Комментарии
- 3 мар 2017 07:09Айпери СулаймановаУландысын тезирек жазынызчы сураныч абдан кызыутуу экен
- 3 мар 2017 07:28Жумагул БалтабаеваУландысы качан чыгат экен?
- 3 мар 2017 09:04Халбек Мыктыбеков ответил Айпери СулаймановойСабыр кылсан чыгатта
- 4 мар 2017 09:40Исмаилов Тынчтык АлымжановичЯ
Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
ӨМҮР БИР КЕЛЕТ
ТИЛЕК 1-БАРАК
(Башталышы)
Бишкектин көчөлөрүндө салбырап басып жүрүп жадаганда китеп дүкөнгө кайрылып Шопенгауэрдин «Афоризмы житейской мудрости» аттуу белгилүү философиялык чыгармасын сатып алып Эркиндик гүлзарына бет алдым. Ээн скамейкалардын биринен орун алып китепке үңүлдүм. Улам биринин артынан бири таасир берген кабат ойлор эсимде калар эмес, чөнтөктөн калем алып ошол экметтердин алдын сызганга өттүм. Көп өтпөй жаныман өтүп бараткан шиш таканын үнү угулду. Менден бир аз өтүп барып кайра кайрылды. А мен китептен баш көтөргүм келбеди. Шиш така мен жакка кадам шилтеди. Жаныма чымчык жылып келаткандай былк этпедим. Аны бир гана кыймыл чочутчудай сезилди. Шиш така мага жакындаганда жаздын абасы менен жумшак атырдын да жыты бур этти. Тык… Тык… Тык… Кадам мага жакындап, “скамейкага отурсамбы, жокпу” дегенсип сезимимди кытыгылап турду. Китептин 1-2 барагын окугандан кийин жан жагыма кылчайдым. Тегеректе сайраган чымчыктарга, жаңыдан гүлүн ачкан сирендерге көз чаптырган киши болуп жанымдагы мурду кырдач, ажарлуу зайыптын кулагындагы сөйкө, мойнундагы мончок таш, шиш така, аземдүү үстү-башынан жаш курагына чейин баам салганга үлгүрдүм. Китепке кайра үңүлгөнүм менен жанымдагы зайып көңүлүмдү азгырып туруп алды. Башымды бир аз көтөрсөм, ал да китептин кызуусуна кирип алган экен, айланасы менен иши жоктой. Бейтаанышты сөзгө тартмакка бир саам демимди кармап, аз убакыттан соң чечкиндүүлүгүмө салдым:
– Сиз жаныма келген мүнөттөн баштап китептин бир да сөзү башыма кирбей атат. Сиздинчи?..
Мени кооптонгондой бир тиктеп алды да:
– Меникине кирип эле атат, – деп окуусун кайра улантты.
Сөзгө тартуунун башка амалы табылбай китепке кайрадан кирдим. Бир аз окуп, айрым жерлерин калем менен сызганды баштадым. А жанымдагы бейтааныш чылым түтөттү. Анын түтүнү мага каптаганда чөнтөктөн мен да чылым алып чыктым.
– Китепти сызып окуганыңызга караганда түшүнүп окуп атсаңыз керек? – бейтааныш айым мага какшык мүнөздөгү азилин ыргытып койду.
– Буюрбасын, түшүнбөй атам, – чынында калп айттым, – жанында сиздей сулуу отурганын көргөн окурмандын башына китептеги акыл жукмак беле, – деп жагалданганым ага жага берди көрүнөт, бырс этип күлүп койду.
Аңгыча жаныбызда балмуздак көтөрүп саткан секелек кыз пайда болду:
– Балмуздак алыңыздар…
Ордуман туруп балмуздактан экини алып, бирөөсүн бейтаанышка сундум.
– Ох-хоо… Магабы?.. Рахмат… Студент кезде мен эң жакшы көргөн балмуздак ушул «Эскимо» болор эле.
– Эгер студенттик кезиңизди «Эскимо» эске салса, анда күнүгө ушул жерге балмуздак жегенге келип туралы.
– Каршы эмесмин, – деди кадыресе эски таанышына мамиле жасагандай. Мен анын шайыр мүнөздүүлөрдөн экенин дароо түшүндүм. Колундагы балмуздакты аяр тиштеп, чын пейлинен шимип отурганы жарашыктуу көрүндү.
– Мен бул жерге күнүгө келип китеп окуганды жакшы көрөм, – деп кошумчалады.
– Атайы ушул орунгабы?
Балмуздак шимиген эриндерин жооп айтканга даярдап келатып шашып калган бейтааныш мойнун ийкеп жооп берди:
– Уху.
– Болду… Балмуздагыңызды түгөтүңүз, ага чейин суроо бербейм.
– Бере бериңиз. Сүйлөшө берем, – ал мага ыңгайсызданып жооп берди.
Аңгыча өз колумдагы эрип бараткан балмуздак алдыма тамчылай баштады эле, сумкасындагы жүз аарчысын алып мага сунду.
– Сиңип кете электе сүртө салыңыз.
Экөөбүздү эң биринчи жакындаткан мамиле ошентип балмуздактан башталды.
