20 апр 2018

ЖАШООДОГУ ЖАГЫМСЫЗ КОЗ ИРМЕМДЕР...

18)
Ошону менен созду башка темага буруп кеч киргенче суйлошуп олтурдук. Бир кезде апамдын тамакка чыккыла деген созун угуп сыртка чыгып колду жууп келип тамакка олтурдук. Тамак буткон сон олгондорго багыштап куран окуп бата кылдык.
- Таалай, бугун директорун келип кетти балам, сабагына да катышпаптырсын. ...
- Апаке, атам айтты баарын, эртен сабакка барам. Кам жебениздер.
- Ошондой кыл. Ал директорун да жаш бала эмес же сенин артындан кууп журчу адам эмес да. Анын да сенден башка тирилиги бар.
- Макул апаке. Сиздин айтканыныздай болот. Жакшы тартиптуу жана улгулуу балдардан болом.
- Ошондой эле болсун.
- Эми сиздер ойлонбой жатып эс алыныздар. Биз Сейит экообуз Темирдикине барып келели.
- Койчу доске. Бугун бир уйундо жатып эс алалычы.
- Анан кайра бат эле келебиз да.
- Жок койчу. Бир мындай буту колду сунуп жакшылап эс алалы. Сен андан коро уй тапшырмаларды аткар. Эртеге сабакка барасын.
- Ошо кайсы сабактардан тапшырма бергенин Темирден сурап келели да омей.
- Ээ койчу дос. Тапкан шылтоонду кара. Мейли эртен эки алсан алчы. Аткарбасан кой. Болгону жатып уктачы.
- Тууй ата. Сени алып келгеним жаны уйлонгондой эле болбодумбу дос. Кее бир акелерди коруп журом. Кочодо эле ичип алып ырдап журушчу, анан эле уйлонгондон кийин тыптынч. Откондо бироосуно барып аке сары ойдун тоосунан сагызган учпай тынчып калды го десем ай женен сагызгандарды капаска салып сыртынан бекитип койгон дейт. Ошол сынарындай сен келип мен уйдо олтуруп калышым керекпи э? Дос туура тушун, мен саат мынчада эч качан уйдо олтурган жан эмесмин.Эртен эл кулот мектепте, Таалай тынчыган окшойт деп. Кой доске тур кеттик.
- Барсан озун барып келе бер. Мен аяш атам менен аяш апам менен суйлошуп ысык чайдан ичип жылуу уйдо эле олтурам.
- Тууй ата.Иш олбодубу. Сен качан эле чайды уйлоп ичип олтурдун эле?
- Таалай досун каалабай турат. Эми конокту таштап чыгып кетсен уят болот. Андан коро жатып эс алгыла.
Ошентип бир аз олтуруп болмого кирип суйлошуп копко чейин жатып уйкуга кеттик. Эрте менен ойгонсом Сейит да ойгоо экен.
- Ии эмне уйкун канып калыптырбы?
-Айтпа. Адат да сука.
- Анда мен турайын, сен саат бирлерге жакын отсон мен да сабактан чыгам. Анан эмне кылууну пландаштырабыз. Апам кирип чайга чакырганда чыгып чайды ич.
- Макул.
Тамакты ысытып экообуз жеп бутуп сабакка жоноп чыктым. Чыксам жер эми тан атып келатыптыр. Мектепке барсам окуучулар келип башташкан экен. Озумо озум тан калганым ары турсун, мугалим окуучулар да эстери ооп жаны келген окуучуну коргондой болуп атышты. Биринчи сабакка катыштым. Журналдан жоктоп аткан мугалим менин фамилиямды айтты эле мен десем, кайра кайталап коёт.
- Мен агай.
- Турчу ордундан!
- Мына менмин.
-Охоо барсынбы Таалай. Жыл башынан бери мына таак бир да жолу сабагыма катышпаптырсын.
- Кечиресиз агай, эми онолом.
- Эртен чейректи кандай кылабыз?
- Аракет кылам агай...
- Кантип?
- Сиз мен катышкан кундордогу эле теманы сурасаныз эле болду, жооп берем, анткени тынч олтуруп конул коюп угуп олтурам.
- Бул сага тынч олтуруп угуп олтургандай тарых сабагы беле? Бул жерде башты иштетуу керек. Бул химия.
- Билем агай. Ошол химияга конул буруп угам да.
- Мунун баарын жазып жаттоо керек.
- Мен эстеп калам агай.
- Коробуз. Олтур анда.
Сабак буткончо тыптынч олтурдум, бирок оюмдун баары Сабрина, Наргиза жана Уркуяда болуп кыялымда кайсыл жерлерде гана учуп келбедим. Сабак бутту. Баарыбыз сыртка чыксак Темир экинчи сабакка келиптир. Мени коруп;
- Сенби? Сен э? Сен Таалай болуп туруп биринчи сабакка катышып атасынбы?-деп каткырып кулуп атты.
- Жапчы дос оозунду. Так и так не удобно болуп аран журом.
- Конечно не удобно болот да. Омурундо биринчи жолу сабак саат 8де башталарын билип атсан.
- Ой болду эми.
