КАНТИП ТУУРА БУТ КИЙИМ ТАНДАП КИЙҮҮ КЕРЕК?

Туура тандалган бут кийим аялзатынын боюн, буттары узун, турпатын сындуу көрсөтөт. Ал эми туура эмес тандалган бут кийим аялдын бутунун жоондугун ашыкча билдирип, анын стилинин гармониясын бузуп коюшу мүмкүн. Ал эми төмөндөгү кеңеш сиздин мындай катачылыктарды кетирбөөңүзгө жардам берет.
Бут кийимди турпатыңызга жараша тандап алыңыз:
Бою кыска айымдар үчүн: Мындай айымдар узундугу 8 сантиметрге чейинки ичке такалуу бут кийимдерди кийсе болот. Өтө эле бийик такалуу бут кийимдер сунуш кылынбайт. Себеби андай бут кийимдерди кийип басканда дененин оордугу белге таасирин тийгизип, түз басууга тоскоол болот.
Бой турпаты мыкты айымдар үчүн: Эгерде сиздин турпатыңыз адам мактанаарлык болсо, ага андан да мыкты көрк берүү үчүн өтө бийик жана ичке такалуу бут кийимди кийүүдөн алыс болушуңуз керек. Сиздин бой турпатыңызга көрк берүүчү бут кийимдин такасы калыңыраак жана узундугу 5-8 сантиметр болушу керек.
Толук айымдар үчүн: Мында айымдарга жөнөкөй стилдүү бут кийимдер сунушталат. Алар өтө ачык жана өтө жабык бут кийимдерди кийүүдөн алыс болуусу керек. Андыктан тондоодон жаңылып калбаш үчүн жаңы бут кийимди күзгүнүн алдыда кийип көрүп, бардык жагынан карап чыгуу зарыл. Бут кийим сиздин бутуңуз үчүн өтө ыңгайлуу болушу керек. Бут кийим кандай гана саркеч болбосун бутка кийгенде жарашыгы жок болсо, ал сиздин буттарыңызды кыска жана жоон кылып көрсөтүп коюшу мүмкүн. Андыктан мындай көрүнүштөрдөн качуу үчүн кайык формасындагы бут кийим, алды жагы ачык жеңил бут кийим жана жеңил туфли сунушталат. Бут кийимдин капталынан көрүнүшү канчалык узун болсо, сиздин таманыңыз жана балтырларыңыз ошончолук көрктүү болот.
Ал эми аба ырайы суук болгон мезгилде эң мыкты вариант катары бутка жарашыктуу чапташып, юбка менен кийгенге ыңгайлуу болгон тизеге чейинки ийкемдүү чокой сунушталат. Ал эми жай мезгилине болсо платформа жеңил бут кийимдери сиздин бутуңузга көрк берет.
Эске салып кетчү жагдай кара резинадан жасалган өтө калың платформалуу бут кийим эч бир айымга жарашпайт.
Ыңгайлуу таканы кантип тандаш керек?
Таканын формасы жана узундугу сиздин кийимиңиздин формасынан жана узундугунан көз каранды. Калың кийим менен башы учтуу жана такасы өтө ичке туфлини кийип алуу жарашыксыз көрүнөт.
Сиздин кийимиңиздин материалы канчалык калың болсо, бут кийимиңиздин такасы дагы ага жараша калын болушу керек. Ал эми көйнөгүңүз жука болсо бут кийимиңиздин такасы дагы жуга болууга тийиш.
Такасы жок туфли: Мындай туфли менен кыска кийимдер жарашыктуу келет. Шымдар кызыл ашыктан же андан өйдө болуусу керек. Ал эми юбка жана көйнөк тизеден жогору болуусу зарыл. Эгерде туфлиңиздин таманы өтө эле жука болсо үстүңкү кийимдериңиз дагы ошого жараша назик болушу керек.
Жапыз така: Жапыз такалуу бут кийимдерди экиге бөлүп караса болот. Биринчи 0,5 см болгон мокастар. Экинчи такасы 1,5-2 см бийик туфлилер. Айымдардын көпчүлүгүнө экинчи түрдөгү бут кийимдер жагат. Анткени андай бут кийимдерди кийип жүрүү өтө ыңгайлуу жана юбка, шым менен деле жараша берет.
Бийик така: Көп айымдар бийик такалуу туфлилерди кечелерге гана эмес жумушка кийүүнү дагы жактырышат. Мындай шартта жумуш ордуңузда дагы бир кошумча бут кийимдин болушу шарт. Эгерде иш күн аяктаганча бийик така менен жүрсөңүз, ал сиздин ден соолугуңузга зыян алып келет. Ал эми кышында бийик такалуу бут кийим кийүү тайгаланып жыгылуу коркунучун күчөтүшү ыктымал.
Өтө бийик такталуу бут кийимдер менен узун көйнөк кийсе жарашыктуу болот. Мындай такалар менен тизеден өйдө же тизеден анча-мынча узунураак кийимдерди кийүү сунушталбайт. Кыска көйнөктөр менен такасы кыска туфли жарашыктуу болот.
Ичке така: Ичке такалуу туфлилер мода болуп бара жатат. Бирок, кийимдин классикалык формасы мындай така менен анча жарашыксыз. Ал эми саркеч көйнөк жана костюм, ошондой эле шым менен кийип алсаңыз ал сиздин көркүңүздү ачат.
Калың така. Эгерде сиздин бутуңуз өтө сымбаттуу болбосо, анда калын такалуу бут кийим мындай кемчиликтерди байкатпай коёт. Ал сиздин бутуңузга абдан жарашыктуу отурат.
Бут кийимдин түсүн жана материалын кантип тандоо керек?
