13 апр 2018

ЖАШООДОГУ ЖАГЫМСЫЗ КОЗ ИРМЕМДЕР...

4)
Эртеси кундогудой эле тунку саат 3:30да короодон "жумушка" чыгып кеттик. Бугун Эрмек менен Кадырды кором деп умуттондумбу, же кечее Темир досума жакшылык кылганыма кубандымбы, кыскасы шайыр журдум. Анын устуно колдорум да шамдагай кирип жатты чонтокторго. Эч бир "приключенияга" туш болбогонума да озум тан калдым. Саат 12лерге чейин 7000ден ашык иштептирмин. Балдарга мен токтоттум дегенсип Алмаз жашаган жакка жонодум. Баарыбыз топтолчу убакка чейин дагын бир саатан ашык убакыт бар экен, ага чейин Алмаздын жанында олтуруп келейин деген болчумун. Ага жетпей жолумдан Сабрина чыгып калды.
Сабрина бул да бир томолой жетим. Улуту турк. Ал да балдар уйундо жашайт. Индиянка кыздарга аябай окшоп кетет. Каштары да коюу, коздору да капкара болуп бир караган адамды суктандырчу келбети бар. Жашы мен курактуу. Турк тилин билбейт, бирок кыргыз орус тилинде суйлосо эч кандай акциент таппайсын, тунук суйлойт.
- Таалай эмне эле шашып, "клиенттин" артынан кетип жатасынбы?
- Жок ай. мен бугун эртереек эле бутурдум.
- Демек как обычно на вершине дечи.
- Жоок, ырыскымды гана тердим.
- Балдар суйлоп калат, бутундой базардагы адамдар бир гана ушунун ырыскысын которуп журот деп, анын сынарындай сен ырыскынды терген болсон анда башкаларга нан жок дечи.
- Болдучу эми. Кишини ушинте берип козунор тийип калса кантем омей.
- Макул токтоттум.
- Шашылыш болбосон тамактанып албайлыбы?
- Не откажусь.
Жакын жердеги бир ашканага кирдик да бирден шорпо алып ичтик. Эмнегедир Сабринаны коргон сайын озумчо уялчу адат чыгарып алгам. Эмнеге эле уяалам озум да тушунбойм. Базардан банан же дагын бир нерселерден алпарып жашырып берем. Ал да кишинин суктандырып рахмат деп жылмайып эле коюп кете бербестен коз кысып жанды кууратат. Мындай кезде буту колумдан жан калбайт. денемди муздак тер басып чыгат. Кыскасын айтканда суйуу дегенге жашым жетип калган окшойт, хоть балалык суйуубу же жакшы коруу сезимби билбейм.
Мына азыр да уялганымдан терим куюла баштады. Анысы аз келгенсип шорпо да ыссык, чай да ыссык, ашкананын ичи да ыссык. Жанымдагы Сабрина алардан да ыссык. Мен куйуп эле жатам тим эле жалындап. Ушул тилим балп этип адашып кетчу адатын качан таштайт болду экен. Сабринаны чайга жур деп неге айттым экен, же тамак ичкенимди билбейм, же жузаарчым жок теримди арчыганга. Озум ушинтип аран олтурсам;
- Таалай, сен кыздар менен обушуп коргонсунбу? - деген суроону берип атпайбы.
Ме ссага! Ме шорпо... Бутту баары. оозума уйлоп атып аран салган бир кашык тамагым кекиртекке эми жеткен экен. Бул суроону угуп какап кетип ит боло жаздадым.
Бир аз озумо келип;
- Жок ай, обушуп коргон эмесмин.
- Мен да ошентип ойлогом. Ничего, жетишесин али. Баары болот.
- Сенчи?
- Мен да обушкон эмесмин. Бир жолу бир бала бетимден бир опкон эле копко таарынып суйлобой жургом. Жакпайт мага.
- Балким бир эки жыл бардыр жагышына...
- Может быть. Коробуз го.
Тамактанып ал жерден чыгып жолугушчу жерге келдик. Балдар да коп куттурбой келип калды. Бирок эмнегедир Жаку жок. Белгиленген убакыттан бир саатай убакыт отуп кетти. Тынчсызданып Сейит жана дагын бир Марат аттуу баланы алып базарга кирдик. Эч жакка бурулбай туптуз милицияканага бардык. Темир тордун ичинде козу башы жарылып, оозу мурдунан кан куюлган Жаку жерде жатыптыр. Артыбыздан эле ак халатчан догдурлар кирип келип Жакунун коздорун баштарын текшерип туруп;
- Госпитилизировать будем, эмне болду эле?