- Бул жоругуна бир тоок союп кан чыгарып койбосо болбойт. Анткени кун батыштан чыгып кетсе кыямат кайым болуп кетет. Анан жакшы эки молдого сени окутуп, кийин ошол молдолорду дагын бир башка молдого окутуп кайтарма жасатып коюш керек. Себеби сени окуган молдолорго сенин кесепетин тийип калып алар 5убак намазда танга маал окула турган багымдат да бар экенин билбей калышпасын.
- Может хватить дос. Жетишет эми.
- Мейли токтоттум, токтоттум. Бирок али ойгоно электей болуп тушумдо коруп тургандай болуп атсам не кылайын дос.
- Болду дейм...
- Мына эми точно болду. Только бир гана нерсе сурайынчы, тиги Аскар агайдын сени коргондогу кебетесин суроттоп берчи дос-дагын каткыра баштады.
- Тойгоздун го дос.
- Мейли, мейли. Токтоттум-деп кулкусун аран токтотту.
- Темир экинчи сабак кайсыл сабак?
- Ээ дос ал мугалимди сен тааныбайсын, жаны эле университетти аяктап сентябрда бизге мугалим болуп келген жаш эжекей. Аны менен экоон бир да жолу сабакта кездеше элексинер.
- Блиин кирбей койсом кантет?
- Жоок болбойт дос. Мен биринчи сабактагы Аскар агайдын кебетесин корбой калдым. Бул мумкунчулукту колдон чыгаргым келбейт.
- Ким деген эжекей, кайсыл сабактан берет аты фамилиясын айт.
- Эмне учун, Фамилиясынан чакырып туруп неге мага сабак отподунуз деп класстан чыгарып жиберейин дейсинби?
- Темир акыркы жолу айтам дос болду токтот. Эми аяп олтурбайм.
- Мейли токтоттум дедим го. Таак эжекейдин аты Айсулуу фамилиясы Нуралиева. Кыргыз тили жана адабияттан берет. Э Таалай. Классташтар жамман кулгондур э сени биринчи сабакта коруп?
- Сурачы оздорунон. Кимиси кулуптур.
- Эч ким кулбодубу?
- Кантип кулот? Азалуу кишилердей олтурушту баары.
- Сен коркуткан окшойсун да.
- Жоок эч кимисине бир да соз айткан жокмун. Алар тартиптуу да сендей калжандак эмес.
- Жур сабак башталат уже.
Экообуз класска кирсек мугалим келе элек экен. Артынан орун алдык да тынч олтурдук. Бир кезде;
- Темир сен башка жакка олтура турчу-деп Уркуя келди.
- Макул. Мага либой жер боло берет. Только качырып жибербе.
- Ии макул. Салам анан.
- Салам.
- Эмне маанай жок?
- Баары жакшы эле. Озун кандайсын?
- Мен го жакшы каяктарда чоноюп журосун?
- Жер бетинде эле.
- А именно?
- Уйдо анан чуйдо. Кайра уйго келем, кайра чуйго кетем.
- Чуй менен уйдун ортосунда турам дечи...
- Ооба. Талтайып.
- Эми чындап айтчы, баягында бир нерселерди айттын да жоголуп кеттин. Мурдаа куну келип эле кайра дагын жоголдун, каяктарда журосун негизи?
- Уркуя мен азыр тушунбой турам, мен сага эмне учун жооп беруум керек?
- Билсем болбойбу?
- Кантип болмок эле омей. Мен озум билем да кайда кантип чоноюп жургонумду.
Ошол убакта мугалим кирип келип баары орундарынан туруп саламдашты.
- Бою узун,арыкчырай келген, кара торунун сулуусундай болгон бир жаш эжекей кирип келди.
- Саламатсынарбы?
- Саламатсызбы!
- Олтургула. Ким дежурный бугун? Досканы тазалагыла.
Эжекей мени карап бир аз турду да:
- Кечиресин жигит, ордундан турчу сен.
Акырын турдум да;
- Саламатсызбы эжекей.
- Саламатчылык. Жаны эле келдинби бул класска?
- Жок, жанараакта эле келгем.
- Мен сага качан келдин деп сураган жокмун жаны окуучу болуп келдинби дейм?
- Аа жок. Биринчи класстан бери эле окуймун.
- Анан мен сени биринчи жолу коруп жатам го...
- Мен деле сизди...
- Фамилиян ким?
фамилиямды айтсам.
- Аа. Ошол сенсинби? Барсынбы деги? Сентябрдан бери катышпайсын го сабагыма. Же башкалардын да сабактарына катышпай журосунбу?
- Эжекей кечиресиз, кайталанбаганга аракет кылам.
- Сен жооп берчи мага, эмне учун сабагыма бир да жолу катышпадын?
- Шарт туура келбей журду.
- 4 айдан бери бир да жолу шарт туура келбедиби э?
- Кээде туура келип жатты...
- Анан, шарт туура келгенде неге келбедин?
- Мумкунчулук болбой калды.
- Эй! Сен эмне мени мыскылдап жатасынбы?
- Жок, суроонузга жооп берип жатам.
- Анда жакшылап адамча жооп бербейсинби! ?
- Эжекей, кыйкырбай эле айтыныз эми.
- Чык класстан! Ата апан жана директор менен келесин!
- Кечирип коюнузчу эжекей...
- Чык дейм сага!
