27 дек 2020

Алтын апалардын таалим-тарбия сөздөрүнөн:

– Апа, ачка болуп атам
– Мени же
– Апа, кайсыл көйнөгүмдү кием
– Жылаңач жүр
– Апа, кечке ачка жүрдүм
– Муздаткычтын ачкычын алып кеткем
– Апа, мен да барам
– Сага бышырып коюптурбу
– Апа, кеч келип калдым
– Жатып эле калбапсың бир жолу
– Апа, бешөөнү жедим
– Эсептебей же
– Апа, менин туфлийим кайда
– Мен жеп койгом, ичимде
– Апа, ачкычымды көрдүңүзбү
– Заара кылган жериңде калгандыр
Кыргыздарда апалардын эч бир дүйнөдө жок балдарына тыюу салуулар бар:
– тегеренбе
– бөйрөгүңдү таянба
– эшикти кулачтаба
– түнү катуу каткырба
– айды карап сийбе
– сол колуң менен нан сындырба
– төбөсүнөн караба
– ышкырба
– күлдөбөгө ойнобо
– колуңду артыңа алба
– таяк таянба
– тизенди кучактап отурба
– ээгинди таяба
– астанада турба
ж.б.
«Антсе эмне болот» деп сурасаң, бардык апалар «жаман болот», эмнеге жаман болоорун түшүндүрүшпөйт.

Комментарии