- Жыгылды- деп бир милиция кулуп койду.
- Ушунчалык катуу жыгылмак беле?
- Тепкичтен тушуп кетти токтоно албай.
- Ясно, давайте на машину.
Алар эс учу жыйылбаган Жакуну эки жагынан кармап алып кетти. Мен бир аз четтеп тигил милициялардын создоруно кулакты таштап койдум. алар бири бирине;
- Аз болду сукага. Озун ким деп ойлоп журот. Акыркы кезде вообще наглый болуп кетти. Бугун кара, Эй мент деп суйлогонун.
- Эй, эртен заява накатать этсе кантебиз?
- Андай кыла албайт
- Кокус кылсачы?
- Анда биз да баштайбыз.
- Эмнени?
- Анын бул жерде жургон "таракандарын" камап заявасын кайрып алганча итке бербес азап беребиз.
Бул создорду угуп жиним келди. Мен буларды милиция десем балдар кулуп калышчу, мент деп суйло деп. Мына эми булар мен учун ментке айланды...
Сыртка чуркап чыксам Марат менен Сейит эмне кылар айласын таппай туруптур. Маратка карап;
- Чуркап Кадыр менен Кубанычка кабарла, биз Сейит экообуз ооруканага кеттик. Бирок кайсыл ооруканага алпарышат ким билет?
- Таксисттерге айтсак ошолор билет да.
- Анда Марат жур биз менен, таксисстерден сурап королу, ошолор айткан жакка сен тигидерди алып бар.
Учообуз базардын сыртында турушкан таксилерге келип биросунон;
- Байке, таяк жеп бети башы жарылгандарды кайсыл больницага алпарышат?
- Ай, андайларды бардык жерге эле алып барса керек. Бирок 4-больницага травма алгандар коп барышат, балким ошол жакка алып барса керек. Силерге не кереги бар?
- 4-больницага чейин канча аласыз?
- 70сом.
- Кеттик анда. Марат тушундун да э, тез отуп баргыла, ошол жерден кезигебиз.
- Иним эмне болуп кетти?
- Байке жолду караныз. Эч нерсе болгон жок! Мениз акчанызды, здачасы керек эмес- деп 100сомду бердим.
- Мурдун токтобой жатып здачасы кереги жок деп тим эле койкоесун да. Эмне акчан коппу?
- Байке. настроения жок, келиниз жон гана жетчу жерге жетели. Ушунчалык эле суйлошкунуз келсе бир кун атайын келем, кенен олтуруп суйлошобуз макулбу байке. Здачасы кереги жок деген созум катуу тийсе, анда келиниз кайрып бериниз 30сомду.
- Жигит бир суйлош керек. Кереги жок дединби, демек бербеймин, эмне бир аз озумду серьезный алып катуу суйлоп койсом таарына туштунбу? Оой иничек, тамашалаштым.
- Мен таарынбайм байке. Кыздар таарынат.
- А эркектерчи, алар таарынбайт дейсинби?
- Чыныгы эркек таарынбайт, болгону жини келип очошуп же суйлогусу келбей калат. Аны башкалар таарынды деп ойлошу мумкун.
- Жапжаш туруп мындай ойлор башында не кылып журот ыя?
- Кеп жаштыкта эмес. Башта да байке. Ар кандай кунду башындан откоргондо гана билесин дейт эмеспи.
- Канча жаштасын?
- 15те. Эмнеге?
- Мен он беш жашымда башыма мындай ойлор келген эмес дейм да.
- Байке аябай зеригип бироо менен суйлошкунуз келип калган окшойт э, эми ушунча болду бир эки соз айтам, ачуунуз келбесин макулбу?
- Айтып корчу...