- Айсулуу эжекей, мени бир жолу кечириниз башка кайталабайм.
- Эй сен адам баласысынбы?
- Ооба, коруп турасыз го.
- Адам баласы болгонундан кийин адамча созго тушунуп, чык дегенде чыгып кетчи сабактан.
- Уфф. Болбойбу эжекей? Ушуну эле айтынызчы. Болбойбу олтурсам?
- Болбойт!
- Болбосо озун оку. Билгенинди кыл мага десе.
- Эй. Жап жаагынды, сен ким мен ким ордунду билип анан суйлоп жур уктунбу!
-Кимсин сен? Мугалим болсон озун учун мугалимсин мен учун эч ким эмессин.
- Директорго айтып сени мектептен айдатпасам элеби шашпай тур.
- Озум эле кетем. Мага десе ушул мектебинди башына кийип ал. Директор эмес андан жогору жагына барып айт. Менде 25 свидетель бар. Сенден кайра кайра кечирим сураганымды баары угушту. Мен эч бир жаман суйлогон жокмун, Берген суроолорго гана жооп берсем озундон озун эле алынып кеттин. Балдар, уктунар кордунор эмне болгонун, баарынар кааласанар да каалабасанар да кубо болуп бересинер Азыр мен атамды айыл аксакалдарынан бироону, айыл окмоттон бироону, окуучулардын участковый милициясын жана директор завучту жыйып келем, анан суйлошобуз. Эч кимин мен келгенче тарап кетпегиле! Эй эжекей, сен да кутуп тур!
- Сенсиребей суйло!
- Сиз деп сыйлаганда сыйынды билбеген эми сенсирегенде сый эсине келдиби. Сен мени айдап ийем деп коркутпа, мен сага корсотом! -деп класстан чыгып туруп эшикти бар кучум менен катуу жаап чыгып кеттим.
Ачуум менен туптуз диретордун кабигетине кирип бардым. Какраз ал жерде завуч да олтуруптур.
- Саламатсыздарбы!
- Кел. Сенин бугун биринчи сабакка келгенинди жана Аскар агайын суйунчулоп атты эле эмне сабакка кирбей биякта журосун?
- Сиздерде созум бар эле.
- Кандай соз?
- Тиги Нуралиева Айсулуу эжекей мени сабактан кууп чыкты...
- Себеп?
Аларга баарын токпой чачпай айтып бердим да акырында;
- Сиздер да кетпей олтуруп турунуздар, мен бир такси айдатып барып милицияны жана айыл окмоттон бир адамды алып келе калайын. Сиздер бул жерден айылдык соттонбу же аксакалдардан бироосун чакырып даярданып турунуздар, мен атамды апам менен кошуп алып келем.
- Таалай сен шашпай тур. Сен эмне кечирим сурап жатсан да урушуп аттыбы?
- Эжекей мен сизге качан калп айтып журдум эле? Бир Саматтын айткан калпынын кесепетинен эмнелер болуп кеткенин билип туруп калп айтмак белем. Ишенбесениз окуучулардан сураныз.
- Милиция жанагы айыл окмот аксакалдарды жыйыштыр уулум. Биз озубуз эле чечишебиз. Кана жур баралычы.
- Мен барбайм эжекей. Мен бул ишти акырына чыгарам эжекей. Бул мектепти билесизби ушул айылдын адамдары балдарыбыз окусун деп ашар жолу менен которуп тургузган. Кечее келип алып мени мектептен айдап жибере турган ал Айсулуу ким болуп кетиптир мага? Мен баары бир акырына чыгарам, же мен кетем, же ал кетет.
- Шашпай тур деп жатам сага! Эмне созго тушунбой жатасын? Сен сабакка катышпасан ачуусу келет да. Анан эмне кылсын! Биринчи озундун айыбынды билип алып анан суйлобойсунбу! Суйлойт десе келип алып мени коркутуп турганын кара дагын!
- Эжекей мен сизди коркуткан жерим жок. Мен болгону тушундурууго аракет кылып атам.
- Ушунча озуно ак болсон неге анда мурдаа куну мектепке келип сабакка катышпадын, кечее да келген жоксун, эмне учун жооп берчи?
- Мен сизден канчасына чецин жооп алып кеттим эле, 28ине чейинби?
- Анан?
- Али 28и боло элек го...
- Башты оорутпачы.
- Эжекей, макул мен куноолумун. Сабактарга катышпадым. Ал куноомду толугу менен мойнума алам. Бирок эжекей, кайра кайра кечирим сурап жатканда бир жолу кечирип койсо мага ошол нерсе туртку болот эле го.
- Эмне кылайын дейсин? Ошону айтчы?
- Жанагы кишилерди чакырып келип айылды да бутундой чакырып чогулуш откортом.
- Эмне учун, максатын эмне? Сен мага ошону айт.
- Айсулуу билсин мындан ары, ал бул айылда жат экенин.
- Ошону тынчтык жолу менен бутурсо болбойбу?
- Неге болбосун, болот да албетте. Болгону Айсулуу классташтарымдын алдында менден кечирим сурасын.
- Айсулуу эжекей деп суйлосон.
- Менден кечирим сурасын, анан эжекей дейм.
- Жур кеттик анда барып суйлошолучу.
