1 апр 2018

Салам достор жаны чыгарма

АЯШ АТАМДЫН БАЛАСЫ.
Биринчи болук.
Уй булодо жети кыз, эн кенжебиз жалгыз инибиз менен сегиз бир тууганбыз. Мен учунчусумун. Мектепти бутуруп мен Россияга окууга тапшырдым. Буга мектептин дирокторунун кучу менен кеттим десем болот. Себеби анын кызы Айнагул экообуз жакын курбулардан элек.
Менин Ата- энем совхоздо жонокой эле карапайым жумушчу болуп иштейт. Бирок кыздары баарыбыз мектепте жакшы окуган активистерден элек. Эки эжем экоосу тен студент. Чынын айтсам ата-энемдин мени окутканга каражаттары деле жок болчу. Бирок мен жакшы окуган мектептин комсоргу элем. Жыйналыштарды откоруп коомдук иштерде да активист болчумун. Ал убактар союз убагы эле. Бир куну совхоздун жетекчилери мектепке келип бизге жыйналыш откоруп калышты. Алар бизди
-Жаштардын баары шаарга качпастан озубуздун айылдын комсомолдук жаштар бригадасында калып иштегиле деп ундоп кетишти. Мен окууну сырттан тапшырып ата-энеме жардамдашып, жаштар бригадасында эле иштесемби деп жургом. Бирок бир куну курбу кызым Айнагул
-Алтынай журу мени менен! Экообуз Россияга барып окуйбуз. Оз кучубуз менен окууга тапшырып отсок болот! Себеби ал жерде билимине карап эле окуйт экенсин. Ал жакта эч кандай пара албайт экен деп айтып калды.
Айнагулдун бир тууган агасы россияда армияда кызмат отоп журуп, буткондон кийин ошол жакта окуп орус кызга уйлонуп, ошол жакта калып кеткен болчу. Ошондуктан Айнагулду да ата-энеси агасынын жанына жонотсокпу деп жатышкан экен.
-Билбейм Айнагул мени ата-энем жибербейт болуш керек, дедим мен ойлонуп. Менин ата-энем жонокой карапайым адамдар болсо андайды каяктан тушунушсун ?
Ошол куну кечинде уйубузго Айнагулдун атасы директорубуз келди. Ал Ата-энем менен копко чейин чай ичип суйлошуп олтуруп, акыры алар бизди Айнагул экообузду россияга окууга жоното турган болуп чечишти.
Окууга кетип жатканымда апамдын эки кулагыма куюп айткан создору дагы деле эсимден кетелек. Апам бизди кыздарын аябай каттуу кармачу. Денемди кызарта чымчыганда козумдон от жон эле чыгып кетчу.
Апам мени жолго даярдап жатып
- Ботон эл ботон жерде этият болуп жургун. Ата-бабам барбаган жерге кетип жатасын. Мен го жоноткум келбеди эле. Атан эле тиги директор кишинин созуно кирип макул деп салбадыбы. Ай ушул атандын оолугуп озуну кармай албай калган жери барбы!? Кызынды окутушун керек жакшы окуйт деп мактаса эле болду, ар жак бер жакты ойлонбой туруп эле озу жооп берип салбадыбы., деп апам атама угузуп да угузбай да кейип кепчип суйлонуп, ыйлап жатты.
-Эсин менен болуп жургун Алтынай! Окуганы кетип жаткандан кийин окууну гана ойлонгун. Бээ чекки кочого баспагын. Балдар менен суйлошпогун. Уктунбу? Эч кандай жигит деген болбошу керек. Эгер эле сен жонундо бир нерсе угуп калсам менден капа болбогун. Окуунду жыйнаштыртып салам. Менден жакшылык кун корбойсун айтып коёюн деп дагы коптогон создорун айтып атып мээме куюп жонотту.
.
Апамдын айткан создору кулагыма эле эмес журогумо чейин каттуу туйулгон экен.