- Сиз менин жашымда заман башкача болгон. Баарыныздар окмоттун колун карап, берсе жеп, бербесе кутуп жашаганга конгонсуздор. Бир демке деп айтуудан коркконсуздар. Ошон учун менин жашымда сиздин башынызга мындай ойлор келген эмес. Башында башты иштетпегениниз учун азыр мына озунуздон бир топ кичине балдардын акчасын алуу учун, биздин айда деген жагыбызга айтканыбызды жок дебестен айдап баратасыз. Анткени сиздин бул жумушунуз. Сиз ушинтип уй булонузду багасыз. Эми сиз курактуу эле адамдар чет мамлекетте же ак уйдо олтурушат. Эмне учун алар тигиндей жашоого жетти, а сиз болгону бир таксисттик кесипти аркаладыны? Себеби байке, алар бандит, ууру же бир мафия болуп эч кимден коркушкан эмес. Алардан башкаларды коркутуп журуп ошондой абройго, ошондой мансапка, ошондой бийликке же ошондой жашоог ээ болушту. Азыр мурдагыдай заман эмес байке, азыр заман зордуку. Сен зор болсон жашоо сеники. Ошондуктан бала болосунбу, жаш болосунбу айырмасы жок. Эч качан сен бироого нан сурап жалдырабагандай жашоого жетишуу керек. Сенден сурашсын, ошондо сен кимге болсо мурдун агып турса да, оозун кыйшык болсо да жараша берет. Ошого айткан, оозу кыйшык болсо да байдын уулу суйлосун деп. Бул зордук заман тее илгерттен берт жашап келет. Мурда да акча байлык чечкен баардык проблемаларды, азыр да акча байлык чечет. Акчан болсо сен кучтуусун. Мисалы азыр бизде акча жок болсо, бизди троллейбус да албайт чынбы? А биз троллейбуска тушпойбуз, себеби бизде таксиге толой турган акчабыз ашып тушот. Азыр жетели дагын бир мисал келтирем.
- Атын ким иничек.
- Таалай.
- Таалай ушул создорду менин атама айтып бербейсинби, себеби 38 жашка чыкканча атамдан да мындай созду укпаптырмын.
- Жоок байке, ал кишилер заман коргон кишилер. Аталар менен айтышуу туура эмес. Ошол аталар бар биз ушул заманга жаралдык. Аталар аман болушсун.
- Бир кун келчи, досторум мене сени чакырып суйлошуп олтуралы. Мына жеттик. Больницага.
- Байке, макул олтурабыз. Азыр байке биз кирип карап чыгалы. Биз издеген адам жок болсо башка ооруканага барабыз. Сизге мен 20 сом берейин, жарым саат кутуп турасыз. 20 сом ошол кутуп турганыныз учун. Анан башка жака барсак ага озунчо толоп берем, кандай дейсиз?
- Макул иничек кутом да албетте.
- Байке бул жерде башка таксисттерди коруп турасызбы? Бар бекен?
- Тигине турушат го толтура.
-Байке эми ойлоп корунузчу, сизге 20 сом берип олтурбай эле, тияктан чыгып башка такси менен кетсем деле болмок да э байке?
- Ооба. Ошондой кылсан да болот. 20сом коротпой.
- Кордунузбу байке, сиздин башыныз уже иштен чыгыптыр. Мен сизге жол катары эмне деп айткандарым башынызга жетпептир. Жеткенде бир мисал келтирем деп айтпадым беле, сизди болгону сынап кордум. Жаш балдардан жайыныздан козголбой туруп 20 сом алуу учун жарым саатынызды жоготкунуз бар. Андан коро ошол жарым саатты керектуу бир нерсеге короткон жакшы эмеспи, 20 сомдон кымбатыраак нерсеге. Макул байке, кутпой эле кете бериниз, мына 20 сом как обещал.
Таксист бир азга унчукпай турду да;
- Таалай жолугушууга келчи суйлошуп олтуралы- деп жоноп кетти
Ооруканага кирип врачтардан медсестралардан сурап жаттык Жакуну. Бирок эч кимиси билбейбиз дешип жанды кашайтты. Сырттан кирип келе жаткан бир врачка жолуксак,
- Эгерде силер издеген адамды скорая помощь менен алып келген болсо анда теетиги зданияга барып регистратурадан сурагыла, балким реанимацияга алып киргендир.-деп жол корсотуп койду.
Регистратурадан аты жонун айтып сурасак жок деп жооп беришти. Бир кезде регистратурадагы кыз;
- Ай жигиттер. Бир больнойду алып келишкен. бирок документтери жанында жок болчу, каттаган эмеспиз. Ош базарынан келди.