- Мен кирбейм, сиздер биринчи кирип окуучулар менен Айсулуу менен суйлошуп корунуздор. Менин созум чын болсо Темирди жонотунуздор мени чакырып барат. Мен спорт зал жакта кутом. Эгер келбесе мен сабактарга катышпайм, чыгарсаныздар чыгара бериниздер, бирок мен да элди жыйып айтар созду айтып аны да мектептен айдатып туруп кетем.-дедим да шарт туруп чыгып кеттим.
Артымдан эки жолу Таалай деп кыйкырыкка да караганым жок. Каридордо чыгып баратканымда чыгыш да болду. Бирок жанагынын сабагы эки сабак катарынан болчу. Кыргыз тили жана адабияты. Ошол бойдон туптуз биллиардка кирдим. Ал жерде да мага удача жылмайып турган эмес тура. Урмат ойноп жатыптыр. Жанында 78дерден эч ким жок. Демек коркпойм. 5-6 айылдагы менден чонураак балдар менен экен. Баары менен кол алышып саламдашып чыктым. Урмат да унчукпай эле саламдашып оюнун уланта берди. Бир кезде озунун чон экенин билдиргиси келдиби;
- Таалай, кандай анан? эмне корунбой калдын?
- Эмне невидимка болуп турамбы азыр сага?
Баары кулуп жиберди.Айла жоктуктан улам жылмайымыш кылып;
- Ушу сенин тилин заар да сука. Сени тилинден илип коюш керек.
- Мен сага ашыкча бир нерсе дедимби? Озун менин кирип келгенимди коруп саламдашып бутуп анан эмне корунбой калдын деп сурап жатпайсынбы. Мен эмне деп жооп беришим керек эле?
Олтургандар Урматтан улуурак болгону учун Урмат аларга унчуга алган жок. Бир Султан деген аке;
- Таалай туура айтты. Озун ошондой суроо бердин.
- Койгулачы братандар.Баарынар билесинер да башкача мааниде айтканымды.
- Биз сенин ичинде кайсыл созун кандай мааниде айтыларын билип коюптурбузбу?
- Мейли акелер токтотолу сураныч. Урмат сен оюнунду алаксыбай ойной бер.
- Сенден сурабайм мен ойноймунбу же ойнобоймунбу.
- Албетте.
Бир кезде сырттагы окуучулар баары кириш болгонуна мектепке кирип кетишти.
- Таалай сен сабакка кирбейсинби? -деп тигиагалардын бироосу сурап калды.
- Азыр ото турган сабак кызыксыз. Мен билген нерселерди эле суйлоп берет экен.
Алар менен оюнга алаксып калыптырмын. Айнекке тамекимдин калдыгын ыргытайын деп карасам Темир келатканын коруп калдым. Сыртка чыктым да жанына бардым.
- Энендии доске не кылып койдун?
- Мен коп айтам го доске баары тагдыр экен деп.
- Сени мектептен чыгарышат окшойт.
- Директор кирдиби?
- Ооба баарыбыздан сурады, баарыбыз ооба деп болгонун болгондой айтып ызылдай баштаганыбызда баарыбызды токтотуп, класскомду доскага чыгарып, сурады. Ал Уркуя да бир утур точкасын калтырбай айтып берди эле, Директор Айсулуу эжекейден туурабы деп сурады. Ал эми бирдемкелерди баштаганда, кайра токтотуп, бул кыз айтканы туурабы же жокпу, ушуга жооп бер деди эле ооба туура деа жооп берди. Азыр Айсулуу эжекейди озунун кабинетине алып кирип кеткен. Ошондуктан сени кантти экен деп келатканым.
- Анда кир дос сабакка. Кандай жыйынтык чыгарын билип анан мага келип айтасын.
- Давай анда, сен биллиардда болосун да э?
- Ооба, келе бересин.
Кайра биллиардака кирип он беш минутадай олтурсам Темир менен Сагын аттуу классташ балдар кирип келишти. Алар да ичиндегилер менен саламдашып болгон сон мага келип;
- Жур эми доске. Иш чатак болду. Сенин атана да Элдиярды чуркатты. Кыскасын айтканда жакшы менен аяктабайт окшойт.
- Эмнеси болсо да барып коробуз баарын. Жургуло достор.
Баарыбыз сыртка чыккан сон:
- Э досум Урмат да бул жерде беле? Кантип тытышпай калдынар?
- Ал жалгыз болгондо койдон жоош да. Жанында тиги суйгону каман жок ошого болсо керек.
- Аа.
Баарыбыз класска кирдик. Арткы орундугум бош экен. Директордун олтур деген созунон кийин барып олтурдум да терезени карап олтура бердим. Козумдун кыйыгынан карасам Айсулуу эжекей жеп ийчудой болуп туруптур. Аны байкамаксанга салып койдум. Класс ичинде жымжырттык гана окум суруп турду. Бир кезде айылдын башчысы менен атам кирип келди. Алар орундуктарга олтурган сон директор;
- Саламатсыздарбы. Сиздерди минтип бул жерге чакырып келууго аргасыз болгонубуз учун кечирим сурайбыз. Ошону менен эле бирге, бириниздер ата, бириниздер айыл башкарган киши болгонунуздар учун, бугунку болуп откон жагымсыз окуяны тынчтык жол менен жакшылыкка чечип берууноуздорду суранам. Эми бул Таалай, негизинен жашынан бери коруп келетам, жаман жоругу жок, сабактардан артта калбай жакшы окуп келген балдардын бири болчу. Бирок акыркы убакта тартиби да сабакка катышуусу да начарлап башкарууга биздин кучубуз жетпей калды. Акыркы окуясы мына биздин эн жаш мугалимибиз менен болгон окуясы чектен биротоло чыгып кетти. Эми ошол жонундо сиздер да оз оюнуздарды айтып бериниздер.
