ТАШТАНДЫДАН АКЧА ТАПКАНДАР!

Бишкек шаары боюнча таштандынын баары Калыс-Ордо жаңы конушу тараптагы ээн талаага төгүлөт. Жүрөк айланткан жагымсыз жытка, көздү ачыштырган түтүнгө жедеп көнүп бүтүшкөн мектеп балдарынан баштап карыган кемпир-чалдар ушул жерден тыйын таап тиричилик өткөрүп келишет. Таштандыдан кантип оокат кылууга болсун деп күмөн санап турган болсоңуз, төмөндөгү мекендештердин маегине көңүл буруңуз.
Айнагүл: “Идиш жууп төрт жылда тапкан акчаны таштанды чукуп бир жылда таптым”
– Бул жумушту сизге ким сунуштады эле?
– Негизи мен бул жерде иштейин деген оюм жок болчу. Акчага муктаж болуп жүргөндө бөлөлөрүм айтып калышты. Алар ушул жерде иштеп үй салып, машинелүү болушкан. Жолума эле акча таап алып Москвага кетейин дегем. Бирок андан бери бир жылдан ашык убакыт өттү, дагы деле кете албай жүрөм. “Таштандынын тузу оор” деп коюшат, бул жерге келген адам сазга баткандай эле чыга албай калат экен. Анын сыңары, мен да Орусияга кетейин деген оюмдан баш тарттым, бөтөн элге кор болгондон көрө өзүмдүн жеримде ээн-эркин иштеп жүргөнүм жакшы эмеспи.
– Бул жерде бир күндө канча акча табууга болот?
– Бөтөлкө, пластмасса, темир, жез, алюминий, макулатура чогултабыз. Мен чогулткан нерселеримди 2-3 күндө бир өткөрүп 2000 сомдун тегерегинде акча табам.
– Иштеп тапкан акчаңызды эмнеге жумшадыңыз?
– Москвада идиш жууп төрт жарым жылда тапкан акчамды таштанды чукуп бир жылда таптым десем болот. Бир жылдан берки чогулткан акчама жакын жердеги жаңы конуштан жер тилкесин сатып алып эки бөлмөлүү үйдүн дубалын тургуздум. Мындан сырткары тапкан акчамды тамак-ашка, балдарымдын кийим-кечесине жумшайм.
– Таштандыдан ар кандай нерселерди да таап алган учурларыңыз болсо керек?
– Ооба, ар түрдүү нерселерди көрөсүң. Мен өз көзүм менен 2-3 жолу баштыкка оролгон жаңы төрөлгөн баланы көргөм. Адамдардын колдору, буттары чыгып калган учурлар болот. Анан алтын, уюлдук телефон, акча, документ да таап алабыз. Бирөө көп суммадагы акча таап алып автоунаа сатып алган.
– Ушундай жерде иштегениңиз үчүн ардануу, өкүнүү сезимдери болбойбу?
– Башында ыйлап, намыстанчумун, азыр антпейм. Себеби акчаны адал эмгек кылып, өз мээнетим менен таап жатам. Кудайым ден соолук берсе, бул жерде иштеп балдарымды да бутуна тургузайын дейм.
– Таштандыдан оору жугузуп алам деп коркпойсузбу?
– Албетте, корком. Тырмак алдында калып калган микробдордон арылуу үчүн жумуштан келгенде ар убак кир жууйм.
– Бул ишиңизге туугандарыңыздын көз караштары кандай?
– Менин жумушум тууралуу туугандарымдын эч кимиси билбейт. Аларга: “Макарон чыгарган заводдо иштейм”, - деп коём. Башында кызым да билчү эмес, кийин ага ачыгын айтып түшүндүрдүм.
Табылды: “Таштанды чогултуп үй-бүлөмдү эч нерседен кем кылбай багып келем”
– Эмнеге таштандыда иштеп калгансыз?