- Ии эже ошол болот да. ал менин байкем. Кирсем болобу?
- Азыр ага капельница коюп койдук. Сооктору сынбаптыр, жана эле палатага котордук. 2 саатан кийин келгиле анан кирсенер болот.
- Рахмат эжеке. Айтынызчы эже таттуга коз карашыныз кандай? Шоколад жейсизби же торт жейсизби?
- Андайларды сурабай берет да бергиси келген адам.
- Сурабай берейин дедим бирок шоколад алып келсем торт жемекмин деп ыраазы болбой калбас бекен деп коркконумдан сурадым.
- Сен биринчи атандан ошол тортко ылайык акча алып келип анан сурабайсынбы?
- Эжеке, азыр сиздин ушул созунуз катуу тийип кетти. Бирок байкабастыктан суйлоп алды деген ойдо калып кечирип коем. Башка эжеке мындай созду айтпаныз сураныч-деп чыгып кеттим.
Сыртка чыксак чуркап келаткан Кадыр Кубаныч Марат жана бейтааныш 2 байкени кордук. Кадыр келип эле;
- Эй карышкыр! Эмне болду? Жаку братты таптынарбы, кайда экен?
- Таптык, азыр эле палатага жаткырышыптыр. Капельница койдук эки саатан кийин корсонор болот дешти.
- Атын ким братишка? - деп жанагы бейтааныш байкелердин бироосу сурап калды.
- Таалай.
- Таалай, сен кайдан билдин Жакуну ментовкада экенин.
- Аны баарыбыз эле билчубуз. Уйго кетерден мурда менттерге долясын берип анан кетчубуз. Балдар баарыбыз точкага келгенбиз, бирок Жаку брат келген жок. Себеби биз точкага барбай жатып Жакуга кунумдук доляны беребиз да, тартип ошондой. Коп кечиккенинен улам ошол жерде болуусу мумкун деп кирип барганбыз.
- Жаку брат каерде жатыптыр? Кадыр созго аралаш суроо узатты.
- Абада калкып туруптур.
- Тушунбодум. .. Баары бирин бири суроолу карап кайра мага бурулду.
- Жерде жатат да калкып турмак беле?
- Столдо олтурган эмес бекен деген ойдо сурадым.
- Анда ошентип сурабайсынбы?
- Эй сука, тилинди кесип алам, нормальный суйлоп калчы, уктунбу?
- Токтоткула ызы чуунарды! Азыр убак эмес силерге. Таалай тилинди тарт, тамашалашчу жерде эмессин.
- Тамашалашкан жокмун братан,какой привет такой ответ.
- Тарт тилинди деймин.
- Макул братан. Сейит экообуз дуконго барып келели.
- Эмне аласынар?
- Братанга майда чуйдо дегендей. Витаминдерден керек да.
- Акчан барбы?
- Жетиштуу.
- Анда мага да бир пачка тамеки ала келчи.
- Кайсынысынан.
- CAMEL.
- Базара нет.
- Эй братишка, биз ким экенибизди неге сурабайсын? По моему биз биринчи жолу корушуп жатабыз го дейм. Же тааныйсынбы?
- Жаку братандын артынан келгенинер озу эле айтып турат, братандын чыныгы достору экенинерди. Калганы не важно братан.
- Логично. Молочина ты пацан.
- Хвала это уже лищный.
Сейит экообуз дуконго келип, жанагы медсестрага кайсынысын алалы деп суйлошуп турсак сатуучу байке бизге карап;
- Эмне берейин силерге балдар?
- Байке биз бир эжекеге торт алсакпы же шоколад алсакпы деп ойлонуп жатабыз, сиз кайсынысын туура деп ойлойсуз?
- Ал эжекенердин жашы канчада?
- Билбейм, 25терде го дейм.
- Бул жерде дарыланып жатабы?
- Жоок, ал ошол жерде медсестра болуп иштейт
- Ыраазычылык деп айтпайсынарбы анда. Мындай кылгыла. Бир мообул чон шоколаддан бирди жана бир жакшы вино алып баргыла. Кубанып калат.
- Аял кишиге вино берген жарашпайт го.
- Жашсын да али иним. Аялдын ыраазычылыгы менен эркектин ортолугун жакшы бир вино менен жылуу соз гана болуп турат. Тушундунбу эми?
