КYРYЧТYН- ПАЙДАСЫ ЖАНА ЗЫЯНЫ

Күрүчтүн организмге пайдалуулугу илгерки убакта эле аныкталган. Бул азык алгач Азия өлкөлөрүндө гана колдонулуп келген. Кийин өзүнүнүн керектүүлүгү менен дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнө тараган. Азыр ар бир кожейкенин ашканасынан күрүчтүн түрүн табууга болот.
Андан жасалган тамактында түрү көп. А организмгеболгон пайдасы чексиз!
Күрүчтүн курамы
Ак күрүчкө караганда күрөң күрүч тазаланбаган дан азыгы. Ошондуктан, диетологдор күрөң күрүчтү пайдалуу деп эсептешет. Күрөң күрүчтүн кабыгында жана курамында 80 пайыз адамдын организмине керектүү минералдык заттар жана татаал углеводдор бар. В витаминдер тобун да күрөң күрүчтүн курамынан кезиктире алабыз. Бул витаминдер жетишсиз болгон учурда тери менен тырмактардын абалы начарлап, чачтын түшүүсүнө алып келет.
Күрүчтүн курамына кирүүчү дагы бир зат бул - лецитин. Лецитин баш мээнин иштешин жакшыртып, нерв системаларын бекемдейт.
Бул дан азыктын курамындагы крахмал кандагы глюкозаны толуктап, диабет менен ооругандардын канындагы кантты жөнгө салат.
Күрүч витаминдерден сырткары өз курамына адамдын организмине керектүү бир канча микроэлементтер жана минералдарды камтыйт. Мисалы, 100 грамм күрүчтүн курамында:
Май: 2,0
Белок: 7,3
Суу: 14,0
Углевод: 63,1 г
Күрүч рецепттери:
Кант диабетинде: Кант диабетин үй шартында мындай ыкма менен дарылоого болот: Жарым литрлик эки банка кефирге жарым стакандан күрөң күрүчтөн салып, бир күн коюп коёбуз. Эртеси ичип баштаса болот. Бир күндө бир банканы ичип бүтүү керек. Ал эми экинчисин экинчи күнү ичүү абзел. Мындай процедураны маал-маалы менен кайталап турган шартта кандын курамындагы кант сөзсүз түрдө азаят.
Организмди тазалоодо: Адамдын организминдеги токсиндерди, шлактарды айдап чыгуу менен бирге ичеги ооруларын жөнгө салуу үчүн төмөндөгү рецептти колдонууга болот: Бир ууч (бир же эки кашык) чийки күрүчтү күнүгө эртең менен кеминде элүүдөн жүзгө чейин аябай майдалап чайнап, анан жутуш керек. Бул ыкманы колдонгондон тартып эле организмиңиз керексиз заттардан тазалана баштаганын байкайсыз. Мындай тазалануунун бир курсу – 10 күн.
Организмди калыбына келтирүүдө: Банкага күрүчтөн салып, үстүнө кайнаган муздак суу куюп, муздаткычка салып коёсуз. Күнүгө эртең менен банкадагы күрүчтөн бир кашыктан алып, кайнап жаткан сууга саласыз да, даяр болгуча кайнатасыз. Сууга күрүчтөн башка эч нерсе салбоо керек. Бышкан күрүчтү эртең мененки тамактан бир же эки саат мурун ачкарын жешиңиз керек. Ал эми банкадагы калган күрүчкө кайнатылган муздак суудан дагы куюп, кайра муздаткычка салып коюу керек. Бул дарылоону сиз ноябрь айынан апрелге чейин жасасаңыз болот.
Күрүчтүнзыяндуу жактары
– Көпчүлүк аймакта күрүчтүн ак түрү тараган. Мына ушул ак күрүчтү көпкө сактаганда өз касиетин жоготуп, курамындагы пайдалуу заттар азаят. Мындай күрүчтү көп колдонгон учурда кан басым көтөрүлөт.
– Ак күрүч диабет менен ооруган адамдарга сунушталбайт. Күрүчтү толук изилдеп чыккан окумуштуу Ки Сун: «Ак күрүч менен күн ара тамактануунун өзү кооптуу. Байкасаңыздар, күрүчтү көп колдонгон Азия өлкөлөрүндө диабет оорусунун 2 түрү менен ооругандардын саны өсүүдө»,- деп мисал келтирген.
– Күрүчтүн дагы бир адамга жагымсыз касиети бул- мырзалардын эркектик дараметин түшүрөт.
Күрүч кайсы ооруларга дары?
Медицинада тамак сиңирүү системасы бузулган учурда жана ич өткөктө күрүчтү дары катары сунушташат.
Күрүчтүн дагы бир пайдалуулугу - адамдын организмине түшкөн зыяндуу заттарды өзүнө сиңирип алып, токсиндер менен шлактарды айдап чыгат.
Ал узак убакытка созулган катуу оорудан кийин тамакка болгон табитти калыбына келтирип, уйкуну нормалдаштырат.
Бул дан өсүмдүгүнүн курамында туз жок болгондуктан, ал организмдеги тузду сүрүп чыгаруучу дары катары колдонулат. Ошондуктан, дарыгерлер күрүчтү жүрөк кан-тамыр ооруларына жана бөйрөк оорулары менен ооругандарга сунушташат. Америкалык жана япониялык окумуштуулар күрөң күрүчтү көп колдонгон Японияда жүрөк кан-тамыр оорусунан жабыркагандардын саны башка өлкөлөргө караганда аз экенин аныкташкан.
Ал эми күрүчтүн кайнатмасын суук тийгенде, температура жогорулаганда жана тамак-ашка ууланган учурда колдонсо болот.
Күрөң күрүчтү аллергиялык реакцияга жакын адамдарга сунушташат. Себеби, анын курамында аллергия чакыруучу зат жок.
Көкүрөктөгү какырык менен бирге зыяндуу заттарды алып чыккандыктан, күрүчтүн кайнатмасын бронхит жана астма менен ооругандар колдонуп келишет.
Күрүч - эң сонун заара кубалоочу каражат гана болбостон бөйрөк жана табарсык ооруларына жакшы жардам берүүчү азык.
Күрүчтү тез-тез, бирок, орточо талап менен колдонгон учурда нерв системасынын ишин жөнгө салат.
Күрүчтө өзгөчө аялзатынын организмине керектүү касиеттер бар. Ал кош бойлуу айымдардын түйүлдүгүнүн өсүшүнө таасирин тийгизет. Мындан тышкары ал баланы эмизип жаткан эненин сүтүнүн сапатын жакшыртып, наристенин организмин бекемдейт.

Комментарии