Жумуш бүттү. Аялдамага келдим. Катар коюлган эки отургучтун биринде эки окуучу кыз отурат телефон чукуп. Экинчи орундуктун жанында беш жаштардагы кичине кыз турат. Башындагы топусунан, кийген көйнөк, чыптамасы, атүгүл бут кийими да кызыл түстө экен. Кичинекей кол чатырын отургучка коюп коюптур. Улам жогору жакты карап коюп турат. Чочубасын деп акырын сурадым. - Ай....ий.. кыпкызыл болгон кызгалдак кыз экенсиң го, атың ким? - Гүлила - Гүлирабы дейм. - Ооба да деп коёт. Р га тили келбейт экен. Күлсө майда араа тиштери көрүнүп, эки уурутунда уяча пайда болуп, ширинден ширин көрүнөт. - Бул жерде не турасың ? - Атамы күтүп. - Атаң каякка кетти? - Азыр келет. - Апаң кана? - Кил жууп жатат. - Жамгыр жокто кол чатырды не көтөрүп алдың? - Өткөндө апам экөөбүз чыкканда жааган. Карайм жакка белди , атасы келе жатабы деп. Эч ким көрүнбөйт. Түрдүү ойлор келет.Бул кандай ата болду деп. Азыр троллейбус келсе да , ушул кичине кызды таштап кетип калганга кудуретим жетпесин сезип турам. Мен түшчү троллебус келе жатат. Кыз алаканан чапкылап сүйүнүп кетти. Секирип коёт. - Тигине атам келе жатат - дейт. - Кана ? - дейм. - Тигине дейт троллебусту көрсөтүп. Троллебус токтоду. - Ата дейт кыз кыйкырып. Көрсө троллейбустун айдоочусу кыздын атасы экен. Айдоочу жылмайып ; - Апаң кана ? - Үйдө. Айдоочу шашып калды, элге карап, кечиресиздер бир мүнөт деп коюп түшүп келди. - Өзүң келдиңби ? - Ооба -Апаңа айтпай чыгып келе бердиңби ? - Ооба апам кил жууп жатат. - Жалгыз не келдиң кызым ? - Сизди калап тулам да. Айдоочу не кылаарын билбей, эл толгон троллебусун карап, кызын бир карап, анан мени карап коет. Тынчсыздангандан өңү кызарып, көздөрүн тез ирмеп алды. - Эже көп болдубу турганыңызга ? - Он беш мүнөттөй болуп калды. Көрсө сени күтүп жаткан экен да . - Апасы кир жууп алаксып калганда чыгып баса берген турбайбы- деп, эл толгон троллейбусту карап , - Эже аялыма звонок кылып коем , шашылыш жумушуңуз болбосо , апасы келгиче туруп турасызбы ? - Кеткен убактыңызга төлөп берем. - Бара бер карап турам , акча жөнүндө ойлоп да койбо , эл күтүп калды дейм. - Рахмат эже деп бурулуп баратып , - Айып көрбөйсүз эже сизди тартып алайын дейт . Күлкүм келип , - Тарта бер дедим. Алыстан чуркай басып келе жаткан келинди көрүп, - Тиги сенин аялың эмеспи? - Ооба деп кызын так көтөрүп отургучка отургузду да , тигине апаң келе жатат, келгиче түшпөй отур деп , мага - Кеттик эже эл күтүп калды - деди. - Троллейбус жүрө бергенде жетип келген келинге сөөмөйүн кезеп коюп , - Кызды кара - деп кыйкырып койду. Отургучта отурган кыздын ичке чыңылдаган үнү жаңырды. - Ата мен сизди жакшы көрөм . Троллейбустагылар жылмайып коюшту. Айдоочу да жылмаят. Айдоочуга мени сүрөткө тартып алайын дедиң ээ дедим - Ооба деп каткырат. - Кечиресиз ,сизге рахмат эже -.дейт. Анан айтып коёт, кыз бала ата энеге ушундай жакын болот турбайбы, жумуштан барсам алдымдан чуркап чыгат , ата сизди сагындым деп. Башым ооруп жатат деп койсом , кичине колдору менен башымы сылап , айылга барганда чоң энесинен угуп калганбы ,,чык кине, чык кине" карыган атамда эмнең бар деп калат апасы экөөбүздү күлдүрүп. Жанында уулум турат дөлдөйүп , ата сени мектепке чакырды деп коюп. Эмнеге десем, балдар менен мушташып кеттик эле да деп. - Кана толук айтчы , неге мушташтың - дейм. Жумушка жөнөгөнүмдө кызым чуркап чыгат, - Ата сизди жакшы көрөм - деп. -Ата мага тыйын таштап кетиң - дейт уулум. Сезип турам уулумдун дале мени жакшы көрөөрүн. Мен өзүм дале ата- энемди жакшы көрөм, бирок эч качан жакшы көрөм деп айткан эмес экем. Эже - карындаштарым аталап, апалап айланчыктап турушса, мен уулума окшоп , жакшы көргөнүмдү айталбай, ,,дөлдөйүп" тура берчү экемин да. Көрсө кыздар табигатынан мээримдүү , боорукер болушат экен деп жылмайган жүзүнөн, ата -энесине, балдарына болгон мээрими төгүлүп турду. Анын жылуу жүзү мага да жылуулук бергендей сезилип , өзүмчө эле сүйүнүп алдым. Анан аялдамадагы кичине кыздын -Ата мен сизди жакшы көрөм- деген үнү кулагыма жаңыргансыды. Ошол сөздүн мага да тиешеси бардай жылмайып алдым.
ПОРТАЛ KG
Он төртүнчү троллейбус.
Жумуш бүттү.