– Азыр кайсы жерде акча көп болсо, ошол жердин отун жагып, күлүн чыгарып калбадыкпы. Үйлөнө элек кезимде шаар ичинде такси айдап акча тапчумун. Кийинчерээк үйлөнүш керек болуп жакшы жумуш издедим. Тилекке каршы, колумда дипломум жок болгондон кийин кыйраган жумуш табылмак беле. Буга чейин “таштандыдан күнүнө бир топ акча табышат” дегенди угуп калчумун. Ошону эстеп бир күнү атайын келдим. Келсем адамдар ушунчалык көп экен, бири-бири менен сүйлөшкөнгө убактысы жок иштеп жатканын көрүп таң калдым. Жытынан башым айланып турсам улгайып калган бир эже сөзгө тартып калды. Ал эженин аты Гүлжан экен, таштанды чогултуп иштегенине 14-15 жыл болуптур. Кыскасы, эмгеги сиңип элдин баары аны Гүлжан эжекелеп турарын айтты. Айрым чектен чыккандарды тартипке да келтирип коёт экен. Эртеси мен да жумушка келдим. Эже мени ал жердегилерге тааныштырып, иштин жолун үйрөттү. Башында жийиркенип бир топко чейин тамак иче албай, тамагым шишип абдан кыйналдым. Эмнеге бул жумушту тандадым деп өзүмдү жемелеп алам. Бирок ал жактагы адамдарды көрүп, тескерисинче, чыйралып баштадым. Себеби үй-бүлөсү менен келип иштеп бутуна тургандарды көрдүм.
– Өз алдынча иштейсизби же топ мененби?
– Жогоруда айткандай, мен келген жылдары топко бөлүнүп алып иштеп берилген норманы толтуруп, акчасын тең бөлүп алчубуз. Эрте менен келип желимден, бөтөлкөдөн канчадан чогултарыбызды айтып буйрутма берип кетишет. Бөтөлкөсүн талкалап бир идишке, желимдерди өз-өзүнчө кылып чогултабыз. Кечинде акчасын берип алып кетет. Азыр топко бөлүнбөй, ар ким өзү үчүн тытынып иштеп чогултат. Топко бөлүнгөндүн жаман жагы - бири-бирибизге атаандаша беребиз, анан бирөө үстөмдүк кылат. Андан көрө эч кимге баш ийбей өзүнчө иштеген жакшы.
– “Жерлерди менчиктеп бөлүп алышат” дешет...
– Жок, андай эмес, каалаган жерден чогултабыз. Бирок таштанды талашып урушуп кеткендер бар. Өзгөчө машинадан жаңы түшкөн таштандыдан көп уруш чыгат.
– Иштегениңизге канча жыл болуп калды?
– Быйыл он жылдын жүзү болду. Бул жердегилерге “сары” деп таанылгам, азыркы күнгө чейин ушинтип аташат. Башында чынында сары болчумун, азыр бул жердегилерден айырмам жок капкара болуп калдым. Кара түтүн биротоло сиңип калганбы, мончого түшсөм да мурдагыдай агара албай койдум. Он жылдын ичинде бир топ акча иштеп таптым. Кудайга шүгүр, жаман эмес, үй-бүлөлүү, бала-чакалуу болдум. Жер тилкесин алып үй салып, машина алдым. Кечке чейин иштеп, кечинде кээде таксист болуп иштейм.
– Он жылдын ичинде ооруга чалдыккан жоксузбу?
– Чынында бул жактан ар кандай оору жугушу мумкүн. Башкаларды билбейм, мен бат-баттан көрүнүп ден соолугума карап турам. Сүттүү тамактарды көп жегенге аракеттенем.
– Күнүнө канча сомдон табасыз?
– Ар кандай, күнүнө миң сомдон, кээде андан дагы көп табабыз. Баалуу буюмун жоготуп алгандарга таап берсек сүйүнчүсүнө акча берип коёт. Ал күнү норма толду деп иштебей кетип калабыз.
– Келинчегиңиз таштандыда иштегениңизди үйлөнгөнгө чейин эле билчү беле?