- Эми карындашым, менин уулум эмне иш кылганы жонундо сен биринчи айт да, ошого жараша соз суйлойлу.
- Аны баланыз озу айтсын. Кел Таалай, чык доскага.
- Тур уулум. Болгонун болгондой айтчы.
- Макул мен айтам ата. Бирок менин созумду эжекей жактырбайт, эжекейдин созун мен жактырбайм. Эгер каршы болбосонуздар экообуздун окуябызга кубо болгон 25 окуучунун либоюн тургузуп ошолордон сурайлы. Ошолордун создорун угалы да анан бир жыйынтыкка келели. Кандай дейсиздер?
- Макул. Анда ким чыгып болгон окуяны айтып берет?
- Мен.
- Чык анда Темирбек. Бирок калп аралашпасын.
- Макул эжекей - деп болгон окуяны токпой чачпай айтып берди. Класс кунт коюп угушту. Бир кезде айыл башчы эжекейди карап;
- Сен эми карындашым жогоку окуу жайды бутуп келген жогорку билимдуу кызсын да. Силерди педагогика жонундо даярдашкан да. Ар бир окуучунун психологиясына мунозуно жараша мамиле жасоо силердин эн алгачкы милдетинердин бири. Эми бул бир оспурумдун кайталап кечирип сурап жатканын угуп туруп бир жолу кечирип койсон болот беле? Эми ар кандай бала ар кандай муноздо болот. Бироосу сени создорунду которсо экичиси которо албайт да. Бул жерде сенде да айып бар.
Эми сага... ким эле атын?
- Таалай.
- Таалай, сен кандай болгон кундо да эжекейине каяша айтып тенме тен айтышууга акын жок. Анткени сени жакшы болсун, адам болсун деп урушкан. А сен болсо атырылып чыкканын туура эмес. Ал биринчиден озунду, экинчиден атанды апанды, учунчудон мугалимдеринди жана классташтарынды сыйлабагандык болот. Сен ошентип сенсиреп акыры эмне болду? Же муйуз чыктыбы? Же эмне эжекейин сенден коркуп калдыбы? Жок, андай болбойт. Эми мындай сый менен жургуло. Башка айылдын тургундары укса эмне дейт? Окуучулар мугалимдери менен сенсирешип урушат экен деп кулбойбу? Сен да акылын менен ойлоп иш кыл. Эми жаш бала эмессин. Акты каранан ажырата турган куракка келип калдынар баарынар. Ошондуктан биринчи болуп сен кечирим сура. Анан карындашым сен да кечирим сура. Сенден да откон айып. Мойнуна алып кечиримдуу болуп тынч болгула. Азыр ушинтип ызылдашканынар менен эртен мектепти бутуп кеткенинден кийин ушул кундорду ойлоп арман кыласынар. Кочодо коиушуп каласынар дегендей. Ошондуктан бири биринерди кечирип койгула, анан мындан ары кайталанчу болбосун.
- Рахмат ага. Эми сиз да баланызга жана ушул мугалимине жакшы бир насааттарды айтып коюнуз ага.
- Мен эми эмне демек элем. Эгерде ушунчалык менин уулум мектептин тартипсиз балдарынын бири болсо анда чыгарып салгыла. Уулум минтип силерди да бизди да кыйнабасын. Кечинде тамактан кийин жакшылап бата кылып, ата, мен эми жакшы окуганга аракет кылам. Сабактарды калтырбайм деп соз бергенге жана сиздердин созунуздорду жерге калтырбайм деп соз берип, убадасын дастаркон устундо берип, танга маал озу туруп сабагына кеткен болчу. Эми ошончолук онолом деп озу аракет жасап жаткан баланын шагын сындырып окууга болгон кызыгуусуна бут тосчу болсонор, же кайра кайра кайталап сураган кечиримин кабыл албасанар, анда окуп эмне кылат? Андан коро журо берсин уйдо эле. Уулумда айып жок деп айтпайм. Себеби менин уулум башкалардын уулундай болуп уйдо коп журо албайт. Бирок бироонун нерсесин уурдап же тартып алчу бейбаш балдардан эмес. Эмнеси болсо да баардык айыпты уулума коюп уулумду бошотуп салгыла мен ыраазымын.
- Шашылбаныз ага. Сиздин уулунузду эч ким мектептен чыгарып жаткан жери жок. Эгер чыгара турган болсок жон эле чыгарып жибербейбиз да. Бул нерсе учун озунчо комиссиялар келип баланы текшерип анализдеп анан бир чечим чыгарышат. Анда да уйуно жонотпой, же балдар интернатына же дагын бир башка учережденияларга жолдомо беришет. Таалай андан ары ошол комиссия корсоткон жерден билим алуусун улантат. Эгер баардык тесттен жакшы отсо анда эскертуу берилип кайра эле ушул мектепте калат.