Аялдамага келдим. Катар коюлган эки отургучтун биринде эки окуучу кыз отурат телефон чукуп. Экинчи орундуктун жанында беш жаштардагы кичине кыз турат. Башындагы топусунан, кийген көйнөк, чыптамасы, атүгүл бут кийими да кызыл түстө экен. Кичинекей кол чатырын отургучка коюп коюптур. Улам жогору жакты карап коюп турат.
Чочубасын деп акырын сурадым.
- Ай....ий.. кыпкызыл болгон кызгалдак кыз экенсиң го, атың ким?
- Гүлила
- Гүлирабы дейм.
- Ооба да деп коёт.
Р га тили келбейт экен.
Күлсө майда араа тиштери көрүнүп, эки уурутунда уяча пайда болуп, ширинден ширин көрүнөт.
- Бул жерде не турасың ?
- Атамы күтүп.
- Атаң каякка кетти?
- Азыр келет.
- Апаң кана?
- Кил жууп жатат.
- Жамгыр жокто кол чатырды не көтөрүп алдың?
- Өткөндө апам экөөбүз чыкканда жааган.
Карайм жакка белди , атасы келе жатабы деп. Эч ким көрүнбөйт. Түрдүү ойлор келет.Бул кандай ата болду деп.
Азыр троллейбус келсе да , ушул кичине кызды таштап кетип калганга кудуретим жетпесин сезип турам. Мен түшчү троллебус келе жатат. Кыз алаканан чапкылап сүйүнүп кетти. Секирип коёт.
- Тигине атам келе жатат - дейт.
- Кана ? - дейм.
- Тигине дейт троллебусту көрсөтүп.
Троллебус токтоду.
- Ата дейт кыз кыйкырып.
Көрсө троллейбустун айдоочусу кыздын атасы экен. Айдоочу жылмайып ;
- Апаң кана ?
- Үйдө.
Айдоочу шашып калды, элге карап, кечиресиздер бир мүнөт деп коюп түшүп келди.
- Өзүң келдиңби ?
- Ооба
-Апаңа айтпай чыгып келе бердиңби ?
- Ооба апам кил жууп жатат.
- Жалгыз не келдиң кызым ?
- Сизди калап тулам да.
Айдоочу не кылаарын билбей, эл толгон троллебусун карап, кызын бир карап, анан мени карап коет. Тынчсыздангандан өңү кызарып, көздөрүн тез ирмеп алды.
- Эже көп болдубу турганыңызга ?
- Он беш мүнөттөй болуп калды. Көрсө сени күтүп жаткан экен да .
- Апасы кир жууп алаксып калганда чыгып баса берген турбайбы- деп, эл толгон троллейбусту карап ,
- Эже аялыма звонок кылып коем , шашылыш жумушуңуз болбосо , апасы келгиче туруп турасызбы ?
- Кеткен убактыңызга төлөп берем.
- Бара бер карап турам , акча жөнүндө ойлоп да койбо , эл күтүп калды дейм.
- Рахмат эже деп бурулуп баратып ,
- Айып көрбөйсүз эже сизди тартып алайын дейт . Күлкүм келип ,
- Тарта бер дедим.
Алыстан чуркай басып келе жаткан келинди көрүп,
- Тиги сенин аялың эмеспи?
- Ооба деп кызын так көтөрүп отургучка отургузду да , тигине апаң келе жатат, келгиче түшпөй отур деп , мага
- Кеттик эже эл күтүп калды - деди.
- Троллейбус жүрө бергенде жетип келген келинге сөөмөйүн кезеп коюп ,
- Кызды кара - деп кыйкырып койду.
Отургучта отурган кыздын ичке чыңылдаган үнү жаңырды.
- Ата мен сизди жакшы көрөм .
Троллейбустагылар жылмайып коюшту.
Айдоочу да жылмаят. Айдоочуга мени сүрөткө тартып алайын дедиң ээ дедим
- Ооба деп каткырат.
- Кечиресиз ,сизге рахмат эже -.дейт.
Анан айтып коёт, кыз бала ата энеге ушундай жакын болот турбайбы, жумуштан барсам алдымдан чуркап чыгат , ата сизди сагындым деп. Башым ооруп жатат деп койсом , кичине колдору менен башымы сылап , айылга барганда чоң энесинен угуп калганбы ,,чык кине, чык кине" карыган атамда эмнең бар деп калат апасы экөөбүздү күлдүрүп. Жанында уулум турат дөлдөйүп , ата сени мектепке чакырды деп коюп. Эмнеге десем, балдар менен мушташып кеттик эле да деп.
- Кана толук айтчы , неге мушташтың - дейм.
Жумушка жөнөгөнүмдө кызым чуркап чыгат,
- Ата сизди жакшы көрөм - деп.
-Ата мага тыйын таштап кетиң - дейт уулум.
Сезип турам уулумдун дале мени жакшы көрөөрүн. Мен өзүм дале ата- энемди жакшы көрөм, бирок эч качан жакшы көрөм деп айткан эмес экем. Эже - карындаштарым аталап, апалап айланчыктап турушса, мен уулума окшоп , жакшы көргөнүмдү айталбай, ,,дөлдөйүп" тура берчү экемин да. Көрсө кыздар табигатынан мээримдүү , боорукер болушат экен деп жылмайган жүзүнөн, ата -энесине,
балдарына болгон мээрими төгүлүп турду.
Анын жылуу жүзү мага да жылуулук бергендей сезилип , өзүмчө эле сүйүнүп алдым. Анан аялдамадагы кичине кыздын
-Ата мен сизди жакшы көрөм- деген үнү кулагыма жаңыргансыды.
Ошол сөздүн мага да тиешеси бардай жылмайып алдым.