- Анча эмес.
- Убак сааты келгенде тушунуп аласын да ушул байке бекеринен айтпаптыр деп мени эстейсин.
- Макул байке, канча сом берем?
- 180
- Анда дагын килограмм алма, тиги пряниктен бир пакет, чонураак бир сок жана камел тамекинен бир пачка. канча болду?
- 360 сом
Чонтогумдогу акчаларды алып чыгып эсептешип жатып, байкени акырын карасам, менин колумдагы акчаны караган бойдон катып калыптыр. Эсептешип бутуп алган нерселеримди алып чыгып баратсам;
- Ай жигит! Мындай чон акчаны кайдан алып журосун?
- Байке жашыныз канчада?
- 42де, эмнеге?
- Аялдын ыраазычылыгы менен эркектин ортосунда бир жакшы вино менен жылуу соз турса, сиз менен менин ортобузда 27 жыл турат экен. Бул дегеним 27 жыл кеч туулганынызда менин досум болот элениз да билет болчусуз, мынча акчаны кайдан алганымды.
- Тушунбодум. ..
- Мен да сизге бая тушунгон жокмун, кези келгенде сиз да тушунуп аласыз- деп чыгып кеттим.
- Вино менен шоколадды тигилерге корсотпой эле алып кирип берип койоюн дос. Сен тигилердин жанына барып тур.
- Макул. Таалай бир нерсе сурасам болобу?
- Сура.
- Сен жана неге Кадырга какшыктап бердин?
- Туура эмес суроо берди.
- Сен ансыз да аны жактырбайсын, коп жерде кагып бергенинди байкап калам.
- Себеби досум, анын аты Кадыр. Мен Кадыр аттууларды жаман коруп калгам. Болдубу же дагын сурай турган нерсен барбы?
- Болду, бирок, бул Кадыр жаман бала эмес.
- Жакшы да бала эмес. Бул азыр ушундай, эртен Жаку кетсе онорун чыгарат. Так что эсеби болсо эртереек эсинди жыйып этегинди жап. А то кийин кеч болуп калат.
Сейитти жонотуп озум болницага кирдим да регистратурага бардым. Тиги эжеша мени корору менен;
- Ай мен айтпадымбы эки саатан кийин деп.
- Билем эже, бирок биз сыртта копчулукпуз, баарыбыз кирсек болор бекен?
- Бул жер курорт эмес оорукана дейт, бирден гана киресинер.
- Азыр байкем ойгоо элеби?
- Ооба азыр эле чыктым жанынан.
- Анда эжеке, мообул нерселерди алып, азыр эле кирип чыгуума ыраазычылыгынызды беринизчи сураныч, 5 эле мунотко.
Пакеттеги вино менен шоколадды коруп бир жылмайды да макул тез чык деп киргизип жиберди.
Сатуучу байкенин айтканы чын экен. Корсо жылуу соз жыланды ийининен чыгарып, жакшы вино жанын эргитет тура. Шоколад болсо ушул эки нерсенин ортосунда турган + (плюс) экен.
Эшикти ачып;
- Тук тук тук, кире берейинби?
- Оо кел братишка. Кантип таптын?
- Карышкырды билесинер го братан, жыт кубалашын.
- Ушул жерде жанылышып суйлоп койбодунбу?
- Жок.
- Эгер мен жанылышпасам карышкыр деген кой уй малдын жытын билчу эле, ошондо мен эмне? Мал болуп каламбы?
- Жоок братан. Карышкыр малдын жытын эмес, кандын жытын билет да братан.
- Аа ошондойбу? Анда мен жанылышыптырмын. Бул жакта экенимди кайдан билдин?
- Точкага барбаганынардан кыжалаттанып ментовкага келгенбиз.
- Кайда келгенбиз?
- Ментовкага.
- Балким милицияканага болуп журбосун.
- Бугун билдим ментовка экенин. Анан ошо. Силер жатыптырсынар. Артыбыздан эле врачтар келип алып кетишти. Менттердин айтуусуна караганда тепкичтен жыгылыптырсынар.
- Аны сага айттыбы?
- Жок, врачтарга.
- Анан ишенип алдым дечи.
- Братан, тепкичтен жыгылган менен тепкиден алган жарактты айырмалай ала турган жашка жеткенмин да.