- Анда айтчы. Эмне учун менин уулумдун устунон комиссия иштеш керек. Эгер андай жолго бара турган болсонор, анда мен да бул эжекейдин устунон комиссия алып келем. Даже сотко чейин кайрылам. Ошондой кылалыбы?
- Тынчтык жол менен бутурсо болот го ага.
- Болот. Бирок булар экоосу мындан ары ызылдашпайт деп ким кепилдик бере алат?
- Эми булардын оздорун угуп королу да ага.
- Макул. Чык Таалай айтчу создорунду айт уулум.
Унчукпай чыктым да;
- Эми Айсулуу эжекей, мени болгону бир эле жолу кечиринизчи сураныч. Мага бир жолу шанс беринизчи. Такыр кайталанбайт деп соз берем. Болбогон чырды чон жанжалга айлантырып алгандан пайда жок да эжекей. Кечирип коюнуз... Мен болдум башка созум жок.
- Айсулуу кана эми сен да суйло.
- Кечиресиздер го, бирок бул баланы мен тарбияла албаймын.
- Эжекей, мени тарбиялабай эле коюнуз. Болгону бугункудой кыйкырбасаныз эле озум тарбиялана берем.
- Сен жон туруп тур. Эжекейиндин создорун угалы анан жыйынтык чыгарабыз.
- Мына кордунуздор. Оозумдан бир соз чыга элек жооп даяр бул балада.
- Андай болсо кызым, чыгар чыгарып сал. Бир баланы тарбиялай албасан, бир мектеп баланы сага ким ишенет тарбия берет деп. Сен мугалим болгонундан кийин тарбиялоо сенин парзын да. сен укуктуусун ошого. Менин уулумду тарбиялай албасан анда сен кандай мугалим син? Антип айткан сага такыр туура келбейт. Эгер мектеп окуучуларынын болгону бироосун тарбиялай албасан анда сен бала бакчага барып иште. Сенин ордуна башка бироо келип тарбия берет. Элгерчилик да мугалимдин аты бироо эмес.
- Ага токтой турунуз, Бул эжекей эми соз баштабадыбы? Акырына чейин угалычы сураныч.
- Мейли ага... Мейли Таалай. Максатына жеттин. Кечирип кой сен да мени. Бирок дагын бир жолу сабагымды калтурчу болсон эми катуу капалашабыз, ушуну акылына туйуп жур. Кечириниздер сиздер да. Мен да катуурак суйлоп койдум...
- Рахмат эжекей. Ишеничинизди актаганга аракет кылам.
Ошентип баары оздорунун кенештерин берип, бизди калтырып чыгып кетти. Сабак да бутуп баары сыртка чыгып атты. Мен акырын эжекейдин мандайындагы партага олтурдум да;
- Эжекей, мындан ары жакшы мамилебиз туболукко созулат деп ишенем. Болгону мага бир аз убакыт керек. Аз гана чыдай турунуз баары жакшы болот. Сизден 1000 мертебе ыраазымын эжекей. Озум бир кун сиздин маанайынызды которууго убадамды берем. Коросуз эжекей, бугунку окуяны таптакыр унутасыз. Баары жакшы болот. Дагын бир жолу кечирип коюнуз жана чоон рахмат сизге.-деп чыгып кеттим.
Ушул создорду айтып жатканымда козумдон козун албай унчукпай теше жибере тургансып тиктеп турган эжекейдин нервине баа бердим. Башка мугалим болгондо ыйлап же ызы чуу чыгармак. Бул андай эмес экен. Баарын женил эле женип кетти...
Андан аркы сабактарда эч кайсыл мугалим ашыкча создор менен асылган жок. Баары жанагы кабарды уккан окшойт. Классташтар да (Темирден башкасы) ал окуяны талкууга албады. 6-сабакта жаныма Уркуя олтуруп:
- Сен эми жанагы окуядан кийин озуно аброй топтодум деп ойлойсунбу?
- Мен антип ойлогон жокмун. Ким айтты сага?
- Кыздар баары эле айтып атышат. Айсулуу эжекей Таалайды корсо эми титирейт деп. Балдар да сенин кылганынды кайталап коробуз деп атышат. Эми ошол кылганын жакшы улгу болду да э балдарга?
- Ар ким оз башы учун жооп берет. Андыктан алардын жолун тосконго акым жок. Билгенин жасашсын.
- Баштаарын баштап берип...
- Уркуя, сен азыр кайсы максатта мага ушул нерселерди айтып атасын? Кыларга башка жумушун жокпу?
- Толтура жумуш бар.
- Бар анда. Бул жерде мээни чакпай.
- Сабактар буткондон кийин класс жетекчинин алдына барабыз, кетип калым журбо.
- Макул.
Ошентип 6-сабак да аяктап баарыбыз эжекейибиздин классына бардык. Баарыбыз менен саламдашып олтурганыбыздан кийин эжекей:
- Менин бугун сабагым жок болчу. Азыр уйдон келсем мугалимдер бир кабар айтып ачуумду келтирди. Таалай турчу ойдо! Бул эмне кылганын. Же эмне чоноюп калдынбы?
