ПАЙДАЛУУ ЖЕР ЖЕМИШТЕР

Алма. Темир жетишсиз болсо жалпы организм алсызданат, тез чарчайт, аз кандуулук келип чыгат, атүгүл аялдардын айызы келгенде ал катуу ооруксунуу менен коштолот. Организмдеги мына ушундай терс көрүнүштөрдөн бизди алма сактайт. Анткени бул жемиш темирге, клетчаткага жана пектинге бай. Эскерте кетүүчү жагдай, алманы кабыгы менен кошо жеш керек.
Ашкабак. Ашкабак да аз кандуулук менен күрөшүүдөгү натыйжалуу өсүмдүк. Эгерде сиздин колу-бутуңуз жайы-кышы муздай болуп тоңуп, өзүңүз тез чарчасаңыз, анда сизге ашкабак жардамга келет. Ашкабак да өтө көп өлчөмдөгү темирди өзүнүн курамына камтыйт. Мындан тышкары ал зат алмашууну тездетип, ашыкча салмактан арылууга жардам берет.
Баклажан. Ашыкча сууну организмден айдап чыгат. Эң негизгиси, кандагы холестериндин деңгээлин түшүрүп, адамды жүрөк-кан тамыр ооруларынан сактайт.
Ит мурун. Бул мөмө С витаминине өзгөчө бай. Анын иммунитетти көтөрүүчү касиетин башкалар менен салыштырууга болбойт. Күзүндө ит мурунду чай катары демдеп ичүү – сасык тумоонун алдын алуунун эң жакшы ыкмасы. Мындан тышкары өзүндөгү С витамининин эсебинен ит мурун күзгү депрессияга каршы жакшы каражат.
Банан. Бул жемиш кан басымды түшүрүп, жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алат. Ал ашказандын кычкылдуулугун азайтат, маанайды көтөрөт. Ошондой эле банан тоюмдуу жемиш, аны эртең мененки тамак катары колдонууга болот.
Киви. Бул азык – витаминдердин кампасы, ошого байланыштуу бул жемиш иммунитеттин көтөрүлүшүнө чоң жардам берет. Мындан тышкары организмди тазалайт.
Лимон. Лимондун сыйкырдуу касиети тууралуу баарыбыз билебиз. Ал иммунитетти көтөрүүдөгү жана сасык тумоо менен күрөшүүдөгү №1 жемиш.

ПАЙДАЛУУ ЖЕР ЖЕМИШТЕР - 860677537121

Комментарии