы билбегениңизден пайдаланып, тетиктерин алмаштырып, пайда эмес, тескерисинче, зыян келтирип коюшу толук ыктымал.
"Биз рулда экөөбүзбүз!"
Акыркы мезгилдерде шаардын көчөлөрүнөн "Биз рулда экөөбүзбүз" деген жазуусу бар автолорду байкап жүрөбүз. Башында бул тамашадай сезилиши мүмкүн. Бир аздан кийин гана рулда кош бойлуу аял экенин байкайсың. Боюнда бар айымдар сөзсүз ушул жазууну жазып алышса жакшы болчудай. Анткени жаратылыштын мындай белеги эч кимди көңүл кош калтырбайт. Ошол замат сизге катар кетип бараткан айдоочулар жол бошотуп же кылдаттык менен мамиле кыла баштаганын байкайсыз.

МАШИНА АЙДОО АЙЫМДАР УЧУН ЭМЕСПИ?? - 804328396641

Комментарии

  • 15 авг 2015 14:41
    Аракет кыла бер коркуп журоберсен болбойт
  • 15 авг 2015 18:11
    Сен намыстансан бат уйроносун.Мен дагы мына айдайм ана айдайм деп журо берчумун.Анан бир куну озумдун апам , сенин колунан келбейт го , 50 чыкканда деле эжен уйронуп айдап журот , сен отузда айдай албай жатсан деп койду .Эжем куйоосу каза болуп калып 50 чыкканда  биринчи жолу уйронуп айдап кеткен.Анан ушундай намыстандым да ,  эртеси кундон баштап озум отуруп айдап баштагам. Мен дагы жаны айдап баштаганда встречка чыкса , жайлап тормоз тебе баштачумун , кийин конуп кетесин , эми алыска  музыка коюп алып, машина айдаганда  ушундай кайф !
  • 15 авг 2015 20:05
    magnitafondu nege koiot ozu mashinaga bilesinbi
  • 15 авг 2015 20:09
    Уктап кетпеш учун , алаксыганга, бирок уктатып койчу музыка деле бар, кээде ностр.жокто кулагына наушник тагып , атайын алаксып , музыка м.н уктап калсан болот.  Ошон учун  музыка угуп, кошо кынылдап , машина айдап кете бергенде эс алып , жыргап каласын.Ошого кайф дедим.
  • 15 авг 2015 20:09
    Негизи кечинде машинаны айдап баратканда же алыс жолго чыкканда шофер уктап калбайын деп музыка угуп же жанылык угуп уктабаганга аракет кылатта деп ойлойм.
  • 15 авг 2015 20:30
    tura a muzykadan nege kaif alat adam
  • 16 авг 2015 11:04
    tuura soz,Albette mawina aidaganda mende da korku sezimi bolot ...birok eptep jete turgan jerime jetip alam:-)
  • 17 авг 2015 19:41
    Менда жакында уйроном машина айдаганды
  • 17 авг 2015 19:41
    Менда жакында уйроном машина айдаганды
  • 18 авг 2015 08:53
    мен да созсуз уйроном машина айдаганды  буюрса
  • 18 авг 2015 10:28
    Уйрон анын зяны жок
  • 20 авг 2015 09:23
    Эн биринчи озуно ишен. рульга отурганында шашпай .озунду психологиянды растап . анан акырын айдай бер. Мен да а дегенде сага окшогом. мындай болсо айдай албайым деп ключумду ыргыткан кундорум да болду. Бирок турмушта мажбур болгонумда ожорлонуп журуп айдап уйронуп кеттим. азыр кадимкидей айдап . машинамды пайдаланып жатам. Сага да ийгилик!
  • 20 авг 2015 10:04
    Менин куйоом окубаган шофер,мен окуганмын.Жолдо  анча мынча правилаларды айтып журуп аны да почти уйротуп койдум:-) Колдон келсе уцронуп алганга не жетсин зыянынан пайдасы коп .Жогоруда бироо туура айтат анча мынча эркекке жол бербей койсон да жини келет,обгон кылсан да жини келет:-)