- Жок эжекей, Айнура эжекейден кечирим сурап баары жакшылык менен бутту. Сизге да тил тийгени учун кечирим сураймын эжекей. Кечирип коюнузчу сураныч.
- Олтур. Эми мындай. 28и куну эч ким эч кандай достошууга барбайт.
- Эмне учун - деп баары ызылдашып кетишти.
- Тынчтанып кулак салгыла менин созумо. Эмне учун барбай калганынарга Таалайга рахмат айткыла. Таалайдын бугунку окуясы себептуу болду.
- Эжекей, анда мындай кылбайлыбы? Мен куноолу болсом, буларда айып жок да. Ошондуктан ал достошууга мен катышпайм. Менсиз булар барып келишсин. Анткени барбай коюшса уят болушат. Алар даярданып кутуп олтурушат.
- Уят болуп буттук го, дагын кандай уят болмок элек?
- Мен уят болдум эжекей. Булар барып келсин сураныч.
- Анда мындай, сени ал жерден караанынды да корбошум керек. Корсом ошол замат баарыбыз кайра кайтабыз.
- Суйлоштук эжекей. Олтур. Анда мындай, эгер бара турган болсок жакшы бир белек алуубуз керек. Мисалы чонураак саат алсак мектебинин залына асып койсо болот, же кандай оюнар бар.
- Эжекей, мен суйлосом болобу?
- Сен барбаганындан кийин неге суйлойсун?
- Ошону айтайын дейм да. Эгер мен барбасам анда мен бул жерде олтурганым бекер да чынбы? Ошондуктан уйго кете берсем кандай болот. Керегим жок да.
- Макул кете берсен болот.
- Бирок бир нерсе сурасам болот бекен?
- Сурап кор.
- Сиз айткан саат канча сом турат?
- 300 сомдун тегерегинде.
- Анда менин атымдан классташтар учун ошол саат белек болсун. Мениз бул 300 сомду. Баарыныздар барып жакшы конул ачып олтуруп келиниздер- деп акчаны бердим да чыгып кеттим.
Биллиардын жанында Сейит менен Жанылай турганын коруп тан калдым да жанына басып келип;
- Кайсыл шамал учуруп келди сени? Кандайсын анан?
- Эмне келгениме кубанычта эмессинби?
- Эми кутуусуздон дегеним да.
- Мен ушундай кутуусуз келем да. Салам окурман.
- Таалай, мен барып келдим булардын мектебине.
- Себеп?
- Ошол айылда телеграф бар экенин баягында байкаган болчумун.
- Анан?
- Ошол телеграфтан бишкекке чалдым. Бир братан бар болчу. Аны кийинчереек сага тушундуруп берем. Анан ошо, кайтканда мектепке кирсем Жанылай залда экен. Бир аз суйлошуп районго бугун да барып келууну чечтик.- - Районго азыр неге бармак эленер, 3-4саатан кийин карангы кирет да.
- А биз уйундогулорго айтып койдук. Эртен келебиз.
- Сейит бери карачы дос, суйлошуп алалычы алгач.
Жанылайды калтырып бери жакка келдик да:
- Доске эмне кылып атасын дос. Кандай район, кандай эртен? Азыр барып кайда тунойсунор?
- Андан кам жебе дос. Кечее гостиница деген жазуусу бар жерлерди коруп койгом, так что не переживай дос. Кааласан биздин артыбыздан жашырынып сен да жур, мен кечееги созумду далилдеп берейин.
- Кереги жок дос. Эч жакка барбайсын.
- Анан мен эртен ал гостиницада калам да, Жанылайды уйуно жонотуп жиберем.
- Эмне менин уйум жакпадыбы?
- Жоок доске баары жакты. Бирок жана айтпадымбы братандарга чалдым деп.
- Ии.
- Ошолор 3оо болуп келишет. Аларды ошол жерге жайлаштырышым керек.
- Не себептен келишет, алар кимдер озу?
- Алар дос Бишкекте корунуктуу рекеттердин жанында жургон балдар. Албетте рекет эмес, бирок тил жактан да спорт жактан да алдыларына адам салбайт.
- Неге келишет?
- Жанагы Нурик деген авторитет менен ишти тынчтык жол менен бутурууго. Мындайча айтканда, жакшылап суйлошуп корушот, сен иниси Улан менен мушташчу болсон кийин сага асылбай турган же менттерге бербей турган кылып суйлошушот. Алар бугун жолго чыгышат Ар бирине 10 000 сомдон берем дедим. 20 000ин азыр 10 000ин барганда иштеп берем дедим.
- Сен доске мени менен бул темада кенешип корууну ойлободунбу?
- Сен баары бир отказга кетесин да. Ошондуктан озум менен эле кенешууго туура келди.
- Неге отказга кетммек элем. Эч кандай 20 000 бербейсин. Тен ортодо экообуз беребиз. Анан аларын ишеничтуу элеби?
- Сенин Нуригиндин корунушу кандай экенин билбецм го бирок келаткан братандардын экоосу шкаф десе болот.
- Мейли ал жагын тушундум, каршылык жок. Бирок Жанылай менен баратканын, жакпай турат дос чындап.