- Иттер, кооп баратышат. Долянын суммасын которушум керек болуптур. Шашпасын алар. Конкретно суйлошом.
- Сыртта силер курактуу братандар келген. Досунар го дейм.
- Алар неге киришкен жок? Аттары кимдер экен?
- Таанышканга убакыт болбоду.
- Братан, кечее айткан айылдык жердештериме жолугушуп ортодогу мамилемди чечип алышым керек.
- Братишка, 2 кун чыда, озум соз бергем билесин го, жетишесин жегенге.
- Макул брат. Анда мен чыгайын, тигилерде майда чуйдо бар брат, эч нерсе керек эмеспи, дары дармек алганга акча таштайынбы?
- Оор келбесе 1000сом бере турчу. анан берем
- Ананды жыйыштыргылачы братан. Айыгып кетсенер эле болгону, акча бул билесинер го, озу табылат. Озу табылбаса озубуз табабыз.
Колуна 2000сом карматып чыгып кеттим. Калгандары да бирден кирип чыгышты. Качан гана тарай баштаганыбызда, жанагы байкелердин бири;
- Таалай, сен азыр кайда барасын?
- Уйго.
- Азыр Жаку мага бир окуя айтып берди, ото кызыктуу тема экен.
- Жаку братта коп кызыктуу окуялары бар. Мага да бир канчасын айтып берген.
- Ал окуя сага тиешелуу. Айылдык обидчиктерин тууралуу.
- Аа. Ал теманы ананга калтырдык.
- Жаку азыр мага дайындады, журу барып келели.
- Жон эле койгула брат. Башка кун да бар.
- Жур дегенде каадаланбай эле койчу братишка. Жаку менен бармактайдан бери доспуз. Андан ашык кылсак кылабыз бирок кем кылбайбыз, озун да довольный каласын. Менин атым Байтик. Мунуку болсо Дамир. Жур эми корсот тигилеринди.
- Эмне баарыбыз баралы дейсинерби?
- Озун чеч.
- Сейит гана барат, калганы кете беришсин.
- Макул, договорились.
4 ообуз такси менен Темир айткан КЫЯЛ соода борборунун имаратынын жанына келип туштук. Ошол жерден баштап кыдырып издеп жонодук. Эки айлансак да корунбоду. Акыры тачкист балдардан сураштыра баштадык. Бироосу Эрмекти тааныйт экен. Тетиги чон трассанын астында Максат деген эженин уйундо жашайт, чогуу жашайбыз, бирок Кадырды тааныбайм. Балким ал да бардыр, себеби киши коп деген жоопту уктук.
Айткан уйго келип дарбазасын ачсак ичинде озбек аялдар журушот. Бир четте тачкалар бири биртне чыгарылып тизилип турат. Кирбестен кайра чыктык да план кыла баштадык. Алар Кулиева кочосу менен Бейшеналиева кочосунун ортосунда Зеленная кочосунун ылдый жагында кутмой болушту. Мен болсо аларды алдап ошол жакка алып барышым керек. Суйлошуп буткон сон Байтикке карап;
- Братан, азыр аларды алып барганымдан кийин, бир кол которбогуло, чертип да койбогула сураныч. Болгону жанымда туруп бергиле озум суйлошом, каршы эмессиздерби?
- Макул братишка сен айткандай болсун.
Аларды жонотуп жиберип озум жанагы уйго кирдим. Ошол жерде бир кыргыз баланан Эрмекти чакырттым.
Коп кутпой Эрмек да чыкты. Айылда душман катары корсон да, талаада жолугушсан бир туугандай корунору чын тура. Кучакташып коруштук. Арабызда эч нерсе болбогондой, бакылдап эле тигинин "иши журушуп" кетти. "Иши журушуп" дегеним коп суйлой баштаганы болду,
- Кандайсы анан Таалай? Корунбой кеттин да.
- Журом ушинтип, силерге корунбой. А то корунсом эле топ тепкендей тепкилеп салчудай боло берет, ошондуктан жашырынып журом.
- Ээ койчу братишка.Откон иш отту да, жаштык да эми.
- 3 айдын ичинде чонойо калдынарбы э?
- Болот да эми. Балалыкта нелер болбойт. Урушабыз, талашабыз, жарашабыз дегендей.