– Атыңыз ким?
– Айжүз.
– А өзүңүздүн атыңызчы?
– Зардос.
Балмуздактан кийин экөөбүз тең чылым түтөттүк. Эки тизесине аярлап койгон сырты кооз китеп эмне адабият экени кызыктырды.
– Карап көрсөм болобу?
– Караңыз.
– Харуки Мураками «Охота на овец». Дүйнөнү дүңгүрөткөн бул автордун таасирине качан кирдиңиз эле?
– “Нобель” сыйлыгын алат болуп, албай калгандан бери. Эң биринчи «Норвежский лес» аттуу романын окудум. Ничего…
– Демек, сиз модадан калбаган адам көрүнөсүз?
– Андай деле эмес.
– Менимче, дүйнөнүн баалуулугу ушунчалык бөксөрдү. Болбосо Мураками колго ала турган автор дебес элем, – Айжүздүн реакциясына карадым. Бирок эч кандай ишаратты байкатпастан салкын мүнөздөй көрүндү.
– Себеп?
– Себеби Муракаминин чыгармаларын эле эмес, интервьюларынан өйдө окугам. Ал жөнүндө адабиятчы, өзүнүн котормочуларынын да жазгандарын билем. Бирок эмнеси үчүн дүйнөдө ушунча көп тилге которулуп, миллиондогон окурмандар окуганына түшүнбөйм. Болбосо сиз атаган чыгармалары эмнеси менен кызык?
– Билбейм, бир дем менен жеңил окулганы үчүн го дейм…
– Көрдүңүзбү… Бир дем менен жеңил окулчу автор экенин, – Айжүз бул темага көңүл кош болуп отургансыганынан сөздү кай жакка бурушту ойлонуп калгам.
– Сөзүңүздү уланта бериңиз.
– Сизге кызык болбосо, эмнеге улантам?
– Эмнеге кызык эмес? Муракаминин чыгармалары жөнүндө айта бериңиз.
– Мураками эмес, жалпы эле китеп жөнүндөгү түшүнүгүмдү айтып берейинби?
– Айтыңыз, – ал мага кылыгын көрсөткүсү келгенин туйдум.
– Билесизби? Китептин артынан китеп кууп окугандардын көңдөйлүгү эмнеде? (Сөздүн маанисин кайра жумшартканга аракет кылдым) Биз көп учурда китепти бир сыйра гана окугандыктан мазмунуна терең түшүнбөйбүз. Жакшы китепти кайра-кайра окугандан өтөрү жок. Эгер китепти кайталап окуганга көнсөңүз, сиз мурда окуган китептерге жөн гана көз жүгүрткөн окурман экениңизди билесиз. Эгер мурда окуган китепти кайра окуп чыксаңыз, сиз анын жакшы же жаман экенине баа бересиз. Кайталап окулган китепти дагы кайталап окусаңыз, сиздин да китеп жазгыңыз келет.
Айжүз мени жылмайып угуп отурду. Мен да ага аңгеме кургандан жадабадым. Ал күнү экөөбүз тең китеп эмес, бирибизди-бирибиз окудук. Эртеси, анын эртеси да Эркиндик гүлзарынан болжошкон убакта кезигишчү болдук. Күнүгө балмуздак жеп, бири-бирибиздин сырыбызды тыңшайбыз. Күнүгө китеп окуганы келгенибиз менен ал да китеп карабайт, мен дагы. Ал күнүгө өзүнүн кийим тигүүчү ательесинен чыгары менен үйүнө эмес, таза аба жутканы гүлзарга келет. Мен да иштен кийин үйгө эмес, гүлзарга ашыгам.
Бир күнү мен андан эртерээк келип китепти токтогон жерден кайра уланттым. Жарым саат, бир саат өттү. Айжүз келген жок. Улам шиш таканын үнү угулат. Айжүздүн дабышы деп баш көтөрөм. Башкалар. Ар бир дабышты Айжүздүн дабышы болуп калса дейм. Китепти болсо кайра бүктөп салып койдум. Ательесине телефон чалсам, жооп берген киши болбоду. Ал күнү көрүшө албадык.
Эртеси иш убактысы башталары менен телефон чалдым. Өзү алды:
– Ким бул?
– Мен… Зардос.
Телефондогу Айжүздүн үнү негедир салкын угулду.
– Кечээ эмне келбедиң?
– Иш чыгып калды. Сага чалсам, «чыгып кетти» дешти. Жолугушууга бүгүн деле күн бар да… – жообу кайдыгер кишиникиндей эмес…
– Ошого чейин чыдамым жетпей чалдым эле, – мен ага баёо мүнөздөй сезилдим көрүнөт.
– Чын элеби?..
– Чынымы айтам.
– Анда келем. 5 жарымдабы?
– Мейли, 5те. Жок. 4тө деле.
– 4кө келалбайм. Болуптур 5те.
