Эки жолу түнкү саат экилер чамасында бир кафенин астынан бир кызды үйүнө жеткиргем. Экинчи жолкусунда акчасы жетпей калып номерге бирдик кылып салып коем деп номеримди алып калган. Мага эч кандай бирдик деле салган эмес. Ошентип аны деле унутуп калыптырмын. Кардар менен мындай окуяларга көп кездешет эмеспизби. Өткөндө белгисиз номер чалып, “карындашымды албасаң сени сотко берем, сенден кош бойлуу экен”- деди. Тнгалып калдым. озум деле үйлөнгөнүмө төрт ай эле болгон. Аялымдан тажап кала турган мезгилге жете да эмесмин. Акыры чалган адам менен жолуктум. көрсө карындашы кош бойлуу болуп калып, таксист мени зордуктап койгон дептир. Экөөбүздү беттештиргенде түшундүм, мага карыз болгон кыз экенин. Ишибиз сотко чейин жетип, акыры кыз жигитинен кош бойлуу болуп калып, анысы аял алып алган экен. Мен дайыма түндө жол жээгинде турсам мени бойдок деп ойлоптур. Биздин ызы-чуу аялыма чейин жетип экөөбүз ажыраша турган абалга жеткенде кыз башкадан кош бойлуу экенин мойнуна алды. Ошентип экинчи түндө да күндүз да таксиде иштегис болдум.
ПОРТАЛ KG
Мен өзүм такси кызматында иштейм.