- Жоок Эркин сен айткан нерселер эрди катындын ортосунда болот.
- Макул братишка унуттук эми. Андан коро суйлоп берчи, каяктарда чоноюп, эмне иш кылып атасын?
- Журом ушинтип. Эл катары.
- Сен мени кантип таптын?
- Жон эле. Тачкист балдар менен суйлошуп олтуруп, соз арасында тааныша кеткенбиз. Айылды айтсам силердин айылынардан Эркин деген бала иштейт деп айтып калышты. Ошолор корсотушту, жашаган жеринди.
- Аа. Бул Бишкек чон болгону менен издеген адамынды бат таба ала турган жер экен.
- Ошону айт. Главный кача албайт да бул жактан, баары бир кармаласын.
- Ооба. Эгер карыз болсон качып кутулам деп ойлоп да койбош керек экен.
- Туптуура айттын. Качып кутулам деп ойлобош керек. Анан дагы ким бар биздин айылдан?
-Кадыр бар.
- Кайсы Кадыр, классташынбы?
- Анан ким болмок эле. Анын аты азыр озгоргон, билесинби ким болуп?
- Билбейт экем. Ким?
- Сайраш.
Экообуз тен кулуп калдык.
- Аны мурдараак озгортуш керек болчу.
- Ошол силер тамаша кылган кундон баштап Сайраш деп койгонбуз.
- Чакырбайсынбы аны, учурашып койоюн.
- Азыр. куто тур.
- Эркин кийингенче чыккыла, четиреек бар ы п суйлошуп олтурабыз, айылдагы жанылыктарды айтып бересинер. Пиво ичесинерби алып берейин.
- Бизге можна. Себеби паспорт алганбыз да.
- Анда чыккыла, мен сыртта болом.
Коп куттурбой бат эле чыгышты. Кадырды коруп тиштеримди бир кычыратып алдым да сыр бербей;
- Кандайсын братан.
- Оо жакшы братишка. озун кандай?
Аны менен да олорумдун кунунон кучакташып учураштым.
- Жакшы рахмат. Келген экенсинер да биз тарапка.
- Чакырыптырсынар келдик да.
- Ооба именно экоонду Бишкек жоктоп аткан болчу. Жургуло тигиндей барып суйлошуп олтуралы.
- А пиво кана?
- Болот баары. Пиво да башкасы да болот.
- Анда кеттик.
Зеленная кочосунон тушуп баратабыз, Эрмектин иши журушуп зериктирбей эрмек болуп кетип бара жатат. Чынын айтсам бир чети боорум ооруп кетти. Бирок булардын кылгандарын ойлосом кыжырым келет. Ар ким оз кылган нерсеси учун жооп бериши керек да. Эч кимди жоопкечиликсиз калтырууга болбойт. Албетте жооп беришсин сукалар. Эс тартканымдан бери жадакалса катуу суйлобогон атамды камчы менен мени урууга мажбур кылгандары учун жооп бериш керек.Эркекче деп талпага таштап тепкилеткен Акыл да, чын-тогунун тактабай туруп, бут которуп ичиме тепкен Урмат да жооп бериш керек.
Копко уланта албай калганым учун, кечирип коёрсуздар деген умуттомун. Колум бошобой жатты.
Жазуумду улантардан мурда, бир аз комеентарийлерге жооп иле кетууну чечтим.
Биз кыргыздар (жок эле дегенде 50%) бироону кемсинтип же айыбын чукулап турганды жакшы коробуз э? Бироонун мандай тери менен акчасын уурдап алып озумду эр сезгеним чын, мойнума алам. Бул куноо иш, азыр болсо ошо кылгандарыма окуном, балким мен учун кечирим жоктур. Бирок, эки сутканын ичинде болгону 3 алма жеген кундордо, айла жоктуктан, жаман курсактын айынан бул иштерге баруума туура келген. Мен атамды сыйлабай койгон эмесмин. Ар дайым сыйлап келгем. Бирок атам эс тартканымдан бери бир да жолу уруп же соккон жан эмес болчу. Ошол камчысы менин журогумо тийгендей болуп, атамдан алысыраак кетууну ойлогом. Эгер жанында калганымда, кун сайын ошол тема козголуп, жараатымдын бети сыйрыла берип такыр айыкмак эмес. Ошентип журуп атамды жаман коруп калуудан корккондугумдан качып кеткем.