Саат 17-00дө колума эки балмуздак кармап, скамейкага жаңыдан отурарым менен Айжүз көрүндү. Балмуздак кармап отурганыма алыстан эле жылмайды. Мага жеткиче наристедей кытылдап күлгөнү жакты. Ушунчалык жан дилинен күлгөн үчүн бир колун бооруна басып, сол жагына ооп келатты. Алдынан утурлай басып ооп келаткан жагына кучагымды жайдым. Аны кучагыма биринчи жолу аяр кыстым. Биринчи жолу боюбуз жакындады. Ал менден чочуркаган жок. Кайра мен жакка ыктап, колуман балмуздактын бирин алды.
Мен аны кечээ кандай чыдамсыздык менен күткөнүмдү айтып бердим. Ал эмнеге келбей калган себебин түшүндүрдү. Үстүндө күндөгү эмес, башка көйнөк экенине көңүлүм түшүп турганын байкап калдыбы, көйнөк жөнүндө өзү сөз баштады.
– Жаман тигилиппи?
– Үстүңө эмне кийсең да сындай албайм. Мүмкүн, башкалар өзүн көрктөш үчүн көйнөк киер, а сен өзүң көйнөктү көрктөп турасың, – дедим Омар Хайямдын саптарын эстеп.
– Өзүм тиккен көйнөк. Бүгүн биринчи жолу көчөгө кийип чыктым.
– Демек, жакшы көйнөктүн кадыры үчүн экөөбүз бүгүн театрга баргыдай экенбиз. Көйнөгүңдү эл да көрсүн.
Менин бул айтканыма Айжүз муздак жылмайды.
– Кайсы театрга?
– Менимче, бүгүн Орус драма театрында Альбер Камюнун «Калигуласы» коюлмак.
Дароо макул көрдү. Ордубуздан турарыбыз менен удургуган шамал көйнөгүнүн этегин көтөрө берерде кымтыланып калды. Бирок мага ушул көрүнүшү абдан жакты. Ал ордунан турары менен мени колтуктады. Удургуган шамал жолду катар Айжүздүн этегин желпип жүдөткөнү мага жагымдуу сезим тартуулады: анын жайып алган чачтары бирде ийниме төгүлсө, бирде бетимен жалайт. Жаздын жытынан мурда мен анын чачтарынын жытына мас элем…
Театр залында жарык өчөрү менен Айжүздүн назик алакандарын издедим. Экөөбүз кол кармашып алдык. Антракттан кийин ал менин ийниме сүйөнүп, колдорун колтугума кысты.
– Зал суук экен, чыйрыгып атам, – деп мен жакка ыктаганынан үстүмдөгү күрмөмдү чечип бердим.
Спектакль аяктагандан кийин сыртка чыксак жамгыр көнөктөп атыптыр. Айжүздө да, менде да кол чатыр жок эле, театрдын ыктоо жагында бир аз далдаланып турдук. Жамгыр басылар эмес. Айжүз калтырап үшүй баштады. Күрмөмдү ага чечип бергендиктен мен андан бетер. Муздак абада бирибизге-бирибиз кысылып жакын турсак да демибиздеги жылуулук менен көпкө чыдар эмеспиз. Эптеп жолго чейин барып такси тосууга туура келди. Мындайда кыйма-чийме таксилер да бош болсочу, таксини көпкө күттүк. Айжүз экөөбүздүн тең ээгибиз титирей баштады. Акыры бир таксини жолдун ортосуна тура калып токтотууга туура келди. Шоопур мага:
– Кандай жандан кечкен немесиң! – деп жулунуп ачууланганынан улам бизди мушташып кетеби деп чочулаган Айжүз акыбалды менден мурда түшүндүрдү. Аңгыча арткы эшиктен башы чыккан улгайыңкы аял арачы түштү:
– Биз деле жетип калдык. Кысылышсак да батышалы. Жаштар экен, отура беришсинчи.
Мажбур болгонсуган таксист бизди акыры жеткирди. Бирок мен өз үйүмө баргым келбей Айжүз менен бирге түшүп калдым. Кабат үйгө көтөрүлүп баратканда Айжүздү ээрчип келатканымдан ыңгайсызданып токтоп калдым.
– Мен ушул жерден эле кетейин.
– Жок, мынча келгенден кийин… – ал мени шак эле билектен алып алдыга жетеледи. Аңгыча каалгалардын бирине токтодук. Айжүз колумду бошотуп сумкасынан ачкыч издей баштады. Үйдү ачып босогону аттадык. Алдыбыздан жону жылтыраган сары мышык гана тосуп алды. Биз түз эле кухняга өтүп, газга чай коёру менен артынан ээрчиген мышыкка кайрылды:
– И-ии сарым... Мени бүгүн эмнеге кечикти деп күтүп аттыңбы? Курсагың ачтыбы? Азыр сага... – муздаткычтан оозу ачылган кильки алып чыгып бурчтагы идишине салды.
– Сары мышык экөөңөрдүн жаныңар бирге окшойт.
– Үйгө келерим менен эрмегим ушул. Тамагын жедирем, жуунтам, жонун тарайм. Бул анан коңурук тартып уктайт.
– Туура айтамбы, сары?
Чай тез эле кайнады. Экөөбүз бет маңдай жайгашып дагыле бүтпөгөн сырларыбызга кирдик. Ал күнү биринчи жолу үйгө барбай калдым.
(Уландысы бар)