Замша жана материалы чүпөрөк бут кийимди сатып алуудан мурун, андай бут кийимдер өзүнүн сулуулугун тез эле жоготуп, бат эскирип кала тургандыгын эске алуу керек. Ал эми чыныгы булгаарыдан тигилген бут кийимдерди туура кийсе көпкө түтө тургандыгын айып кетүү зарыл. Аба ырайы качалык суук болсо, бут кийимдин булгаарысы ошончолук калың болушу керек.
Түс: Кара түстөгү туфли кийимдин барды түрүнө жарашат. Эгерде бир нече бут кийим сатып алууга мүмкүнчүлүгүңүз чектелүү болсо анда ойлонбой эле кар түстөгү бут кийимди сатып ала берсеңиз болот. Эгерде сиз жумушка ишкерлердей кийинип барганды кааласаңыз анда сиздин кийим салгычыңызда нейтралдуу түстөр дагы болуусу керек. Жаркыраган ачык түстөрдү жайында кийген ыңгайлуу.
Ачык түстүү бут кийим менен бардык саркеч кийимдин көркүн ачууга болот. Түстүү бут кийимди ак, күрөң-жашыл жана бозомтук түстүү кийимдер менен кийсе жакшы жарашат.
Эгерде сиз саркеч жана абдан кооз көйнөгүңүз менен мактангыңыз келсе, анда бут кийимиңиз дароо көзгө урунгудай болбошу керек. Тескерисинче нейтралдуу түстөгү кийимдердин көркүн саркеч, дароо көзгө уруна турган бут кийим менен ачса болот.
Туфли түрлөрү:
Абдан жарашыктуу жана саркеч туфли айымдын турпатын чыгарып, аны сексуалдуу көрсөтөт. Кандай болгон күндө дагы өзүңүзгө жарашыктуу бут кийим сатып алуу өтө маанилүү. Сатып алардан мурун күзгүгө каранып өзүңүзгө баа бериңиз. Сизге такасынын узундугу же формасы туура келбеген саркеч туфли турпатыңыздын гармониясын бузуп коюшу ыктымал.
Классикалык туфли: Классикалык туфлиге суроо талап абдан көп. Кара түстөгү классикалык туфли ар бир айым үчүн абдан чоң мааниге ээ. Алардын эң негизги өзгөчөлүгү, кандай гана кийим менен кийбе жарашыктуу. Ошондой эле алардын такасынын бийиктиги 3-4 см болгондуктан өтө ыңгайлуу. Классикалык моделдердин формасы модага жараша өзгөрүп турат. Эгерде шым менен кийгенге туфли тандай турган болсоңуз тили узун бут кийимдер жарашыктуу келет.
Кечик туфли: Көпчүлүк айымдар модалуу кийим менен кечки туфлини тандап алышат. Эгерде сиздин кечеге кийе турган туфлиңиз көтөрүп жүргөн кол баштыгыңызга өңдөш болсо ал сиздин көркүңүздү ачат.
Согончогу ачык туфли: Эгерде сиз балтырыңызды жана кызыл ашыгыңызды көрсөтүп мактангыңыз келсе анда согончогу ачык туфли кийсеңиз болот. Согончогуңуз ачык болгондуктан ага кам көрүүнү унутпаңыз. Мындай туфлилердин мурду ачык же ичке жана такасы дагы ичке болсо абдан жарашыктуу көрүнөт.
Кайыш менен арчындалган бут кийимдер: Эгерде сизди бутуңуздун сөлөкөтү канааттандырбаса көңүл бурдура турган кошумча боосу же куру жок ачыгыраак бут кийим тандаңыз. Ачык түстөгү горизонттук арчындама бутту кыска көрсөтүп коюшу мүмкүн.
Спорт бут кийими: Эгерде сиз джинсы жана спорт стилиндеги кийимдерди жактырсаңыз, алар сиздин стилдүү көрүнүшүңүзгө тоскоол болбойт. Анда сиз таманы жука, же жапыз жана калын такалуу бут кийим тандап алсаңыз болот.
Босоножка:
"Металл сымал" босоножка: Алты же күмүш түстөгү стилдүү булгаары босоножка ар дайым модадан калбайт. Эгерде такасынын бийиктиги 5-8 сантиметр болгон, башы тоголок босоножка сатып алсаңыз ал эч качан модадан калбайт.
Күрөн босоножка: Жайкысын жеңиз күрөн босоножка кийсеңиз ал өтө ыңгайлуу. Ал сиздин кийимдериңиздин көпчүлүгү менен жараша берет. Бийиктиги 3 см болгондору өтө ыңгайлуу. Бирок бардыгы сиздин турпатыңыздан жана табитиңизден көз каранды.
Босоножка сатып алып жатканда анын жарашыгын эске алыңыз. Согончогу ачык босоножканы классикалык костюм менен кийип алсаңыз сизге өтө эле көңүл урдуруп коёт.Такасы өтө бийик босоножка дагы сизди ашыкча сексуалдуу көрсөтүп коюшу мүмкүн.
Өтүк тандоо:
Сапатуу булгаарыдан тигилген, такасы бийик кара чокой айымдардын бут кийимдеринин арасынан эң негизги ролду ойнойт. Мындай өтүктөр сиздин бутуңузга чапташып турушу керек, Болбосо сиздин стилиңизди бузуп коёт. Тизеге чейинки мындай өтүктөрдү юбка менен гана кийүүгө болот. Жашы өтүп калган аялдар кыска юбка менен мындай өтүктөрдү кийбей эле койсо болот.
Кыска өтүк: Мындай өтүктөр шым менен жакшы жарашат. Ал эми юбка менен жарашыгы анчейин.
кабар ордо сайтынан.

Пайдалуу кеңешке класс баса кетиңиз.

Комментарии