Барганда орусчадан бир аз кыйналганым менен кийинки жылы окууларыма кадимкидей жетишип ал жерде да озумдун активтуулугумду корсотуп окуп жаттым. Биз окуган россиянын шаарында кыргыздын жаштары жогорку окуу жайларда эсептелуу гана бар элек. Бирок чынын айтайын мен окуган окуу жайда менден уч жашка улуу Аман деген Ыссык-Колдук жигит окуучу. Курсубуз бир болгону менен группабыз башка башка болчу. Азыр ойлосом кулкум келет. Аман менен баш ийкешип учурашканым эле болбосо ага эч суйлоочу эмесмин. Кокус алдымдан чыкса баш ийкеп коюп эле бат-баттан басып шашып отуп кетчумун. Эгер суйлошуп туруп калсам эле апам билип кала тургандай болуп. Себеби мага Аман билгизбей тымызын мени тиктеп тургандай сезиле берчу.Ошол убактарда Айнагул мага кулуп эле журду. Ал экинчи курстун жарымына келгенде Ноокендик суйлошуп жургон жигитине турмушка чыгып алды. Россиянын кышы ай! Мына ошол кыштын кундорундо Айнагул менен Нуралы досторду чогултуп той откорушту. Мына ошол жерден Аман менен кичине жакындан таанышып суйлошуп калдым.
Аман акылдуу, токтоо, созду орду менен суйлогон жакшы жигит экен. Окуу жайыбыз бир болгондонбу эми экообуз жакшы тааныштардан болуп калдык. Ал менин сабактарыма жардамдашып чертеждорума чейин конул буруп коп билгендерин болушуп журду. Орус тилин да таза суйлочу. Алыскы жерде Аман мени карындашым деп коргоп да журду десем болот.
Амандын ата-энеси экоосу тен мугалим экен. Анын мектептен баштап суйлошуп жургон озунон бир жашка кичуу кызы бар экен эле. Анысы Фрунзеде окуйт. Ал экоо бат баттан кат алышып турушчу. Бир куну Аман мага ал кыздын суротун да корсотту. Ал суротту копко тиктеп туруп
- Экоон чындап эле бири биринерге аябай пара экенсинер деп, мен аларга суктанып да койдум. Ошол учунбу Аман менен чын ниетим менен эле туз мамиледе журдум. Кундор ото берди. Аман экообуздун мамилебиз билинбестен жакындагандан жакындап баратты. Аны озум да сезбей баратканымды бир куну тушундум окшойт. Апамды да эстеп алып коркуп кеттим. Акыркы кундору ар шылтоону айтып мен Амандан алыстаганга аракет кылып журдум. Бир куну окуу залынан чыгып баратсам Аман мени кутуп туруптур. Экообуз суйлошкончо чогуу жай басып бараттык. Ал менден
-Алтынай акыркы убактарда эмне эле менден озунду алып качып журосун?, деп сурап калды.
Мен эмне дээримди да билбей калдым.
-Жок анткен деле жокмун. Болгону кобуроок окушум керек болуп жатат деп ага карадым. Карап алып анын мени тиктеп турган коздорудон козумду ала качтым. Журогум катуу согуп кетти. Аман мени эки колу менен кармап озуно каратты. Экообуз кайрадан унсуз тиктешип туруп калдык. Анын каректериндеги жылуу сезимди коруп турдум..... Мен Амандын эки колун колдорум менен бир силкидим да артымды карабай чуркаган бойдон кетип калдым. Болмомо кандай кирип келгенимди да билбей калдым.
-Апам мени олтурот! деп коюп болмодо ары бери басып журдум.
- Ооба мен окуганы билим алганы келгем! Кроватыма отуруп бир аз озумо келе туштум окшойт. Мен ичимден озумо озум каттуу соз берип суйлонуп жаттым.
-Мен Оштон болсом, Ал Колдон ? Жинди болбоюнчу эч нерседен эч нерсе жок эле. Мен окууну гана ойлошум керек . Болду точка.!
Ошентип мен Амандан кыйла алыстап журуп калдым. Ал жолумдан тосуп канча жолу суйлошууго арекет кылды. Бирок мен эч сыр бербедим. Шашылып жолумдан калбай кетип калып журдум.
Уландысы бар❤

Комментарии