– Башында жаңы таанышканда арданып, өзүмдөн алыстатып албайын деп айта албай жүрдүм. Эки-үч жылдай кыз-жигит болуп жүрдүк, андан кийин да айта албадым. Баш кошкондон бир-эки айдан кийин азыраак түптөгөн байлыгым ушул жумуштун аркасынан келгенин, каалабаса башка жумуш караштыра турганымды айтсам, “өзүң бил” дегенсип унчуккан жок. Очогумду эч кимге кор болбой тутантып жатканыма туугандарым сүйүнүшөт. Ушул жерде иштеп үй-бүлөмдү эч нерседен кем кылбай багып келе жатам.
– Каалагандар барып иштей беришеби?
– Ооба, ким кааласа келип иштей берсе болот. Бирок келгенде баары менен таанышып, иштин жолун билүү үчүн бул жактагылардын башын бириктирип чай уюштуруп бермей салт болуп калды.
Алмагүл БАЗАРБАЕВА

ТАШТАНДЫДАН АКЧА ТАПКАНДАР! - 816537536865

Комментарии

  • 27 мар 2016 13:40
    Bizdin ata-bababyz korogo4, namyskoi, akylduu, uluu kyrgyz boluwkan. Azyr biz4i? Kordunorbu kele4ek nege bailangan....................?
  • 28 мар 2016 16:19
    Кылган иштин уяты жок, уруулук, алдамчылык кылбай, мандай тери мн адал акча таап атышат,ошол акчасын таап арак ичип кетпей, чогултушуп уй , машина алып атышыптыр баракелде, кайсы жерде , кандай иш кыласын негизгиси адал акча , адал иш мн камсыз болсон анын эч нерсеси уят эмес
  • 29 мар 2016 06:14
    Журокту айланткан деп кеткенго такыр эле Калыс ордодо жашагандарды гелесоо кылып коюпсунар го биринчи жашап коргуло анан айткыла:-@
  • 31 мар 2016 07:58
    У У ответила a mans
    Депутат болуп шайланышат. Баарын кыйратабыз деп. Анан бачым эле депутат болбой эле жепжутат болуп калышат. Сат сат баарын сат аягында энен м.н атанды уй булоонду сат такыр калбай калса колтугундун жунун сат. Депутат деген аты эле болбосо затынан такыр кабар жок. Ункур тоону саткыча оздорун оздору сатышпайюы
  • 31 мар 2016 08:05
    Сиз башка талкуудасыз!!?
  • 31 мар 2016 08:09
    Сизге жонокой эле бир кенеш четке какпай ,Мен акчаны чакырам деген китепти алып окунуз,анан жан дуйнонуз озгорот,андан сон кайра кайсы китепти окушунузду айтып берем...
    Флаг в руки и вперед!!!
  • 31 мар 2016 08:12
    Бул иш нормальный эмес,адалдыкка жатпайт,канчалаган отходту аралашат,кармалашат,ар кандай ооруну жугузат,
    Словом не наш народ который в мусорке ковыряються...
  • 31 мар 2016 08:15
    Менин жашоом Аллахка Шугур эжекеси!!!,
    Крутой жашоо деп эмнени элестетесиз сиз!?
  • 31 мар 2016 08:41
    Кайдагы тоо!?темага карап талкуу жургуз,башка обсужденияга кирип алыпсынар...(fr)(fr)(fr)(fr)
  • 6 апр 2016 11:27
    Чондор оздорун ойлойтта кайдагы медициналык текшеруу, жумушсуздуктун айынан барышатта. Башка олколорго окшоп завод фабрикалар иштеп турса жумушсуздук жоюлмак.а так оюнуз
  • 10 авг 2016 23:08
    денесин сатып уурулук менен жан бакканча адал тамак жеген жакшы.бирок ден соолукка чон зыян.абайлаш керек баары бир.
  • 29 авг 2016 22:11
    Эми ал дейбиз,бул дейбиз,бирок бешене тер менен таап жатат,анын уяты жок,туугандар.
  • 16 окт 2016 20:30
    Булар деген бироонун нерсесин урдаган жери жок да кочодогу сатылган кыздардын жумушуна караганда  жакшы го  эмнеси уят экен адал тамак эле
  • 16 окт 2016 21:18
    Силер ошолор аралаган таштандыларда басып корсонор анан ...оюнар коз карашынар озгорот...
  • 17 дек 2016 21:30
    с,