31 янв 2020
Аноним болсунчу. - 903186582893

Аноним болсунчу.

7 ай мурун жумуштан кеч чыгып, Яндекс такси чакырсам, бир кыргыз таксист келди. Үйгө жеткирип, кийин мага чалды жакындан таанышалык деп.
Инстаграмдагы баракчасындагы сүрөттөрдө жалгыз жана дос балдары менен түшкөн сүрөттөрүн көрүп, үй-бүлөөлүү болуп калат деп ойго да келген эмес.
Аябай таттуу мезгилдерге балкып, кинотеатрларга барып, сонун белектерди тартуулап айтоор бат эле ортобузда сүйүү сезимдери пайда болуп калды. Мен ага кыз экенимди башынан айтып, ал дагы түшүнүү менен кабыл алып, тийишкенге аракет да кылган жок. Вотсаптан тургандан баштап жатканга чейин баскан-турганыбызды бири-бирибизге айтып, аябай сезимдер балкып бир укмуш күндөр өттү ушул аралыкта.
Үйлөнүү темасында сөз болгон эмес, бирок Чынара эженин салонундагы көйнөктөрдү көргөзүп, ушул жакшы экен ээ деп көрсөтүп калчу, мен унчукпачумун, араң турган экен тие калайын деп шашып жатат деп ойлоп калбасын үчүн.
Өзүм Якиторияда официант болуп иштейм, ата-энеме жана сиңдилериме жардам берем тапканымды аларга салып. Мамам Москвага учуп жатканда: Кызым адептүү жүр, айла жоктон эле жиберип жатабыз, эч кимге алданып калба деп ыйлап узаткан.
...Күндөрдүн биринде Подмосковье жакта досунун туулган күнүнө бардык. Досу ошол жакта 3-4 дачаны карап жашайт экен.
Кеч болуп калды деп, түнөп калдык. Алгач тийишпей жөн жаткан, бир маалда ойгонсом мени чечиндире баштап чыдабай баратам деп ар жеримди өбө баштады. Мен тартынып, бирок ушунчалык жагымдуу болуп ( сүйчүмүн да) жок дей албадым. Алам дегендей да мамиле кылып жүргөнүнө ишенип.
Ошол түндөн кийин 2 жолу чалды, андан кийин исчез болду.
Эмнеге антип жатат деп стресс болдум, эч нерсеге көңүл жок болуп.
Жакында анын аялы, чолпондой 2 кызы бар экенин ошол эле инстаграмдан билип отурам ( анын сүрөттөрүнө лайк баскандардын баракчаларына кирип жатып).
Эми эмне дейм? Менин ишенчээктигимде күнөө. Кыздыгымды алдырттым бир акмакка. Кыздар, Москванын сүйүүсүнө ишенбегилечи деп айтаар элем. Рахмат көңүл буруп окуп койгонуңуздарга. Кудай бар, аны кечирдим. Болгону бумеранг менен анын кыздары ушундайга туш болбосун тилеймин!

Комментарии