25 июл 2018

🌟🌟🌟

ИТТИН КЕСЕПЕТИНЕН ҮЙ-БҮЛӨӨ МҮРЗӨГӨ АЙЛАНДЫ.
Биздин көп кабаттуу үйдө бай адам жашайт эле. Күйөөсүнүн бизнеси жакшы болуп, тапкан акчасы өзүнө жетээрлик эле. Дилбар эже бактысын таап 30 жашында турмушка чыкты. Арадан жылдар өтүп кыздуу болушту. Баардык тууган урук сүйүнүчкө толгон эле. Күндөр, айлар өтүп кызы да чоңойо баштады. Күндөрдүн биринде Дилбар эженин жумушу бир аз узакка созулгандыктан, үйүнө кечирээк бара турган болду. Саат минут өтүп жумушун бүтүрүп, үйгө сапар алат. Дилбар эже машинасына олтуруп үйгө жөнөй баштайт. Дайым алдыга койгон максатын, жана кызынын бактысын ойлойт эле. Билесиздер күзүндө эрте эле эшик караңгы болот. Дилбар эже караңгы жолдо машинасын айдап араң кетет. Себеби жол азабы гөр азабы дегендей иштен чарчап дегеле жолдон чарчап кетет, үйгө батыраак барыш үчүн машинасын тездик менен айдайт. Ошол күнү жолдо кетип жатса кокусунан чоң жолго бир ит жүгүрүп чыгат. Дилбар эже чарчоонун себебинен аны байкабай калат. Бирок каттуу бирдеке болгондой сезиле баштайт, алдынкы айнегине кан чачыраганын көрөт. Ошондо мен адам уруп алдым деп сарсана боло баштайт. Дилбар эже коркконунан титирей баштайт. Кокусунан жолго бир аял жүгүрүп чыга калат, көз жашын токтото албай итин кучактап ыйлай баштайт. Ошондо аял машинанын жанына келип, машина айнегин такылдата баштайт. Ошол такылдаган үн Дилбар эжени бир аз болсода жүрөгүн жеңилдети, жана машинадан түштү. Жолдун ортосунда араң дем алып жаткан итке көзү түшөт. Аял болсо, эмнеге турасыз, тезирээк оору канага айдаң тезирээк барыш керек бул өлүп жатат деп аял бакырды. Дилбар эже мес болуп калган эле. Оору канага сиздин акылыңыз жайында элеби, бул болгону итко бул жерден 1, 2 км жүрүшүм керек, пешком бассаңыз жетип аласыз. Эмнеге мага бакырасыз ызычуу чыгарып. Акыры мен адам уруп жибербедимго деп жооп кайтарды бээ тааныш аялга. Аял болсо канга буланган итин көтөрүп, Дилбар эжеге өтө башкача жаман көз менен карап, демек ит сиз үчүн эчтеке эмес экенда а макул жардамыңыз кереги жок али итим менен бирге көрүшөсүздөр, бул дүйнөдө тууган урук карындаштарың ушул итке окшоп өлүп кетишет деп бакырып күлүп жиберди. Коркунуч жана өтө таасир сөз менен бакырган эле. Жана тез эле көзүгө көрүнбөй жок болуп кетти. Дилбар эже болсо бакалашкадагы сууну алып колун жууп машинадагы кандарды жууп жиберди. Жана машинасына олтуруп секин жолун улады. Үйгө жетип келген Дилбар эже анча саатка чейин уктай албады. Эми көзү жумулуп уктайын десе ошол бээ таныш аялдын бакырганы жана күлгөнү оюнан кетпей койот, ошону ойлоп ойгонуп кетет. Арадан айлар өтүп ошол ойлогон коркунучтуу окуясыда унутулуп кетет. Албетте күйөөсү аял жаңжал чыкпашы үчүн ошол окуяны айтып берген эмес болчу. Арадан бир ай өтүп бактылуу үй-бүлөгө, коркунуч нерселер боло баштайт. Дилбар эженин кызы бул дүйнөдөн өтөт. Билбеймин кутурган итби же көчөдөгү дайди иттерби эми 4 жашка толгон кызын тиштеп тытып таштаган экен. Дилбар эже жанагы болгон окуяны ойлоп өтө корко баштайт, көчөгө чыкпай өз бөлмөсүндө өзү жалгыз болгону каалай баштайт. Күйөөсү болсо кызы бул дүйнөдөн өткөнүн көрүп көп иче турган болуп калат. Арадан аз өтпөстөн бул үй-бүлөгө дагы бир коркунуч нерсе болот. Кызын кабырга койгонуна 3 ай гана болгон эле, мына бүгүн күйөөсүнө жаназа окулуп кабырга алып