Эми ар кимге акыл уйрото бергеним тууралуу айта кетсем. Ар бир оспурум (подросток) элдин арты болбоону, эч кимден таяк жебоону, классында атаман болууну, жадакалса озунон чон балдар менен достошуп кыздарга барып корууну кыялданат. Буларга жетуунун бир гана жолу бул озуно ишенгендик, ар бир созуно жооп бергендик жана эч качан сени досум деп жургондорду сатып кетпестик керек. Бир жолу айланандагылардын ишеничин актай албайсан, демек сен эч кимсин, сенден досторун да башкалар да баш тартат. Абройду да сага болгон урмат сыйды жоготосун. Ошондуктан элдин алды болууга умтулуу деген принципти башкы ролго койгону учун, оз айтканымдан кайтпаган кежирге айлангам. Менден чон болсо да эгер кучум жетип сабаган болсом, ал адамды озумдон кичине деп, же авторитетин озумдон ылдый деп билер элем. Ал эми жаны таанышкан адамыма сыр алдырбаганга аракеттенип, такыр бош келчу эместигимден улам, озумдон чондорго акыл уйротсом керек. Бирок алар мени укчу, себеби коркушчу эмес болгону жон гана сыйлашчу. Бир адам мейли 15 же 14 то, балким 13 жашта болбосун, ошол оспурум эгер сыйга татыктуу болсо чон кичине дебей анын акылын кенешин угушат. Ал эми "пуп земли" эмне экенин тушуно албай койдум. Ал убакта Алалы алдырбайлы жулалы жулдурбайлы деген заман болчу, эгер эсиниздерде болсо.
Сиздерден сындалган билдируунуздорду чыгарманын акырына чейин токтотуп туруунуздарды суранар элем. же купуяга жазыныздар.
Анда баштадык.
Зеленная кочосу бара бара кичинекей тар кочого келип такалды. 20 метрдей жерде Байтиктер турушат.
- Таалай, эмне эле мынча алыстап? Жур тигиндей эле барып олтуралы. Пивонду качан аласын?
- Силер дагын бир аз баса бергиле, мен жетип барам.
- Дагы канча басалы?
- Тигиндейреек бара бергилечи эми. Суук коз, ушук айын дегендерден сактанып.
- Макул.
Аларды жонотуп коюп озум бир комоктон 2 ботолко пиво алып артынан жонодум. Байтик баштаган "биздин 3 бала" буларды курчап туруптур. Алысыраакта болгонум учун алардын создорун угууга менде мумкунчулук болбоду. Аларга 5 метр аралыкта жетпей токтодум да, корккон кишидей туруп калдым.
Кадыр да Эркин да мени улам улам карап коёт. Тигилер сыр берген жок. Качан гана Байтик Эркиндин кокурогуно урганда гана алардын жанына келууго мажбур болдум.
- Братан эмне болуп атасынар?- деп Байтикке кайрылдым.
- Эч нерсе братишка. Бул жигиттер менен таанышып жатабыз.
- А мен буларды тааныймын да братан.
- Чындап элеби?
- Ооба. Биз бир айылдын абасын жутуп, суусун ичип чонойгонбуз да.
- Айылдаштарынбы? Жана эле айтпайт беленер. Капачылык болбосун э? Таалай биздин да братишкабыз болот.
- Бирок братан, мен буларды акыркы жолу айылда мындан 3 ай мурда коргом.
- Оо анда сагынышып калсанар керек.
- Айтпаныз братан. Ото сагындым. Ошондо биз эки гана бала болчубуз, булар бизден улуу да, ошонусуна карабай досум экообузду, 8 бала ортого алып тепкилеп салган. Эртеси тепкилегени аз келгенсип, менттерге арыз жазып, аталарына айтып, мени ата апамдарга кошуналарга. айылдаштарга уят кылышкан болчу.
- Ушуларбы?
- Ооба. Эми Кадыр. Эркин. Ошондогу окуя кайталанат. Бирок мунусунда Темир экообуздун ордубузда силерсинер. Мен силердин ордунардамын. Ошондо эсинерде болсо тепкиден биз кутулуп чыга алганбыз. Эми силерди коробуз.
Уландысы бар.....🌟🌟🌟

Комментарии

Комментариев нет.