- Ал жагынан кам жебе доске.Озу ыраазы болуп турган кыз, соо деп ойлойсунбу? Уйундогулорун алдап чыкты, Бишкекте жургондо бир кыз менен достошуп калган элем ошол кыздын уйуно туноп келем деп. Айтчы озун, апасынан башка адам оппогон кыз бир жолу корушкон эркек менен калпты жалпайта айтып гостиницага макул болмок беле?
- Айнуранын кылгандары сага сабак болгон эмес окшойт.
- Эми ал каталык кайталанбайт. Строго с презервативом.
- Качан, азыр жонойсунорбу?
- Биринчи сени менен олтуруп курсак тойгозуп алсакпы дегем.
- Биздин айылда кафе деле жок, бирок тиги жерде жумуртка колбаса кууруп берет.
- Эт сатат да э?
- Ооба тиги бурчта.
- Анда эт алып жумуртканын ордуна эт куурутсак болот го.
- Акчасын берсен кууруйт болуш керек. Жур сурап королу.
Этти кууруп берем дегенден кийин эт саткан жерден эт алдык да берип фанера менен торт жагы тосулган кабина сыяктуу жерде кутуп олтурдук.
- Минтип олтурсак болбойт го Таалай. Бир арак албайлыбы?
- Жоок доске. Бул эже уйдогулорго айтып берип журбосун.
- Сени айтышы мумкун а мени айтпайт да даже тааныбайт. Азыр олтура тургула деп сыртка чыгып кетти.
- Баягында тим эле Сейитти скучный деп аттын эле, бугун жетелешип алганынарга жол болсун?
- Жанылбас жаак мудурулбос туяк болбойт да.
- Балким ошондой го, бирок, айтчы сага эмне туртку берди? Сейит менен районго барып келууго?
- Сейит жакшылап карасан анча деле скучный бала эмес экен.
- Кечее ошол коздорун жакшылаап карабай каякты карап турду эле?
- Керек эмес нерселерден бошобой жаткан болчу. Бугун тан атканча ойлонуп атып адашканымды билдим.
- Адашкан кандай болорун али билбейт турбайсынбы, Ушул жолугушууга баратканын озу адашуу болуп атсачы?
- Баары жакшы болот. Андан коро сен айтчы, Наргиза менен мамиленер чындап элеби?
- Кандай тушунсо болот?
- Экоонор турмуш курууга даярсынарбы, чындап бири биринерди катуу суйосунорбу?
- Охоо али турмуш курууга чейин жашайбызбы дечи. Бирок кандайдыр бир сезим бар да.
- Демек суйуу сезими.
- Мен али суйуп коро элекмин. Ошондуктан суйуу сезими кандай болорун айта албайм.
Сырттан Сейит койнунда жашырган бир ботолко арагы жанында ээрчиткен Темир менен кирип келди.
- Оо не хрена себе. Олтурасынар жылуу жерди таап алып. Кандайсын Жанылай. Кандай эс алып турдун? Кечее чарчап калбаптырсынбы?
- Оо на конецта. Бир адам бар экен кандай эс алганымды сураган. Жакшы эс алдым Темир рахмат сураганына. А булар болсо ошол элементарный нерсени сураганга да жарашпады.
- Биз Темир коргон тарбияны коргон эмеспиз. Андай нерселерди сураганга бизде мээ жетпейт.
- Келгиле анда алып ийели. - деп Сейит уч пиялага куяп бироосун тартып жиберди.
Темир ичпей турганын, азыр бир жерген куран окутканы барарын айтты. Биз Сейит экообуз тез тез ичип атып аракты тубуно жеткизип койдук. Эт да келип тамактанып болгон сон Темир уйуно, Сейит Жанылай менен такси кармашып районго, мен болсом Уркуянын уйу жакка карай жонодум. Ичимдеги арактын кучу Уркуяга гана баруумду талап кылып туруп алды.
Уландысы бар.....

ЖАШООДОГУ ЖАГЫМСЫЗ КОЗ ИРМЕМДЕР... - 869194455441

Комментарии

  • 20 апр 2018 16:00
    Ураааа (fr)
  • 20 апр 2018 16:01
    Кутуп отурдум рахмат
  • 20 апр 2018 18:51
    Жакшы чыгарма экен,кызыгы али алдыдаго дейм.
  • Комментарий удалён.
  • 22 апр 2018 13:03
    Бул чыгарманы окуп жатып Таалайды жаман коруп жатам.ал.жаагы тынбай кыздарга.да аялдарга.да соз.бербеген чонду чон дебей .озунукун гана туура деп ойлогон .жалгыз озун алдыга.койгон.калгандарын ощунон пас сезген.
  • 22 апр 2018 13:10
    .бала экен .жана. бул.чыгарманын акыры эгер Таалай ушул бойдон кетсе жакшылык мн бутпойт..бул Таалай классташ кызын тилдуу деп жаттыле озу.андан ашкан тилдуу болуп туравайбы..акырында камалып кетишине толук ишенип калдым..жана бул
  • 22 апр 2018 13:11
    Жакшы бала.же жакшы.адам эмес
  • 22 апр 2018 23:45
    Ага анча капа болдун,бул чыгарма да коркомдоп койгон.Баардыгы 100 процент чындык болбосо керек.