жөнөшөт. Болбосо күйөөсүнө эчтеке кылбаган эле, бар жогу температурасы 40 ка көтөрүлүп өлүмгө алып келди. Ошол күнү даарыгер күйөөсүн текшерип көргөндө кутурма орууга туш болуптур деген сөзү Дилбар эжени ойлонто баштады. Доктур болушу мүмкүн эмес, акыры бизде эч кандай жаныбар жокко, балким ага жуккандыр. Доктур таң калып колу менен ишара кылып койду. Эки жакынын жоготкон Дилбар эже ыйлап кыйынчылык тарта баштады. Арадан 3 жыл өттү. Бардык окуяларды унуткан Дилбар эже көп көчөгө чыга турган, көп курсан кыла турган аялга айланат. Ошол күнү 38 жашта эле. Башка эркекке турмушка чыкпады. Анын жакын адамдарынан бир гана апасы калган эле. Дилбар эже 10 жашта болгондо атасы машина кырсыгына кабылып бул дүйнөдөн өткөн эле. Апасын деле унутуп койгон болчу. Акыры 10 жыл алдын айылга апасын көргөнү барган эле. Апасы менен анча байланышы жок эле. Кийин баары өзгөрүп кетти. Айылдан Дилбар эжеге кат келди, апасы оор абалда оруп жатканы жазылган эле. Дилбар эже машинасын айдап тез эле айылга жетип барат.. Апасын тирик жүзүндө Дилбар эжеге насип кылбаган экен. Апасынын жүрөгү оруйт эле, аркандай сөздөргө жүрөгү чыдабайт эле. Дилбар эже жарым саат кеч калган экен. Коңушусу айтканына караганда, башка коңшусун ити бар эле ошол ит тиштеп, ошол жерде каза болгон экен. Көпчүлүк апасын жүрөгү оруйт десе, Дилбар эже коңшусун ити тиштеп алыптыр деген сөз ага дайым түшүнүктүү эле. Анын себеби айрыкча ошол сүзүп кеткен ит эле. Дилбар эженин бир да жакыны калган эмес эле. Бул дагы аз келгенсип күйөөсү бир маалдарда бир адамдан чоң суммада акча алган экен, ошол убакыт келип акчанын ээси келишти, жана ага точка убакыт берди, же акчаны бересиң же үйүңдү бересиң деп айтты. Албетте Дилбар эжеде андай чоң суммадагы акча жок эле. Акыры үйүн бере турган болду. Дайым ойлонот эле, мен жалгыз болсом үй мага неге керек эле. Билесиз мал-мүлк машина үйлөр болуп турганда артыңда досторуң көп болот, Дилбар эжедеда көп эле акыры баары колдон чыккандан кийин, досторуда жок болуп кетишти. Дилбар эжеге коңшулары тамак берип турушту, үйда беребиз деп айтышты эле Дилбар эже өзү каалабады. Себеби жашоодон тажаган эле. Бир жолу апасына, апажан кана эми убакытты артка кайтаруу мүмкүнчүлүк болгондо эле, мен ошол машинамда уруп кеткен итти оору канага алып барганымда жашоом мындай астын үстүн болуп кетпес беле жакындарым апам күйөм жана кызым жанымда тирик болушар беле, деп ыйлаган экен. Дилбар эжени акыркы күнү коңшулары бир үйдүн падвалында көрүшкөн экен, жүзү агарып арыктап кеткен абалда, таанып болбос даражада эле. Эки ай алдын коңшуларым оозунан уктум Дилбар эженин денесин коңшу үйүнүн падбалынан табышыптыр. Укканыма караганда дайди иттер тиштеп өлтүргөн экен. Мына ушул аялдын баашынан өткөн окуясы мага өтө чоң сабак болду.
Аллах бир гана адамдарга эмес жаныбарларгада мээримдүүлүк кылууну буйруган. Ошого айбандаргада мээримдүүлүк кылалы. Балким ошол жаныбардын кесепетинен Тозокко же Бейишке кирип кетишиң мүмкүн.
Пайгамбарыбыз ﷺ айткан.
Бир аял бир итти суугарып койгону үчүн ал аял Бейишке татыктуу болду дейт.
Башка хадисте келет.
Бир аял бир мышыкты кыйнап өлтүргөнү үчүн ал аялды Тозоко киргизди дейт.
Аллахым баарыбызды жаман кырсыктан сактасын.. ааминь
_✍Даярдаган Исхак Мамасалиев _
🌹🖥📱 Исхак 💻📲🌹

🌟🌟🌟 - 872908696209

Комментарии