15 мая 2018

БЕЙТААНЫШ АДАМДЫ ФЕЙСБУКТА ДОСТУККА КОШКОН!

ЭКИ КҮНДӨН КИЙИН КҮТҮЛБӨГӨН КЫРСЫК БОЛДУ…
Ар ким менен дос боло бербегиле!
Бүгүнкү күндө соцтармактар менен баары колдонушат. Эгер сиздин Фейсбук, же Твиттер, же Инстаграмыңыз болбосо, анда сиз Айда жашасаңыз керек!
Соцтармактардын эң популярдуусу – бул Фейсбук, сиздин постту ким окуп атканын билбей да каласыз.
Бейтааныш адамдардан достукту кабыл алуу кандай коркунучтуу экенин көпчүлүк адамдар деле ойлобойт.
Viral Hatch Интернетте популярдуу болуп жаткан бир окуяны айтып чыкты. Сиз да окуп, ойлонуп көрүңүз!
Бул макаланы укук коргоо органдарында иштеп кеткен аял жазган:
Кандайдыр бир жигит достук жиберет. Аны тааныбайсыз, бирок анын профилинде сулуу жигиттин сүрөтү турат, ошондуктан аны кабыл алып койдуңуз.
Бүгүн кызыңыз биринчи жолу мектепке барат. Жаңы мектеп формасында жакшынакай көрүнгөндүктөн, аны сөзсүз сүрөткө тартып, досторуңузга, жакындарыңызга көрсөтүш үчүн, Фейсбукка илишиңиз керек.
Ушунчалык сүйүнүп жүргөндүктөн, мектепти да Фейсбуктан белгилеп койдуңуз жана жаздыңыз: “Ишенбей жатам чоңойгонуна! Убакыт учкан куштай! Кызым менен сыймыктанам!
”Ошол эле убакта, тиги, жакында эле кабыл алган табышмактуу досуңуз сиздин кызыңыздын сүрөтүн сактап алат да, сүрөттү улгайган адамдарга мындай жазуу менен кошо жиберет:
“Кыз. 7 жашта.
Чачы кара, көзү кара.
$5000”.
Сиз ал бала саткычка кызыңыздын сүрөтүн эле берип тим болбой, анын аты жөнүн, кайсы мектепке бараарын табакка салып берип койдуңуз. 12:00 дө кызыңызды тосуп алууга барганыңызда, аны таппай каласыз.
Сизин кызыңыз 43 жашар педофилге кулчулукка сатылып кеткени, эми башына мүшөк кийгизилип, Түштүк Африкага жөнөтүлгөнү оюңузга да келбейт.
Тааныбаган адамдын баарын достукка кошо бергенди жана жашооңузду Фейсбукка иле бергенди токтотуңуз.
Сиздин балаңызга жамандык каалап турган канча адам бар экени сиздин оюңузга да келбейт. Күн сайын миңдеген жаш балдар уурдалат; алардын көпчүлүгү сатылып жана жашырын чет өлкөгө алып кетилет.
Муну токтотконго чара көрсө болот, бул макаланы колдон келишинче көп адамга таратыш керек. Ар бир ата-эне катылып жаткан коркунуч тууралуу билгени оң.
Сураныч:
Тааныбаган адамдан достукту кабыл албаңыз.
Профилиңизге балаңыздын сүрөтүн койбоңуз.
Балаңыз менен көп барган жерлерди белгилебеңиз.
Бул тууралуу бардык ата-энелер билиш керек!
АБАЙЛАҢЫЗДАРЧЫ!!!

Комментарии